АҢГЕМЕ

Кечээ кечинде апам экѳѳбүздүн башыбыздан ѳткѳн күлкүлүү окуяны айтып берейин деп турам. Мен он эки жаштагы кызмын. Апам отуз тѳрттѳ, бирок менин боюм дээрлик апамдыкындай.

Кечээ түштѳн кийин апам мени тиш доктурга Лондонго алып барды. Арткы тишимде бир чуңкур  бар экен, аны ал оорутпастан толтуруп (пломба коюп) берди. Андан кийин биз кафеге бардык. Мен банан балмуздагынан десерт жедим, апам кофе ичти. Биз ордубуздан турганча саат алты болуп калды. Биз кафеден чыкканда, жаан жаай баштады. «Такси кармашыбыз керек» — деди апам. Биз кадимки шляпа жана пальто кийип жүргѳнбүз, жаан аябай жаап жатты.

«Кафеге кайра барып, жаандын токтошун күтүп турсак болбойбу?» — деп сурадым. Мен дагы банан балмуздагынан десерт жегим келип жаткан. Ал абдан даамдуу экен. «Токтой турган түрү жок, — деди апам. — Үйгѳ кетишибиз керек»  Биз такси карап, жаанда тротуарда турганбыз. Кѳп эле такси ѳтүп жатты, бирок алардын ичинде жүргүнчүлѳр бар эле. «Айдоочусу менен машинебиз болсо гана!» — деди апам. Дал ошо маалда бир киши жаныбызга басып келди. Анын бою кыска, жетимиштен ашып калган кары киши эле. Ал шляпасын сыпайы кѳтѳрүп, апама: «Кечиресиз. Сиз мени кечиресиз деп ойлойм…» — деди. Анын жарашыктуу муруту менен сүксѳйгѳн каштары бубактай ак, кызарган жүзү бырыштуу эле. Бийик кармаган кол чатырына башын калкалап турду. «Угуп жатам» — апам ооз учунан серт жооп берди.

«Сизден бир нерсе сурансам» — ал айтты. «Арзыбаган эле нерсе» Апам ага шектене карап турганын кѳрдүм. Апа, ал шектүү адам. Кыз эки нерседен – чоочун адам жана сууга бышкан жумурткадан бѳтѳнчѳ шектенчү. Сууга бышкан жумуртканын сыртын аарчыгандан кийин, ичинен чычкан же башка нерсе чыга кала тургансып, ичин кашыгы менен чукулап карачу. Чоочун адамдарга болсо «Сылыксынган адамдардан абайлаш керек» деген эрежени карманчу. Бул кыска бойлуу, карыган адам ѳзгѳчѳ сылык, сыпайы эле. Сѳзү орундуу. Жарашыктуу кийинген. Чыныгы мырза эле.

Чыныгы мырза экенин бут кийиминен билди. «Мырзаны бут кийиминен бааласа болот» — деген апасынын сүйүктүү лакабы бар эле. Бул адамдын күрѳң түстѳгү бут кийими жакшынакай эле. «Сѳздүн ачыгы, — корто киши сүйлѳп жатты, — бир балээге кабылдым. Мен жардамга муктажмын. Ишендирип кетейин кѳп  деле нерсе эмес. Чындыгында, болбогон нерсе, бирок мага зарыл. Түшүнүп жатасызбы, мадам, мага окшогон карыган адамдар аябай унутчаак болуп калышат …» апамдын ээги кѳтѳрүлүп, мурдунун учунан ага тиктеп турду.

Апамдын мурдун балта кеспеген тиктеши коркунучтуу эле. Ушундай кѳз карашы кѳпчүлүк адамдарды кыжаалат кылып, айласын кетирчү. Бир жолу ушундай жагымсыз, тоготпогон кѳз карашы менен менин класс жетекчиме караганда, ал какап-чакап, жин тийген кишиче ырсайганын ѳз кѳзүм менен кѳргѳм. Бирок тротуардагы кол чатырчан корто киши кабагым-кашым деп койгон жок.  Ал жагымдуу жылмайып айтты:

— Суранам, мадам, мага ишенип коюңуз, кѳчѳдѳгү аялдарды токтотуп, жайымды айтып туруш менин адатым эмес.

