АҢГЕМЕ

Сабира, катыңды алдым. Аның көп нерселерди эске салды. Ошол жылдарга, мында 25-30 жыл мурдагы күндөргө дагы бир сыйра көз жүгүртүп, аларды жаңыдан жүрөк элеги аркылуу өткөрүүгө мажбурлады бул катың. Экөөбүздүн жаштыгыбызга байланышкан окуялардын баары – майда-чуйдасына чейин эсимде.

Алар дилге келген сайын бир жагынан балалык назиктик, ошону менен бирге кээде ээ жаа бербей ой чегин бузуп-жарып чыгып кеткен албуут жаштыгым кылчак этип, мени карап, өзүнө чакырып кол булгагансып алда кандай таттуу сезимди тартууласа, экинчи жагынан иренжитчү. Дени-карды соо адамда ички сапат – өткөндү учуру келе калганда эстеп, ал аркылуу жанын кубантып, же жүрөгүн жүдөтүп кайышып алуу сапаты сакталып кала берет көрүнбөйбү. Ошол сапат сенде да, менде да азырынча жоголбогонун, ушул катыңы, отуз жылдан кийин да колуңу мен жазбай тааныган катыңы алгандан кийин дагы бир жолу түшүнүп отурам.

…Кеченин аягына чейин алдыртан тиктеп отурдум, бар кыймылыңы байкап отурдум, бирок сен бир жолу да мени жакшылап карап койгонго, бир кездеги мен үчүн терең сырдуу көздөрүңү кадалта тиктеп, жүрөгүмө жаш кездеги тааныш жалынды чачып койгонго жараган жоксуң. Беш жылга созулган биздин ынактык, менин жүрөгүмдө калган из боюнча эсептегенде өмүрдө бир гана жолу болчу ынактык кантип бир марта көкүрөгүмөн көзөп, өпкө-бооруму аралап, найза учундай дал ортомон шиштейип учу чыгып калгандай кадала карап койгонго арзыбасын?.. Мен, билсең, абдан уялдым, ошондогу сенин суздугуңан, кабак чытканыңан. Мен үч-төрт курдай сөз катып, сени сүйлөшүүгө чакырдым, ошондон да сен менин жүзүмө түз тиктебей туруп, кыска-кыска гана жооп берип койдуң. Андай жоопту ошол стол четинде отуруп, ошол күнү гана таанышкан кишиге беришиң мүмкүн эле, мага эмес.

Он беш жашыман он тогузга чейин жүрөгүм берген бардык таттуу нерсемди өзүңө гана, жалгыз сага гана багыштап жүргөн мага андай мамиле кылууга тийиш эмес элең. Мен жалын ичинде отурдум ошол күнү билсең, сенин ал жерге келишиңи билген эмесмин. Каерде, качан болбосун сени менен жакын отуруп, жок дегенде дагы бир жолу баарлашууну, өткөндү эскерүүнү көңүлүмүн тиги тереңинде сактап жүргөнүм ырас. Бирок анын минтип, күтпөгөн жерден ишке ашары ишенсең, түшүмө да кирген эмес эле. Сени көрөрүм менен шашып кеттим. Бетим албырып чыккансыды. Сен кол берип жатып бир карадың да, азыркы иреңимен (маңдайымдагы бырыш-тырыштан) жийиркенгендей дароо жер карап кеттиң. Ошол бойдон мени карабай койдуң. Ошентип, ал күнү аерден жеген-ичкеним аш болмок турсун, ооруп кеттим. Үйгө келип, жүрөк тушуму мыкчый кармап, көмкөрөмөн жыгылдым. Ошондой дартка чалдыкканмын. Бир аз кейисем эле жүрөгүм кысылып, маңдайыман муздак тер чыгып кетет. Бу жолу да ошентти. Күйөөм байкуш бөйпөңдөп, үстүмө түшө калып, түнү менен жанымда отуруп, дары ичирип, суу ууртатып чыкты. Анын бу жолку мамилеси сени көргөндөн кийинби, олдоксон сезилип, жактырбай жаттым. Менин андай жоругума ал дагы таң калды, бирок себебин сураган жок. Сураса да ага чындыкты айтмак эмесмин, Сагынбек. Эми баарысы орус жолдоштор айткандай артта калды. Бирок эмнегедир мен сени көңүлүмөн биротоло чыгарып таштай албай келатам. Сенин бул күтпөгөн жерден жолугушууң, мени ого бетер кыйнап койду.

Менин алиге дейре аягына чейин түшүнбөгөн бүдөмүк ойлоруму, шектенүүлөрүмү ого бетер салмактантып таштады. Күнөөм (эгер ал бар болсо) сенин алдыңда дагы оорлошуп калгансыды. Менден кол үзүп, тескери басып кеткен себебиң алиге чейин мага табышмак эмеспи? Ошондон бери кепке, сөзгө келбедиң. Сен согуштан келгенден кийинки жылы эле окууга кеттиң. Ошондон бери четтесиң.

Быйылкы отпусканы айылда өткөрүүнү чечкен турбайсыңбы? Жакшы кылган экенсиң. Жылына бир жолу көрүшүп туруу да каниет. Эми экөөбүздүн түтүнүбүз эки жерден түбөлүккө булап калган кез. Ал эч качан эми бирөө болбойт. Сенин да, менин да бала-бакырабыз алды бойго жетип, өздөрүнчө үй-бүлө баштаптыр. Укканмын, сенин тун уулуң мындан эки жыл мурун институтту бүтүп үйлөнүптүр деп. Ал эми биздин Нурийла деген улуу кызыбыз былтыр турмушка чыккан. Буюрса, беш-алты айдан кийин неберелүү болобуз го деп кубанып жүрөбүз бу кезде. Дагы аскал-таскал эки кызым бар. Ошентип, Сагынбек, азыр экөөбүз эки башка кишибиз. Бирибиздин тынчыбызды бирибиз алууга мындайынан алып караганда акыбыз да жок. Балким бу жолу Осмондун, бир кездеги классташыбыздын үйүнөн конокто жолугушуп калбасак, минтип тынчыңы да албас элем, Осмон атайлап жасаса керек.

Ал экөөбүздүн бала кездеги мамилени билчү эмес беле. Ал эле дейсиңби, класстагылардын баары билчү да. Эсиңдеби, алардын кантип билгени? Унутуп калсаң, эсиңе салбай эле койгонум оң го. Ошондуктан үйүнө сенден башка дагы кимди чакырарын айтпаса керек, сен да сурабаган окшойсуң. Сенин андагы мамилеңен, көз карашыңан ошондой түшүндүм. Дем алыш учурунда жаныңа келип, сүйлөшөйүн деген ниетте ушунчалык аракет кылсам да, сен такыр четтебей койдуң. Тамеки тартамын деп эшикке чыктың да, аерде бирөө менен сүйлөшүп туруп алдың, такыр мен жакка карабай койдуң. Атайлап ошенткениңи сезгенде ого бетер туталандым, ызаландым, ыйлагым келди. Чуркап кетип калгым да келди, бирок Осмондун аялынан, башкалардан намыстандым. Чыдоого туура келди.

