Башкалардын айткандарын туура баалоого жана өз позицияңды жүйөөлүү коргоого жардам бере турган маалымат менен иштөө ыкмалары.

Аң-сезимдүү иш-аракет жасоо жана бирдеме туурасында ой жүгүртүү үчүн жеке тажрыйба менен чектелүүгө болбойт. Жалпы сабаттуулук жана массалык басма сөздүн кулач жайышы менен «дайыма эле ушундай кылчубуз» деген эски жүйөө бат эле модадан чыгып калды, андыктан ал баягыдай дурус иштей албасы анык. Биздин бүгүнкү жасап жаткан иштерибиз, жүргөн-турганыбыз көп жагынан өзүбүздүн бир кезде угуп же окугандарыбызга жараша болууда.

Биздин ар нерсеге бат эле ишене калчу жаныбыз бар эмеспи, андыктан муну пайдаланып калсак дегендер арбын: ар кандай ооруга шыпаа берет деген билериктеринен өйдө пулдап, уникалдуу дарылоо ыкмаларын байма-бай сунуштаган бүйрө сатармандардан тартып, коомдун колдоосуна муктаж митаам саясатчыларды бери кой, мындайда эксперттер деле кээде жаңылышат. Ошондуктан бизди курчап турган маалыматтарды ар кимибиз алыбызга жараша ылгаганга, ак-карасын ажыратканга аракет кылабыз.

«Адегенде жөнөкөйлөт, анан апырта бер» деген журналистиканын алтын эрежеси эмеспи. Уламыш кепке ылайык, бул эрежени 50-жылдары The Economist апталык журналдын баш редактору кызматкерлерине жайылткан имиш. Бүгүн бул эреже болуп көрбөгөндөй кеңири пайдаланылууда жана аны колдонгондор жалаң эле журналисттер эмес.

Маалымат агымында зыяндуу ой вирустарын жуктуруп албас үчүн анын ыгын таап, колдонууга мүмкүнчүлүк берген эрежелерди иштеп чыкканга ар ким өзү аракет кылат. Айрымдар муну тыкыр жана туруктуу жасаса, башкалар мындай сактанууга анчалык деле маани бербей, агымдын нугу менен кеткенди артык көрүшөт. Бирок мында жок дегенде, коопсуздуктун примитивдүү техникасын – аң-сезимдүү жана системалык түрдө пайдаланууга мүмкүн болгон ой жүгүртүүнүн эрежелерин  жетекчиликке алып коюу ашыкча болбос эле. Бирок биз көп учурда кандайдыр бир кемчилиги сезилип турган ырастоолорду жолуктурабыз да, “бул жерде бирдеме туура эмес”, андыктан булардан оолак болуу керек деп калабыз. Шектүү ырастоолордун эмнеликтен мындай экенин түшүнүүгө, ага карата сын көз карашыбызды негиздөөгө жана өзүбүздүн жүйөөлөрдү көрсөтүүгө сынчыл ой жүгүртө билүү абдан жардам берет.

СЫНЧЫЛ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АНЫ ҮЙРӨТҮҮГӨ БОЛОБУ?

Сынчыл ой жүгүртүү көптөгөн англис тилдүү өлкөлөрдө жогорку билим берүүнүн базалык окуу сабактарынын бири болуп саналат. Студенттерди тексттерди кунт коюп окуганга, усулдук шектенүү жаратууга (башкача айтканда, Декартка ылайык, «логикалык жактан шектенүүгө түрткөн» жерлерди аныктоого), башкалардын да, өзүнүн да жүйөөлөрүндөгү чабал жерлерди табууга, түшүнүктөр менен иштөөгө, өз оюн так жана негиздүү кылып билдиргенге үйрөтүшөт.

Мындай окутуунун маанилүү компоненти болуп суроолорду туура берүү эсептелет. Атамекендик билим берүү системасындагы көнүмүш көрүнүшкө караганда, суроолорго алда канча көп көңүл бурулушу мүмкүн.

Маселен, Шекспирдин «Гамлетине» 50 суроону ойлоп табуу адабият тарыхынын курсу боюнча берилчү тапшырмалардын бири болушу ыктымал — мындай тапшырма россиялык студенттердин көпчүлүгүнүн жаман түшүнө да кирбеген кырдаал.

