Португал эл жомогу: Кудай же азезил

Кудай десем кур калбайм деген, түз жургөн бир ак ниет  дыйкан болуптур. Бир күнү токой аралаган кыябанда кетип баратса алдынан азезил чыга калат да айтат: — Кудай мага душман, сен аны гана угасыӊ. Бирок биле жүр: менин душманымдын досу — менин душманым. Демек сен мага душман  болгон соӊ, мен сени өмүр бою бактысыз кылам., сен күнү-түнү кудайыӊа жалынсаӊ да, бардык касиеттүү ыйыктар сен үчүн сыйынса да сага эч нерсе жардам бербейт. Дыйкан коркконунан титиреп араӊ сүйлөдү: — Бирок мен сизге […]

Виктор Астафьев: Алыскы түндүктүн зоокаларында (конкурска №24)

АҢГЕМЕ Ал сааттар бою жөө туман каптаган зор таш чокуда  кыймылдабай турду. Зор, жылаңач, карарган таш чоку илгерки замандагы замоктун талкаланган калдыгына окшош. Чокунун айланасында бир чакырым, кай жерде эки чакырымдай жерде, чоңдугу эки кабат үйдөй таш дөбөлөр жатат.  Этегинде алардан жарылып бөлүнгөн майдарак бөлүкчөлөрү томпоюп, ушул саздуу, калың чөп өскөн аянттарда кышкы карга чейин жайылып, оттоп жүргөн бугулардын үйүрүн элестетет. Бул Улуу тоо кыркасында таш дөбөлөр, кумдуу чаптар, аскалар, учун тегиздеп, шамал кыркып салгандай чокулар көп, алар жаратылыш берген […]

Аман Саспаев: Элге мени “Сарала итим” тааныткан

Таланттуу жазуучу Аман Саспаевдин «Кыргызстан маданияты» гезитинин архивинен табылган бул интервьюсу көркөм чыгармачылык менен алышып жүргөн калемгерлерге чыгармачылык өнөркананын өрнөктүү нускасы болуп береринен шегибиз жок…  — Аман ава, сизди адабий журтчулук аңгеме жанрынын чебери катары баалашат. Кенже жанрдын керемет сырын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнбү? — Кыргыздын кеби бар да “аз сөз – саз сөз” деген. Анын сыңарындай эле адам канчалык так, кыска сүйлөсө ошончолук жугумдуу болот. Чыгармада мазмунду колдон келсе бир сүйлөмгө батыруу керек. Кыскалык – чыгарманын күчү, кудурети. Дүйнөлүк корифейлер […]

Жанара Каденова: Айтматов жана дүйнөлүк алп жазуучулар

“Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүң”. Бул сөздөр заманыбыздын залкары, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовго таандык. Жазуучунун көзү өтсө да, анын чыгармалары дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, адабият сүйүүчүлөрүнө руханий азык, руханий дөөлөт тартуулап, жалпы окурмандардын жүрөгүнө руханий пайдубал болуп келет. Адабият алпы көзү тирүү болгондо ушул тапта 90 жашка чыкмак. Ушундан улам анын дүйнөлүк адабият айдыңындагы тилектеш калемдештери менен алакасы туурасында баяндап бермекчибиз… Үмүт менен кайгы, сүйүү менен кусалык, сагыныч менен күтүү… Мына ушул руханий баалуулуктар адамдын адам болуп калыптанышында эбегейсиз […]

Муратбек Иманалиев: Китай — это университет, который невозможно окончить

«Наличие синологических центров в Центральной Азии — это насущная необходимость. Это требование не только настоящего времени, но и прошлого, и главным образом будущего. Потому что для того, чтобы сотрудничать с Китаем мы должны знать, что это такое», —отмечает учёный-китаевед, дипломат, экс-генеральный секретарь ШОС, Муратбек Иманалиев в интервью для «CABAR.asia» – Во-первых, нужно сказать, что наличие синологии определялось научно-экспертной политикой, которая существовала в СССР. В Советском Союзе было всего где-то свыше 20-25 синологических центров, включая военные. В основном они были сосредоточены […]

Молдова эл жомогу: Эки бир тууган жана жокчулук

Эки бир тууган болуптур. Бай агасынын акчасын тооктору да терип жебей калган экен, а инисинин үйү толо оозун ачкан ачка балдары менен алакандай жери гана бар эле. Жан бакканга жыл бою агасына иштеп берип, акысына бир ууч гана буудай алчу экен. Буудай бышканда аялы экөө түшүмүн жыйнаганга киришет. Кечинде жаан жаачудай, чагылган чартылдап келди. Кедей аялын үйүнө жиберип, өзү буудайды жаанга калтырбай боологонго киришти. Кечке чейин иштеп, караса бирөө талаада кыбырап жүрөт. — Сен кимсиӊ ? – деп кедей сурап […]

