АҢГЕМЕ

Төбөсү бийик, салкын жыйын ɵтчү бөлмөнүн ичи күндɵгүгɵ караганда бүгүн жымжырт, кɵлɵкɵлүү да болуп турду.  Терезелеринен көк, сыя, кызгылт өң болуп кубулуп  түшкɵн жаздын нуру дубалдагы сүрөттөргө тийип, жашыл түс болуп чагылып, коюлашып кетет. Жибектен жасалган төшөктөргө тизе бүгүп отурган чарчаңкы вазирлер жерге төшөлгөн килемдин түстүү кооз оюларын тиктеп отурушат, узун ак сакалын арык колдору менен сылап отурган кары садразамдын[1] оту ɵчкɵн кɵздɵрү  бир жамандыкты ойлоп жаткандай, узакты, белгисиз бир жактарды тиктейт.

– Пашалар[2], бизге эр жүрөк адам керек, – деди. – Биз, Исмаил шахтын күмүш, алтын, алмаз толтуруп жиберген элчисине падышабыздын колун өптүргөн жокпуз, бирок чапанынын этегин өбүүгө уруксат бердик. Шах мунун жообун берүүгө аракет кылары шексиз.

— Ооба, туура.

— Туура.

— Андай кылары белгилүү…

Төбөсү бийик жыйын бөлмөсүндөгү вазирлердин баарынын бир пикирде экенин билген садразам сөзүн андан ары улады:

– Анда мындай, биз жибере турган адам тайманбас болушу керек. Ажалдан, өлүмдөн коркпогон эр жүрөк адам табышыбыз керек. Мамлекетибиздин намысына шек келтиргендерге каршы чыгып, өлүм коркунучу турса да, ага моюн сунбашы керек.

— Туура.

— Туптуура.

— Ооба, ошондой адам керек…

Садразам сакалын сылаган колдорун тизесине койду. Түздөнүп алып, башын өйдө көтөрдү. Куш канаты менен кооздолгон чалма кийген вазирлерди карады:

– Анда эр жүрөк адам тапкыла! – деди. – Хажеганда, Эндерунда жашагандардын, бийликте иштегендердин ичинен бир дагы оюбуздагыдай адам көрбɵй турам. Силер дагы ойлонуп көргүлөчү. Балким…

Эч кимден үн чыккан жок. Динге берилген, тынчтыкты сүйгөн, момун падышанын чоң мамлекетинин кичине мээси катары кызмат аткарган жыйын бөлмөсү бир саамга ойлоно түштү.

Себеби бул элчи акыркы жети жыл ичинде “канкор” атанып, өз намысын коргоо үчүн кимди болбосун жаактан ары тартып жиберүүгɵ даяр турган, ар бир кылмыштын жазасын дароо берген Исмаил Сефевиге жиберилмек! Шахзаада кезинде атка минип, улак тартып, курал-жарак колдонууга караганда китепти көп окуган Байезиди Вели табиятынан абдан жумшак мүнɵз киши эле. Бир гана поэзияны, акылмандыкты жана сопулукту жактырчу, ал эми согушту, көтөрүлүштү жек көрөр эле. Вазирлери Улуу урматтуу падышанын тынчын албоону эң чоң милдет катары эсептешчү. Бирок чек араларда салгылашуулардын арты тыйылбады. Босния, Эфлак, Караман, Белград, Трансильвания, Хорватия, Венецияга болгон жортуулдар биринин артынан бири уланып жатты. Модон, Корон, Зонкийо, Сантамаврону болсо душмандар басып алды. Стамбулду басып алган адамдын чечкиндүүлүгү жана көсөмдүгү такка отурары менен атасынын айкелин “көлөкөсү жерге тийип жатат” деген шылтоо менен буздуруп, сооп табууга аракет жасаган дин бузарлардын жолун улоо убагында да өчпөй турду. Өчпөс от, табияты жок рух сыяктуу жашап жүрдү. Тынчтыкты тилеген сайын дартка дарт кошулуп жатты.