Аялың менен сүйлөштүм. Биринчи жолу анын үнүн уктум. Үнү да жагымдуу, сөзү да жугумдуу экен. Сени алдыртан тиктеп отурганымы байкаган болуш керек да, ошондуктан анын ичинде сага карата шек калбасын деп (көрдүңбү, кантсең да дагы сени аядым), ага өзүмү жакшыраак тааныштырууга тырыштым. Сагынбек менин классташым дедим ага. Биздин райондон кеткенден бери мындай жакындан көрө элек элем. Абдан өзгөрүптүр. Эки чыкыйынан ак аралап, маңдайындагы чачы өйдө түрүлө баштаптыр. Көзү, үнү гана баягысындай. Жашы улгайса деле, киши балалык кездеги бирге окуган, бирге жүргөндөрдү көргөндө башкача болуп кетет экенсиң. Мен бүгүнкүдөй сүйүнгөн эмесмин. Анткени Сагынбек класстагы эң тартиптүү, эң мыкты окугандардын бири эле. Ошондуктан аны баарыбыз жакшы көрчүбүз, сыйлачубуз. Мен айрыкча анын жардамын көп көргөнмүн.

Начар окугандарды отличниктерге бөлүштүргөндө дагы бир бала экөөбүз ушул Сагынбекке бекитилгенбиз. Үч жыл бою ошентип, андан сабак алганмын. Эми ошол бала, кыздар жанына келип тийишип сөз сүйлөсө, кызарып-татарып уялган бойдон мулуя жер карап басып кетчү Сагынбегибиз бүгүн ойлоп отурсам, элүүгө жакындап калган салабаттуу адам. Ошого ичимен жымыйып күлүп отурам. Сиз да, балким байкагандырсыз. Классташ деген кыйын тура. Парта талашып, кагаз, калем талашып-тытышып ойноп жүргөн мектептеги курак эсиңен чыкпай туруп алат экен. Менин алиге көз алдымда андагы кыздардын, балдардын кебете-кешпири кылык-жоругу. Сагынбекти да ошол бойдон деп элестетчүмүн. Бүгүн көрүп, анын натуура экендигине ичимен күлүп отурдум. А түгүл уялып отурдум.

Мен буга чейин Сагынбекти каерде жолуктурбайын, анын тартынчаактыгына карабай жулкуша кетемин го деп жүргөнмүн. Ошонуму ойлоп уялып отурдум. Ал эми жулкулдашмак түгүл, жанына жакын баруудан уялып атам. Окууга кетип, анан ошол жактан эстүү, өңдүү-түстүү кызга үйлөнүптүр деп укканбыз. Ошол сиз турбайсызбы. Биздин Сагынбек ошондой кызга татыктуу эле деп сыртыңардан кубанганбыз. Укканыбыздай бар экенсиз, мага маселен, абдан жактыңыз. Чырайыңыз да, сөзүңүз да – десем, аялың күлдү. «Сүйлөшпөй, мамилелешпей жатып, менин жакшылыгымды кайдан билдиңиз? – деп күлдү. «Жакшы адамды мен сүйлөшпөй туруп эле билемин» – деп, мен да күлдүм. Туура айтыптырмынбы? Сени аядым, биздин бала күндөгү мамиледен ошентип, ага шек билдиргеним жок. Сагынбек, эми экөөбүздүн ортобузда тоодой бийик, граниттей бекем чеп бар. Ал чеп биздин эки башка үй-бүлөбүздөн турат. Демек, эзелки окуялар, окумуштуулар айткандай, тарыхка айланып калды. Ошентсе да кээде менин жүрөгүмү эски дарттай сыздатып койчу бир сезим сакталып келет. Сени менен жолугушкандан, бери ал күч алгансып калды.

Менип кылмышымы, күнөөмү алиге чейин сен ачык айта элексиң да? Мен аны түшүнө элекмин. Демек мойнума ала элекмин. Мына ушул сезим денеде калган октой кээде тынчымды алып, кыйнайт. Турмушума көлөкө түшүргөнсүйт, аны күңгүрттөнтүп жиберет. Балким, эми ачыкка чыгарасың ичиңдегини, Сагынбек? Баарысы өттү-кетти. Ошентсе да ичибизде бири-бирибизге кара так калбаса деймин. Тагдыр буйруп, мындан ары да жолугушуп калсак, сага окшоп кабак чытпастан, жаркылдап көрүшүп, жаштык кезибизди ачык эске салып күлгүдөй кубангандай арабызды тазалап койсок деген ак ниет менен ушул катты жазып отурганым, Сагынбек.

Биздин бир кезде классташ экенибизди, анын ичинен үч жыл бою бир партада «отличник жана начар окуучу» аталып отурганыбызга чейин балдарыбыз да билишсин. Балким, биздин аягы оңунан чыкпай калган андагы жакындыгыбыз балдарыбызга өтөр. Мен муну жан-дилим менен каалар элем. Мени туура түшүнөсүң го деп ойлойм, Сагынбек. Бул үчүн, баарыдан мурда сен экөөбүз кам көрүшүбүз керек. «Анын эмне кереги бар?» – дээрсиң. Анткени бир кезде экөөбүздүн өксүп калган, бөксө бойдон калган жаштыгыбызды ошолор толтуруп кетеби деген ой пайда болду сени менен көрүшкөндөн бери. Сен шаардасың, мен райондомун, бирок азыр аралык адамдардын жакшылык мамилесине жолто боло албай калды го. Арабыз самолёт менен жарым сааттык жол. Силер бизге, биз силерге мурдагы классташтардай, жердештердей катташа баштасак, үй-бүлөбүз жакындашып, балдарыбыз жакындашып кетсе, менин тилегим ишке ашар беле деген ойго такалдым.

Муну дагы кайталайм, сен экөөбүздүн мындан аркы мамилебиз чечет. Сендеги суздук мага карата болгон суздук, а балким жек көрүү жоголуп, анын ордуна бири-бирибизди сыйлоо, бир кездеги сырдаштар катарында, жер бетине жаңы чыккан көк майсадай жаштык эми гана өз кереметин көрсөтө баштаган кездеги сырдаштардай жолуккан сайын чын пейилден кол кыса көрүшүп, терибизге батпай кубансак гана мен жогоруда жазгандай мамилени жарата алабыз.