Нурсултан Кубанов: Эми Америкада билим борборубуз ачылат

Билим – өзүн өзү таануу, инсандык өнүгүү, максатка жетүү жолунда өтө чоң курал. Дал ушул билим аркылуу дүйнөнү таануу, анын маани-маңызын аңдоо, өз өлкөңө салым кошуу, башкаларга өрнөк болуу мүмкүн. Кыргызстанды илим-билим аркылуу  өнүктүрүш үчүн жаштарды билимге үндөгөн мекенчил жаштарыбыз көп. Мына ошол жаштардын катарын “Perspective” окуу борборунун негиздөөчүсү, жаш ишкер Нурсултан Кубанов да толуктайт. Аталган окуу борбору чет өлкөгө студенттерди окууга жөнөтөт. Окуу борбору күн өткөн сайын арышын кеңейтип, көптөгөн жаштардын чет өлкөдө билим алышына көмөктөшүп келет. – “Perspective” […]

Махабат Акылбекова: Эрте соолуган гүл (конкурска)

АҢГЕМЕ Таң. Саат 6:30. Жадыраган жаз мезгилинин келип калган учуру. Кар толук кете элек болсо да, анын астынан жаңы өсүп келе жаткан жашыл чөптөр бул көлөкө жерлерде жашынып, эриген тондун ылайы менен аралаш ала-була карлардын көзгө жагымсыз айыбын жашырып, жерге башкача бир кооздук берип турат. Көңүл көкөлөткөн көктөмдүн алгачкы күндөрүндөгү бул көрүнүшкө кошул-ташыл куштардын назик, чуру-чуу болсо да кулакка жагымдуу сайрагандары бул күндөрдүн көркүн дагы да арттырууда. Жаздын келгенин кабарлаган бул жагымдуу үндөр таттуу уйкуда жаткан Мырзайымды ойготуп жиберди. Ал […]

Алмазбек уулу Бексултан: Жамийланын образы (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна №5 дилбаян Жамийланын образына жана бул сөзүнө токтолгум келет: “Бирок мен айыптуу белем?.. Сенде да айып жок… ” Кыялымда аны менен сүйлөшөм: – Жамийла, эгерде сен алтындай болгон чоң апаңды аяп, кадырман карыя чоң атаңдын куудай болгон сакалын сыйлап, ушунчалык сага жакын чолпондой жанган кайниң Сейитти аяп, алардын намысын ойлоп, айылдагы бирге турган элден айбыгып Садык менен түбөлүккө жашап калганыңда бактысыз болуп калат белең?.. Себеби ал сени эч качан бактылуу кыла албайт эле. Сен ошону […]

Касым Тыныстановдун балдар үчүн жазган аңгемелери

КИЧИНЕКЕЙ АКЫЛМАН Бир бай Сайрага куда түшмөкчү болуп, Койчуманга сөз салды. Койчуман болгон жок. Башка эл азгырып, Койчуманды жолдон чыгарды. Койчуман малга кызыгып, кудалашмакчы болду. Абыл менен Айшанын күчү келген жок. Абыл менен Айша канчалык тырышса да, Койчуман элдин бузуку тилине ээрчиди. Аз күндө мал келмек болду. Бир күнү Абыл атасына айтты: — Атаке, атаке! Мени жакшы көрөсүңбү, Сайраны жакшы көрөсүңбү? — Атага баланын алалыгы жок. Экөөңдү бирдей көрөмүн, балам, — деди атасы. — Ушул сөзүңдү унутпа, атаке, — деп […]

Григорий Горин: Кирпичечен (конкурска № 23)

АҢГЕМЕ Атасы — кырк жашта, Славик – он жашта, кирпиге — андан да аз эле. Славик кирпини шапкесине салып келип, диванда гезит окуп жаткан атасына сүйүнө кыйкырып жиберди: — Ата, карачы! Атасы гезитти ары коюп, кирпини карады. Кирпи кичинекей, мурду кайкыйганы менен сүйкүмдүү экен. Анын үстүнө атасы баланын жаныбарларга жакын болгонун жактырчу. Өзү да жаныбарларга кайдыгер эмес эле. — Сонун кирпи тура! – деди атасы – Жакшы, балам. Кайдан таап алдың? — Короодон бир бала берди. – деди Славик. — […]

Кеңеш Жусупов: Эне кудурети

АҢГЕМЕ …Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир… Ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы! Демейде Батма башкача эле го!.. Жол боюндагы саздын жээги оттуу боло турган. Аты дайыма өзү эле жолдон кайрылып чөптөн аймап кирчү. Батма «мейли байкуш» деп, атынын чалганына маашыр ала, шамал ыргаган чиелердин жапырылышын кунт коё карап, бир азга ойлончу. Шар суунун тынчыбаган шоокуму дайым […]

Америка эл жомогу: Янкилер – ойлоп табуучулар

Бир ирет эки янкинин ортосунда абдан кызыктуу сүйлөшүү жүрдү. — Мистер Блитц, сиз уктуңузбу, нантекеттиктер жаңгак жасоочу станок ойлоп табышканын? — Чын элеби? Ал немеси кантип иштейт экен? — Жөпжөнөкөй! Жанагы эт туурагыч сыяктуу эле иштейт экен, чоң тешигине жаңгактын сөңгөгү менен бутактарын салып, бурагычын айлантканда биягындагы майда тешиктеринен жаңгактар тоголонуп түшө баштайт да, майда таарындылары болсо жүгөрү, буурчак, андан майдалары буудай менен тарууга айланып чыга келет экен, муну мен өз көзүм менен көрдүм. — Машина болбосоң коё кал! — […]