Жылдын бул күнү, апамдын мени дүйнөгө алып келген күнү эле; мына ошентип бүгүн дагы жарым кылым өтүп кетти. Улуу тунжуроо, көз жашы  жана талаш-тартышка толгон жаралуунун колдоруна тапшырылдым.

Жыйырма беш жолу айланама көз чаптырдым. Жаркыраган күн жана ай мени айландырып жатты. Бирок дагы деле жарыктыктын сырларын, караңгылыктын сыйкырын үйрөнө алган жокмун.

Бул жыйырма беш жыл бою жер жүзү, күн жана планетага саякатка чыктым.  Улуу адабиятта рухум Жогорку даражалуу Мыйзамдарды түшүнүүгө аракет кылууда, деңиздин толкундарын терең үңкүргө окшотуп, бирок жан дүйнөмдү толтура албай кыйналуудамын.

Жашоо, Жараткандын системасынын жаралуусунда бар болот, бирок көк асман ээсинин чексиз күчүнөн кабары жок жана рух келип кетүүнүн мактанычын Жараткандын мелодиясы менен айтып жаткан сыяктуу, бирок түшүнө албайт.

Жыйырма беш жыл өттү, убакыт, жаралуу тарыхымды кабыл алды жана мен бул доордо жашаган бир баракмын, бирок жокмун, эч ким эмесмин. Кыйынчылыкты түшүндүргөн, жокчулукту билгизген белгисиз сөзмүн. Бирок көп нерсемин.

Ар бир жылы ушул күнү ойлор, эскерүүлөр жан дүйнөмдү ээлеп алат жана Жашоомдун өтүшүн токтотуп салат. Сөлөкөтүмдү көргөзөт, бороондуу шамал булуттарды акырын айдап жөнөгөнүндөй  алып кетет, алар көлөкөмдүн бир бурчунда жок болушат.

Ар бир жылдын бул күнүндө жан дүйнөмө жан киргизген жарашыктар адабият аркылуу пайда болушат, мени менен сүйлөшүшөт, эскерүүлөрүмдүн муңдуу ырларын күңкүлдөп ырдашат. Андан кийин жем таба албай калган куштар сыяктуу жок болушат.

Бүгүн өткөнүмдү ойлоном, акылымды  сапырган, жүрөгүмдү бузган максаттарымдын өткөнүн жана өлүмгө окшош элестерди көргөзгөн күзгүгө карагандай артка кылчайып караймын. Кайрадан кайталап караганымда кайгылуу мендигиме карап турган өзүмдү көрөмүн жана суракка ала баштаймын, бирок дайыма үнсүздүк пайда болот. Эгерде кайгы сүйлөй алганда мен үчүн, мындан өткөн бакыт болбойт эле.

Жашоомдун жыйырма беш жылында абдан көп нерселерди сүйдүм. Айрыкча адамдардын жек көргөндөрүн жактырдым жана адамдардын жактыргандарын мен жек көрдүм.

Балалыгымда сүйгөн нерселеримди дагы деле жактырамын, өмүрүмдүн аягына чейин жактыра бермекчимин.

Жараткандын адамга берген эң чоң белеги — Сүйүү күчү, анткени сүйгөн адам эч качан жамандык кылбайт.

Өлүмдү сүйөмүн жана аны эң сонун ат менен эскерем, жүрөктөн чыккан сөздөр менен мактаймын.

Өлүмгө болгон жакындыгымдан баш тартпасам да жашоого  ашык боло баштадым. Себеби жашоо менен өлүм, сулуулук, кооздук жагынан бири-бирине теңдеш жана алар мени сагынычтарымда, каалоолорумда күчтөндүрүү менен сүйүүмдү жана кайгымды тең бөлүшүү үчүн кол кармашышты.

Бул жыйырма беш жыл бою бакытты бардык адамдардын жактырганындай жактырдым. Дайыма аны издедим, бирок аны адамдардын жолунан таба алган жокмун. Адамдардын үйлөрүнүн жанындагы кумдардан изи дагы көрүнгөн жок. Жаңырган үндөн да уккан жокмун.

Бакытты жалгыздыгымдан издей баштадым жана ага жакындаган сайын, рухумдун жүрөгүнө шыбыраганын уктум, «издеген бакытың таптаза, ар бир жүрөктүн түбүндө бүрдөп жетилет жана туулган жеринен кетпейт». Бирок аны табуу үчүн жүрөгүмдү ачканымда  жөн гана анын күзгүсүн, бешигин жана кийимдерин таптым. Бактылуулук ал жерде эмес тура.

Адам баласын сүйөмүн. Үч түрдүү адамды да жактырам: аны мактап турганды, аны ыйык көргөндү жана ал тууралуу ойлонгонду. Биринчисин адамдыгы үчүн, экинчисин жоомарттыгы үчүн, үчүнчүсүн түшүнүгү жана ыймандуулугу үчүн.

