Талгат Кеңесбаев: Кек (конкурска №5)

АҢГЕМЕ Кыз кылыгындай наздуу, кулпурган жайык жайлоо. Жумшак жел жортот. Буралып, шыңкылдай күлгөн эрке булак… Көрүнгөндүн жугундусун ичип жүрүп күлтүйө семирген дөбөттү ала канчык куйругун шыйпаңдатып, улам жыттатып жатып шаң-салтанат менен айылга ээрчите келген. Экөө үйүгүшүп, көлөкөдөн көлөкө издеп жүрүшчү. Курсагы челкейип, жер чие баштаганда канчык жоголду. Ээси аны “уурулардан” көрдү. Дөбөт болсо күн бою көлөкөдө жаткандан башканы билбейт. Жаш токол жугундуну бир табак кылып алдына коёт. Ит көздөрүн алайтып, кошкөңүл, идишти жалап-жуктап тазартып туруп кайрадан көлөкөсүнө жатат. Айыл балдары […]

Светлана Горева: Чайковский (конкурска №4)

Таалим берүүчү аңгеме  Бүгүн Ваня үчүн өзгөчө күн эле. Жетинчи май – анын туулган күнү. Анан калса туура келип калганын карабайсыңбы, ал да жетиге чыгып жаткан! Кечинде атасы туулган күнүнө карата бир жашыруун белек камдап койгонун кеп кылган, ал эми кандай белек экенин айткан эмес. Ванянын оюна ар кайсы нерселер келип жатты: жаңы велосипедби же чоң атасы менен балык уулоого чогуу барганга кайырмакпы, айта берсе андан башка толтура нерселер бар эмеспи. Айтор, ал түндүн бир оокумуна чейин ооналактап уктай албай […]

Африка элдеринин жомогу: Капумбу жана айбандар

Балуба уруусунун болмушу Бир күнү капумбу бардык айбандардын ортосунда туруп алып: — Силердин араңарда мендей тамак жей алганыңар барбы? Тамак жегенден мага жеткениңер жок,  —  деп мактанды. Анда арстан тура калды: — Мени менен мелдешип көрчү! Экөө жей башташты. Көпкө чейин жешти. Аягында арстан чыдабай четке чыга келди да жеңилгенин мойнуна алды, а калумбу болсо дагы эле жеп жатат.  Леопард тура калды: — Сени мен жеңем! Бирок леопард да ага теңеле алган жок. Ким калумбудан көп жейм дегендин баарынын жолу […]

Насиридин Тайлаков: Эмне кылам берген катты жыртып атсаң (конкурска)

Аттиң менден улуусуң… Оо эжеке ашык болдум өзүңө, Кулак салчы аз да болсо сөзүмө. Билем жашым сен куракка жетелек, Бирок карайм сенин гана көзүңө. Сүйөм десем болбойт дейсиң тоготпой, Мени түртүп өз жаныңа жолотпой. “Өзүң теңдүү кыздар менен тааныш”- дейт, “Кайра кайтпас балалыгың коротпой”. Сен он сегиз, мен он алты жаштамын, Билсең эгер сүйүү издеп баштадым. Менин айткан сөздөрүмө ишенчи, Сени тандап майдаларды таштадым. Аялзаты бүт баарына жылуусуң, Айтып бүткүс керемет бир сулуусуң. Сенин эже, алдыңдагы милдетим, Сени сыйлайм, чындыгында […]

Мамат Раимжанов: Үчөө

АҢГЕМЕ Анда да ушундай алашалбырт болчу. Акжол ошол каргашалуу алашалбырттан бери туптуура он жети жыл, анан он бир күн дегенде бошоду. Тагыраагы, беш күн мурун бошогон, бирок тайганын түпкүрүндөгү түрмөдөн жөө-жалаңдап, кээде жолу бирге машинеге түшүп, Сибирдин четирээгиндеги Н. шаарына кечээ келген. Ал шашкан жок. Шашканда кайда бармак? Албетте, көңүл дегдеткен алыскы Алатоосуна барат дечи. Арийне, кийинчерээк… Мүмкүн такыр эле барбастыр. Аны ким эле күтүп жатыптыр?! Чанда гана кат жөнөтчү аталаш туугандарынын уулунун жазганына караганда ата-энеси тээ эбак тиги дүйнөгө […]

Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<<<<<<<< Башы АТ ТАНДОО ЖАНА САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ Уулум, билгин, ат сатып алып жатканда алданып калбас үчүн өтө кылдат бол. Анткени, ат менен адамдын көрөңгөсү бирдей: жакшы ат жана жакшы киши үчүн канча акча бербегин, өзүн актайт. Жаман атты жана жаман адамды каалаганыңча жек көр. Акылмандар «Дүйнө адам менен толук, адам мал менен толук» деп айтышат. Жаныбарлардын эң мыктысы жылкы, аны кармоо чарба күтүү жана эрдик. Макал бар эмеспи: «Атыңды жана кийимиңди сактасаң, атың жана кийимиң сени сактайт». Аттын жакшы […]

Залкарбек Назарматов: Сары кунан (конкурска)

