Бери караң: Сын өнөрүнө кызыккан жаштарга кулак кагыш

Адабий-көркөм сын боюнча (коолоочуларга өтүлүүчү) сабактардын ПЛАНЫ Адабий-көркөм сын жанрында эмгектенип жүргөн жаштарды чогултуп, жалпы жыйын өткөрүү. “Сынчылыктын озуйпасы” аттуу алгачкы сабак. (В.Г.Белинскийдин “Гоголго кат” деген макаласын тапшырма катары берүү). В.Г.Белинскийдин “Гоголго кат” деген макаласын талдоо. (“Адабий сындын жанрлары” деген темада тапшырма берүү). “Адабий сындын жанрлары” деген темада талкуу уюштуруу. (Ийримдин ар бир мүчөсүнө конкреттүү материалдын негизинде рецензия жазып келүүнү тапшыруу). Рецензияларды талкуулоо жана жакшыларын ММКларга сунуштоо. Портреттик макала жөнүндө атайын сабак өтүү. (А.Эркебаевдин “Сын жана сынчылар” деген китебиндеги ар […]

Орус эл жомогу: Ит болгон барин

Кедей менен барин кошуна жашачу. Бир күнү кедей аз жерден тиштеп ала жаздаган бариндин кабаанак итин таяк менен чаап өлтүрүп алат. Барин кедейди сотко берип, утуп чыгат. Сот баринден сурайт: — Кедейге кандай жаза берүүнү каалайсың? — Кедейди адамдык укугунан ажыратып, мага ит кылып бериңиз. Ит кепеде жашап, түнү бою үрүп, үйүмдү кайтарсын же адамдан акылдуу итимди тирилтип берсин. Өлгөн немени тирилткидей кедей кудай эмес да, аргасыздан бариндин ити болуп күн кечире баштайт. Ит кепеде жашайт, жугунду менен тамактанат, ал […]

Олжобай Шакир: Караламан массанын чуусу

“Өлөр канаттуу өзөккө жетер үн чыгарса, өлөр адам өзөк өрттөгөн кебин айтат”. Конфуций Улуттук шаблон деген ушу. Улуттук ар-намыска жамынган жалындуу сөздөр бүркүлөт ооздон. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминналеде көрсөтүлгөн экспонаттар улутчул топтордун чачын тик тургузду. Арийне, резонанс жаратпаган иш-чаранын кимге кереги бар эле? Андыктан феминнале окуясы дүйнө таанымы чолок улутчулдар ким экенин ашкерелеп койгонунун өзү – аталган иш-чара максатына жетти деген кеп. Бутага тийди маселе. Иш-чаранын так ушундай ызы-чуу жаратканы чоң мааниге ээ болчу. Уюштуруучулардын максаты […]

Томас Фридман: Адам үйрү менен жашаган жаныбар

Ойдун жөнөкөйлүгү оозуңду ачырат. Ашык эч нерсе жок. Карандай чындык кашкаят. Адам баарын татаалдаштырып жибергенге маш. Бирок жашоо мааниси эң эле жөнөкөй. Ал дайыма кыймылда. Кыймыл – бул жашоонун мааниси. Ишенбейсиңерби? Далил келтирейин: Африкада күндө эртең менен жейрен ойгонот. Ал арстандан ылдам чуркашы керек. Антпесе ал ага жем. Күндө эртең менен арстан да ойгонот. Ал жейренден ылдам чуркашы керек, болбосо ал ачкасынан өлөт. Жейренсиңби, арстансыңбы – баары бир. Күн чыккан соң чуркоого туура келет. Адам үйрү менен жашаган жаныбар. Жашоо […]