Ушуга жетишүү үчүн сен тараптан умтулуу болобу, Сагынбек. Сенин кабагыңдагы капалыкты мен пайда кылган болсом, миң жолу кечирим сурап, алдыңа жыгылууга даярмын. Менде шоктук, анча-мынча шайкелеңдик бар эле. Бирок сенин мага болгон тунук сезимиңе доо кетиргендей иш кылбаган элем го? Экөөбүздүн эки башка үй-бүлө күткөнүбүздү мен тагдырдын иши деп гана жүрөм. Согуштун кесепети деп гана жүрөм. Ал нечендердин жакшы тилек-оюн ойрондоду. Ошолордун бири болдук го деп гана жүрөм… Менин жүрөгүм кайрадан сыздап ооруй баштады. Ошону аясаң, Сагынбек»…

…Мына, Сабира, сенин катыңын мазмуну. Биздин сен эске салган жаштык күндөрүбүздү, андагы мамилебизди эми баарыга жарыя кылууга туура келип отурат. Антпесек, менин да ушунча жылдан бери жүрөгүмүн бир жерин кара чекитке айландырып келаткан нерседен кутулгудай эмесмин. Баары окушсун, баары билишсин, анан жыйынтыкты өздөрү чыгарышсын. Сен олуп-чолуп айткандарга мен ирети менен, кененирээк токтолууга аракеттенип көрөйүн.

…Ооба, мен анда отличник аталып, сен начарлардын тизмесинде жүргөн кез. Ошол жагдай кийин ойлосом, экөөбүздүн мамилеге башкы себеп болгон экен. Ал кезде агайлардын ошондой адаты бар эле, өздөрү сабактан алып калып, начарларга жардам берүүнүн ордуна, мыкты окугандарды калтырып, жанына начар окуучуну отургузуп эсеп болсо: «Биерден биерге чейин чыгарттырасың, эне тилинен болсо эрежелерди, көнүгүүлөрдү көрсөтүп: «Ушуну жаттатып, муногуну иштеттиресиң». Ал эми башка сабактардан болсо, беттерин айтып коюп гана кете беришчү эмес беле. Агайдын сөзүн эки кылчу белек. Анткени эртеси сурашат да начар окуучудан. Эгер ал эң жакшы деген баага жооп берсе, ага жардамдашканга да эң жакшы, эгер жаманга жооп берсе, экинчи «агайына» да жаман деген баа коюлар эле да. Андагы баа үчүн эрегишүүнү, кудай салбасын, өзүң билесиң. Сен үчүн жаман алгым келген эмес.

Үч-төрт курдай экөөбүз тең орто деген баа алып калганыбыз эсимде. Менин өзүмүн жообум үчүн эмес, сенин жообуң үчүн. Мага дурус эле жооп берчүсүң. Мугалим сураса эле, эки бетиңин ортосуна кан дүргүп, алдастап калчусуң. Арык, назик манчаларың партанын үстүндө ары-бери кыбырай берчү. Ачылып турган китепти издечүсүң. Кулагыңы мага түрчү элең. Бирок мен китептин керектүү бетин ачып бергенге да же шыбырап айтканга да жарачу эмесмин. Эки көзүм мугалимде турчу. Анын көздөрү мага кадалгансып туюлчу. Ошондон ийменер элем…

Кийин институтта окуганымда деле «шпаргалка» дегендерден пайдалана албадым. Ошондогу корунчактыгым, тартынчаактыгым, азырга чейин бар… Сен жалгыз калганда тултуңдап менин башка балдардай андай кезде эпчилдик көрсөтө албагандыгым үчүн жектегендей мамиле кылчусуң. Бирок айлаң канча, кайра эле ийниңи ийниме тийгизип: «Сагын, айтсаң, көрсөтсөң» – деп жалынгандай жалооруп калчусуң. Бара-бара экөөбүз үйрөнүшүп кеттик. Жетинчи класска келген кезде экөөбүз мугалимдердин буйругун күтпөй эле, башкалардан бөлүнүп калчу болдук. Сен анда бирөөнүн жардамына деле муктаж эмессиң. Жакшы, орто деген баалар менен окуп калгансың. Анда «өз ара жардамды» өзүбүз ойлоп таба турган болгонбуз.

Тогузунчуда окуп жүргөндө мен старший пионер вожатый болуп калдым. Бир нече отряд вожатыйлары бар эле. Алардын бири сенсиң. Сборлор өткөрүү жагынан сен башкарган отряд дружина боюнча ошондо биринчи орунга чыкканы эсимде. Эмнегедир, сен аны көп өткөрчүсүң башкаларга караганда. Ар бирине мени чакырчусуң. Мен өзүм да андай шылтоону таппай турчумун да. Сени менен көбүрөк болууну каалап калган кезим. Сборлордун темасын жок жерден тапчубуз.

Эгер белгилүү даталар түгөнүп калса, бир күндө ошол класстын төрт баласы катарынан эң жакшы деген баа алдыбы, ошого арнап деле сбор өткөрө берчү эмес белек, эсиңдеби? Майдын аяк чени. Төмөнкү класстар тарай турган убак жакындап калган. Ошого карата пионерлерди тоого экскурсияга алып чыгууну чечтик. Дружына советинде мурда экөөбүз сүйлөшкөндөй ал сунушту сен киргиздиң. Советке катышып отурган директорубуз да советтин башка мүчөлөрү чуулдашып колдоп кеткен жанагы демилгеге маакулдугун билдирди. Дем алыш күнүн пайдаландык. Мен ошол жылкы жаздай – жазды, ошондогу чыккан гүлдөрдөй – гүлдөрдү, ошондогу күндөй кунарсыз ачык күндү андан бери такыр көрө элекмин. Булбулдардын үнүчү…

Жата калып, өзүбүз баш болуп, чаңкаган козу, улактай шимире ичкен булак суусунун даамычы! Согуштун ным жыттанган окобунда жатып жүрүп да ошол күндү эстесем, айланамдагынын баары түш сыяктуу сезилип кетер эле. «Учкан октордон жер тытылып, снаряддардан, бомбалардан бут алдың солкулдап турганы калп, анын баары өңүңдө эмес, түшүңдө, көзүңдү ачсаң, анын бирин да көрбөйсүң да, сезбейсиң. Анын ордуна тушарга келип көйкөлгөн шиберди аралап, кыз менен куушуп; булбул үнүнө мас болуп, бейкут жерде, өзүңө тааныш тоо койнунда жүрөсүң ойгонсоң!.. Көзүңдү ачсаң» – деп кандайдыр бир купуя сезим саамга кыял бешигине бөлөй калып, терметип жиберчү…

Мунун баары алдамчы гана ой-кыял экенине көзүң жеткен соң гана көкүрөктү оор кусалык өйүп, ушундай күнгө туш кылган жоону тезирээк жер бетинен жок кылгың келип кетер эле.

