Ит жылында кетирген итчилигибиз көп болду, бирок ага сөз короткум жок. Ийгилик жайын кеп кылып, изги ишке сөз арнагым бар.

Жыл тогошор мезгили келип тургандан улам, “Изги иштерди аткарууга өзүм эмне кыла алдым, өзгөлөр эмне кылууда?” деген собол коюп көрсөм, жаратмандык иштерге келгенде жакшылыктын жарчысы аз болуп тургандай. Коомчулуктун көңүл чордонундагы уу-дуу кептер турмуш агымынын эң үстүндө ансыз да көбүрүп-жабырып сыртына чыгып турат экен, ал эми улуу сөзгө алынар саамалыктарчы?

Көөнө кыргыздын байтактуу тарыхында жазма маданиятыбыздан ажыраган учурлар көп болуптур. Ошол жазма маданиятыбыздан ажыраткан күчтөр, тамырыбыздын түбүнө канча доо кетирбесин, «түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн» кыргыз тукуму өжөр экен, каардуу кас душманы тилеп келгениндей «түгөнгүр» эмес экен – урпагынан урпагына өз дөөлөтүн оозеки жеткирген кайтпас калк экенбиз.

Кайран кыргыздын жазма маданиятын канчалык кыйратып жок кылышканы менен, өзүнүн оозеки чыгармачылык өнөрүн өчүрбөй сактап келгеничи! Ошол оозеки жеткен улуу эпостор менен кенже эпосторунан башка да канчалаган дөөлөт-мурастарынын жоголгону жоголду, жоготпой айрым оболду, жортуп элди кыдырып, жокту таап сыдырып, түйшүктүн тартып карасын, түгөлдөп бар-жок арасын, кам кылып калем-кагазын, ажыратып аласын, ылкыйдын тактап ырасын, муундардын жыйнаар мурасын – Амантур Акматалиев өткөн эмеспи, кеменгер; соңунан Табылды Эгембердиев өткөн эмеспи, терең дээр.

Амантур Акматалиев кыргыз кол өнөрчүлүгүн изилдеп жүргөн учуру. 1990-жыл.

Бири – кыргыз элинин көөнөрбөс кол өнөрчүлүгүн даңазалап, элдик салттуу искусствонун этнографиясын, эне тилибиздеги терминдерибиздин туура колдонулушун астейдил аздектеп, көркөм кол өнөрчүлүктөн тартып байыркы ата-бабаларыбыздын дасторкон дасмиясынан өйдө иликтеп, изилдеп жүрүп көзү өтүп кетти эле, ал кишинин соңунан башка бирөө чыкпады. Башкасын айтпаганда да анын баа жеткис эмгектеринин бири – улуттук тамак-аштарды, азыркы тил менен айтканда, кыргыз элинин кулинардык маданиятын атайы китеп түрүндө жазып калтырып кеткен жападан-жалгыз киши эле, бейиши болгур…

Кезинде ал кишинин арбагы туурасында сөз болгондо, белгилүү аалым жазуучубуз Чоюн Өмүралиев өзүнүн таамай-таасын баасын берди эле: “Амантур Акматалиев бир адамдын эмес, бүтүндөй институттун аткара турган ишин аткарды”, — деп. Чын-чынында Амантур Акматалиевчелик кыргызга кызматы өткөн инсандарды табуу кыйын. Ыраматылык бул аксакалыбыз улуттук тамак-аштын түрүн атайы китеп кылып да жыйнап, ал эмгеги бүгүнкү күндө жалпы жамы журтка калтырган капитал-мурас болуп калганы…

Жогоруда көөнө кыргыздын байтактуу тарыхында жазма маданияты сакталбай келгенин кеп кылганыбыздын себеби: эгер жазма маданиятыбыз сакталып келген болсо, элдик медицинанын ыкмалары жана мындан да бай, улуттун кулинарлык маданияты да сакталып калар беле? Болбосо кылымдардан кылым карытып келген кыргыз эли кантип тукум улап келди? Албетте, элдик медицинасы болбогон эл дарт-дабадан кантип кутулат эле? Анан калса жоокерчилик замандарда жоодон жарака-жабыр тартып келген аскерлерин жарым жан бойдон таштап койбогондур?

Орустун чыгыш таануучуларынын бири, белгилүү тарыхчы Ю.С.Худяков өзүнүн “Сабля Багыра” аттуу эмгегинде орто кылымдардагы кыргыз элинин согуштук өнөрү жана согуштук куралдары туурасында кеп кылганда да көчмөн элдердин ичинен кыргыз калкынын темир устачылык өнөрү Азия элдеринин арасынан эң өзгөчө ыкмада даярдалып келгенин жазганы белгилүү. Тилекке каршы, биздин элдин маданиятын түп орду менен жок кылуу үчүн араб баскынчылары төрт жолу чабуул жасаган эмеспи, тарыхта.

