Сабак учурунда башталгыч класстын окуучусу мугалим эжесине суроо узатты:

— Сүйүү деген эмне?

Эжеси окуучу кыздар-балдардын да бул суроого кызыгуулары жаралганын байкады. Окуучуларга туура жана так жооп бериш үчүн баарын мектептин жанындагы сейил бакка алып чыгып, жүрөгүңөргө жылуулук, сүйүү тартуулаган каалаган нерсеңерди таап келгиле деди. Балдар кызыктуу тапшырманы кубануу  менен кабыл алышып, ар кимиси ар кай жака чуркап кетишти.

Кайтып келишкен соң, эжекеси кимдин эмне алып келгенин көргөзүүсүн өтүндү.

Биринчи окуучу:

— Мен ушул гүлдү алып келдим, жыты буркурайт. Аябай кооз болгондуктан суктанып бүтпөйсүң.

Экинчи окуучу кубануу менен:

— А мен мынабул көпөлөктү алып келдим, карагылачы, кандай кооз. Канатында ар түркүн боёктор менен оймо чиймеленген. Мен өзүмдүн чогултуп жүргөн көпөлөктөрүмдүн катарын толуктоо үчүн кармадым.

Үчүнчү окуучу:

— Мен болсо могу балапанды алып келдим, капысынан уядан кулап калыптыр. Ажайып эң сонун, чынбы?

Балдар кызыгуу менен таап келген нерселерин биринин артынан бири көргөзүп жатышты. Болгону бир гана кыз эч нерсе алып келбеди, анүчүн өзүн абдан ыңгайсыз абалда сезип турду. Мугалим кызга көңүл буруп, ага суроо берди:

— Сен эч нерсе тапкан жоксуңбу? Сага эч нерсе жакпадыбы?

Окуучу кыз, уялыңкы түрдө түшүндүрүүгө өттү:

— Кечиресиз, мен аябагандай жыпар-жыттуу кооз гүлдү көрдүм.  Айланага кооздук, аңкыган жытын тартуулап турсун үчүн үзгөн жокмун. Андан соң жеңил жана кооз көпөлөктү байкадым. Ал аябай бактылуу эле, ошондуктан кармаганга колум барбады. Анан да уясынан кулап түшүп, энесинен жардам сурап, коркунучка кептелген балапанды көрдүм. Башымды көтөрүп, энесинин тынчсызданган аянычтуу түрүн байкадым. Балапанды уясына кайтарып берүүгө туура келди… Мен өзүм менен гүлдүн аңкыган жыпар жытын, көпөлөктүн эркиндигин жана да чымчыктын ыраазычылыгын алып келдим. Бирок мен эми эмне алып келгенимди кантип көргөзө алам?- деди кыз.

Муну уккан мугалим кызга жогорку баа коюп, окуучуларына сүйүүнү ар ким өз жүрөгүнөн гана таба ала тургандыгын түшүндүрүп өттү.

Которгон Айтбүбү Орунбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.