…Эмне үчүн ал күн менин жүрөгүмө ушунчалык из калтырганын мен сага согуштан келгенден кийин айтып бере албадым. Каттарда атайын жазган эмесмин. Кан майдандагы жүүнү боштук деп эсептегенмин аларды кат аркылуу эскерүүнү. Жигиттин иши эмес дегенмин аларды сагынып, аларды эңсеп, арман кылууну. Жолугушканда сөзсүз айтам, аны гана эмес, башкаларын да жүз көрүшкөндө бирге эске түшүрөбүз деп жүрчүмүн. Сени сынамакмын. Менин жүрөгүмө из калтыргандар сеникине кандай таасир эткенин ошентип билмек элем. Менин элиме-жериме болгон сүйүүмдү гана эмес, сага деген назик, таза сезимимди окко сынатып, ажалга сынатып келген соң, анан сынамак элем. Бирок андай болбой калды… Эмне үчүн?.. Буга кийинчерээк жооп берейин. Азыр эмне үчүн ошол майдын бир күнү, анын жарашыгы, ошондогу таасири менин дилимен чыкпай келаткандыгын эсиңе салайын. Тообуз жакын эмес беле. Үч саатка жетпей болжолдогон жерибизге жете бардык. Дем алыш жарыяладык. Пионерлер белден буралган жашыл чөпкө бата отурушуп, мурунку күнү биз эскерткендей шишелерге куя келишкен айран, сүтүнөн ичишип, быштак, нандарын жей баштады. Вожатыйлардын бардыгы – жогорку класстардын окуучулары. Төмөнкү классты окуткан эки эжеке (аттарын унутуп калдым) биз менен кошо барышкан. Балдар өздөрүнчө болуп калганда эмне кеңеш беришер экен деген кыязда жанагы экөөн өңчөй вожатыйлар тегеректеп тура калсак: «Силер, эмнеге турдуңар? Булар эс алгыча андан көрө тигиндей барып, ышкын, кымыздык терип келбейсиңерби? Тоого чыгып, алардан жебей кетсек болбос» – дешти көздөрүнөн тезирээк эле бизден кутулууну каалагандыктарын жашырбастан.

Мен тайсалдадым. Анткени эркек балдардан жалгызмын. Төртүнчү отряддын вожатыйы Осмон ооруп, келбей калган. Үчөөңөр кызсыңар. Менин кылчактаганымы байкаган тиги экөөнүн бири:

– Эркек эмессиңби, Сагынбек, сен баштап барып кел кыздарды. Буларды биз карап турабыз, – деди.

Ошондон кинин мен алдыга түштүм. Силер ээрчий бастыңар. Эки-үч чакырым нарыга кеттик. Адегенде силер гүл талашып тердиңер. Ышкынга жеткенде ар кимибиз ар жакты карай кеттик. Ышкындын ышкы ошондой эмеспи. Кантип экөөбүз кереге таштын түбүнөн беттешип калганыбызды билбейм. Мына так ушул жерден биринчи жолуккан немелердей, ошондуктан бири-бирибизден чоочугандай, мүнөткө кирпик ирмешпей тиктешип калдык. Сенин ак саргыл бетиңде кан ойноп, көздөрүң жайнап кеткен экен. Менин да эки бетимин оту жалындап чыкты. Секунддар өттү белем, шап эте түштү. Сенин колдоруң менин мойнума оролуп калыптыр… Ысык эриндериң чолпулдап бирде оң бетиме, бирде сол бетиме тийип жатты… Мен заматта мас болуп кеттим. Көздөрүм жумулуп, денем термелип тургансыды. Бул мүнөткө да созулган жок. Хи-хи-хи… Күлкү чыкты. Так кулагыбыздын түбүнөн чыкты. Каныш деген күлгөндө тиштери аппак болуп, аны чырайлуу көрсөтүп жиберчү кыз, бир тутам солкулдаган ышкынды көкүрөгүнө кармаган бойдон кереге таштын как төбөсүнөн бизди карап туруптур. Экөөбүз селейип катып калдык. Оозубузга сөз кирбейт. Дагы тиктешип туруп калдык… Сенин бетиңдеги кызыл боёк ого бетер коюуланып, жанагы укмуш сүйкүм көздөрүңөн эми коркунуч учкундары чачырап турду…

Каныш кыйкырып күлгөн бойдон арыга кетти. Биз дагы ордубуздан жылбай саамга селейип турдук. Анан сен ыйлап жибердиң. Мен кармап соороткуча болбой караган-шакка чалынып-чулунуп, сен дагы чуркап жөнөдүң. Уялып кеттиң окшойт. Же коркуп кеттиң. Каныш элге жайып жиберет деп чочуладың. Мен, тескерисинче анын көргөнүнө кубанып калдым. Тулку боюма алда кандай ишенич пайда болуп, ошол минуталарда боюм да, акылым да өсүп чыккансыды. Сендей кыз мени жакшы көрөрүн, эми Каныш аркылуу башкалар да биле тургандыгын эстеп, ошенттим. Так ошондой болду. Эки күндөн кийин мектепке келген Осмон мага кереге таштын түбүндөгү болгон ишти айтып, далыма чапкылады. «Азаматсыз, Сагынбек, ошентсин, кыздар өзү кучактасын бизди, азаматсың», – деди. Мен андан ким айтты деп деле сураган жокмун. Билемин да ким айтканын – Каныш. Анын жазган катын мага бир нече жолу көрсөткөн Осмон. Ошондон он күнгө жетпей жогорку класстын окуучуларынын көбү билиптир экөөбүздүн ал ишти. Алар сени көрсө да, мени көрсө да жылмайып өтүшчү болбоду беле.

Он жетиге караган курагыбыз. Ошол курактагы, сезимдин канчалык наристе, канчалык таза, канчалык ыйык экендигин азыркы жаштын бийиктигинен сезип жатпайбызбы. Ошондогу сенин жытың (мени кучактагандагы), бетиме тийген эриндериңин ысык илебин алиге туюп турамын… Каныштын ошондогу күлкүсү да жылаажын үнүндөй алиге кулагымда… Таш деле гүл, ит караган деле гүл, шилби, добулгу, табылгылар деле гүл… Айлананын баары гүл менен безеленген, булбул үнү менен шаңданган.

