Аскарали Ражабалиев элеттик интеллигенциянын бараандуу өкүлү. Студенттик жылдарын албаганда, жазуучу бар чыгармачыл өмүрүн Баткен районунда жашаган.

Жетимиш жаштын кырындагы Аскарали Ражабалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы элет менен тыкыс байланышкан. Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев таамай баамдагандай, жазуучунун “аңгемелери, чакан повесттери Баткендин эч ким байкай албаган жашоосунун ретроспективасы”.

Бирок да Аскарали Ражабалиев көркөм табити, жазуучулук чеберчилиги жана дүйнө таанымы жагынан бүгүн динозаврга айланып бараткан улуттук адабий бомонддун үркөрдөй тобуна кирет. Ал бирок улуттук жана дүйнөлүк адабияттын алптарына жетеленип кетпей, өзү билген дүйнөнү өзү сезгендей жазганга жетишти. Ага карабай, рухий дүйнөсүн үзбөй сугарып турат.

Калемгердин өздүк китепканасында соңку жылдары Бишкек, Астана, Москвада чыккан адабий, тарыхый жана философиялык эмгектер толтура. Алардын арасында казак тилиндеги Абайдын академиялык эки томдугу, казак классиги Мухтар Магауиндин “Чыңгызхан” тетралогиясы, орустун акын-жазуучулары Борис Пастернак, Андрей Битов, Юрий Казаковдун тандалма жыйнактары бар. Мындай бай китепкана ордолуу Бишкектеги өзүн калемгер дегендердин көбүндө жок. 70 жаштын кырындагы Аскарали Ражабалиевдин өз чыгармачылыгы тууралуу ойлорун жана “Сагыныч кушу” деген новелласынан үзүндүнү окуп (новелладан Элиза Кененбаева окуган үзүндүнүн аудиоварианты тиркемеде>>>>>), жазуучунун дүйнөсүнө дарча ачыңыздар.

А. Ражабалиевдин айтымында, алгачкы аңгемесин жазуусуна бөлөсүнүн күтүүсүз кырсыкта көз жумганы түрткү болгон экен.

— Мен 8-класста окуп жүргөн кезде кыска аңгеме дептериме жазганмын. Бахмал деген эжемдин (апамдын бир тууган сиңдиси) уулу кокус трактор аварияга кабылып, каза болгон да. Ошондо аябай кайгырып… Ушул кырсык мага таасир кылган экен. Ошол мезгилден баштап адабиятка болгон ойгонуум башталган экен. Анын үстүнө биз дарыянын жээгинде жашайт элек. Ал учурда эл аз. Токой, дарыянын шаршуу үнү күнү-түнү барабар жаңырат, балык тутабыз, токойдо ойнойбуз. Кыскасы, романтика.

*     *     *

Балалык жомоктуу дүйнөм, анан кичик Зарташ айылында башталган ууз сүйүүм өмүр шеригимдей жүрөгүмдүн бир четинен түнөк таап, түбөлүк жашап кала берди. Сегизинчи класста окучумун. Айылдын орто ченинде болчу менин эркектана пенде экенимди өзүмө сездирген кыздын үйү.

Бир жолу апам атама минтти:

— Атасы, биякка караңыз..

— И, карадым?..

— Кыздуу үйдү аңдымайы эрте башталды го, уулуңуздун,- деген апам күлүп.

— О-го, шундайбы?- деген атам да жылмая берип, кызыл буудай өңү нурдана…

Апам менин Гүлүнү ыктап жүргөнүмдү бирөөлөрдөн укса керек. Азыр ойлосом менин эрезеге жете баштаганыма жетине албай сүйүнгөн жерлери экен экөөнүн.

*     *     *

Айыл жериндеги китепканаларга совет заманында көркөм адабият тегиз болбосо да жетчү. Төбөлсүздүк жылдары айылдарга китеп мурдакыдай жетпей калды. Бул жагдайда элеттик жазуучу көркөм адабияттын бөксөсүн кантип толтурат?

— Мен совет мезгилинде эле, кудайга шүгүр, орус адабиятынан башка да дүйнөлүк адабиятты үйрөнүүгө жакшы аракет кылган экенмин. Күнү-түнү окуп, ошон үчүн көзүмдүн майын түгөтүп алдым. Француз, арап, перс, немис, англис, кытай, индус, жапон адабиятын ошо мезгилде окуп үйрөнгөнүм бүгүнкү базамды түздү. Анын үстүнө союздун убагында орустун алдыңкы адабий журналдарына“Новый мир”, “Знамя”, “Москва”, “Дружба народов”бардыгына жазылчу элем. Ал эмес Алтайдын, азербайжан, чуваш, татар, башкурт, өзбек, казак, түркмөн тилдериндеги гезит-журналдарга жазылдым. Ушинтип жан дүйнөм байыды. Кийинчерээк, 80-жж. башында казактын чоң жазуучусу Ануар Алимжановдун “Возвращение учителя” деген китеби колума тийип калды. Повестти окуп, катуу таасирлендим. Аны кыргызчага котором деп, Орто Азия, Иран, арап, Чыгыш жана Европа философиясын үйрөнүшкө үңүлдүм. Бул мага чоң сабак болду. Бирок союз таркагандан кийин тышкы руханий булактардан кан буугандай кескин ажырадык.

