Жарык дүйнөгө кур келген эмес…

Жылуу-жумшак сөзүбүздү арнап алганга өздүк майрам — туулган күн да ыңгайлуу экен. Бүгүн — 7-Январь. Акын Назгүл Осмонованын — Назгүл курдаштын туулган күнү! Мына, бүгүнкү күнүнө 7 сандарынан 3 эм эгиздей болуп, үчөө турат! 1972. 07.01. анан 47… Нумерология илиминде 7 саны менен 3 санына өзгөчө мыкты белгидеги адамдар туура келгени жөнүндө айтылып келет.

Назгүлдүн ушул кезге чейин жазып келген, жазып жаткан жана келечекте жаза турган ырлары жөнүндө ойлоп олтуруп жыйынтык чыгардым: Назгүл бул жарык дүйнөгө кур келбей — ыр-жүрөгүн, ыр-белегин кошо ала келиптир! Назгүл курдаштан мен 3 көйнөк мурун жырткам, боюм да 3 сантиметрге узун. Андай болгонум менен, акыл-эс, таалим-тарбия, китеп окуу, эмгектенүү, изденүү, талант жагынан алганда, курдаштын жанында мен «кичинекей», «кичүү» болуп калам.

Ошон үчүн го, тилдеп койсо унчукпай угам, кеңеш айтса кабыл алам… (Өзүмдөн дагы 3 жаш улуу бир курдашым бар. Ал «мен сенден 3 жашка улуумун» деп керектүү жерде мага үстөмдүгүн көргөзө коёт. Мен Назгүлгө анте албайм, анткени, жогоруда айткандай… Ал курдашыма Назгүл курдашымды көргөзгүм келе берет. Кичүүлөр деле улуулардан акылдуу болуп калышын мисал кылсам дейм…)

«Поэзия Ханышасы»

Анда, 1997-жыл болчу. Республикалык «Обон» газетасында иштечүмүн. Газета эркин, бирок искусство менен адабиятты элге тартуулаган — көпүрө сымал милдетти аткарып турчу. Жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, композиторлор, актёрлор, режиссёрлор жөнүндө жазылчу. Бир күнү, жаш кыз-келиндер арасында газета аркылуу «Поэзия Ханышасы» деген конкурс өткөрүү жөнүндө ой келди мага. Дароо эле редактор — Орозалиев Дүйшөмамбет мырзага айттым. Редактор сунушумду колдоду. Газетага «Поэзия Ханышасы» конкурсуна катышуунун жол-жоболору жарыяланды. Жарыя чыккандан кийин эле конкурска катышуу үчүн ырлар катар-катар жыйылып редакцияга келе баштады.

Ал кездеги почта кызматы аркылуу жөнөткөндөр да көп болду, өз колдору менен редакцияга алып келгендер андан көп. Ошондо деле ыр жазган акын кыздар арбын болчу. Албетте, анда деле ырлардын деңгээли ар кандай эле. Биздин максат: тунук, таза поэзияны сууруп, элге алып чыгуу болгон. Ошондуктан, конкурска катышуучуларды да тандоого туура келди. Редакциянын куржунунуна келип түшкөн ырларды талдап берүү үчүн ошол кездеги адабият сынчысы, доцент Санарбек Карымшаков агайга кайрылып турдум. Ар бир санга чыга турган ырларды Санарбек агай тандап, иргеп берип турду.

Конкурска катышууга 20 чакты кыз-келиндин гана ыры жарактуу болуп, газетабыздын бир нече сандарына катары менен жарык көрдү. Эң аягында, ал жарык көргөн мыкты ырлар аркылуу «Поэзия Ханышасын» табуу милдети калды. Ошол кездеги улуу куракка келип калган, адабиятка жаштыгын, өмүрүн арнаган тажрыйбалуу инсандардан калыстар тобун түздүм. Албетте, өздөрүнүн макулдугу менен. Ал калыстар кимдер эле? Кыргыз эл акындары: Майрамкан Абылкасымова, Рамис Рыскулов сыяктуу бир топ акын-жазуучулар болду.