Проспер Мериме: Маттео Фальконе

НОВЕЛЛА Порто-Векьодон түндүк-батышка карай аралга тереңдеп бара бергенде, бузулган аскалардын килейген бөлүктөрү бөгөгөн, кээ бир жерлерин коктулар кесип өткөн жалгыз аяк жол, улам тик өйдөлөп, үч сааттай жол жүргөндөн кийин маки жыш өскөн жайга туш болосуң. Маки – корсикалык малчылардын жана мыйзам тартиптерине баш бербегендердин мекени. Корсикалык дыйкан өзүнүн айдоо жерин багып, семиртип убара тарткандан көрө, жаңы айдоо аянтын токойду өрттөп жиберип тапканды жакшы көрөт: өрт уланып, болжогон жерден ашып кетсе деле камырабайт; эмне болуп кеткенде деле өрттөнгөн дарактардын күлү […]

Акылмандыгы менен таң калтырган индеецтердин алты санаты

Билим тууралуу Билимге эмес, акылмандуулукка умтул. Билим – бул өткөн чак. Акылмандык – келечек. Окумуштуулардын айтымында: биз окуп жана изилдеп жаткан нерсенин бардыгы – биздин мээбиздин нейрондук байланыштар азыгы. Биз фактылар менен сандарды унутуп коюшубуз мүмкүн. Билим эскирет, ал эми ойлоо жөндөмдүүлүгүбүз – эч качан. Акылмандык – бул керек учурда туура чечим кабыл ала билүү. Же шартка жараша унчукпай коюу. Жер тууралуу Жериңди сүй. Ал сага ата-энеңден калган мурас эмес. Ал балдарың үчүн алган карыз. Бул жерде сөз экология жөнүндө […]

Алтынбек кызы Айдай: Айтматов — түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Дүйнө эли Чыңгыз дегенде кыргызды, кыргыз дегенде Чыңгызды таанып билет. Улуу инсан кыргыз элине өз чыгармаларын мураска калтыруу менен маданий мурастарыбыздын өнүгүшүнө чыйыр жол салып кетти. Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу эле болбостон түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсаны боло алды. Жазуучу өз чыгармаларында үй-бүлөлүк баалуулуктарды, мекенчилдикти, туруктуулукту жана адамзаттын жаратылыш менен болгон мамилесин даңазалады. 2008-жылдын 10-июну бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн кайгылуу күн… Бул күнү кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду. Чыңгыз Айтматов каза болду деген сөзгө эч ким […]

Конкурска: Арман сенин – падышаң, сен ага – күң (№25)

♦     ♦     ♦ Топук болбой жарды менин жүрөгүм, Толук эмес жартылыктан жүдөдүм. Тоодой сезим көөдөнүмө сыга албай, Тоодо демим, жапыстыкта жүрөмүн. Карлыгачмын өз мезгилин таппаган, Кайда учса жаздын деми бакпаган. Күкүм болуп миң ушалап күбүлүп, Кызыл эттен, тээрисине батпаган. Сүйүп сени, деңиз болдум ташыган, Сезимдердин мухитимин калкыган. Сыйпап шамал толкундары ташыса, Сезиш үчүн суулар жээгин таппаган… Жаным чыда! Кабыгыңда туйлаба. Жаның тынаар азыгы жок калганда. Жанар тоонун күнү бүтсө күл болор, Жашоо үчүн, жалын муктаж учкунга! Неге мынча кежирсиң!!! Сезимиңди […]

Абибилла Пазылов: Бир котормонун таржымалы

1978-жылы 12-декабрда Советтер Союзундагы эң абыройлуу  гезит  “Правдага”  агезде  атагы таш жарып турган Расул Гамзатовдун “Чыңгыз Айтматовго” аттуу ыры береги Дагестандык даанышмандын  мааракелик макаласына жалгаштырыла жарыяланды. Аны аварчадан орусчага, жаңылбасам, Наум Гребнёв оодарган. Анда мен журфактын 4-курсунун студентимин, “Айтматов-публицист” темасында курстук баян  жазсамбы дегенчелик ой баккан учурум. Жанагы ырды улам-улам үн кубулта  кайталай  берип, жаттап да калдым окшойт. Айтса, анын соңку эки төрттүгүн кийин, 5-курстун тамамында жогоруда аталган тема боюнча дипломдук ишимди жактап  жатып, мамлекеттик комиссиянын сүрдүү мүчөлөрүнө сүрдүкпөй окуп […]