Өзүнүн «Бухара тарыхы» аттуу китебинде тарыхчы Нархаши белгилегендей, араб халифатынын аскерлери кайра эч табылгыс, орду толгус маданий, адабий мурастарды жок кылганы белгилүү. Арабдар жер бетинен үч жүздөн ашуун шаарларды жана эл жашаган аймактарды тыптыйпыл талкалап, Амударыяны бойлоп кеткен аймактагы шаарларды кыйратып, алар менен кошо тил, дин, жазуу, каада-салттарды жок кылуу менен бирге элди рухий кулга айландыруунун эң жөнөкөй жолун тандашкан. Маселен, таман алдында калган элдерди өз дининен ажыратып, жазууларын жок кылуу менен гана мусулман динине киргизип, алар түрк руникалык жазуу-чиймелерди, илимий трактаттарды, дегеле тарыхка байланышкан китептерди түп орду менен кыйратып, жада калса мүрзөлөрдөгү таш беттерине оюлган жазуулар менен таш эстеликтерден өйдө талкалап жок кылышканын аңдасак, чын-чынында «Түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн» кыргыз тукумунун өжөрлүгүнө таң калбаска арга жок…

Талкан шоколаддар

Ошондон кийин да кам кылып калем-кагазын, ажыратып аласын, ылкыйдын тактап ырасын, муундардын жыйнаар мурасын – Амантур Акматалиевдей кеменгерлер чыгат экен го, элден. Айтсак, кыргыздын кырк күндүк жол азыктарынын бири кошконмай өңдүү азыктын касиетин жазып кеткен Акматалиев аксакалдын эмгек-мурасын кийин Табылды Эгембердиевдей жаратман эр жерде калтырган эмес экен.

Кыргыз элинин кулинардык маданиятын көкөлөтөр «Супара» этнокомплекси кийин Табыкенин көзү барында ишке ашыра албай кеткен керээзин турмушка ашырып, 2017-жылдын 28-декабрында (Т.Эгембердиевдин туулган күнүнүн урматына карата анын жубайы Жаңыл Турганбаева кошкон майды шоколад өндүрүшүн ишке ашырды) атамекендик өндүрүшкө айландырган аракети – бир гана маркум Т.Эгембердиевдин үй-бүлөсү, жакындары же анын бизнес компаниясында иштегендердин гана эмес, жалпы кыргызстандыктардын жапатырмак колдоосуна алына турган улуттук капиталыбыз го дейм.

Арийне, мындай өндүрүш ишинин философиясын кеңири жайылтуу кыргыз бийлигинде отургандардын колунан келбей атканы кейитет. Болбосо улуттук баалуулуктарыбыздын бирин минтип дүйнөлүк рынокко экспорттук товар катары чыгарып жаткан атамекендик өндүрүш ишин алга жылдыруучу мамлекеттик саясатты иштеп чыгышса кана!

Жаңыл Турганбаева, Табылды Эгембердиев

Андай экономикалык саясат жүргүзүүнүн эң жөнөкөй жолу бар. Кыргызстан өз алдынча чарба жүргүзгөн эгемендик жылдарынан бери дүйнөлүк коомчулук менен дипломатиялык алака мамилелерибиз кеңейди, эң алдыңкы өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөр менен байланыштарыбыз жок эмес. Андыктан өлкөбүздүн дипломатиялык корпусунда иштеген элчилерибиз Кыргызстандын шоколад товарын жайылтууга кызыгууга тийиш эле!

Ал эми бийликтеги президенттик аппарат, өкмөт жана Жогорку Кеңеш бул демилгени колдоого алышы чоң мааниге ээ. Өз ара кызматташтык боюнча келишимдерди түзүүдө мамлекеттик резиденциябызда кабыл алынган меймандарды талкан шоколадсыз куру кол кетирбөөнү ар бир мамлекеттик ишмер саясый-достук жөрөлгөсүнө айлантууга эмнеге болбосун. Ата-бабаларыбыздын унутулуп бараткан нукура даамдуу азыгын дипломатиялык жол менен таанытуу жөрөлгөсү – атамекендик өндүрүштү ирдентүүгө чоң огожо эмеспи! Мамлекеттин экономикалык идеологиясын дипломатиялык мамилелер менен чыңоого жетише алсак гана атамекендик өндүрүштүн дүркүрөп өнүгүшүнө кеңири жол ачууга кантип болбойт эле?! Эпаада Кыргызстандан жасалган шоколад дүйнөлүк брендге ээ болуп кетсе, анын арты менен айыл чарбасында мээнеттенген канчалаган баба дыйкандарыбыздын эгинине рынок кеңейет!

Бизге импорт жолу менен келген шоколаддарга караганда өзүбүздө талкандан жасалган шоколад чет өлкөлөрдө эмгектенип жана билим алып жүргөн мекендештерибизге киндик каны тамган жерден жөнөтүлгөн базарлыкка айланууга тийиш. Ушундай багыттагы иштерди колго алсак гана бизде улуттук идея, улуттук баалуулук жаралат. Улуттук тамак-аштын статусун көтөрүү жолу менен өлкөбүздүн экономикасына ар бирибиз өз салымыбызды кошкон болобуз.

