Бети-булу уруусунун болмушу

Нги-мбаба деген жарганат оозун ачса толгон тиши бар, эки канаты менен жарык дүйнөгө келди. Токойдогулар аны канаттуубу же айбанбы деп көпкө ажырата албай жүрүштү. Куу жарганат бул өзгөчөлүгү менен абдан пайдаланды. Канаттуулар той берсе Нги дайыма ал жерге да зуулдап жетип барат, анын канаты бар эмеспи. Айбандар олжосун бөлүшө баштаса Нги ошол жерде, анын оозу толгон тиштери бар эмеспи!

Пайда чыкпай турган жерге ал жолобой калсын. Андайда Нги тиякка да, бул жакка да көрүнчү эмес. Токойдогулар буга таң кала турган, анын жүргөн-турганын кеп кыла беришер эле. Бирок  ар нерсенин акыры болот эмеспи.

Бир күнү төөкуш Энгуду — канаттуулардын жол башчысы өз элин жыйынга чакырып калды – өтө маанилүү маселелер чечилиш керек болду. Чабарман Нги-мбабуга да жетти. Бирок ал жыйналышка баруудан баш тартты.

— Силер менен эмне жөнүндө сүйлөшмөк элем? — дейт ал, — силерде ооз да жок, тумшугуңар эле! Менин аппак, курч, ооз толгон тиштеримди эле карап койгулачы! Силер менен кайнаса каным кошулбайт!

Аңгыча айбандардын башчысы арстан – Энгбеме өз элин жалпы жыйнап калды. Алар да өздөрүнүн көйгөйлүү суроолорун чечмек болушуптур. Ал чакырууга да Нги барбай койду, келүү оюнда да болгон жок.

— Мен силер менен эмнеге сүйлөшөм! Учканды билбейсиңер, төрт буттап жүгүрүп жүрөсүңөр, мага бир жериңер окшошсочу деги. Менин укмуштуудай канаттарымды эле карап койгулачы!

Анда төөкуш Энгуду Нги-мбабуну канаттуулар арасынан чыгарып салды, ал эми арстан Энгбеме айбандар арасынан кууп жиберүүгө буюрду.

Андан кийин бат эле канаттуулар чоң той өткөзүп, майрам уюштурду. Албетте, биринчи болуп Нги жетип келди.

— Менин укмуштуудай канаттарым бар эмеспи! – дей баштады. Төөкуш Энгуду анын оозун ачтырып көрдү. Нги оозун ачып, болгон апакай тиштерин көрсөтө салды.

— Бери мага кара, —  деди Энгуду. – Менин тумшугумда тиш бар бекен? Сен өзүңө окшогон оозу толтура тиштери барлардын арасына  кет, сен биздин элге кайнаса каның кошулбайт эмеспи!

Ошентип Нги үйүнө куру-жалак кайтты.

Бир нече күндөн кийин арстан Энгбеме айбандардын майрамын жарыялап, даамдуу сый тамак уюштурду. Нги-мбаба дагы биринчи жетип барды. Энгбеме бардык жаныбарларды түрүнө карай бир бүлөдөй отургузду, а жарганатка бир да бүлөдөн орун табылган жок. Айбандарга окшоп, тааныта турган анын же мүйүзү, же туягы, бир да белгиси  жок болуп чыкты. Жанталашып тиштерин көрсөткөнү да натыйжа берген жок. Энгбеме аны каарданып, айдап чыкты.

Ошентип Нги-жарганат эч жерге батпай, элден безип калды, анткени тиши бар, бирок айбан эмес, канаты бар, бирок куш эмес. Ошол күндөн ушул күнгө жарганатты эки жүздүү Нги деп аташат.

Которгон Бек Жайчыбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.