Айрыкча чыгыш кан ичинде, өрт, зулумдук кучагында кыйынчылык тартып жатты. Таш талканы чыккан, аты өчкөн Аккойунлу династиясынан калган калдыктар менен Исмаил шах селсаяктардан турган жеке бийлик түздү. Басып өткөн жолунда бир дагы талды соо койбогон, атасы менен чоң атасы Жүнейдин өчүн алганына кубанып, кубанганынан өзүн көктө элестетип кутурган шах ойго келбес желмогуз жоокерлери менен ой келди жерлерин талап-тоноп жатты. Жан соогалагандарды тамактанууга чакырып, жей турган оокат сымал буркурап кайнап жаткан тай казандарга тирүүлөй салдырып бышырып жеген, жеңип алган өзбек падышасынын баш сөөгүнө шарап ичкен, мыкаачы шах дүйнөдө теңдеши жок өзүнчө зор заалим эле. Байезид падышанын жыйын бөлмөсүндөгү адабиятчы, момун, жумшак мүнөз, динге берилген вазирлери Исмаил шахтын жапайычылыктарын эстегенде үрөйлөрү уча түшчү. Бул мыкаачы эртели-кеч бир күнү, айтор булардын дагы чек арасынан өтүп, чыгыштагы шаарларына кол салып, тартып алууга аракет кылмак. Муну баары билчү. Өткөн жылы Зүлкадрийенин башкаруучусу Алаүддевледен кызынын колун сураган экен. Алаүддевле болсо кызын бербептир. Исмаил бул баш тартууга ачууланып, өч алуу үчүн Байезид падышанын чек арасынан өткөн. Коргоого алынбаган Зүлкадрийе аймагына кирип келип, Диярбакыр, Харпут коргондорун басып алган эле.

Аскалуу тоолорду көздөй качкан Алаүддевленин баласы менен эки небересин туткунга түшүрүп алган. Исмаил шах ал байкуштарды отко кызарта кууруп, шишкебек кылдырган. Эттерин козунун эти сымал жеп да алган эле. Мындай жапайычылык чыгыш аймагында жаңыдан жайыла баштаган. Согушту каалабаган Байезид падыша Анкарага Яхья паша башында турган кичине ордону гана жибере алды. Бирок Исмаил шах канкор гана эмес, жеткен куу адам эле. Осмон империясынын жерлерине кол салганы үчүн кечирим сурап, элчилерди биринин артынан бирин жиберип жатты. Ошол мезгилде Трабзонду башкарып турган шахзаада Явуз атасына окшоп сабырдуу боло албады. Тебриз чек араларынан өтүп, Байбурттан Эрзинжанга чейинки бардык жерлерди талап-тоноп, шахтын бир тууганы Ибрагимди колго түшүргөн эле. Исмаилдин элчиси бул кол салуулар үчүн да арызданды жана Осмон империясынын чегине кол салуусунун себеби мамлекетке каршы күрөшүү эмес, бир гана Алаүддевле менен болгон өз ара келишпестиктер экенин тоту куш сымал кайталап жатты. Жыйын бөлмөсүндөгүлөр дагы дал ушул митаам, канкор, мыкаачы шахка жиберүү үчүн татыктуу элчи таба албай жатышты. Себеби өзүн Улуу Осмон империясынын падышасы менен тең көрүп, жалпы чыгышты баш ийдирген бул селсаяк шах мамлекеттин атынан барган элчиге абийирине шек келтирүүчү иштерди кылары күмɵнсүз болчу. Ал мындай кылык-жоруктарына каршы баш көтөргөндөрдү казыкка отургузуп өлтүрчү. Бул жолу да элчинин терисин сыйрып, ойго келбеген иштерди жасап, жапайычылык менен өлтүрөрү шексиз эле. Садразамдын оң жагында жанатан бери мазардагы эстеликтер сымал кыймылсыз турган, кызыл жыгалуу чалма кийген киши ордунан турду. Акырындык менен сол жагын карап:

— Мен бизге элчи болуп бере турган, сиздин айткандарыңызга төп келген бир адамды тааныйм, – деди. – Атасы менин жолдошум болчу. Бирок ал мамлекеттик кызматтарга иштөөнү кабыл албайт.

— Ал ким?

— Мухсин Челеби.

Садразам бул адамды таанычу эмес. Кайрадан сурады.

— Стамбулда жашайбы?

— Ооба.

— Эмне иш кылат?

— Оокаттуу адам. Убактысын китеп окуу менен өткөрөт. Сиз аны тааныбайсыз, ал бир дагы бийлик адамы менен аралашып көргөн эмес.

— Эмнеге?

