Өзөктүк куралды колдонуу эскирген ыкма болуп калган азыркы заманда биздин негизги куралыбыз терроризм болууга тийиш. Учактарды басып алуу – жеке менин ойлоп тапканым.   

А.М. Сахаровский (1909 – 1983), СССР КГБнын тышкы чалгындоо кызматынын башчысы

Батышка качкан советтик блоктун чалгындоо кызматынын жогорку даражадагы офицери Ион Михай Пачепа «Дезинформация» (Disinformation) деп аталган китеп чыгарып, анда ислам терроризминин себептери КГБнын 1970-жылдардагы жашыруун операцияларында катылып жатканын айтат.

КГБнын башында 15 жыл турган Юрий Андропов АКШга жана Израилге зыян келтирүү үчүн мусулман өлкөлөрүнө жүздөгөн тыңчыларды жана пропагандалык адабияттын миңдеген нускадагы көчүрмөлөрүн жөнөткөн.

350px-Удостоверение_Председателя_КГБ

1972-жылга Андроповдун маалыматтарды бурмалоочу машинасы ислам өлкөлөрүн Израил менен АКШ бүткүл дүйнөнү сионизмдин аймагына айландырууну каалашууда деп ишендирүү үчүн күнү-түнү дебей иштеген.

Андроповго ислам дүйнөсү Петринин лабораториялык идишиндей болчу, анда КГБ марксизм-ленинизм бактериясынан Америкага болгон жек көрүүнүн жугуштуу бактериясын бапестеп өстүрө алмак.

Андропов КГБнын башына СССРдын союздаштары Сирия менен Египет шерменде болуп утулган Алты жылдык согуш аяктаардан бир нече ай гана мурда келген болчу. Ошондо келечектеги генсек израилдик El Al компанияларынын учактарын басып алып, Иерусалимде террордук актыларды жасаш үчүн палестиналык террорчуларды даярдоо менен өксөөсүн суутуну чечкен.

Андан да таң калыштуусу, 19-кылымдын этегинде Парижде иштешкен Россиянын жашыруун полициясынын тыңчылары тарабынан окшоштуруп жасалган пропагандалык «Сион даанышмандарынын токтомдору» (“Протоколы сионских мудрецов”) аталган жасалма китепчени араб тилине биринчи жолу которууга буйрук берген да Андропов болгон.

Пачепа 1978-жылы Америкага качып барып, ал жактан саясый башпаанек алганга чейин Румыниянын (DIE) тышкы чалгындоо Кызматынын башчысы болгон жана андроповдук долбоорго активдүү катышкан.

Пачепанын айтымында «Токтомдор» гитлердик антисемиттик пропагандага негиз болуп берген. 1970-жылдары КГБ бул жасалма китептин миңдеген нускасын мусулман өлкөлөрүнө тараткан. 

Чалгынчынын эскерүүлөрү боюнча 1972-жылы анын DIE агенттиги КГБдан «Токтомдордун» арабча котормосун жана АКШнын сионисттик мамлекет экенин тастыктаган дагы бир «документти» алган. Пропагандалык материалдарды көрсөтүлгөн араб мамлекеттерине жашыруун таратуу Пачепанын милдети болгон.

Пачепа венгриялык жана болгариялык атайын кызматтардагы кесиптештери менен жолугушуу учурунда алар да көрсөтүлгөн араб өлкөлөрүнө пропагандалык материалдарды таратуу менен алектенишкенин укканын эскерет.

Андан тышкары, генерал-лейтенант Секуритате (Румыния Социалисттик Республикасынын мамлекеттик коопсуздук Департаменти) ал румыниялык чалгындоо кызматында иштеген жылдары КГБ Израилдин аймагындагы 11 террордук акты, анын ичинде, 1972-жылдын 30-майында «Бен Гурион» аэропортуна жасалган чабуул (22 киши каза таап, 76 киши жаракат алган) жана 1975-жылдын 4-июлундагы Иерусалимдин Сион аянтындагы жардыруулар (15 адам каза таап, 64 адам жаракат алган) боюнча да жашыруун жоопкерчиликти алганын тастыктаган.

Цитата:

2011-жылдын сентябрында Путин бийликке кайра кайтаар алдында кансыз согуштун карт жоокери Махмуд Аббас кайрадан жанданган. Башкы Ассамблеянын дүркүрөгөн кол чабуулары астында Аббас БУУга Палестина мамлекетинин 1967-жылга чейинки аныкталган чек араларын таануу боюнча «өзүнүн» талабын тапшырган. Аббастын «көз карандысыз» чечимин бир нече саясый фигуралар да жактап чыгышкан. Бирок Палестинаны боштондукка чыгаруу Уюму КГБ тарабынан түзүлүп, каржыланып келгенин көптөр биле бербейт. Аббас саясый жактан калыптанган Москва чыгыш таануу институту КГБга жашыруун баш ийгенин, ал жакка КГБ сунуштаган чет элдиктер гана окууга кире алышаарын көптөр биле бербейт. 

Ошондой эле Аббастын докторлук диссертациясынын жетекчиси КГБ офицери, ошол эле маалда Саддам Хусейндин кеңешчиси болгон Евгений Примаков (кийинчерек «демократиялык» Россиянын чалгындоо кызматынын начальниги болгон) экенин да көптөр билбейт.

Аббастын докторлук диссертациясы (аталышы «Нацисттер менен сионисттик кыймылдын лидерлеринин ортосундагы жашыруун байланыш») Холокостту толугу менен жокко чыгарып, нацисттер болгону «бир нече миң» гана жөөттөрдү өлтүрүшкөнүн тастыктаганын да көптөр байкаган эмес.   

 

Булак: https://andreistp.livejournal.com/

https://andreistp.livejournal.com/8860046.html?fbclid=IwAR01ooa5hDtThnG-_Hsu3f3N8M7JGugY93Hwu0i1n-jclonCR6YRsxlcrvQ

One Reply to “Ислам терроризми КГБ тапшырмасы боюнча түзүлгөн”

  1. Шумдугу курусун КГБчылардын! Булар адамзатка кооптуулук жараткан мындай саясатты далай ирет жүргүзгөн болсо керек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.