Окуу сабагы катары сынчыл ой жүгүртүү формалдуу логиканын, теориянын эрежелерине жана жүйөөлөштүрүү практикасына, риторикага жана илимий эпистемологияга (таанып билүү ишмердүүлүгүнүн куралдары жана чектөөлөрү менен алектенген философиянын бөлүгү) негизделет. Бул жаатта таанымал теоретиктердин бири сынчыл ой жүгүртүүнү ар кандай рационалдуулуктун негизи деп эсептеген Карл Поппер болгон. Поппердин айтымында билим гипотеза көрсөтүү, аларды негиздөө же четке кагуу практикасы жок жашай албайт. Мында булак туурасындагы маселе таптакыр мааниге ээ эмес: маанилүүсү – ыкма жана баштапкы маалыматтарга болгон мамиле гана.

Сынчыл ой жүгүртүү боюнча негизги окуу китептеринин бири «Туура суроолорду берүү искусствосу» деп аталган эмгекте авторлор ой жүгүртүүнүн ар кандай акыл-эстүү адам колдонгон эки ыкмасын баяндашкан. Биринчиси: курчап турган маалыматтын баарын сиңире берүү. Бул абдан жөнөкөй жана ар бир адамга керектүү жол: анткени фактылардын так бир өлчөмүн алгандан кийин гана айланаңдагы дүйнөнү аңдап түшүнөсүң.

Ой жүгүртүүнүн биринчи ыкмасына жакын турган адам ар кандай материалды бир тетигин текке кетирбей, мүмкүн болушунча так эстеп калганга аракеттенет. Ал автордун ой жүгүртүү жолдорун өзү элестетип чыгат, бирок ал аларды баалай албайт, сындап да карай албайт. Муну жөн эле жаттап алууга жана баштапкы тексттен алыстабай туруп баяндап бергенге умтулуу деп деле айтканга болбойт: мындай мамиле деле толук түрдө аң-сезимдүү болушу мүмкүн. Бирок ага аралыктан сындоо жетишпейт: сиз аларды кеңейтип, андан ары кетүүнүн ордуна, башта берилген алкактардын чектеринде гана калып каласыз.   

Экинчи ыкма, кумдан алтын чайкаганга окшош. Бул сиздин өзүңүзгө сиңирип алган билим менен активдүү өз ара мамилени талап кылат. Бул механизмсиз өз алдынча ой жүгүртүүгө мүмкүн эмес, сиздин бардык пикириңиз акыркы уккан же окугандарыңызга жараша болмок.

Кум элөө өнөрүн абдан өздөштүргөн адам жүйөөлөр, аларды эстеп калыш үчүн эмес, алардын күчүн баалоо үчүн керек экенин түшүнөт. Бул үчүн аталган маселени аң-сезимсиз жааттан аң-сезимдүү планга которуу зарыл. Дегеле биз талашып-тартышып, башкалардын позициясына макул болбоско аракеттенгенде эмне кылабыз?

ЧЫНЫГЫ ЖАНА ЖАСАЛМА СЫН

Ар кандай жүйөөнүн базалык курамы мындай модель менен берилет: иштин жагдайы Х, анткени буга Ү себепкер. Башкача айтканда, бизге далилдөөгө аракеттенген нерсе турат, муну эмненин жардамы менен кыла турган нерсе да бар. Материалга сын көз менен кароо – демек, бир нерсени башка нерседен айырмалап кароо жана алардын катнашына дыкат көңүл буруу. Ошол эле маалыматтарга негизденип, башка корутундуларды деле жасаса болобу? Келтирилген далилдер автордун корутундусун канчалык даражада негиздей алат?

Башкалардын тыянагын бизге жакпаганы үчүн эле четке кагуу оңой – бирок бул ага сын көз менен кароо дегенди билдирбейт. Бул демек, анын маңызын түшүнбөгөндүк дегенди билдирет.   