— Билбейм. Балким…

— Кызык…

— Бирок абдан эр жүрөк адам. Туура жолдон чыкпайт, өлүмдөн коркпойт. Бир нече ирет казатка да барып келген. Жүзүндө кылычтан калган издер да бар.

— Бизге элчи болуп бере албайбы?

— Билбейм.

— Өзүн бир жолу көрсөк кантет?

— Ал жагын билбейм. Чакырсаңыз, алдыңызга келеби белгисиз.

— Эмнеге келбейт экен?

— Билбейм, келбей коюшу мүмкүн… Дүйнөгө нааразы адам. Шах дагы, кайырчы дагы анын көз алдында бирдей.

— Мамлекетин сыйлайбы?

— Сыйласа керек.

— Андай болсо, биз аны өзүбүз үчүн эмес, мамлекетине кызмат кылуу үчүн чакырабыз.

— Туура айтасыз.

Садразам ошол күнү кечинде үй кызматкерлеринин бирин Мухсин Челебинин Үскүдардагы үйүнө жиберди. Мамлекетине, калкына  тиешелүү бир маанилүү иш үчүн өзү менен жекече сүйлөшөрүн жана эртең сөзсүз түрдө келишин жазып, кат жөнөттү.

Таңкы намаздан кийин сарайдын ичиндеги Индия кездемелеринен тигилген пардасы бар, чакан, караңгы бөлмөдө катчысы жазып калтырган кагаздарды окуп жаткан кезде садразамга Мухсин Челебинин келгенин кабар салышты.

— Бул жакка келсин, – деди.

Арадан эки мүнөт өтүп-өтпөй бөлмөнүн седеп тагылып, жаңгак жыгачынан жасалган эшигинен муруттуу, келбеттүү, күчтүү, шайыр адам кирип келди. Ичке, кара каштарынын алдындагы бакырайган көздөрү балбылдап жатты. Белиндеги кылыч салгычы бош эле. Бардык адамдардын кошоматчылыгына, ашыкча сыйына көнүп калган садразам Мухсин Челеби качан этегине жабышып жагынарын күтүп турду. Атүгүл өзү олтурган, сыя кездеме менен капталган тактысынын дайыма өбүлгөн, күңүрт күмүш аралашкан жиптерден жасалган чачыктары да жыйылган  алтын көргөн кишидей таң калып турду. Садразам айтарга сөз таппай калды. Мындай, төшүн жогору көтөргөн, башы көктү караган адамды өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Ал тургай анын жанында вазирлер ийилип турушчу. Мухсин Челеби оор басырыктуу үн менен:

— Мени чакыртыпсыз. Эмне айтат элеңиз? – деп сурады.

— Эме…

— Угуп жатам.

— Кел, мындай отур…

Мухсин Челеби уялбастан, тартынбастан, кызарып-татарбай эле, өзүн эркин алып, көрсөтүлгөн төшөккө отурду. Садразам колундагы бырыш кагаздарын карап, ичинен “Бул кандай адам? Жинди болуп жүрбөсүн”, –деп ойлоду. Бирок андай эмес эле. Бул адам чыныгы акылдуу адам болчу. Кадыр-баркка, акмактарга муктаж болбогудай жетиштүү байлыгы бар эле. Чамлыжа токоюнун аркасында жандык мал баккан чоң сарайы жана фермасы бар болчу. Ар намыстуу жана эч кимден жардам күтпөгөн адам эле. Тескерисинче, бей-бечара, карып-мискин, оорулууларга жардамын аячу эмес. Дасторконунан киши үзүлчү эмес. Динге берилсе дагы аша чаап берилгендердин катарында эмес эле. Динин, элин, падышасын жүрөгүндө сүйгөндөрдүн катарын толуктачу. Мамлекетинин улуулугун, куттуулугун билген адам эле. Анын жалгыз идеалы: “Кудайдан башкага сажда кылбоо, кулга кул болбоо…” Илимдүү, билимдүү экенин бардыгы билчү.