…Биз онунчуну бүтүп жатканда согуш чыкты. Силерди шаарга педагогиялык окуу жайына жиберишти. Биз, эркек балдар, аскер жашында болгондуктан, атайын буйрук күтүп калып калдык. Мага, Осмонго дагы биздин классташ жети балага бир күндө повестка чыкты. Үч күндөн кийин жөнөөгө тийиш экенбиз. Осмон экөөбүз ошондо шаарга барып, Каныш экөөңөрдү көрүп, коштошуп келүүнү чечтик. Анда азыркыдай жолго чыксаң эле машина кайда. Жүк ташыган араба, машина болуп, беш жолу которулганда жолдун жарымынан көбүрөөгүн араң өттүк. Силер окуп жаткан шаарда мурда болгон эмеспиз. Аралыгын укканбыз – жүз жетимиш сегиз километр. Калганын жөө басууга туура келди. Түнү менен жол жүрүп, таңга жуук шаарга кирип келдик. Чөнтөктөгү катыңардан адресиңерди билебиз. Көп кыйналбай эле таптык. Жатаканаңарды, мектебиңерди сурап билип алгандан кийин, экөөнүн ортосунда ары-бери басып жүрдүк. Жатаканаңарга түз басып кирүүгө экөөбүз тең батынбадык. Осмон өктөмүрөк эмес беле, ага да менин тартынчаактыгым таасир эттиби, «бара беребиз» – деп бу сапар ал дагы мурдагысындай жулунбады. Же чоочун шаардын сүрүнөн корундубу, билбейм.

Жол четинде сары жалбырактары сабалып түшүп аткан теректердин түбүндө басып турдук. Китеп колтуктаган кыздар, балдар улам көбөйүп, жаныбыздан өтө беришти. Бизге көңүл бурушкан жок. Эки кабат жатаканадан чыгып, үч кабат мектептин имаратына кирип кетишип жатты. Аңгыча силер көрүндүңөр. Үч кыз, эки бала болуп, жатакананын мүйүшүнөн чыкканыңарда эле биз силерди тааныдык. Экөөбүздүн оозубуздан: «Ана, Сабира, ана, Каныш» – деген сөздөр бир убакта тышка чыкты. Утурлап баспадык. Бирок көзүңөргө көрүнүп коюшубуз керек эле. Жолдун ортосуна чыктык. Каныш биринчи көрдү. Сени ийинге түрттү да, башын биз жакка ийкеп койду. «Сагынбек! Осмон!» – деген сөздөр силердин оозуңардан да бир убакта чыккансыды. Силер кайра жатаканага кирип, колтуктаган китептериңерди таштап чыктыңар. Сабакка ошентип, ал күнү барбай койдуңар. Күндүз шаарды көрдүк, кечинде театрга кирдик. Өзбекстандын бир областтык театры ал шаарда гастролдо жүргөн экен. Ошонун оюнуна кирдик.

Эсимде, «Гүлсара» музыкалык драмасын көргөнбүз. Осмон экөөбүздүн ортобузда отурган силер оюндун башынан аягына чейин ыйлап отурдуңар. Эртеңки коштошууга байланыштуу (ал тууралу биз силерге оюнга кирердин алдында, театрдын маңдайындагы ашканадан тамак жеп чыккандан кийин гана айткан элек) пайда болгон жүрөктөгү түпөйүл сезимден улам муунуңар бошошту көрүнөт. Гүлсаранын теңсиз замандагы тагдыры эмес, менимче ошондо силерди ыйлаткан жакындап калган коштошуу сааты, белгисиз убакка чейин коштошуу сааты болду. Күндүз кубанычыңарды кантип батырарыңарды билбей алдастагансыңар. «Ой, кантип келдиңер?» эмнеге келдиңер? – деген сурооңорго. – «Силерди көргөнү келдик. Сагынып кеттик. Эч кимге айтпастан жүрө бердик,– деп жооп бергенбиз да.

Балким күндүз эле биздин коштошууга келгенибизди жашырбай айтып, чөнтөгүбүздөгү военкоматтын чакыруу кагаздарын көрсөтсөк, силер ошол замат ыйды баштамаксыңар.– «Эмнеге ыйлайсыңар? – деп оюндан чыккандан кийин деле сурасак, сүйлөшүп алгандай. – «Байкуш Гүлсара сүйгөнүнө жетпей кадбадыбы» – деп ого бетер шолоктодуңар. Гүлсара байкуш, ошентип, силердин ошондогу көкүрөк тиреген бушайман сезимиңерди жаш аркылуу тышка чыгарууга шылтоо гана болгонсуду…

Биз чайханада түнөп чыктык. Түнкү саат он экилерде жатаканаңардын бурчунда: «Биз таң түңкөйгөндө жүрүп кетебиз, коштошконубуз ушул болсун. – Каякка жиберишсе да, жетерибиз менен кат жазабыз… Тез-тез жооп берип турсаңар»,– деп кол алышып кеткенбиз. Ным жыттанган кир чайхананын таар төшөлгөн такта үстүндө ары-бери ооналактап уктай албадык. Анын катуулугунан эмес, мойнубуздан кучактап көпкө чейин коё бербей ыйлаган силерди элестеп, силер жөнүндө кеп салып жатып, пас чайхананын көчө тараптагы төө көзүндөй үч терезесинен бир аз шоола киргенде эле, акчасын жатарда берип койгондуктан, чайханачыны да ойготпой, эшиктин илгичин акырын ачып сыртка чыгып кеттик.

Машина, араба жүрчү жолго жакындай бергенибизде нарыдан эрбеңдеп эки караан кол кармашкан бойдон бизди көздөй чуркап келатыптыр… Токтой калдык. Тааныдык – силерсиңер – Каныш экөөңсүңөр. Силер да түнү менен уктабай чыкканыңарды айттыңар. Биздин колубузду кармаган бойдон бирге кеттиңер. Осмон экөөбүздүн сөзүбүздү уккуңар да келбеди. «Эки күн окууну калтырат деген эмне?» «Тааныштардан көрүп койсо кантебиз?» – деп чочутуп да көрдүк. Бирок силер колубузду коё бербей койдуңар. Түшкө чейин ошентип, бирге жол бастык. Өткөн бирин-серин машинага, арабага түшүрбөй койдуңар. Күн батарда араң кайра жатаканаңарга жете турган маалда кайттыңар. Дагы ыйлап калдыңар.

Биздин караан үзүлгүчө жол четине чыгып карап турдуңар. Биз жигиттик кылдык ошондо. Көздөрүбүздөн жаш көрсөтпөөгө тырыштык. Бирок кылчак-кылчак арт жагыбызды карай берип, андан аркы жол арбыбай койду. Намаздигер ченде алдыбыздан бир жарым тонналык машина чыкты. Мен кол көтөрө койсом, токтой калды. «Кыздарыбызга дагы бир барып келбейлиби?» – дедим жанатан бери жылдызы өчүп, шылкыйып үн-сөзсүз келаткан Осмонго карап. Анын жүзү албыра түштү.

– Кеттик! – деди ал күлүмсүрөп.

Ошентип, биз силерге шаардын четинде кайрадан жете келдик. Экөөң аябай кубандыңар. «Көргөнү эле келсеңер керек. Бизди коркутуш үчүн эле жанагы кагазды жаздырып алгансыңар го» – деп чындыкты атайлап жалганга чыгарууга аракеттендиңер. Ал күнү түнкү саат бирге чейин дагы ары-бери басып калдык. Дагы коштоштук. Чайханабызга келсек, эшигин ачпай койду. Ичкериден гана уйкусу келгенгеби, кечеги мойну узун арык чал: «Жок» – деп добуш кылды.