Кай бир учурларда акылы терең, көптү билген адамдар деле көп нерселерге карапайым көз менен кароо азгырыгына берилип кетишет. Бул көп учурда адамдарды «өзгө», «жатка» болүп, эн тамга чаптоо менен байланышкан – биздин күнүмдүк социалдык тажрийбабыздын басымдуу бөлүгүнүн пайдубалы так мына ушу, турмуш-тиричиликтеги расизм, жыныс боюнча кемсинтүү, интеллигенттик өөдөсүнүү дегендер ушул жерде катылып жатат. Биздин жалган тыянактарыбыздын негизинде жаткан дагы бир катачылык – бул «туура жооптор» жөнүндөгү миф.

Чынында эле көптөгөн суроолордун салыштырмалуу, бирден бир так жообу бар. Мисалы, Айга чейинки аралыктын кандай экенин талашуунун кажети жок, муну маалымдаманы карап туруп эле билип койсо болот. Бирок ой жүгүртүүнү талап кылган да суроолор арбын жана аларга берилген жооптор да ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жерде маалымдананы карап коюу гана жетишсиздик кылар: келтирилген маалыматтардын канчалык ынанымдуу негизделгенин баалоо жана өзүңдүн жекече ой калчоо чынжырыңды кураштыруу зарыл.

ТЕКСТТЕРДИ КАНДАЙЧА ОКУУ КЕРЕК: ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН БАЗАЛЫК КУРАМЫ    

Жазуу жүзүндөбү же оозекиби – ар кандай текст өзүнө базалык элементтерди камтууга тийиш, ансыз автор өз маалыматын дарегине жеткире албай калышы мүмкүн. Арийне, ЖМКдагы тексттерде же күнүмдүк сүйлөшүүлөрдө биз көздөгөнүбүзгө аларсыз деле опоңой жетебиз. Бирок анык бир бүтүм жасала турган ойлуу кеп кыла турган болсок, анда жок дегенде, ошол ойдун кыябы кандайча курулуп жатканына көңүл буруубуз зарыл. Төмөндө бул элементтердин негизгилери айтылат. Бул тизмени ар кандай кеңири талкууга коё берсе боло турган багыт торчо катары колдонсо болот. Мындай ыкма чынында эле жашоону кыйла жеңилдетет.

Максат

Ар кандай текст кандайдыр бир максатта жазылат же айтылат. Автор кимге кайрылат, аудиторияны эмнеге ынандыргысы келет? Эгерде текстти сиз өзүңүз жазчу болсоңуз, коюлган максаттан четтеп кетпегениңизди текшерип туруңуз. Адегенде ал максаттын сиз үчүн кандайдыр бир реалдуу мааниси барбы, негизи эле жумшаган убаракерчилигиңизди актайбы, ошону жакшылап түшүнүп алыңыз.

Көйгөй

Көйгөй – автордун бир жерден кетирген кемчилиги эмес, ал жооп бергенге ниеттенген маселелер. Так чечилиши бар суроолорду ар кандай көз караштан кароого зарыл болгон суроолордон бөлүп алуу керек. Андан тышкары, ири суроолорду куру абстракцияга кирип кетпес үчүн майда бөлүкчөлөргө ажыратып алуу зарыл.

Божомолдор

Бул автор кадыресе табигый катары кабыл алган шарттар. Түшүнбөй туруп айтылган божомолдор авторду же аудиторияны ыңгайсыз абалга дуушар кылышы ыктымал, бул бир адамдан коньякты эртең менен ичкенди токтоттуңбу деп сураган анекдоттой эле кеп. Биз бирдемени окуп же жазып жатканда, мындай божомолдордун мааниси эмнеде жана алар акыйкатка канчалык туура келерин ойлоно жүрүүгө тийишпиз.

Көз караштар

Биз бардык нерселерге чектелүү жана жеке назардан карайбыз. Абсолюттук калыстуулукка биз, адамдар, ар кимибиздин өзгөчөлүктөрүбүз бар экендигинен улам гана эмес, ар кандай нерсени ар тараптуу кароого болорунан улам да жетүүгө мүмкүн эмес. Бул «Кудайдын айлакерлиги», мындайча айтканда, толук жана атайын алынбаган билимге карата доомат артуу адилетсиз арга болушу мүмкүн: мындай деңгээлдеги жана сапаттагы билимге жетишүү эч кимдин колунан келбейт.

