Фон уруусунун болмушу

Тро деген антилопа менен Козо деген дарак ажырагыс достордон эле. Алар кандайча дос болуп калды дебейсиңерби?!

Тро дайыма жырткыч айбандардан, же мергенчилерден качып, же жашынып кутула турган.  Узун бою менен мүйүзү аны душмандарына тез байкатып коёр эле. Бир күнү кечке качып жүрүп эси оогон антилопа демин жыйганы бир дарактын түбүнө токтоп, арыз-арманын айта баштады.

— Сиңдим, —  деди козо дарагы, —  кантип сени сактап калууну билем. Кичине эле коркунуч туулса, тезинен менин бутактарымдын арасына жашына кал. Көрдүңбү, алардын калдайган калыңын, чоңдугун. Анан самсаалап жерге тийип да турушат. Сени бул жерден эч ким таба албайт.

Тро даракка алкышын аябады. Эми бирдеме болсо эле өзүнүн досунун канатына калкалана турган болду. Анын бутактарынын арасында эч коопсуз эле, аны бул жерде айбан да, адам да байкамак эмес.

Бир күнү өзөрүп ачка болгон антилопа  Козонун жалбырактарын жалмап жей баштады.

— Шордуум, эмне кылып жатасың! – Козо чыдабай кетти. – Мен сага жашынганга жай бергеним үчүн сенин жакшылыгың ушулбу?!

Тро унчукпай, укмаксанга салып жашыл бутактарды жей берди. Эми күнүгө ушундай боло берди. Дарактын  даамдуу жалбырактары антилопага укмуштай жагып калды, ал бою жеткен жерге чейин эчтеке калтырбай жеп салды. Албетте, даяр тамак жанында болсо, алыстан издеп эмне кылат.

Бир нече күндөн кийин өтүп бараткан мерген бактын түбүндө жаткан антилопаны көрдү. Ал капарсыз уктап жаткан, аны жашыра турган жалбырак калбаган эле. Кубанып кеткен мерген көп ойлонбой атып алды. Ошентип жакшылыкты билбеген Тро ажалын тапты.

Жомоктун айтканы: сени коргогон даракка сен да жамандык кылбай колдо.

Которгон Бек Жайчыбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.