– Кечеги түнөп кеткендербиз, – дедик.

– Бизде түнөп кеткендер көп болот, – деп кайра башын жаздыкка койгонсуду.

Ошентип, түндөп жүрүп кетүүгө туура келди.

Кийин бизге жазган катыңардан билсек, ал күнү да таң заардан баягы жерден узатууга келип шашкеге чейин күтүп, анан чайханалардын баарын кыдырып чыккан турбайсыңарбы. Осмон экөөбүз бир согуштук окуу жайына туш келдик. Түркмөнстандын Кушка деген чек арадагы шаарында кызмат өтөдүк. Биринчи айдын акырында эле экөөбүз тең дем алышта уруксат алдык да шаарга барып, сүрөткө түштүк. Боз тумак, боз шинель, маңдайыбызда жылдыз, белибизде кур, күлүп турабыз. Атайын силер үчүн ошентип түштүк. Силерди кубантыш үчүн атайлап күлүп түштүк. Кийин кат алган сайын ал сүрөт тууралуу эскерүүнү сен унуткан жоксуң. «Сен эсиме түшкөндө ар дайым өзүм менен кошо алып жүргөн сүрөтүңү карайм, бетиме басам»…

Андан кийин антип сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Төрт айдан кийин кенже лейтенант наамын беришип, жаңыдан түзүлүп жаткан аскер бөлүктөрүнө жиберишти. Осмон менен ошондо ажыраштык. Бир жарым айдан кийин пулемёттук взводдун (пулемёттук окуу жайын бүткөн элек да) командири катарында жоо менен беттешүүгө туура келди. Ошондон тартып каттар жазылып калды. Менин чолом тийбей жүрдү. Үч айдан көбүрөк алдыңкы линияда жүрүп, акыры жеңил жарадар болдум да, эки жарым ай госпиталда жатып чыктым. Мындан кийин да окууга жиберишти…

Бу жолу чалгынчылардын мектебинен машыгууга туура келди. Ошол учурда экөөбүздүн ортобузда ары-бери каттаган каттар дагы көбөйдү. Окуу жайы майдан эмес да. Мында андайларга убакыт табылчу… Ошондо биринчи жолу менин жүрөгүмү солк эттирген, аны шексинткен кат келди. Анын мазмуну мындай эле, алиге унутпаганмын:

…«Мен сенден эч нерсени жашырган эмесмин. Сагын, туурабы? Сегизинчиде окуп жүргөн кезимде тарыхтан сабак берчү агай мага кат жазганда аны өзүмөн мурда сага окутканым эсиңдеби? Анан ошол мугалим мен эки-үч күн сасык тумоолоп окууга барбай калсам, ошонуму шылтоолоп, үйүбүзгө келгенин (ал биздин класска жетекчи эмес беле), анан атам, апамдар менен ал сандалда отурганын (кыш эле да) ага деп атайлап мен чай чайнатканымы, анан өз колум менен куюп бериш үчүн мен да сандалдын бир көзүнө отура калганым, анан муздак үйдө колум үшүп кеткендиктен, сандалга сала койсом, агайымын чеңгелине кантип туш болгонуна чейин айтып бербедим беле? Жакында дагы бир кызык окуя болду, Сагынбек. Жогору жактагы Үч-Булак айлынан Кожомкул деген жигит келиптир армиядан. Анын сол колунун так алакан отуна ок тийиптир. Ой, тобо издеп жүрүп таап тийгендей колуна, оң колуна эмес, сол колуна, болгондо да так алакан ортосуна тийиптир. Ушундай да акылдуу октор болот экен ээ, Сагынбек?.. (Сени күлсүн деп айтып атам муну). Ал да мурда мугалим экен. Келери менен аны башталгыч мектепке башчы кылышыптыр. Январь кеңешмесинде тааныштык аны менен. Төмөнкү класс мугалимдеринин секциялык ишине ошол жетекчилик кылып калды.

Бизге айта турганы, көрсөтө турганы жок экенине көзүбүз жеткенден кийин, өңчөй кыз, келиндер (арабызда жалгыз эркегибиз ошол эле) тамашага азгырып кеттик аны. «Агай согушка барганыңызды айтып берсеңиз» – деп сурансак, өзү да сүйүнүп кетти окшойт, кийин аны токтото албай эсибиз ооду. Чыканагын столго коюп, манчалары күйгөн тооктун бутундай бүрүшүп, ичине ийилип калган жарадар колун сырайта көтөрүп, жеңин ылдыйга тарта сүйлөп кирди дейсиң. Кантип жоо менен беттешкенин айткан жок, ок алакандын каягынан тийип, каягынан чыгып кеткенин, талаа госпиталына кантип качып жеткенин, канча күн анда жатканын, аерде жаткандардын кылык-жоругун, кантип госпиталда көбүрөк жатууга болорун (жаратын тырмап жаңыртып алат имиш), кантип температураны жогорулатып коюуга болорун (термометрди чертип отуруп) айтып, бизди күлдүрдү.

Баарынан мен көп күлүп, ага көп суроо бердим окшойт. Ал аңгемебиздин аягы эмне менен бүттү дебейсиңби? «Мен ичиңерден Сабираны жакшы көрүп калдым. Ачык мүнөз кыз экен. Тийсе бүгүн алып кетер элем» – десе болобу жанагы Кожомкул.

– Мен да сиздей жигитти таппай жүрөм, – деп күлдүм…

Менин бул тамашамы ал байкуш чындык деп түшүнсө керек. Ал ошондон тартып үзбөй кат жазып жүрөт. Эмне дейин, Сагынбек?»… Мына ушундай мазмундагы катың, чынымы айтсам, мага жаккан жок. Мурдагы агайың менен болгон окуя мага башкача таасир эткен эле, эми алыста жүргөндө, экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сезимибиз сыноодон өтүп жаткан кезде тигиндей жеңил-желпи, белгилүү даражадагы шайкелеңдик менен жазылган катың мага эч кандай кубаныч берген жок, тескерисинче иренжитти, жүрөгүмө шек уялатты. Мен эмне деп жооп жазарымы билбей эки-үч жума ойлонуп жүргөнүмдө бизди шашылыш тапшырма менен бир түндө самолётко отургузду да, парашют менен душмандын тылына таштап коюшту. Мен ал жактан он төрт айдан кийин гана кайра «Чоң жерге» келдим. Ошол мезгилдин ичинде албетте, сени менен да, үйдөгүлөр менен да, кат-кабар алышпай калдым…