Мына ошентип сүйүү менен жыйырма беш жыл  күзгү шамалдан мурда дарактардын кургаган жалбырактары сыяктуу жолума түшүп айланага чачырап тез эле өтүп кетти.

Баруу чекитине жете албаган жылдыз сыяктуу бүгүн жолумда токтодум. Ар тарабыма карадым. Бирок өзүмө-өзүм «Бул Менмин» деп айта алган жокмун.

Жылдарымдын мезгилдеринен жемиш топтой алган жокмун. Анткени менин сандыгымда  жөн гана түрдүү-түстүү  сүрөттөр бар.

Бул кагазда жана сүрөттөрдө сүйүүмдү, ойлорумду, кыялдарымды жашырганды,  көмгөндү гана үйрөндүм. Бир дыйкандын эгин талаасында  үрөндөрүн топурактын жүрөгүнө көмгөнүндөй. Бирок дыйкан уруктарын топурактын жүрөгүнө көмгөндө өсүү күнүн күтүү менен кечинде үйүнө кайтат, мен болсо жүрөгүмдүн уругун себепсиз күтүү менен чарасыз эктим.

Ал эми азыр жыйырма беш жылдык жолума карасам өткөндөгү кайгылар, өкүнүүлөр жабылуу парда артында калды жана тунжуроо лампасы аркылуу мага жарык чачып жатышат. Бул доорду клубдун сыртынан карап жатып, адамдардын жүздөрүн көрүү менен үндөрдүн көк асманга жаңырышын угуп, таштарга тийген буттарды сезип,  рухтардын ортого чыкканын, арзулардын титирегенин, жүрөктүн согушун баамдадым.

Балдарды да көрүүдөмүн, чуркап, күлүп, ойноп, ыйлап жатышат. Жаштарды да карап жатам, баштары тик, күндүн жаркыраган сызыктары сыяктуу көздөрүнүн бурчтарында жалындуу жаштык курактары көрүнүп турат.

Кыздарды да көрдүм. Теңселип басып, кооз дарактай телмирип, гүл сыяктуу күлүп жатышат, сүйүүгө толгон көз менен жаштарды карашууда.

Карыгандарды көрдүм, бүкүрөйгөн белдери менен акырын басышып, жаштыгында жоготкон казынасын издегендей топуракка карап жатышат.

Шаардын кенен жолдорунан сөлөкөттөрдүн жогорулашын карадым.

Андан кийин шаардын жогорку жагына карап  кырларын, даңктай турган сулуулугун, жандуу тунжуроосун, дөбөсүн, чуңкурларын жана бийик дарактарын, жыттуу гүлдөрүн, толкундуу дарыяларын,  шаңдуу ырдаган куштарын ойлоно баштадым. Бираздан соң кырлардын башка жагына карап бардык сыйкырдуу кереметтерди, деңизди, анын үстүндө көбүргөн толкунун көрдүм. Толкундары тынч эле.

Булардын баарысын дубалдардын ичинен жыйырма беш жыл бою, андан мурунку жыйырма беш жылды, андан кийинки келе турган жыйырма беш жылды унутуп коюп ойлонуудамын. Ошондо гана менин жаралуу тарыхым, чөйрөм мага улуу жана чексиз айлананын терең боштугунан пайда болгон кичинекей баланын эстөөсү сыяктуу сезилет. Бирок бул өзүмчүлдүк мени жашоого алып келген күн тууралуу гана ой калчайт. Мына ушулардан кийин гана ичимдеги ыйык үн жаңырып мындай деди:

«Сага тынчтык каалаймын, Жашоо!

Сага тынчтык каалаймын, Ойгонуу!

Сага тынчтык каалаймын, Жаңычылдык!

Сага тынчтык каалаймын, жаркыраган нуруң менен жер жүзүн караңгылыктан куткарган Күн!

Сага тынчтык каалаймын, көкмөк асмандын жаркыраганына караңгылыгыңды алып келген Түн!

Сага тынчтык каалаймын, жылдын Мезгилдери!

Сага тынчтык каалаймын, жер жүзүн жашарткан Жаз!

Сага тынчтык каалаймын, күндүн кооздугунун кабарчысы болгон Жай!

Сага тынчтык каалаймын, эмгектин жемишин берген, ийгиликтин кубанычын алып келген Күз!

Сага тынчтык каалаймын, кары, бороону менен табиятка күч берген Кыш!

Сага тынчтык каалаймын, жылдардын жашырганын ортого чыгарган Жылдар!

Сага тынчтык каалаймын, кылымдардын жок кылганын кайрадан жараткан Кылым!

Сага тынчтык каалаймын, өлүмдүн бар экенин билгизген Убакыт!

Сага тынчтык каалаймын, көз жаштарга тумчугарда үмүт менен  соккон Жүрөк!

Сага тынчтык каалаймын, Жашоонун татаалдыгына жана белектерине күбө болуп жатканда кубанычтуу салам айткан Ооз!

Сага тынчтык каалаймын, күндүн пардасына жашынып жатканда жашоонун жана өлүмдүн кадырын билгизген Рух!»

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.