— Ошондой эмес экениңизге ишенгим келет, – деди апам. Апамдын орой жооп бергенинен мен уялып кеттим. Апама мындай деп айткым келип кетти:

— Ой апа, жолуң болгур, ал ѳтѳ, ѳтѳ эле кары адам, ошондой эле жакшынакай жана сылык, бир балээге кабылыптыр, анчалык айбанча мамиле кылбасаңыз.

Бирок мен эч нерсе деген жокмун. Корто киши кол чатырын башка колуна алмаштырып жатып айтты:

— Мен мурда такыр унутчу эмесмин.

— Эмнени унутчу эмессиз? – апам жактырбай сурады.

— Капчыгымды, – деди ал. —  Башка пиджагымдын чѳнтѳгүнѳ калтырып койгон окшойм. Ушундай да акмакчылык болобу?

— Акча бер дегени турасызбы? – апам сурады.

— Оо кудай, албетте жок, – ал чочуп кетти. – Ошондойдон кудай сактасын!

— Анда менден эмне сурап жатасыз? – деди апамы. – Тезирээк айтыңыз. Ѳтмѳ катар суу болуп кетмей болдук.

— Суу болдуңуз билем, – деди ал. – Ошондуктан  сизди коргоо үчүн ѳзүмдүн кол чатырымды сизге сунуштап жатам, бир гана…

— Эмне бир гана? – деди апам.

— Бир гана үйгѳ такси менен жетип алганга бир фунт берсеңиз…

Апам дагы эле шектенип жатты.

– Үйдѳн чыкканда эле акчаңыз жок болсо, бул жакка кантип жеттиңиз?

— Жѳѳ келдим, – деди ал. — Күнүгѳ жѳѳ басып, кайра такси менен  үйгѳ жетип алам. Кудайдын куттуу күнү ушундай кылам.

— Эмнеге азыр жѳѳ кетпейсиз? – апам сурады.

— Оо, ошентсем кана. Ошентсем болмок. Бирок бул алсыз буттарым менен анте ала турган эмесмин. Ансыз да кѳп бастым.

Апам эрдин тиштеп турду. Ал бир аз жумшара түшкѳнүн байкадым. Кол чатырга калкалануу ою аны азгырды окшойт.

— Бул жакшы кол чатыр, – деди корто киши.

— Ооба, байкадым, – деди апам.

— Бул жибек кол чатыр.

-Кѳрүп турам.

— Мадам, эмне анда албайсыз?  Ѳзүнүн баасы жыйырма фунт болчу, чын эле. Азыр эми бул маанилүү эмес, үйгѳ жетип, карыган буттарымды эс алдырсам болду. — Апамдын колу менен сумкасын сыйпалап жатканын кѳрдүм. Ал менин байкап турганымды кѳрдү. Бул жолу мен аны мурдумду балта кеспеген кѳз караш менен карап турдум, ал менин эмне айткым келип турганын даана билди. «Мени ук, апа, мындай жол менен чарчаган, кары адамды пайдаланып кете албайсың» – дегенди айткым келип тургам. Мындай жарабайт. Апам тыным жасап, аркасына мени карады. Анан корто кишиге:

— 20 фунт турган кол чатырды сизден алуу туура эмес деп ойлойм. Андан кѳрѳ мен сизге таксинин тыйынын берейин, ошо менен иш бүтѳт.

— Жо, жок! Таптакыр мүмкүн эмес! Деги оюма келген эмес! Эч качан! Антип сизден бир тыйын да алмак эмесмин! Кол чатырды алыңыз, урматтуу айым, жаандан корголонуңуз, — деди ал.

Апам мен тарапка маашырлана карады. Ал кѳз караш – кѳрдүңбү. Сеники туура эмес. Менден суранып, ал деп жатат дегенди айтып турган.  Апам капчыгынан бир фунттук акчаны алып чыкты. Аны корто кишиге сунду. Ал акчаны алып, кол чатырын карматты. Акчаны чѳнтѳгүнѳ салып, шляпасын кѳтѳрүп бир аз ийилди да айтты:

— Ыракмат, мадам, ыракмат, — ошентип ал узап кетти.

— Кел, берекем, суу болбой кол чатырдын астына, — деди апам. — Жолдуу экенбиз. Менин эч качан жибек кол чатырым болгон эмес.