Мен чалгында жүрүп, душмандын буктурмасына кабылдым. Ошол кагылышта жарадар болдум. Бир көздөн ажырап калдым. Граната жарылганда анын чачырандысы тийген экен. «Чоң жерге» госпиталга келген соң, ата-энемен мурун сага өзүм жөнүндө кабар кылууга шаштым. Кат жаздым. Жооп келе бербеди. Тынчсыздана күттүм. Беш айдан кийин гана сагынып жүргөн катыңы алдым. Аны кантип колума кармап, кантип, ачканымы албетте, сен билбейсиң. Анткени ал тууралуу жазган эмесмин. Катыңы окугандан кийин аны жазууга болбой калды. Ал катыңын мазмуну мындай эле «Сагынбек, кечиресиң, менин жоопту кечиктиргенимин себеби бар. Сенден бир жарым жылча кат-кабар келбей кетти. Нечен кат жаздым, бирине да жооп келбеди. Кат-кабарсыз кеткендер тууралуу ар кандай сөз тарады. Алардын биринен-бири жаман эле. Жүрөктү үшүтүп, үмүттү үздүргөн кабарлар. Сен тууралуу да ошондой суук кабар тарап кеткен. Эмне кылуу керек эле. Күтөм дегеним эсимде. Сен бир катыңда жазган «Күт мени» деген ырдын мазмуну да эсимде жүргөн. Бирок шарт ошондой болуп калды, мен жаза басып алдым. Аны азыр гана, сенден кат алганда гана сезип отурам. Шашылганымы, балалык кылганымы эми гана түшүнүп отурам. Кыскасы, эрге тийип чыктым. Баягы Кожомкул дегенге. Жаздым эле го сага? Бир жыл бою ал тындырбай кат жазды. Сенден болсо кабар жок. Согуштун аягы көрүнбөйт. Өмүр өтүп жатат. Аялы өлгөндөрдөн, ажырашкандардан жуучулар көбөйө берди. Эмне кылышым керек эле? Ошону менен качып кетүүгө туура келди. Бирок ал сен эмес экенин баргандан кийин бир айга жетпей сездим. Сүйүүсүз барганымы түшүндүм. Кайра баса бердим. Азыр айылда өзүңө белгилүү мектепте иштеп жатам. Бардыгына күнөөлүү, албетте согуш. Ал болбосо, сен жаныман алыс кетмек белең.. Мен Кожомкул окшогон чала ачыган камырдай немеге башымы байламак белем? Менин оюм-көңүлүм, жүрөгүм дагы эле сенде. Бирок күнөөлүү болуп калдым алдыңда. Аны кечириш-кечирбес эми сенин ыктыярындагы иш. Эгер сен бир жарым жыл дарексиз кетпегениңде, мен эч жакка бармак эмесмин. Туурабы, Сагынбек? Эми өзүң чеч. Бирок сен менин көңүлүмдө түбөлүк сакталып кала бересиң. Башка сөзүм жок» депсиң.

Эмне кылышым керек эле. Таза сүйүү, сеникиндей болууга тийиш эмес да. Менин дарексиз кеткеним ырас. Бирок он жыл эмес да, бар болгону бир жылдан саал көбүрөк. Ушунчага туруштук бере албаган сүйүүнү кантип чыныгы сүйүү дейбиз?.. «Сагынбек, сен текстин жазып жиберген «Мени күт» деген ырды ошол күнү эле жаттап алдым. Аны Симонов эмес, сен өзүң жазгандай, мага карата жазгандай кабыл алдым. Андагы сенин өтүнүчүңү (көрдүңбү, сеники деп кабыл алып атам) тирүү турсам сөзсүз аткарам. Эч ким күтпөй калганда да сени мен күтөм, мен келер жолуңу зарыга карап жүрөм. Ишен, Сагынбек. Өзүңө кандай ишенсең, мага да ошондой ишен деген» мен биринчи жолу госпиталга түшкөндөгү жазганың эсимде жүрчү да. Сенин ар бир катыңдын мазмуну жүрөгүмө үтүр, чекитине чейин печаттай басылып калчу да.

Баары жадымда. Жогоркудай маз- мундагы бул катыңы алгандан кийин, наристедей ал жерде жүргөндө оозуңан чыкканга, быякка келгенден кийин катыңа ишенип жүрүп, куру бекер жүрөгүмү калбыр кылганымы эстеп, ызаландым. Абдан жаман ызаландым. Жаш баладай алданганыма ызаландым. Эмне деп жазышым керек эле? Колума калем кармай албадым. Байкоостон башыма таяк жегендей бир нече күнгө керең тартып жүрдүм, уйгу-туйгу сезимдердин күрөшүнөн тажап да кеттим. Акыры кол шилтедим да мындай тыякакка келдим. «Мени сүйгөнү калп экен. Ачык мүнөз гана десем, ал шайкелең дагы турбайбы. Ошондой неме үчүн ушинтип, отко-чокко бойду урга- ным болобу? Жок, болбойт. Андайга арзыбайт Сабира сыяктуулар»…

Үч айга жакын ал катың жоопсуз жатты. Сен да башка жазбадың. Жазууну кааласаң да уялдың окшойт. Үч айдан кийин чыдай албастан мен кат жаздым. Жогоркудай тыянагым жүрөгүмү тынчыта албады. «Сабира, сенин катың жүрөгүмө тийген ок болуп, ушул убакка чейин эсими жыя албай жүрдүм. Эми гана колум кагаз, калем кармаганга жарады. Коркпо, жарадар экен деп. Колу-бутум соо эле. Ок башка жагыма тийген. Жүрөгүмө тийген сенин огуңан колдорум, иштебей жүрдү. Ойлонуп-ойлонуп, акыры кайра сенден кат алгандагы чыгарган жыйынтыгыман башкача иш кылып отурам… Сенден биротоло кол үзүп кете алгыдай эмесмин. Ойлосом, менин дарексиз кеткеним сенин жаза басышың үчүн негизги себеп болсо керек. Жаңылганымы байкаган соң кайра тарткан турбайсыңбы? Кечирет окшоймун. Өзүң жазгандай мени сен түбөлүккө унута албай турган болсоң, мен кантип унутайын. Кантип сени көкүрөктөн ары түртөйүн. Кел, Сабирам, элдешели» – деп жазып жибердим.

Мына ошондо өзүм эч качан кечире албай турган жаңылыштык жибергеними кийин, госпиталдан келгенден кийин түшүнбөдүмбү. Ошондон тартып каттар агылып бара баштады… Менден да… Тогуз жарым ай дегенде мен госпиталдан чыктым. Айылга эмес, поезд келчү акыркы станциядан түшүп алып, райондун борборун көздөй жол тарттым. Жонумда солдаттын капчыгы. Жолдон такыр машина жолукпай койду. Үч-төрт араба чыкты, бирок жүгү менен. Ошентип, отуз чакырымча жерге жөө басып келдим. Сен кийинки бир катыңда: «Мени жакында көтөрүштү, райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы кылып дайындашты» – дегенсиң да. А дегенде сени көрүп, сени менен кол алышууну дегдеп, тердеп-тепчип, кызмат бүтүүгө жарым саатча калганда жетип келдим. Сен жок экенсиң. «Командировкага кеткен»– дешти районодогулар. «Каякка?» – десем айылды айтышты. Кубанып кеттим.

