Ислам терроризми КГБ тапшырмасы боюнча түзүлгөн

Өзөктүк куралды колдонуу эскирген ыкма болуп калган азыркы заманда биздин негизги куралыбыз терроризм болууга тийиш. Учактарды басып алуу – жеке менин ойлоп тапканым.    А.М. Сахаровский (1909 – 1983), СССР КГБнын тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Батышка качкан советтик блоктун чалгындоо кызматынын жогорку даражадагы офицери Ион Михай Пачепа «Дезинформация» (Disinformation) деп аталган китеп чыгарып, анда ислам терроризминин себептери КГБнын 1970-жылдардагы жашыруун операцияларында катылып жатканын айтат. КГБнын башында 15 жыл турган Юрий Андропов АКШга жана Израилге зыян келтирүү үчүн мусулман өлкөлөрүнө жүздөгөн […]

Африка элдеринин жомогу: Эки жүздүү Нги

Бети-булу уруусунун болмушу Нги-мбаба деген жарганат оозун ачса толгон тиши бар, эки канаты менен жарык дүйнөгө келди. Токойдогулар аны канаттуубу же айбанбы деп көпкө ажырата албай жүрүштү. Куу жарганат бул өзгөчөлүгү менен абдан пайдаланды. Канаттуулар той берсе Нги дайыма ал жерге да зуулдап жетип барат, анын канаты бар эмеспи. Айбандар олжосун бөлүшө баштаса Нги ошол жерде, анын оозу толгон тиштери бар эмеспи! Пайда чыкпай турган жерге ал жолобой калсын. Андайда Нги тиякка да, бул жакка да көрүнчү эмес. Токойдогулар буга […]

Аскарали Ражабалиев: Канча сөздөрүбүз өлүү сөзгө айланып калды

Аскарали Ражабалиев элеттик интеллигенциянын бараандуу өкүлү. Студенттик жылдарын албаганда, жазуучу бар чыгармачыл өмүрүн Баткен районунда жашаган. Жетимиш жаштын кырындагы Аскарали Ражабалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы элет менен тыкыс байланышкан. Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев таамай баамдагандай, жазуучунун “аңгемелери, чакан повесттери Баткендин эч ким байкай албаган жашоосунун ретроспективасы”. Бирок да Аскарали Ражабалиев көркөм табити, жазуучулук чеберчилиги жана дүйнө таанымы жагынан бүгүн динозаврга айланып бараткан улуттук адабий бомонддун үркөрдөй тобуна кирет. Ал бирок улуттук жана дүйнөлүк адабияттын алптарына жетеленип кетпей, өзү билген дүйнөнү […]

Олжобай Шакир: Менин Жаңы жылдык жомогум

Илгери-илгери дегендин көбү жок бүгүн. Илгери дегендин баары сансыз жомокко айланып, ошо илгери болгондун баарына терең акылмандуулук төнүп, бүгүнгө дейре жашайт экен. Жаңы жыл деген майрам да те илгеркиден бүгүнгө чейин бүтпөс жомокко айланыптыр. Ага балдар да, чоңдор да ишенет имиш. Илимдүү-билимдүүсү да, караңгы түркөйү да Жаңы жыл деген жомокко абыдан ишенип алышкандыктан, баарынын ишеничи жылыга таш каап келет экен, бурадар! Ар адам ишеним, үмүт, каалоо, тилегин артып: Жаңы жыл менен кошо жаңырам; жаңы ийгиликтерди жаратам; жаңы досторду күтөм; жаңы […]

Абдмиталип Мурзакметов: Сүйүү магиясы

Бештеби, же алтынчы класстабы, бир кызык көрүнүшкө күбө  болгон жайым бар. Жогорку класстарда окуган бир көчөлүк коңшу балдар үпүп кушту кармап алышыптыр. Кимиси кайдан укканын билбейм, айтор, сасык үпүптүн бир тал канатын отко күйгүзсө, жактырган кызы интимдик катнашка макул болот экен деп, үпүптүн канат-куйругунан бир нече тал үзүп алышат. Анан бир көчөнүн 7-8дей балдары арыктын боюна кыркалай отуруп алып, канаттарды күйгүзгөнбүз. Кезек келгенде али кыздар менен сүйлөшүп, достошо элек, жыныстык катнаш тууралуу түзүгүрөөк түшүнүгү жок мен да күйгүзгөм. Ошол күнү […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин аңчылыгы

Байыркы мезгилдерде эле кыргыздардын ата-бабаларынын негизги кесиптеринин бири болуп келген аңчылык XIX кылымдын башталышында деле кыргыздардын эмгекчи чарбаларында кыйла жөлөк-таяк болгон тармак бойдон кала берген. Элдик оозеки чыгармаларда жана аңыз кептерде мергенчилер айрым учурларда кедей айылдарды жана чакан жамааттарды эт менен жан сактатып келишкендиги жөнүндөгү эскерүүлөр сакталып калган. Алгыр куштардын жана куралдардын жардамы менен аңчылык кылышкан, тегерек темир капкандар салышкан жана тузак, кылтак тартышкан, буктурмалар жасашкан. Октябрь революциясына чейин милтелүү мылтык, кара мылтык жана алтайдын таш мылтыгы (буттары жыгачтан жасалган) […]