“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” 

№4 дилбаян

 Кыргыз элибиздин бактысына жаралган, жүрөк канын сыя кылып кагаз бетине түшүргөн чыгармалары ааламга кулач жайып, элибиздин атын дүйнө элине тааныткан, окурмандардын сүйүүсүнө ээ болуп, эл ичинде урматка бөлөнгөн, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып, артында өлбөс-өчпөс изин бадырайта калтырган атактуу улуу жазуучу — Чыңгыз Төрөкулович Айтматов атабызды кимдер гана билишпейт. Дүйнөнү өзүнүн калеми менен багынткан залкар жазуучубуздун калеминен жаралган көркөм чыгармалар элдин калың катмарына сиңип, кыргыз элинин адабиятына да, руханий маданиятына да көөнөргүс салым кошту. Чыңгыз Айтматовдун 8 томдук чыгармаларынын ичинен «Биринчи мугалим», «Бетме-Бет», «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Тоолор кулаганда» жана башка чыгармаларын окуп чыктым. Бул чыгармалардын ар бири жан дүйнөмдө терең таасир калтырды. Бирок мени кызыктырганы, таң калтырганы бул — «Тоолор кулаганда» болду. Бул романда азыркы коомдо болуп жаткан эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыккандыгын байкасак болот. Автор негизинен бул романында эң биринчи адамдын ички дүйнөсүндөгү ар кандай сезимдерин: адам турмушундагы кезигүүчү сыноолорго кагылып, аларга туруштук бере албай калгандагы жабыркаган сезимдер, өмүрүндө көптөн күтүп, эңсеп келген сүйгөнүнө жетпей калгандагы сезимдер жөнүндө баяндайт. Чыгармада эки окшошкон тагдыр жөнүндө айтылат: бири эл жүнүн жеген, бут коёрго жер калбаган шаарда, бири бийик чокулуу Үзөңгүлөш ашуусунун айланасында. Эки каарман тең жашоонун көп жолку соккусуна урунуп, адамдын мыкаачылыгынан запкы жеп, акыры бул эки окшошкон тагдыр «Моло-Таш» үңкүрдө жолугат. Арсен да, Жаабарс да октон жарадар болуп, эч бир жан жок жерди издеп, үңкүргө барып жатып калышат. Алардын жарадар болгон жеринен аккан ысык кан кошулуп агып, аркы дүйнөгө аттана беришет. Ошентип, бул чыгарма адаттан тышкары өзгөчө, кайгылуу аяктайт.

Бул окуялар менен бирге эле сейрек кездешүүчү илбирстерди кыргыздар өзүлөрүнүн киндик каны тамган жерине, жаратылышына, асыл тукум жаныбарларына кыянаттык кылып, арабдарды чакырып аңчылыкка чыгаргандыгы — козголгон проблеманын эң олуттуусу болуп саналат. Азыркы учурда бул жаныбарлар «Кызыл китепке» киргизилип, кыргыз жергесинде саналуусу гана калганы баарыбызга белгилүү. Ч. Айтматовдун бул чыгармасы 2006-жылы жазылганы менен азыркы күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет. Анын биринчи себебине жазуучунун көрөгөчтүгүн айтсак, экинчи себеби Айтматовдун сөздөрүнүн өтө курчтугу, турмушка жакындыгы, элге жеткиликтүүлүгү, жогорку көркөмдүктө баяндалгандыгы деп ойлойм.

Ч. Айтматовдун чыгармаларынын бардыгын бир окуганда дароо түшүнүү өтө кыйын. Дегеле жазуучубуздун ааламга, адамзатка болгон көз карашын баарыбыз эле аңдап биле бербейбиз. Себеби бизде аалам, дүйнө, адамзат жөнүндө билимибиз жетишсиз деп ойлойм.

Кыргыз элинин философиялык ой толгоолору, турмушка болгон көз карашы Айтматовдун бул романынан даана байкалат. Кыргыз жеринде кылымдар бою калыптанып, өсүп-өрчүп, жашап жаткан жаратылышыбыздын көркү болгон баалуулуктарыбызды коргоо боюнча иш-аракеттерибиз бул чыгарма жазылгандан кийин жаңы баскычка көтөрүлдү деп эсептейм. Мындай деңгээлге жетишибизге Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда» чыгармасы чоң роль ойноду деп ойлойм. Ким билет, а балким улуу жазуучубуз бул чыгарманы жазбаганда, элибиз илбирстердин баалуулугун билбей, улам-улам аларга аңчылыкка чыга берип, илбирстер бул күнгө жетмек эместир. Андыктан, бир гана илбирстер эмес, башка да жаныбарларды коргоп, жаратылышыбыздын учурдагы абалына жана келечегине ар бирибиз кам көрүшүбүз зарыл экенин баса белгилеп кетким келет.

Ч. Айтматов өзүнүн чыгармаларынын ширеси менен республикабыздын маданият-искусствосун дагы, ошону менен бирге эле адамзаттын акылын дагы азыктандырды! Жазуучубуздун чыгармаларын окуганда, ар бир чыгарма окурманга кандайдыр бир таасир калтырат. Ошондуктан ар бириңиздерди Айтматовдун 8 томдугундагы чыгармаларынын баарын окуп чыгууга чакырар элем.

Жалал-Абад областынын Кара-көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-А классынын окуучусу Байышбекова Айданек

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.