АҢГЕМЕ Бул өрөөндө кыш абдан катаал боло турган. Эртели-кеч бороон улуп, ызгаар согуп, сууктун күчү сөөктөн өтөт. Кээде күн ачык болуп турса да, шамал кулак-мурунду тызылдатып айланы алты кетирет. Кар сампарлап жаап отуруп, үч-төрт күндүн ичинде эле белчеге жетип, жолдор жабылып, ич ара каттам да кыйындайт. Мындай шартта уй-коюң түгүл, жылкы да кол карап, тоют маселеси элди кыйла түйшөлтө баштаган убак болот. Отун-суу көйгөйү да көңүл сыртында эмес. Ал тээ эки миңинчи жылдар эле. Азыр да кар калың түшүп, кыш […]

Абдмиталип Мурзакметов: Жыт магиясы

Гезиттен журналист эжелердин биринин мээримге жык толгон макаласын окуп калдым: жекшемби күнү бош убакыт болуп калып, балдарынын кичине кезиндеги кийимдерин жайып, айрымдарын жыттаганда наристе жыты сакталып калганын баяндап, өзүнүн апасы да балдарынын эски кийимдерин ыргытпай сактаганын убагында түшүнбөгөнүн эскериптир… Башталгыч класста окуп жүргөнүмдө акем (чоң атамдын колунда өскөндүктөн атамы аке деп калдык) ооруканага жатып калды. Ошондо күн сайын апамы жадатып сурап, жол карап күтүп, бир күнү үйдө эч ким жокто акемин илинип турган көйнөгүн жыттап, көзүмө жаш келгени эсимде. Кийин […]

Молдова эл жомогу: Поптун акылсыз уулу

Поптун уулу болуптур. Эч нерсе үйрөнбөгөн, колунан да түк келбеген акылсыз, жалкоо экен, түгөткүр. Теректей бой берип, теменедей акыл бербептир ага. Мурдун чукулап отургандан башканы билбейт. Бир күнү үйдө нан жок калып, кызматкерлердин бири жок, баары жумуш боюнча кетишкен. Поп баласын чакырып айтат: — Уулум, айланайын! Үйдө бир кесим нан калбаптыр, туз салган идиштин да түбү көрүнөт. Мобу эки алтын теӊгени ал да базарга барып кел. Бир теӊгеге нан, экинчисине туз сатып ал. Поптун уулу акчаны алып  базарга келди. Мында […]

Кадырбек Аблабеков: Түш (конкурска)

(Үр кызы) Булут каптап ар тараптан, жаткан учур жаан да жаап, Эрте жаздын алгачкы айы, жаткан жерим муздак, сыз. Эки көзүм көктү тиктейт, эмне болуп кетээр деп, Мен жаан менен ыйлап кирдим эки карек тушаксыз. Асман бетин чарк-чурк этип бир убакта чагылган Жарып өттү, асман кетти экиге да бөлүнүп. Үр кыздары сырдашууда олтурганын байкадым, Ал асмандын тилигинен аркы дүйнө көрүнүп… Ошол секунд, ошол ирмем, ошол кыздар ичинен, Ошол асман тилигинен бир Үр кызы кулады. Ар жактагы көп адамдар кармаганга жетишпей […]

Сүйүн Курманова: Өмүр

АҢГЕМЕ Дарбазадан баш баксам далисте эки кемпир отуруптур. Бири кары, бири андан жашыраак. Эски кара тукаба кемселченин ичимден бүркүткө окшоттум. Эки санын апчыгансып, мүрүсүн көтөрүп отурганынан ошондой көрүндү сыяктанат. Мурдунун учу ээгин көздөй имерилип, эти качкан жаактарынын териси шалбырап, кулагынын көзөнөгүн  чойгон  салмактуу иймеги мына-мына куюлуп түшчүдөй салактап, кара кемпирдин карылыгын андан бетер күчөтүп турганы. — Бу кайсы бала?- деди көлдөлөңдүн четине отура калганымда  кареги тунарып калган көзүн мага  кадап. Кымтыса болбой улам  ылдый түшүп кеткен ээги жалаңкат бүйлөсүн кызартып, […]

АША бийлигинин ит жылында кетирген «итчиликтеринин» бири акталды

Ушул жылдын 20-декабрында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Депутатка Эсеп палатасында иштеп турганда мыйзам бузду деген кине коюлуп келген. УКК кызматы 2018-жылдын 25-декабрындагы чечими боюнча А. Шыкмаматовдун ишин ар тараптуу иликтөөдөн кийин анын кылмышка тийешеси жок экенин аныктаган. Чечимде Эсеп палатасына тендер аркылуу сатылып алынган кызматтык авто-унаалар боюнча иш кагаздарда депутаттын колу табылган эместиги айтылат. Ошондой эле аталган ишти кароо боюнча түзүлгөн комиссия мүчөлөрү Ж. Иманалиев, А. Кангелдиев, Т. Чормонов, А. Романова жана Н. Беделбаев […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын адеби – Жөндүүлүк

Ааламдашуу доорунда ар бир эл өз нарк-сөөлөтүн өксүтпөй сактап калышы үчүн, оболу, өзүнүн барк-дөөлөттөрүн терең аңдап-таанып, алардын жаралуу жана калыптануу жолунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат өздөштүрүп, алардын өрүштүү көрүнүштөрүн күнүмдүк жашоо-турмушунда кеңири колдоно билиши зарыл. Мында адептик асылнарктардын тарыхын жана табиятын маданий өңүттө таанып-билүүгө бөтөнчө орун таандык. Адатта, маданиятты коомдогу көркөм кунары бийик, эмоциялык таасири күчтүү рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары карашат. Тарыхый-маданий өңүттөн алганда, тигил же бул дөөлөттүн жаралышы коомдук талап менен аныкталат. Талап […]