Менин жолуму тосуп жүргөн турбайбы деп түшүндүм. Райондон жыйырма чакырымча алыс эмес беле биздин кыштак. Ошол жакты карап жүрүп кеттим. Эл жатарда жеттим айлыма. Кимден сурамак элем сени. Эл жатып калыптыр. Үйгө келдим. Атам эшикте жүрүптүр. Сарайга кирип уюна, торпогуна, мага атап байлаган коюна, чөп салып чыгып келаткан экен. «Сагынымсыңбы?! – деди ага метрче калганымда. Басышыман тааныды окшойт да жарыктык, эки колун тең жайды да анан мага карап арбаңдап чуркады. Атамын үнүн үйдөгү апам уккан экен, жалгыз канат эшик тарс ачылып, а киши айланып-кагылып атылып чыга келди. «Мен жакында барып каламын» – деп сага кат жазганда буларга да жазганмын да. Кап, «атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада» деген ырас экендигине ошондо дагы бир жолу ишендим. Дагы бир эшиктен: «Сагынбек, келдиңби?!» деген кыйкырык менен сенин чыкпаганыңа ичимен ыраазы болбой отурдум. Ата-энемин, инилеримин, карындаштарымын жабыла төшөктөн тура келип, ороп калганына карабастан, бирөө жетишпей тура келип. Ал сен элең… Көрсө, атам менен апам тигиндей кат алгандан кийин бир нече күндөн бери түн жарымына чейин алмак-салмак сыртка чыгышып, мал-келди карамыш болушуп, менин жолуму тосуп жүрүшкөн тура. Сени да ошондой түшүндүм. Айылга командировканы шылтоолоп атайлап мени тоскону келген деп түшүндүм да.

Сенин бир кездеги иренжиткен окуяларың да ошол түндө эсимен чыгып кетиптир. Таптаза бойдон элестеп, сагынтып, кумарымы арттырып жаттың. Таң ошентип, ал түнү таң мен үчүн өтө кыйынчылык менен атты… Эрте менен биздин үйдү ал кездеги салт боюнча эл басып калды. Көпчүлүгү катын-калач, бала-бакыра. Мен сени издеп чыгуу оюмда турса да, анте алганым жок. Уялдым ата-энемен, келгендерден. Өзүңү күттүм. Атайлап бу жакта үч-төрт күндөн бери жүрсө, кабар алар же бирөөдөн угат, демек өзү келет деп күттүм. Жаңылбапмын. Түшкө жакын бул сельсоветте согуштан бери иштеп калган аялдын коштоосу менен келдиң. Сен кучактап калсаң, кантем деп чочулап отургам, ичимен. Экөөбүздүн кантип учурашарыбызды элестетип, жылмайып да, уялып да отурганмын. Босогодон көрүнөрүң менен тура калдым. Шашып кеттим. Бетим да кызарып чыкты көрүнөт. Жаныңда сельсовет аялдын жүргөнү мени ого бетер уялтты. Бирок баарысы тескерсинче чыкты. Сен суз гана кол сунуп, а түгүл менин жүзүмө жакшылыктуу тиктегениң да жок. Чала тааныш немедей тил учунан аман-эсендикти сурадың. Корккондой, үрккөндөй, эки-үч курдай алдыртан менин кыймылсыз бир көзүмө, салкын тартып калган, мээримсиз көзүңү кадагансыдың. Кайра эле жер карап калып жаттың. Көзүм тууралуу сага да, үйгө да жазган эмесмин. Чынын айтсам, ал биздин мамилеге кедерги, жолтоо болот деген нерсе оюма да келбептир.

Нан ооз тийип, бир пияладан чай ичип гана чыгып кете бердиңер. Мен узатуу үчүн бирге бастым. Он кадам нарылабай туруп: «Сагынбек, сага эл келип атыптыр учурашканы, ушерден кайта бер, мен дагы үч-төрт күн боломун биерде, көрүшөбүз го» – деп колуңу сундуң. Сенек болгон немедей аныңын манчалары да ийилген жок. Менин аны кармаган колум кубанбастан, уялып калды… Эртеси издесем, сен ошол күнү эле районго кетип калыпсың. Андан бир жумага жетпей мен учётко турамын деп, райвоенкоматты шылтоолоп районго бардым. А дегенде сенин конторуңа бардым. Өзүндө экенсиң. Мен киргенден кийин дагы аман-эсендикти сурадың. Дагы эле жүзүңдө баягы суздук. Мен сөзгө келгенче болбой эле сен минттиң: «Кечирип кой, Сагынбек, мени райисполкомго чакырышкан эле. Сен киргенде жөнөгөнү тургам, жакында дагы айылга барам го командировкага. Ошондо кенен-кесир сүйлөшөрбүз» – деп ордуңан турдуң. Жүзүмө дагы тик карабадың.

…Мен айылга кеттим. Бирок сен жарым жыл бою ал жакка келбей койдуң. Мен баарын түшүндүм… Кийинки жылы окууга кеттим да, мен да айыл менен биротоло коштошкондой болдум. Жыл сайын бир жолу гана каникулга келип, анан отпускага барып жүрдүм. Сени менен жолугушпоого тырышчу элем, бу жолу кокусунан кезигишип калбадыкпы. Баарына Осмон күнөөлүү. Ал атайлап иштеген тура. Анысы, албетте акылсыздык. «Отуруштун аягына чейин бир жолу да мени жакшылап тиктеп койгонго жараган жоксуң» – деп таарынасың. Кантип карамак элем. Сен да бир кезде ошентип мени тике кароодон жийиркенгенсиң да. Менин кыймылсыз жасалма көзүмөн жийиркенип ошенткенсиң.

Ошондогу сенин көз карашың мага өтүп калганын эми байкадыңбы? Мен сен каалагандай бу жолу тигиле тиктегеним менен да соо көзүмөн өзүң эске салгандай «терең сырды», жүрөгүңү өрткө каптаган «жалынды» көрмөк эмессиң, тескерисинче, андан мелт-калт болуп турган жек көрүүнү гана көрүп, мындан бетер туталанмаксың, мындан бетер таарынмаксың. Ушул ачык катты окугандан кийин биздин балдарыбыз жөнүндөгү сенин «камкордугуңа» менин пикирим кандай болорун түшүнөрсүң го деп ойлойм. Кош, ушул кат экөөбүздү сүйлөштүргөн акыркы кат болсун.

1958

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.