Маалыматтар

Ар кандай ырастоо темага таандык маалыматтар менен тастыкталууга тийиш. Мисалы айталы, ошол эле ГМОнун зыяндуулугун кеп кылып жатканда, кошуналардын пикирине эмес, илимий изилдөөлөргө же алардын илимий-популярдуу баяндамаларына шилтеме жасоо керек. Ошондой эле келтирилген маалыматтар каралып жаткан көйгөйгө канчалык тиешелүү, биз андан четтеп кеткен жокпузбу, аны да текшерүү зарыл.

Концепциялар жана идеялар

Концепциялар — бул ой жүгүртүүнүн куралы, буларсыз биз эч нерсе кыла албайбыз. «Реалдуу нерселер» жөнүндө айтууну канчалык каалаганыбыз менен бул үчүн бизге сөзсүз жасалма моделдер жана ойдон чыгарылган түшүнүктөр керек. Мында бир гана көйгөй: алар туура тандалып, так аныкталууга тийиш – объективдүү билимдин пикирлерден жана субъективдүү байкоолордон негизги айырмасы мына ушунда.

Корутунду жана түшүндүрүү

Бул сиз маалыматтардан маани ала турган ыкмалар. Ошол эле маалыматты түшүнүүнүн башкача ыкмалары да бар экенине көңүл буруңуз. Эгерде ошондой болсо, анда түшүнүктүү бүтүм чыгарууга маалыматтар жетишсиз болушу мүмкүн. Мындай болгон учурда негизсиз жоромолдорду айтып отургандан көрө, муну түз эле ачык айтып койгон оң.

Кесепеттер

Эгерде биз автордун негизги жоболорун жана корутундуларын олуттуу кабыл алсак, анда эмне болот? Мунун кандай оң жана терс кесепеттери болушу мүмкүн? Бир караганда акыл-эстүү эле жүйөөлөр карама-каршылыктуу же маанисиз кесепеттерди жаратканын көп эле көрүүгө болот — «сандырактыкка чейин жеткирүү» деп аталган риторикалык ыкма так ушундайча куралат.

«Акыл-эстин, материянын, адеп-ахлактын философиялык сөздүгүндө» Бертран Рассел, анын пикиринде болгону үч эрежени келтирип, эгерде ой жүгүртүүгө же бирдемени талкуулаганга аракеттенген адамдардын басымдуу бөлүгү кабыл алса, планетанын интеллектуалдык климатын эки эсеге жакшыртса болорун айткан.

  1. эгерде эксперттер бир пикирге келсе, каршы пикир туура деп табылбайт;
  2. эгерде эксперттер бир пикирге келе албаса, эксперт эместер эч кандай пикирди туура деп табууга тийиш эмес;
  3. бардык эксперттер анык бир пикирге келиш үчүн негиздер жетишсиз деп тапкан учурда, жөнөкөй адамдын талкуудан оолак болгону оң.

Бул эреже чынында эле бизди Рассел «интеллектуалдык акыр-чикир» деп атаган нерселердин ири өлчөмүнөн куткармак. Бирок мындай катаал жободо кандайдыр бир адилетсиздик  жок болду бекен?

Биз жогоруда айткандай, эксперттер деле жаңылышы мүмкүн жана ар бир кырдаал үчүн таштай бекем чындыкка негизделген так позиция жок. Үчүнчү пунктка келсек, жашоо –турмуш көп учурда бизди белгисиз шарттарда аракет кылууга аргасыз кылат: андыктан биз дайыма эле качан даанышман эксперттер келип, баарын жай-жайына коюп берет деп талкуудан карманып отура албайбыз.

Адегенде эле баары жоктун баарын четке кагып, эксперттин гана бүтүмүнө ишене берүү – демек, «чыныгы илими» бар бир ууч адамдарды кошпогондо, интеллектуалдык пассивдүүлүктү көрсөткөндөрдү колдоо дегенди билдирет. Андыктан сынчыл ой жүгүртүүнүн ар бир адам өздөштүрө алчу ыктары менен принциптерин колдонуу алда канча жөндүү болмок.

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ   

Булак: https://newtonew.com/science/critical-thinking-guidance

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.