Ибни Кемал ал тууралуу айтып жатканда “Мени окутуп жатат!” дечү. Акын эле, бирок өмүрүндө бир дагы бийлик адамын мактап ыр жазган эмес. А түгүл мактоо ырларын окуп да койгон эмес… Жашы кырктан ашып калган. Сунушталган жогорку кызматтардын бирин да кабыл алган эмес. Бул алтын таштуу, түркүн-түстүү гүлдөр менен кооздолгон, бейишти элестеткен кереметтүү жолдун аркасында дайыма кошоматчылык, көрө албастык бар экенин билчү. Адамгерчилик анын көз алдында абдан жогору, абдан бийик турчу жана адам дүйнөгө жаралган Кудайдын бир кулу эле. Жараткан адамзатка өз баалуулуктарын берүүнү ыраа көргөн. Адам бардык жаратылгандардын үстүндө турчу. Куйругун шыйпаңдатып, бийлик адамдарынын аркасын жалоо, кошомат кылуу итке гана жарашкан нерсе эле, бирок адамдар дагы… Мухсин Челеби түрдүү арамзалыктарга жол берип, жогорку кызматтарга жата калып чуркаган, жогорку мансаптарды эңсеген байкуштарды, намысын ойлобогон күңдөрдү, качкын сымал жерде жөрмөлөп, абийирин жоготкон адамдарды абдан жек көрчү. Жада калса, мындайларды көрбөө үчүн эч ким менен жолукчу эмес. Бир гана салгылашуу мезгилинде Гуреба отряддарына башчылык кылуу үчүн майданга чыккан. Эми болсо алдында эркин, тик отурушу садразамды таң калтырды. Бирок ачуусу келген жок.

— Тебризге элчи жиберүүнү көздөп жатабыз. Биздин падышачылыгыбыздын атынан сен бара аласыңбы?

— Менби?

— Ооба.

— Эмнеге мен?

— Биз ойлогондой адам чыкпай жатат…

— Мен бул убакытка чейин бир дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин.

— Эмнеге?

Мухсин Челеби бир саамга үн катпады. Улутунду да, жылмая:

— Себеби мен эч кимге баш ийбейм, ар кимдин этегин өппөйм, – деди. – Бирок азыркы учурда мамлекет кызматтарына баш ийкеп, ар кимдин этегин өөп, жада калса бутуна чейин өпкөн, түрдүү кошоматчылык, эки жүздүүлүк жана ээрчимелик менен бийликке жеткендер жанына дагы ар дайым өздөрүнө окшогон, иренжиткен адаттарды кылуудан баш тартпаган адамдарды алышат. Жубайлары баш болуп, жардамчыларынын, нөөкөрлөрүнүн баары арсыз, адепсиз, кошоматчы, намысы жок маскара, уяттары жок жагынуучу болуп калган. Март, түз жүргөн, абийирдүү, эркин, чын жүрөгү менен сүйлөгөн адамдарды көрөр замат чыдай албай, көзүн тазалоого аракет кылышат. Гедик Ахмет паша эмне үчүн канжарланды деп ойлойсуз, пашам?

Садразам жооп бербеди, акырын тиштерин кычыратып, көздөрү менен сүзүлүп карады. Колундагы кагазды бырыштырды. Ачуулана албай турду. Бирок ар дайым ачууланганда бети-башы титирей түшчү. Бул жолу да ошондой болду. Катардагы вазир гана эмес, жадагалса бек болуп турган кезинде теңтуштарынын бири дагы бетине айта алчу эмес. “Бул жинди болуп жүрбөсүн” деп дагы бир жолу ойлонуп калды. Эгер жинди болбосочу… Анда бул эмне деген оройлук! “Мындай оройлук ааламдын мыйзамдарына каршы эмеспи?” деген ойлорго чөмүлгөн садразамдын көздөрү ого бетер сүзүлүп карай баштады. Ичинен “Мунун башын алдырсам кантет…”  деп ойлоду. Туура эшиктин оозундагы нөөкөрлөрдү чакырайын деп жатканда күтүүсүз жерден ички дүйнөсүнүн билинбеген тереңдиктеринен жаңырган бир үндү укту. “Карачы, сен дагы кошоматчылык, көрө албастык, ээрчимелик жолундагы адамдар сыяктуу эле бетке айтылган сөздөрдү көтөрө албайсың! Сен дагы маңдайыңдагы адамдын март болушун эмес, буту-колуңду жалаган ит болушун, намыссыз, маскара, уятсыз адам болушун каалайсың!” Сүзүлүп караган, караңгылаган көздөрүн ачты.