Конкурска: Каар огу №24

Аңгеме-притча О Улугум, Жараткан! Өзүң сүйгөн Адам-султан. Көрпенделик пейил күтүп, өз ырысын өзү куруткан. Көрнаамек болуп жүрбөсүн бардыгын унуткан? (Аскадагы жазуу) Жүздүк көзүндөй кипкичине айыл. Асман тешкен тоолордун этегинде, толкуп аккан үлкөн суунун жээгинде. Ие, жомоктогудай күн-түндөрдү кечирген бул айылдын төтөнчө сыры, бөтөнчө ырдадаар ыры бар. Сыры: кыш чилдеде кырк күн Күн күлмүңүнө, жаз чилдеде кырк түн Ай жамалына зар. Ананчы, айлап Күн жарыгын, Ай нурун көрбөгөн пенденин кусалыктан «тарс!» айрылып кетпейби курсагы! А, ырдалаар ыры: Жашоо Күнсүз курусун, көңүлдөр […]

Василий Сухомлинский: Айнек Киши (жомок)

Бир кичинекей баланын Айнек Киши аттуу оюнчугу бар эле. Бала аны абдан жакшы көргөндүктөн дайыма жууп-сүрүп, мөлтүрөтө таза кармаганга аракеттенчү. Ал айнектен жасалса да абдан акылдуу жана сезимтал болчу. Айнек Кишинин мындай бир өзгөчө касиети бар эле — баланын эмне ойлогонун дароо сезип, ошол сезимдерге жараша кубулуп турчу. Мисалы, бала жакшы ойлорду ойлосо туптунук жана таптаза болуп калчу. Ал эми жаман ойдо болсо кирдегенсип карарып кетчү. Ал эмес “Эртең эжей сурабас, бүгүн сабак окубай эле коёюн, андан көрө көчөгө чыгып […]

Жаныш уулу Каныбек: Үйдөгү карынын Балага айткан жомогу

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Жашоо өз нугу менен алга жылган сайын адам пейили тарып, анын жан дүйнөсү бөксөрүп бараткансыйт. Барга шүгүр кылуу, жокко каниет бардык эле адамдын колунан келе бербегендей. Бу турмуш Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Орозкул үчүн, анын тар дүйнөсү, кыска ой-сезими үчүн атайлап жаралгандай туюлат. Дегеле, адам уулунда эч качан боорукердик, кайрымдуулук, бирөөнү бирөө сыйлоо, бирөөнү бирөө аёо болбогондой сезилет. Карылар жаштарга “биз силердей кезибизде мындай эмес элек” дешсе, тигилер акырая тиктешип, балбал сындуу үн катышпайт. Кары […]

Кыргыз адабиятынын күнүндө конкурс жеңүүчүлөрү сыйланат

Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана журналист Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат. Аталган иш-чара борбор калаабыздагы алп акын Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү, 109) 12-декабрь, саат 12-00дө башталат. Жаш акын-жазуучулар арасында уюшулган конкурс жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер менен бирге “РухЭш” сайтынын атайы дипломдору тапшырылат жана аталган музейдин экспонанттары менен жаш калемгерлерди тааныштыруу уюшулат. Эскертсек, бул музей 1990-жылы ачылып, 3 көргөзмө, 3 мемориалдык залдан турат. Музей Социалисттик эмгектин баатыры, акын, […]

Тэцуо Миура: Кызыл юбка

АҢГЕМЕ Ресаку карындашы Хидэ анын чакыруусуна олуттуу карап, ошол замат Наориге жетип келет деп эч ойлогон эмес эле. Ал болгону тээ кулак угуп, көз көрбөгөн айылдагы оорукчан апасын карап, айылда калган бойго жеткен карындашынын жүрөгүнө үмүттүн шамын жандырып коёюн деп гана жазган эле. “Бир күнү бошоп калсаң, айылдагы түйшүктөн бир аз эс алып, мен жакка шаарга келип, жүрүп кетсең да болот эле” – деп жазган катта. Муну окуса өмүрүндө жакшы күндү көрбөй жашап жаткан курган карындашы аз да болсо  кайраттанып […]