КҮЗ КЕЧИ

Күт дей албайм, күтпө деш оор андан да,
Күчтүү элең чыгарарсың бир чечим.
А мен азыр алдырганмын арманга,
Узатамын күндө үшкүрүп күз кечин.

Ак булуттун билбейм кайда көчөрүн,
Тиктөө менен сезимдерим чектелет.
Өзүмдү алдайм, өрттөнгөндө өзөгүм,
«Нагыз бакыт зарыктырып кеч келет».

Түндөр узак, түш көрүүдөн чарчагам,
Чындыкка эч коошпогон көрүнүш.
Ойгонгондо тагдыр күтөт калчаган,
Өңүбүздө кайра экиге бөлүнүш…

Мезгил билбейм экөөбүздү жеңеби?
Сагынычтар көөдөндөгү айтылбай.
Менден өткүр жан элең го сен эми
Кадам ташта бир жол тандап тартынбай.

Бүтүн бийлеп алгандайсың дүйнөмдү,
Түркүн кыял, түпсүз ойлор сен дешет.
Тагдыр тартуу кылбайт экен күлгөндү,
Биз биригип бул күндөрдү жеңбесек.

МЕН КҮТКӨН БИЛДИРҮҮ

Бир адам бүгүн мага
Чалып же жазат эле.
Сөздөрү жанга дабаа,
Жоготуу азап эле.

Окуйм да улутуна,
Акыркы катты нечен.
Алаксып жумушуна,
Бошобой жатты бекен?

Күйгүлтүк түшүп жанга,
Билбейт го бүлүнгөндү.
Же мени сезип “майда”,
Арзуудан түңүлгөнбү?

Баш багып үмүтсүздүк,
Басмырлап жеңет ойду,
Каткансып күйүттүн бүт,
Караймын телефонду.

Көздөрүм күлкү чачкан,
Көп болду шаңдана элек.
А балким күтүп жаткан
Билдирүү таңда келет.

Ал бирок бүгүн жазыш керек эле.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.