Колундагы бырыштырган кагазын жанына коюп, Мухсин Челебини карады. Туура ортосунда кылычтан калган изи көрүнүп турган чекеси тигине, тигине жүзү, жаңы эле сакалы алынган, жоон моюну, бир аз чоңураак, ийри мурду, ичке селдеси так эле “Шахнааманын” барактарындагы эски баатырлардын сүрөттөрүнө окшоп турду. Ооба, Мухсин Челеби маңдайында кылычтын изи калган, кылычын жерге түшүрбөгөн чыныгы баатыр эле. Нысаптуу садразам жүрөгүнөн жаңырган үндүн намысынын караңгылыктырына көмүлүшүнө жол бербеди. “Туура, биздин оюбуздагыдай адам!” – деди ичинен. Мындай эр жүрөк, эч кимден коркпогон адам мамлекети, эли кыйынчылыктарга туш болгон убактарда душманга каршы чыкпай койбойт. Өлүм коркутуп турса да, башына кыйынчылык түшсө да эч кимге жалдырабайт. Башкы вазир чалмасын колуна алып, бийлик ээсинин каадасы кылып, аны бир ыргап алды.

— Сени Тебризге элчи кылып жиберебиз.

Мухсин Челеби садразамдан сурады:

— Кызматыңызда көптөгөн кат тааныгандар, жазуучулар, мугалимдер, катчылар бар. Эмне үчүн алардын ичинен бирин тандаган жоксуз?

— Сен Исмаил шах деген канкордун ким экенин билесиңби?

— Ооба, билем.

— Мамлекетиңди сыйлайсыңбы?

— Сыйлайм.

Билгичтиги менен таанымал садразам түздөнүп, аркасын тактысына таяды.

– Андай болсо жакшы, – деди. – Ал канкор “Элчиге өлүм жок” деген салтты кабыл алгысы келбейт. Биз менен атаандашкысы бар. Эр майданында көрсөтө албагандарын биздин жибере турган элчибизге кылары шексиз. Жок дегенде кордоп туруп өлтүрөт. Себеби  ал Кудайдан коркпойт. Ал эми биздин элчибизге көрсөтүлө турган кордук малекетибизге кылынды дегенге жатат. Бизге эр жүрөк адам керек. Кыйынчылыктарда башынын алынышынан коркпогон, өзүнө кылынган кордуктарга дал өзүндөй кылып жооп кайтара алган адам керек. Эгер сен мамлекетиңди жакшы көрсөң, бул өмүрүң менен кош айтышып калышың мүмкүн болгон иштен баш тартпашың керек.

Мухсин Челеби эч ойлонбостон, дароо:

— Мен макулмун. Бирок бир шартым бар, – деди.

— Ал кандай шарт.

– Бул ишти аткарып жатып өмүрүмдөн айрылып калышым мүмкүн. Бирок мындай иштер акыга жасалбайт, чын көңүл менен аткарылат. Мамлекет үчүн акыга кылына турган иштер кандай гана болбосун, адамдын жеке кызыкчылыгынан башка нерсе боло албайт. Мамлекет үчүн акчага иш кылсаң, ал баары бир сенин жеке кызыкчылыгың дегенге жатат. Мен айлык, мансап, акча-пакча каалабайм. Чын көңүлүм менен бул ишти аткарамын. Шартым ушул.

– Бирок бул кантип болсун? Исмаил шахтын элчиси орчундуу, орундуу кийинип келди. Аттары, жанындагы адамдары өзүнчө эле көз жоосун алып турду. Ошондуктан биздин элчибиздин аттары, жардамчылары, кийимдери алардыкынан дагы да көз жоосун алган, көркөмдүү болушу керек… Буларды даярдоо үчүн сага атайын казынадан бир канча алтын бөлүп беребиз.

Мухсин Челеби садразам тарапка башын бурду. Алдын бир аз карап туруп, кайра башын өйдө көтөрдү:

– Жок, – деди. — Казынадан бир тыйын да албайм. Керектүүлөрдү: көз жоосун алган аттарды, кооз, жылтырата кийинген кызматкерлерди мен өзүмдүн акчам менен даярдайм. Жада калса…

Садразам үн катпады. Таң калып көздөрүн ачты.

– Жада калса, үстүмө Исмаил шах дагы өмүрүндө такыр көрбөгөн, көркөм бир нерсе кийип аламын.

