Олжобай Шакир: Өз кадырыбызды качан көтөрөбүз, кыргыз!

Ит жылында кетирген итчилигибиз көп болду, бирок ага сөз короткум жок. Ийгилик жайын кеп кылып, изги ишке сөз арнагым бар. Жыл тогошор мезгили келип тургандан улам, “Изги иштерди аткарууга өзүм эмне кыла алдым, өзгөлөр эмне кылууда?” деген собол коюп көрсөм, жаратмандык иштерге келгенде жакшылыктын жарчысы аз болуп тургандай. Коомчулуктун көңүл чордонундагы уу-дуу кептер турмуш агымынын эң үстүндө ансыз да көбүрүп-жабырып сыртына чыгып турат экен, ал эми улуу сөзгө алынар саамалыктарчы? Көөнө кыргыздын байтактуу тарыхында жазма маданиятыбыздан ажыраган учурлар көп болуптур. […]

Жалкоо жөнүндө молдова эл жомогу

Бир жалкоону өзүнүн айылы өлгөнчө тажатты, тимеле тамагына тыгылган сөөктөй эле болду. Же бирөөдөн жакшылык көрбөсө, жакшы сөз укпаса, каткан нан да булардан чыкпас болду. — Мейли, — дейт, — силерсиз деле жашоом өтөөр. Силерди көрөйүн деген көзүм жок. Баарын ойлонуп, ызасына чыдабай бир түкүрүп алды да, башы ооган жакка сандалып жөнөдү. Адырдын белине көтөрүлсө, алдынан кошунасы чыгып калбаспы. — Алыска жөнөдүӊбү, коӊшум? — Башым оогон, көз көрбөгөн жакка, тууганым. — Бизди биротоло таштайын деп жатасыӊбы? — Эмне кылам, — […]

Нурзада Кубанычбекова: Көк муштум кездин элеси

ЭТЮД Балалыктын баё кыялдарына жетеленип, аруу таза ак тилектер менен кезинде кышты чыдамсыздык менен күтүп, ак карды кубаныч менен тосор элек. Асмандан апапакай болуп жаап жатса кандайдыр бир нурдун учкундары сени көздөй серпилгендей, бир гана апакай ак тилектер сени чүмкөгөндөй туюлчу. Атаганат, балалыктын аруу таза мүнөттөрү дал ошол кезде жааган кар менен сиңип жок болуп кеткендей… Кар жааса чекебиз жарыла  сүйүнүп, шаша-буша  үстүбүзгө чоң энебиздин күрмөсүн кийе сала, бутубузга чоң көлөчтү иле коюп, тим эле бир нерседен куру калчудай сыртты […]

Дилазык: Сүйүү жөнүндө икая

Сабак учурунда башталгыч класстын окуучусу мугалим эжесине суроо узатты: — Сүйүү деген эмне? Эжеси окуучу кыздар-балдардын да бул суроого кызыгуулары жаралганын байкады. Окуучуларга туура жана так жооп бериш үчүн баарын мектептин жанындагы сейил бакка алып чыгып, жүрөгүңөргө жылуулук, сүйүү тартуулаган каалаган нерсеңерди таап келгиле деди. Балдар кызыктуу тапшырманы кубануу  менен кабыл алышып, ар кимиси ар кай жака чуркап кетишти. Кайтып келишкен соң, эжекеси кимдин эмне алып келгенин көргөзүүсүн өтүндү. Биринчи окуучу: — Мен ушул гүлдү алып келдим, жыты буркурайт. Аябай […]