Илгери бир балыкчы жашаган экен. Аялы абдан соргок болуптур. Күйөөсү жокто өзүнө даамдуу тамактарды жасап, тоюп алчу. Күйөөсү келгенде даяр эчтеке жок, кургак нан,  жер-жемиш менен курсагын эптеп тойгузат. Мындан тажаган күйөөсү күйүтүн айтып, кудайга жалынат: “Эмне үчүн түйшүктөн башы чыкпаган адамга ушундай аялды буюруп койгонсуӊ?” Аӊгыча эле торунда абдан чоӊ балык туйлап жатат дейт. Аны чыгарып алмак болгондо балык кишиче сүйлөйт:

— Мени коё бер. Мен балыктардын падышасымын, сенин арыз-муӊунду угуп сага жардам берейин дедим.

— Жакшы болот эле, — дейт балыкчы.

— Менин жашоом жашоо эмес. Жаным тынбай жанталашып иштейм, жыл бою дем алуу деген жок. Аялым го бир жолу да жылуу тамак берген жок, ичимди жылытканга.

— Кайгырба, — дейт балыктын падышасы, — мобу төрт куурчакты ал да үйгө барып аялыӊ көрбөгөндөй ашкананын төрт бурчуна катып кой. Анан сага ысык тамак болот.

Ошентип падыша-балык жок болуп кетти. Балыкчы убагы келгенде балык айткандай куурчактарды катып коюп, кургак бирдеме менен өзөк жалгады да уктап калды. Эртеӊ менен туруп күндөгүдөй эле үйүнөн чыгып кетти. Уйкусун кандырып, аялы от тутантып, өзүнө тамак жасоого киришти:

Дайрада күйөөм, мен жалгыз,
Эмне жеймин ал билбейт.
Курсагы ачса, шарапка
Тавернага да кирбейт.

Тамак ичкенге отурду. Оозуна эми эле тамакты сала бергенде бирөөлөрдүн сүйлөгөнүн угуп калды.

— Бул эмне шумдук?

— Ал тамак ичейин деп жатат!

— Күйөөсү жок элеби?

— Аи-ий, соргок!

Балыкчынын аялы коркконунан калтырап кетти. Үйдү бүт кыдырып издеп, эч кимди таба албады. Бир аз жаны жай алгандан кийин акырын үстөлгө отуруп тамакка киришейин дегенде баягы эле үндөр угула баштады:

— Бул эмне шумдук?

— Ал тамак ичейин деп жатат!

— Күйөөсү жок элеби?

— Аи-ий, соргок!

Жүрөгү түшкөн аял үйдөн атып чыкты. Ачка болгондон айласы кеткенде жок дегенде картөшкө кууруп күйөөсү келгенде чогуу жемек болду. Кечинде балыкчы үйүнө келгенде   аялы алдынан тосуп чыкты:

— Кел, жаным, ачка болдуӊ го, тамак ичип алалы.

Таӊ калса да күйөөсү  эч нерсе дебеди. Экөө тамактанды. Эртеӊ менен аялы кошо чыгып:

— Эртерээк кел, даамдуу тамак жасап коёюн, — деп узатты.

Анан кечээгини текшерип көрөйүн деп тамак жасап, жемекчи болгондо, ошондой эле үндөр аны уяткарып жегизген жок. Өзүнүн катасын эми сезип, туура эмес жашап жүргөнүн түшүндү. Ошондон кийин ал бир да жолу  күйөөсүз тамактанган жок, алардын жашоосу тынч, бактылуу, ынтымакта өтө баштады.

Бир аз күндөн кийин балыкчы куурчактарды падыша-балыкка алып барып берди, себеби анын башка бирөөлөргө да пайдасы тийип каларда, дүйнөдө мындай соргоктор толуп жүрбөйбү.

Которгон Бек Жайчыбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.