Байышбекова Айданек: “Тоолор кулаганда” романы (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы”  №4 дилбаян  Кыргыз элибиздин бактысына жаралган, жүрөк канын сыя кылып кагаз бетине түшүргөн чыгармалары ааламга кулач жайып, элибиздин атын дүйнө элине тааныткан, окурмандардын сүйүүсүнө ээ болуп, эл ичинде урматка бөлөнгөн, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып, артында өлбөс-өчпөс изин бадырайта калтырган атактуу улуу жазуучу — Чыңгыз Төрөкулович Айтматов атабызды кимдер гана билишпейт. Дүйнөнү өзүнүн калеми менен багынткан залкар жазуучубуздун калеминен жаралган көркөм чыгармалар элдин калың катмарына сиңип, кыргыз элинин адабиятына да, руханий маданиятына да көөнөргүс салым […]

Фарсы эл жомогу: Карышкыр менен кой

Карышкыр менен кой дос болду. Дегеле биринен бири ажырашпайт. Кой эч камырабай оттоп жүрө берет, жанында камкор досу бар. Эч санаасы жок, жай өткөнчө абдан семирди. Аны көргөн досунун көӊүлү бузула баштады, көрсө эле көзү жайнап, тиши кычышат. Басса-турса ою – койдо. Кантип аны жесем дейт, кандай шылтоо табыш керек деп эртели-кеч башын оорутат. Жалаӊ ошого сары санаа болуп жүрүп арыктап да кетти. Бир күнү койго айтат: — Досум, бул жерде сен жегенге жакшы чөп калбай баратат. Башка жакшыраак жерге […]

Калил Жибран: Туулган күнүм

Жылдын бул күнү, апамдын мени дүйнөгө алып келген күнү эле; мына ошентип бүгүн дагы жарым кылым өтүп кетти. Улуу тунжуроо, көз жашы  жана талаш-тартышка толгон жаралуунун колдоруна тапшырылдым. Жыйырма беш жолу айланама көз чаптырдым. Жаркыраган күн жана ай мени айландырып жатты. Бирок дагы деле жарыктыктын сырларын, караңгылыктын сыйкырын үйрөнө алган жокмун. Бул жыйырма беш жыл бою жер жүзү, күн жана планетага саякатка чыктым.  Улуу адабиятта рухум Жогорку даражалуу Мыйзамдарды түшүнүүгө аракет кылууда, деңиздин толкундарын терең үңкүргө окшотуп, бирок жан дүйнөмдү […]

Жамалбек Ырсалиев: Кошокчу Суусар апа

Өзүнөн да улуу таяктай сезилген куу жыгачты таянып, бүкүр кемпир үйүбүзгө келер эле. Эшиктен кирип келатып сүйлөнүп: — Күйүттүү катын кошокчу, — деп көп айтып калчу. Айылда бирөө-жарым каза болсо, Суусар апаны издеп калышканын көп көрдүм. Себеби, созолонтуп ырдагандай, уйкаштата куюлуштуруп кошок кошчу. Кошокчу кемпир атка конгон. Эмнеге Суусар апаны эстедим? Анткени, сөздүн күчү кыйын экен. Кошок кошуп жүрүп, турмушун кошок коштоп өттү. Эркек баласы жок болгондуктан, жалгыз кызынын ортончу баласын эш тутуп багып калды. Ал мени менен классташ болуп, […]

Өскөн Даникеев: Кичинекей комузчу

АҢГЕМЕ Бул өткөн жылы болгон. Ишемби күнү. Саат эки ченде Кыргызстандын өкүлчүлүгүнөн кимдир бирөө мага телефон чалды: — Саламатсызбы? — Саламатчылык. — Агай кечиресиз, кызматтан кийин колуңуз бош бекен? — Ооба — дедим мен — эмне, керегим барбы, анда… — Агай, бүгүн кечинде Чайковский атындагы консерваториянын чоң залында концерт өткөрүлөт. Ошого сизди да чакыралы деген элек. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, келсеңиз? — Огоо концерт!? Абдан жакшы болот. Айтмакчы, ал эмнеге карата өткөрүлөт экен? — Биздин эки студентибиз консерваторияны бүтүп жатышат. Ошолордун […]