— Эмне кийесиң?

— Сырмакеш Төрөоглундагы кездемеси Индиядан, кооздоочу жасалгалары Венециядан алып келинип, күлгүн бермет менен шөкөттөлгөн чапанды сатып алам.

— Эмне дейсиң? Андай акчаны кайдан табасың?

Садразамдын таң калганынын жөнү бар эле. Бир ай мурун тигилип бүткөн, сырты эң сейрек кездешүүчү күлгүн берметтер менен кооздолгон бул чапандын атын Стамбулда укпаган киши калган эмес. Вазирлер, элчилер падышага белек кылуу үчүн Төрө уулуна көп жолу кайрылышты, бирок ал баасын улам-улам көтөрүп жатты. Мухсин Челеби бул таанымал чапанды кантип сатып ала турганын түшүндүрүп айтты:

– Фермамды, сарайларымды жана үйүмдү күрөөгө коём. Соодагерлерден он миң алтын ижарага алам. Эки миң алтынды аттарга жана кызматкерлерге жумшайм. Калган сегиз миң алтынга күлгүн бермет менен шөкөттөлгөн чапанды алам.

Садразам бул ишти жактырбады.

– Сен элчиликтен келгенден кийин бул чапан сенин бир дагы ишиңе жарабайт. Бул бир жолку салтанаттуу иштердин буюму. Мал-мүлкүңдөн кол жууп, жакыр болуп каласың.

– Жок, андай болбойт. Сегиз миң алтынга ала турган чапанды алты айдан кийин Төрөоглу менден кайра жети миңге сатып алат. Жети миң алтын менен мен фермамды күрөөдөн алам. Эгерде калган карыздарымды төлөй албай калсам, атамдан калган жалгыз сарайымдан мамлекетим үчүн кечемин… Мамлекеттен дайыма эле алына бербеши керек!.. Аз да болсо, ага бериш керек!

Садразам үн катпады. Мухсин Челеби менен сүйлөшкөн сайын таң калгандан таң калып жатты. Жүрөгү бир аз тынчый түштү. Мына эми, тарбиясыз, өзүнөн тукум калтыра албаган шахтын ордун билдирүү үчүн жибериле турган адам табылган эле. Жылмайып, колундагы чалмасын ыргап жатты. Жыйын бөлмөсүндө сылык сүйлөп, коркоктугунан ар ким менен эсептешкен бектер көбүнчө жаны таттуу, мал-мүлкүн сүйгөн адамдардан болор эле. Булардын ичинен бири элчи катары жиберилсе, мамлекеттен ала турган акчасын ойлоп, шылдыңдоолорго моюн сунуп, кордуктардын баарын болгонун болгонундай кабыл алмак. Каршылык көрсөтүшмөк эмес. Садразам Мухсин Челеби менен бирге тамактанууну каалады. Бирок аны бул ишке көндүрө албады. Кетип жатканда Мухсин Челебини сарайдын четки дарбазасына чейин узатты.

Алты ай ичинде Мухсин Челеби чоң фермасын, сарайын, үйүн, дүкөнүн, бакчасын жана талаасын күрөөгө койду. Соодагерлерден акча топтоду. Аттарды жана кызматчыларды тандап алды. Булардын баары чындап теңдеши жок, абдан кооз, көркөмдүүлүк менен даярдалган эле. Кайра кайтып келгенде жети миң алтынга кайтарып берүү шарты менен Төрөоглунан атагы алыска чыккан күлгүн бермет менен кооздолгон чапанды алды. Жаш келинчеги менен эки кичинекей баласын туугандарынын биринин үйүнө таштады. Алты айлык муктаждыктарынын баарын колдоруна карматты. Андан соң падышанын катын алды дагы Тебризге карай жол тартты. Күндөп-түндөп жол жүрүштү. Бул элчинин улуулугу, көркөмдүүлүгү, айрыкча, күлгүн бермет менен кооздолгон чапандын атагы жалпы Анатолиядан өтүп, Исмаил шахтын жерин көздөй бет алып бара жатты.