Эгерде адамда каалоосу болсо, умтулса, илим булагын табат экен. Алматыбы, Ташкентпи, кайда барбайын, китеп сатып алам. Көлгө улам суу куюп турбаса, ал соолуп жок болот. Киши мурдагы үйрөнгөнүнө жаңыны кошуп турбаса, жан дүйнөсү деле суу сактагычтай соолуйт. А мен алиге чейин рухумду, көкүрөктөгү көркөм байлыкты суудан улам куюп, толтуруп турушка аракет кылам да. Бул бүгүнкү таңсыктык мезгилде да мага жардам берди

*     *     *

Мектебибиз кошуна Ак-Турпак айылында. Эки айылдын аралыгы жети-сегиз чакырымдай. Чынын айтуу керек, жол азабын кыйла эле тартканбыз. Бөтөнчө кыздар. Аларга боору ооруган уландар бирден минген эшектерибизге учкаштырып алаар элек. Кай бир балдар минтчү эмес. Тогуз ай ушинтип жол каттап окуп, балалык өмүрүбүздүн жарымы жолдо өтчү. Дагы биздин жолубузду кыскарткан узундан узун өрүкзар болбособу! О, анда кандай болорун билбеймин. Өрүкзар гүлдөгөндөн тартып, кеч күзгө чейин бир чети алыс жол бизге жыргал эле. Сабактан чыккандан жол ката узундан узун чубалган өрүкзарды аралап, желим жыйып, корону тузга малып жеп, эрте бышар өрүктөрдүн кылда учуна чыгып, сарала болгондорун жерде колдорун узатышкан кыздарга ыргытабыз.

*     *     *

Жазуучунун өз чыгармаларында диалектикалык сөздөрдү колдонуусу адабий зарылдыкпы же турмуш чындыгынан жаралган талаппы?

— Ар бир сөзбул элдин тарыхы, миң жылдап калыптанган. Ар бир сөз поэтикалык, философиялык, турмуштук түшүнүктү бериши мүмкүн. Бир сөздүн бир нече мааниси болот. Биздин атабабаларыбыз кандай кыйын замандарды баштан өткөрдү! Ошол жүздөгөн жылдарда жаралган сөздөрдү биз тансак, бул биринчиден, биздин жарабастыгыбыз да. Экинчиден, менин каармандарым Кыргызстандын түштүкбатышындагы Баткен облусунда жашаган ичкилик кыргыздары. Мен адабий тилди колдонуп, каармандарым адабий тилде сүйлөсө, алардын психологиясы, салты, үрпадаты ачылбай калат. Адабий образдар жалган болот. Мен элимдин колоритин, сүйлөө манерасын, турмуштук түшүнүктөрүн, философиялык өзгөчөлүгүн чагылдыруу үчүн, көз карашын окурманга жеткирүү үчүн жергиликтүү сөздөрдү пайдаланып жатам.

*     *     *

Кийинчерээк балдар четтен велосипеддүү болдук. Эми мурдагыдай эшек минип, көп кечикпей калганбыз сабактарга. Дале кыздарды бирден учкаштырып алмай. Балдар кыздарды бирден “ээлеп” алышкан. Менин “энчиме” Гүлү тийген…

Баткендин өрүкзары

Мен сегизинчи, Гүлү жетинчи класста. Апрель. Өрүктөр ак тумандай гүлдөгөн убак. Өрүкзар – гүл деңиз. Аппак булуттар өрүкзарга бөгүп, мекендеп алгандай. Мектепке жеткенче гүл аралап, гүл кечип барабыз. Кыздар бөтөнчө сулуу болуп кетишет мындайда! Он беш велосипед гүл туманда каалгый учуп, кыздардын көйнөктөрү желектей желбиреп, күлкүлөрү жаңырат.

…Кеч кирет, он беш велосипедге он беш кыз учкашып, гүл ааламында каалгый айылга жөнөйт. Мен ошондо ак булутту аралай, ак куу минип бараткандай сезип кетчүмүн өзүмдү.

