Сынчыл ой жүгүртүү: Базалык принциптер жана ыкмалар

Башкалардын айткандарын туура баалоого жана өз позицияңды жүйөөлүү коргоого жардам бере турган маалымат менен иштөө ыкмалары. Аң-сезимдүү иш-аракет жасоо жана бирдеме туурасында ой жүгүртүү үчүн жеке тажрыйба менен чектелүүгө болбойт. Жалпы сабаттуулук жана массалык басма сөздүн кулач жайышы менен «дайыма эле ушундай кылчубуз» деген эски жүйөө бат эле модадан чыгып калды, андыктан ал баягыдай дурус иштей албасы анык. Биздин бүгүнкү жасап жаткан иштерибиз, жүргөн-турганыбыз көп жагынан өзүбүздүн бир кезде угуп же окугандарыбызга жараша болууда. Биздин ар нерсеге бат эле ишене […]

Гүлзат Бектемирова: Белгисиз мен кайда баратам (конкурска)

*     *     * Мен жашап жамгырлуу калаада, Белгисиз күн кайдан чыкканы. Өксүбөй ичтеги санаага, Өкүнбөй өмүргө сырттагы… Сен чанган сүйүүдөн дем алып, Жалгызмын сен танган бу жолдо. Ишенич, үмүттөн кем калдым, Ишсең тагдырды жоготтум. Сен жашап оюмда каталуу, Мен жашап жамгырлуу калаада, Белгисиз күн кайдан батаары, Белгисиз мен кайда баратам… *     *     * Жашап жүргөн турмушунда тайып миң, Жашоо эмне — көз жашымдан түшүнүп, Өзөгүндө күйүп анан айыптын, Өзүмдөгү жылуулуктан үшүдүм. А сен мага жаза болуп кезиккен, Таза болуп чыгып […]

Африка элдеринин жомогу: Жакшылыктын түбү жок

Фон уруусунун болмушу Тро деген антилопа менен Козо деген дарак ажырагыс достордон эле. Алар кандайча дос болуп калды дебейсиңерби?! Тро дайыма жырткыч айбандардан, же мергенчилерден качып, же жашынып кутула турган.  Узун бою менен мүйүзү аны душмандарына тез байкатып коёр эле. Бир күнү кечке качып жүрүп эси оогон антилопа демин жыйганы бир дарактын түбүнө токтоп, арыз-арманын айта баштады. — Сиңдим, —  деди козо дарагы, —  кантип сени сактап калууну билем. Кичине эле коркунуч туулса, тезинен менин бутактарымдын арасына жашына кал. Көрдүңбү, […]

Абдыкадыр Стамалиев: Түндөр узак, түш көрүүдөн чарчагам (конкурска)

КҮЗ КЕЧИ Күт дей албайм, күтпө деш оор андан да, Күчтүү элең чыгарарсың бир чечим. А мен азыр алдырганмын арманга, Узатамын күндө үшкүрүп күз кечин. Ак булуттун билбейм кайда көчөрүн, Тиктөө менен сезимдерим чектелет. Өзүмдү алдайм, өрттөнгөндө өзөгүм, «Нагыз бакыт зарыктырып кеч келет». Түндөр узак, түш көрүүдөн чарчагам, Чындыкка эч коошпогон көрүнүш. Ойгонгондо тагдыр күтөт калчаган, Өңүбүздө кайра экиге бөлүнүш… Мезгил билбейм экөөбүздү жеңеби? Сагынычтар көөдөндөгү айтылбай. Менден өткүр жан элең го сен эми Кадам ташта бир жол тандап тартынбай. […]