— Эмнеге башында орой мамиле кылдыңыз? – деп сурадым.

— Анын кѳз боёмочу эмес экендигин текшерейин дедим. Ошон үчүн ошенттим. Ал анык мырза экен. Ага жардам бергениме кубанып турам.

— Туура айтасыз, апа.

— Чыныгы мырза, — деп улантты. — Капчыктуу дагы, болбосо анын жибек кол чатыры болмок эмес. Гарри Голдуорси мырза сыяктуу тѳбѳлдѳрдѳн экенинен шегим жок.

— Туура айтасыз, апа.

— Бул сага жакшы сабак болот, – деп улантты. — Эч качан шашылба. Бирѳѳнү баалап текшерүүдѳ шашылыш бүтүм чыгарба. Ошондо гана жанылбайсың.

— Ал тигинде баратат, – дедим. — Карасаңыз.

— Кана?

— Тигине. Кѳчѳнү кесип ѳтүп баратат. О кудай, апа, кандай гана тездик менен баратат.

Корто кишинин автоунаага урунуп калбайын деп чапчаң басып баратканын карап турдук. Жолдун аркы бетине ѳткѳндѳн кийин тез-тез басып солго бурулду.

— Анын чарчагандай  түрү жок, сизчи, апа, кандай ойлойсуз?

Апам жооп берген жок.

— Анын такси кармай тургандай да түрү  жок, – дедим.

Апам аркы кѳчѳдѳгү корто кишини тиктеген боюнча катып калды. Биз аны даана кѳрүп турдук. Ал ушунчалык шашып бараткан. Ал тротуарда башка жѳѳ жүргүнчүлѳрдѳн четтеп, маршта машыгып жаткан солдаттардай колдорун термелткен бойдон жандуу жана ылдам басып баратты.

— Тиги бир нерсенин ичинен чыгат, – деди нес болгон апам.

— Эмненин?

— Билбейм, – апам бурк этти. — Бирок азыр кѳрѳбүз. Жүрү. Биз жетелешкен бойдон кѳчѳдѳн ѳттүк. Андан кийин солго бурулдук.

— Аны кѳрүп атасыңбы? — апам сурады.

— Ооба, тигине. Ылдыйкы кѳчѳдѳн оңго бурулуп жатат.

Биз да бурчтан оңго бурулдук. Корто киши бизден жыйырма 3 кадамдай астыда эле. Ал коёндой болуп сексеңдеп баратты, ага жетишүү үчүн да тез-тез басууга туура келди. Жаан катуулап жаап кирди, шляпасынын кырынан ийиндерине тамчылаган суу кѳрүнүп турду. Жакшынакай, чоң, жибек кол чатырдын астында биз жылуу жана кургак бараттык.

— Ал эмненин ичинен чыгат болду экен? – деди апам.

— Ал бурулуп, бизди кѳрүп калса эмне болот? – деп сурадым.

— Кѳрсѳ кѳрѳ берсин, – деди апам. — Ал жалган сүйлѳдү. Ал баса ала турган эмесмин, чарчадым деген бизге, бизди чуркатып атат ко! Бети жок жалганчы! Абийири жок!

— Ал татыктуу мырза эмеспи? – деп сурадым.

— Акырын, – деди апам.

Кийинки кесилиште корто киши оңго, андан кийин солго, кайра оңго бурулду.

— Муну бул боюнча калтырбайм, – деди апам.

— Ал жоголуп кетти! – мен кыйкырып жибердим. Каякка житип кетти?

— Ал тиги эшикке кирди, – деди апам. — Аны кѳрдүм! Тиги үйдѳ! О кудай, пивокана!

Пивокана экен. Маңдайында чоң тамгалар менен КЫЗЫЛ АРСТАН деп жазылып туруптур.

— Ичине кирбейсиз да ээ, апа?

— Жок, — деди апам. — Сырттан карап турабыз.

Пивокананын маңдайында күзгүлүү айнектен турган чоң терезе бар экен, ичи бууланып турса да ал айнек аркылуу жакын келип, ичиндегини кѳрүүгѳ мүмкүн эле. Пивокананын терезесинин тышында бири-бирибизге ыкташып турдук. Мен апамдын колун кармап турдум. Кол чатырыбызга тийген жаандын чоң тамчыларынан  катуу үн чыгып турду.