Өрүкзар гүлүн төгүп, коро байлады. Мектеп жабылып, каникулга чыктык. Ошол жайда Гүлүлөр Ысык-Көлгө кетишти. Мен Баткенге келип, тогузунчу класста окуумду уланттым. Канаты жетилип, күзүндө алыс-алыс бир өлкөгө учуп кеткен ак куу сымал Көл кылаасына учуп кетти, Гүлүм! Уясын сыйпалап кала бердим, ак кушумдун!

*     *     *

Жазуучу өзү сөздүн маанисин аңдап, түшүнө баштагандан бери же соңку 60 жылда Баткен жергесиндеги элдин сүйлөө лексикасы кандай өзгөргөнү жөнүндө:

— Өтө чоң өзгөрүү болуп кетти. Мен 1948-жылы туулгам. Ошого 50-жылдардын аягын жакшы билемин. Ал кезде биз жакка ЫсыкКөлдөн, Чүйдөн көп мугалимдер келген иштегени. Биздин элдин сүйлөгөнүнө түшүнбөй: «Бул эмне деп атат? деп калчу эле мугалимдер. Бир мезгилде түндүктөн маданият ишмерлери көп чыккан. Бизден маданий ишмерлер болсо да, алар түндүктүктөрдөй сүйлөпКарымкатнаш аз болупБизден жазуучулар аз чыгып… Ичкиликтердин кыргыз тили күндөлүк турмушта, илимде, адабиятта, маданиятта колдонбогондун натыйжасында, өгөйлөнө берип, чоочун болуп калган экен да. Интеллигенттер, маданияттын алдыңкы өкүлдөрү туура баалап, говорлор, диалекттер бирдей колдонула бергенде, биздин тилдик корубуз бүгүн 40 000-50 000 эмес, 200 миң 300 миңге жетмек. Кытайдагы 200 миң эле кыргыздын тилчилери бүгүн кыргыздын 150 миңден ашык сөз корун түзүп коюшту. А биз 50 000 деп отурабыз. Ошол эле мезгилде канча сөздөр өлүү сөзгө айланып калды. Чоң тилчи Жээмбай Муканбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн” карап отуруп, агайга абдан ыраазы болдум. Жаткан жери жайлуу болсун!

Эгерде Бишкекте иштеген академиктилчилер Ж. Муканбаевдин көз карашында болгондо, биздин тилибиздеги көп сөздөр колдонулбай калбайт эде. Биздин сөз корубуз мындан да байып, тилибиз өтө ийкемдүү, бай болот эде. Ушул жагын эске алып, кээде “башкалар түшүнбөсө түшүнбөй койсун” дейм. Бирок менин чыгармаларымды окуган адам ойлонот: «Ой, мына бу жерде жакшы сөз бар турбайбы? деп. Анан ойлонот, ал сөздүн маанисин издешке аракеттенетМына, өзбек туугандарды кара! Аларда бүгүн 300 миңден ашык сөз кору. Алар иран, арап, хинди, кыргыз же казактын сөзү деп жээрибейт. Өзбек элинин фонетикалык, грамматикалык, синтаксисинин өзгөчөлүгүнө байланыштырып туруп, өзбек тилине ыңгайлаштырып алат. Ошентип сөз байлыгы кеңейип атат.

*     *     *

Азыр деле кез-кез недендир кыжалат тартып, көңүлүмө эч нерсе сыйбай калган күндөрдө, бөтөнчө, өрүкзар чаңдап гүлдөгөн кездерде аерге барып жүрөм… Гүлү экөөбүздүн балалыгыбыз кол кармаша бак ичинде баягы бойдон чуркап жүрүшөт. Бирок гүл тумандын арасында ак көйнөгү менен, ак жоолугу көзүмө бир илээшип, бир илээшпейт…

*     *     *

Аскарали Ражабалиевдин кыргыз тилине, анын ичинде диалектикалык сөздөр менен говорлорду адабиятта кеңири колдонуу боюнча ортого салган ойлоруна ар ким эле кошула бербеси анык. Бирок жазуучунун көркөм дүйнөсүнө бир саякат жасоо, кимге да болсо кызыктуу болмок деп ойлойм. Анткени, автордун табияттын сулуулугуна жаш баладай канбай суктануусу, аялдардын келбетин эргүү менен сүрөттөгөн саптары кимди да болсо маашырлантмак. Эгер андай ниет пайда болсо, А. Ражабалиевдин өтүп бараткан жылы жарык көргөн «Бейиштөр» аттуу китебин бир барактап көрүңүз.

Амирбек Азам уулу
“Азаттык”

 

One Reply to “Аскарали Ражабалиев: Канча сөздөрүбүз өлүү сөзгө айланып калды”

  1. Ичкилик кыргыздардын тилдеринин шириндигин туура баамдаган экен бул киши. Чынында диалектикалык сөздөр колдонулбай калып кеткени өкүндүрөт. Биз кыргыз тилин ушинтип отурсак кантип байысын????

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.