Мухсин Челеби акыры Тебризге жетти. Тебриз чебине келишкен көркөмдүүлүгү менен кирди. Бул кичине шаардын көркөмдүүлүккө, өң-түскө, жалтырак-жултуракка жакын калкы Стамбулдан келген элчинин чапанын көрүп, таң калышты. Шаар, сарай а түгүл жалпы өлкөдөгү мекемелердин баарынын ичи чапан окуясына толо түштү. Исмаил шах күлгүн берметти жомоктордон гана уккан эле, буга чейин кандай экенин да көргөн эмес. Өзүнүн буга чейин такыр көрбөгөн нерсесине ээ болгон элчи туурасында укканда ичинен кызганыч пайда боло баштады. Аны көз алдында кордоп эзгиси келди. Кабыл алардан мурун тактысынын аркасына желдеттерди дайындап койду. Тактысынын алдындагы жибектен жасалган төшөктөрдү, килемдерди алдыртып салды. Оң жагында вазирлери, сол жагында баатырлары турду. Мухсин Челеби кенен, мрамордон жасалып, босогосу ачылып турган эшиктен өзүн эркин алып, ишенимдүү кадамдары менен кирип келди. Шахты көздөй басты.

Башы адаттагыдай эле тик көтөрүлгөн эле. Чапанынын ичинен чыгарган өкүмдарынын катын өөп туруп, чекесине тийгизди да, андан кийин алтын тактын үстүндө агыш, жашыл, көк жибек жиптер менен оролгон, күмүш жиптер жана желектер менен байланган, миң сырдуу жырткыч куш сымал үн катпай отурган шахка сунду. Чапанынын этеги өбүлбөгөн шах ачуулангандан кумсара түштү. Көзүнөн чаары чыгып баратты, бирок катты алды.

Мухсин Челеби тактынын жанынан ылдый түшүп, эки жагын карады. Отурганга эч нерсе жок эле. Ичинен күлүп: “Мени мажбурлап, сый көрсөтсүн деп, тургузуп койгулары бар го…” деди. Бир аз ойлонду. Бул кылган ишке кандай жооп бериши керек эле? Дароо үстүндөгү күлгүн бермет менен шөкөттөлгөн чапанды чечти. Тактынын алдындагы жерге жайды да чапандын үстүнө мандаш токунуп отуруп алды. Исмаил шах жана анын вазирлери, кол башчылары далдырап, таң кала карап калышты. Мухсин Челеби арык дөөнүн жана ажыдаардын сүрөтү түшүрүлгөн сүйрү төбөдөн жаңырган, алтын-күмүш жалатылган босоголордон сыртка чейин угулган үнү менен:

– Бул оролгон катты жиберген өкүмдарыбыз Огуз Кара хандын тукумунан болот! – деп бакырды. – Дүйнө жаратылгандан тартып анын ата-бабаларынын бири дагы кул болгон эмес. Баары өкүмдар, баары каган болгон. Ата-бабасынан тартып өкүмдар болгон бир падышанын элчиси башка бир дагы падышанын алдында чөгөлөбөйт, тизе бүкпөйт. Себеби ал элчи үчүн өз падышасынан башка бул дүйнөдө таза кандуу өкүмдар жок. Себеби…

Мухсин Челеби орой, анын үстүнө түркчө сүйлөп, бакырган сайын тил билбеген шах ачууланып, кызарып-татарып толкундаганынан колундагы ача элек кат дагы  титиреп жатты. Тактынын аркасындагы желдеттер кылычтарын даярдап турушкан эле. Мухсин Челеби бакырды, өкүрдү… Исмаил шахтын жакындары, вазирлер, баатырлар жана желдеттер падышасынын сабырына, чыдап турганына таң калып турушту. Жада калса арасынан айрымдары кыңкылдай башташты. Мухсин Челеби сөзүн бүтүрөрү менен уруксат албастан ордунан турду. Эшикти карай жөнөдү. Исмаил шах эмне кыларын билбей, дабдырап туруп калган эле. Чандыран аймагында жашагандардын баарын сындыра турган намысы бүгүн бул түрктүн алоолоп күйгөн оттой көздөрүнүн алдында муз сымал эрий түштү. Мухсин Челеби сыртка чыгып баратканда шах өзүнө окшоп таң калуудан дабдырап турган жанындагыларга:

— Тигинин чапанын бергиле! – деди.

Шахтын жанында тургандардын бири тактынын алдында жайылган чапанды алып, Мухсин Челебинин аркасынан жөнөдү. Түрк элчиге жетип барып:

— Алыңыз. Чапаныңызды унутуп калыпсыз.