Экономикалык локомотивге айланып кетер атамекендик өндүрүштү алга жылдыруу идеясынын артынан айыл чарба, мал чарба тармагынын рыногун кеңейтип, аны кадыресе жолго коёр мүмкүнчүлүгүбүздү гана биз бүгүн сезбей-туйбай жатканыбыз кейиштүү!

Арийне, «Максым-шоро» суусундуктары бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн соода брендине айланганын тана албайбыз. Өлкөбүздүн экспортко чыккан товарларынын арасында баарыбыз үчүн улуттук сыймыкты жараткан «Максым-шорону» кыйгап өткөн бир да чет өлкөлүк мейманыбыз жок. Муну турмушубуз көрсөтүүдө. Ал эми төгөрөктүн төрт бурчунда жүргөн мигрант мекендештерибизге «Максым-шоро» суусундуктары менен куруттары Кыргызстандан чет өлкөгө каттачу замандаштарыбыз аркылуу жеткирилер базарлыкка айланганы эл аралык «Манас» аэропортуна барган ар бир адамга дайын.

Учурда «Супара» этнокомплекси өндүрүп жаткан нукура талкан шоколаддын курамында жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кайналы, мисте жана бал, талкан, сары май кошулган конфеттин түрлөрү чыгып жатканы жамы журттун сыймыгын арттырууга тийиш го. Себеби, өзүбүз бала кезде жеп чоңойгон кадимки талкан, каймак-майга аралаштырган кошкон майды заманбап таттыга айлантуу идеясын калтырып кеткен Табылды Эгембердиевдин бул жаратмандыгы – илгертен берки ата-бабаларыбыздын унутулуп бараткан нукура даамын татытканы, сыймык эмей эмне! Талканга көөлөнгөн кошкон майдын даамын татпай чоңойгон бир да кыргыз тукуму жок болсо керек.

«Супара» талкан шоколады Кыргызстандын экономикасынын локомотиви жана бренди болуп калышынын дагы бир себеби: эгерде бул өндүрүштүн көлөмү кеңейип, экспорттун көлөмү да арбый турган болсо, шоколад курамындагы жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кайналы, мисте жана бал, талкан, сары май сыяктуу азыктарга да дүйнөлүк рыноктун жолу ачылат. Баба дыйкандардын эгини; багбандардын өрүк, мейиз, мистеси менен жангагы; мал чарбалуу фермерлердин каймак-майына болгон муктаждык жаралары турган иш. Демек, мунун өзү жумушчу орундарды да пайда кылып, мамлекеттин казынасына төгүлөр салыктын өлчөмү да өспөй койбойт.

Кайран көсөм Табыкебиздин экологиялык таза өндүрүм чыгарууну жолго коюу менен бирге улуттук сыймыкты арттырар жаратмандык идеясын эми анын артында калган тирүүлөр – биз турмушка ашырып кете алабызбы?

Бүгүнкү күндө киндик каны тамган жердин абасын, даамын сагынган алыстагы мекендештерибизди төгөрөктүн төрт бурчунан кезиктирүүгө болот. Демек, алыстагы мекендештерибиз да атамекендик өндүрүмдү экспортко чыгаруунун жана жайылтуунун аракетин көргөнү ийги. Ал эми бул жактагыларыбыз алыстагы боордошторубузга талкан шоколаддардын түрүн базарлык иретинде жөнөтүү жөрөлгөсүн турмушка ашыруу менен атамекендик өндүрүштү жапатырмак дүйнөгө жайылткан ынтымак-ырыскылуу улут боло алабыз.

Бүгүнкү күндө концентраттык жол менен жасалган азык-түлүктөргө караганда Кыргызстандын нукура азыктарын дүйнөнүн ар тарабына жайылтууда, ар бир кыргыз тукуму атамекендик өндүрүштү алга сүрөө өрнөгүн өзүбүздөн баштасак эмне болор эле?..

«Азаттык»

Нукура талкан шоколаддын курамындагы жергиликтүү органикалык таза жаңгак, кайналы, мисте жана бал, талкан, сары май кошулган конфеттин түрлөрүн чыгарып жаткандыгы үчүн «РухЭш» сайты тарабынан 2018-жылдагы «Эң мыкты атамекендик өндүрүш» номинациясы менен «Супара» этно-комплексинин жалпы жамаатына атайы Диплом тапшырылды. 

3 Replies to “Олжобай Шакир: Өз кадырыбызды качан көтөрөбүз, кыргыз!”

  1. Аттигин Табылды байкенин бул жашоодон эрте кетип калганына капаланам. Элибиздин качанкы унутулган баалуулугун жаңылап чыгаар ушундай адамдар элибиздин көрөңгөсү болот экен көрсө. Олжобай аке белгилегендей эле ушул киши болбосо максым-шоро жөнүндо бүгүнкү жаштар билбей деле калмак деп ойлоймун…

  2. Кыргыз элинин эзелтен келе жаткан түгөнгүс байлыктарын улам кемитпей, кайра аны ашырып, арттырган Табылды байкедей улуу адамдар аз бизде.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.