— Тигине ал, — дедим.  — Тиги жакта!

Биз карап жаткан бѳлмѳ кишиге жана тамекинин түтүнүнѳ толо эле, биздин корто кишибиз дал ортодо экен. Ал шляпасын жана пальтосун чечип коюптур, ал барды кѳздѳй топтошкон элди аралап баратты. Ал барга жеткенде, эки колун тең барга коюп, бармен менен сүйлѳштү. Ал буйрутмасын берип жаткандагы эриндеринин кыймылын даана кѳрүп турдум. Бармен бир азга жок болуп кетти да кырына чейин ачык күрѳң суюктук менен толтурулган кичинекей чѳйчѳк менен келди. Корто киши  бир фунтту прилавкага койду.

— Тиги менин фунтум! – апам ышкырды. — О кудай, бетпак!

— Чѳйчѳктүн ичиндеги эмне? – мен сурадым.

— Виски, — деди апам. — Накта виски.

Бармен тыйын кайрып берген жок.

— Үч кат виски[i] болуш керек, – деди апам.

— Үч кат деген эмне?

— Кадимки ченеминен үч эсе күчтүү, – деди апам.

Корто киши чѳйчѳктү алып, оозуна алып келди. Аны акырын түрттү. Ѳйдѳрѳк … дагы ѳйдѳрѳк түрттү, ошентип бир жутум менен виски анын кулкунуна куюлду.

— Салтанатта берилчү кымбат ичимдик, – дедим мен.

— Кеңкелестик! – деди апам. — Бир жутум нерсеге бир фунт тѳлѳйт деп ким ойлоптур!

— Бир фунттан кѳп тѳлѳдү, – дедим мен. — Аны жыйырма фунт турган жибек кол чатырга сатып алды.

— Ооба, ошентти – деди апам. — Келесоо го.

Колундагы бош чѳйчѳгү менен корто киши бардын жанында турду. Ал жылмайып турду, анын тегерек кызыл жүзү ырахаттан ѳңүнѳ чыга келди. Баалуу вискинин акыркы тамчысын издеп жаткансып, тилин чыгарып, мурутун жалаганын кѳрдүм.

Акырында ал бардан узап, котологон элди аралап, шляпасы менен пальтосу илинген жакка жѳнѳдү. Ал шляпасын кийди. Пальтосун кийди. Анан ал кадимкисиндей, эч шек алдырбай, илгичте илинип турган кѳп суу кол чатырдын бирѳѳcүн алды да сыртка чыкты.

— Кѳрдүңбү тигини! — Апам чырылдады. — Эмне кылганын кѳрдүңбү!

— Шшшш! — Мен шыбырадым. — Ал чыгып келатат.

Жүзүбүздү жана ѳзүбүздү жашыруу үчүн кол чатырды ылдыйлаттык. Тиги чыга келди. Ал биз тарапты карап да койгон жок. Ал жаңы кол чатырын ачты да, келген жолу менен  ылдый шашып жѳнѳдү.

— Бул анын оюну экен да! – деди апам.

— Укмуш! – дедим. — Сѳз жок!

Негизги кѳчѳнү кѳздѳй анын аркасынан түштүк, биз аны алгач жолуктурган жерге келдик, эч кыйналбастан жаңы кол чатырды дагы башка фунтка алмаштырганга киришкенине кѳз салып турдук. Бул жолу жада калса пальтосу да, шляпасы да жок, узун бойлуу, арыкчырай жигит болду. Соодасы ишке ашары менен корто киши кѳчѳдѳн ылдый жоргологон тейде жыкжыйма элдин арасына кирип жок болду. Бул жолу башка тарапка жѳнѳдү.

— Кандай акылдуу экенин кѳрдүңбү! – деди апам. — Ал бир пивоканага эки жолу барбайт!

— Ал түнү бою улантат ко ишин, – дедим.

— Ооба да! – деди апам. — Албетте улантат. Жаандуу күндѳрдү кудайдан тиленерин бѳркүңдѳй кѳр!

Англис тилинен которулду

[i]  Үч жолу тазалоо жолу менен спирттин түзүмү 70-80 %  жеткен күчтүү виски.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.