Мухсин Челеби карап туруп, күлүп жиберди. Жаңы эле чыккан эшикти көздөй карап, Исмаил шах уга тургандай үн менен:

– Жок, унуткан жокмун. Муну сизге таштап жатам. Сарайыңарда улуу өкүмдардын элчисин отургуза турган килемиңиз же төшөгүңүз да жок экен… Эми мени уккула, бир түрк жерге салган нерсесин кайра үстүнө кийбейт!.. Муну билбейсиңерби? Билбесеңер, билип алгыла! – деди.

Тебризге келе жатканда басып өткөн жолу менен кайра үйүн көздөй күн-түн дебей тынымсыз жөнөдү. Үскүдарга келгенде Мухсин Челебинин чөнтөгүндө бир да тыйын калган эмес эле. Жалтырап кийинген кызматкерлерине мындай деди:

– Жолдоштор! Минген атыңар, ээр-токумдар, үстүңөрдөгү кийимиңер, белиңердеги кооздолгон канжарлар эми силердики. Байкатпай таарынтып алсам кечиргиле. Келечегиңер кең болсун!

— Биз тараптан дагы катачылык болгон болсо, сиз да кечириңиз!

— Жолуңуз шыдыр болсун!

— Бар болуңуз!..

Жообун алып, алардын жанынан узашын күтүп турду. Терең бир дем алды дагы үйүнө барбастан, деңиз жээгине жөнөдү. Бир кайыкка түшүп алып, садразамга барды. Падышанын катын Исмаил шахка бергенин, эч кандай кордук көрбөгөнүн, шахтын уруксаты жок эле ордунан туруп Стамбулга карай жол тартканын айтып берди. Садразам Мухсин Челеби бул кызматты так аткарарына эң башында эле көзү жеткен болчу. Жолго, аймактагы бектерге жана урууларга байланыштуу суроо берди. Челеби туруп кетейин деп жатканда садразам:

— Мухсин Челеби, мен сатып алайын? Чапаның жаныңдабы? – деди.

— Жок, алып келген жокмун.

— Персияда сатып жибердиңби?

— Жок, саткан жокмун.

— Уурдаттыңбы?

— Жок.

— Анда эмне кылдың?

— Эч нерсе.

Садразам суроо артынан суроо берип, улам-улам сурады. Бирок чапандын эмне болгонун такыр биле албады. Мухсин Челеби чапан окуясын айтып, кылган иши үчүн мактангыдай тайкы акыл киши эмес эле. Ошол күнү кечинде Үскүдарга кайтты. Эртеси күнү чапанды жети миң алтынга кайта сатып ала турган Төрөоглу аны издеп келди. Бирок ага дагы чапанды эмне кылганын айтпады. Стамбулдун бул чапандын эмне болгонуна кызыккан жашоочуларынын бири да атагы дүйнөгө чыккан күлгүн бермет менен кооздолгон чапандын  кантип, кайда, эмне үчүн ташталганын биле алышпады.

Тебриз сарайында болуп өткөн бул окуя тарыхтын ачылбас, караңгы барактарына аралашып, сыр бойдон калды. Бирок Мухсин Челеби бул чапан үчүн алган карыздарын бере албай, фермасынан, сарайынан, мал-мүлкүнөн кол жууп калды. Элчиликке минип барган атын, баалуу таштар менен кооздолгон ээр-токумун сатып, Кузгунжуктан кичинекей бакча сатып алды. Ал бакчасын, жерин иштетип, дыйканчылык менен алектенди. Бала-бакырасынын тамак-ашына жете тургандай акча тапты. Өмүрүнүн акырына чейин Үскүдар базарында жер-жемиш сатып иштеди. Абдан жакыр жашап, жокчулуктун зардабын чекти. Бирок кыйынчылыкта жашаса да бирөөгө жалдырап, жардам сураган жок. “Бардык мал-мүлкүмдөн мамлекетим үчүн кечтим!” – деп ооз көптүрө мактанып, куру сөздөр менен бул кылган иштерин шардана кылган жок.

Түрк тилинен которулду

[1] Садразам – Осмон империясындагы вазирлердин башчысы.

[2] Паша – Осмон империясындагы аскер башчысы.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

One Reply to “Ɵмер Сейфеттин: Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан (конкурска №6)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.