Газетага жарыяланган ар бир ырды машинкага басып, авторлордун аты-жөнүнүн ордуна цифраларды коюп чыктым. Анан ар башка сааттарга калыстарды бирден чакырып, тосуп алып ырларды окуп, баалап, анан ошого жараша балл коюп беришин сурандым. Ошондогу калыс болуп берген улууларга рахмат! Ырларды шашпай окушуп, чын көңүлдөн талдап, ар бир ырдын өзгөчөлүгүнө, мыктылыгына жараша балл коюп беришкен. Азыр ойлосом, бирден келген калыстарга бир чыны чай кайнатып деле бергенге жарабапмын, редакциялык бөлмөбүздө чайнек деле бар эле. Минтип өкүнгөнүм, калыстардын жумуштанбы же башка жактанбы — чарчап келген жүздөрү эмдигиче көз алдымда калып калыптыр.

Айрыкча, Санарбек Карымшаков агайдын эмгеги бул конкурста баа жеткис эле! Санарбек агайдын азыр көзү өтүп кетиптир. Сөөгү жерге жагып, жаны жайлуу жерди мекендесин дегим келет… «Рахмат кызым, мейли прозабы, мейли поэзиябы, көркөм чыгармаларды окуу, талдоо менин стихиям да»? — деп абдан кубанган. Мен рахмат айтпай эле, агай кайра мага рахмат айтып кеткен. Асыл адамдар!..

Калыстар бааларын коюп кетишкенден кийин, акын кыздардын ким канча балл алганын жыйынтыктасам, эң жогорку балл алган — номер 8 деген сан менен белгиленген барактагы ырлар экен! Ал ырлардын оригиналын, авторун карасам — Назгүл Осмонова болуп чыкты. Ал кезде мен Назгүлдү таанычу эмесмин. Ошентип, «Поэзия Ханышасы» деген титулду Назгүл Осмонова жеңип алган! Назгүлдөн кийинки орунду Мадина Тураева, андан кийинки орунга Жыпаркүл Исабаева татыктуу болгон. Жеңүүчүлөр газетабызга жарыяланып, бирине азыраак акчалай сыйлык, бирине картина ж.б. белектер берилип жыйынтыкталган. Бирок конкурстун автору, уюштуруучусу катары мен «Поэзия Ханышасын» жеңген Назгүлгө — Ханышалык таажыны кийгизе албай калгам. Ошондон бери жүрөгүмдө жашайт, Назгүлгө таажы карызмын!

Кеч болсо да, чыгармачылык бир жакшылыгында, убагында кийгизе албай калган таажы сын кийгизем деп камынып жүрөм.

«Ала-Тоо — 97» фестиваль-кеңешмеси

Ошол эле 1997-жылы массалык маалымат каражаттарына Кыргызстан Жазуучулар Союзу менен Кыргызстандагы “Сорос” фондусу биригип, 35 жашка чейинки жаш жазуучулардын Республикалык фестиваль-кеңешмесине катышууга чакырык таштаган жарыясы чыкты. Кыргызстан боюнча калем кармап жүргөн жаштардын көпчүлүгү эле фестивалга катышкандай болду. Ал «Ала-Тоо — 97» — фестиваль-кеңешмеси деген аталыш менен өттү. Кыргызстандын булуң-бурчунан бери жаш калемгерлерден турган делегациялар келди. Конкурска катышууну каалагандардын баары чыгармаларын Жазуучулар Союзуна тапшырдык. Ошентип, 2-3 күнгө созулган, чыгармачылык талкуулар менен коштолгон фестивалдын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Жетөөбүз фестивалдын лауреаты деп табылдык. Алар: Назгүл Осмонова, Аида Эгембердиева, Олжобай Шакир, Садык Гавай анан мен. Дагы эки жигиттин аты-жөнүн эстей албай жатам. Себеби, алар адабият айдыңында андан кийин көрүнбөй калгандай болушту. Жеңүүчү — лауреаттар кубанып эле жатып калдык, адабият дүйнөсүн аттаганга биздин тушообуз кесилди десем да болот. Дароо эле Кыргызстан Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алындык. Ар бирибиздин бирден китепчебизди “Сорос” фондусу чыгарып бермек болду (кийин жарыкка чыкты) ж.б. материалдык белектер да колубузга тийди.

Андан кийин, ушул кезге чейин жаш калемгерлер эң көп катышкан, бийик деңгээлге жете өткөрүлгөн андай адабий шаң-салтанаттын өткөнүн көрө элекмин. Айта кетүү керек, ошол фестиваль-кеңешмени уюштурууда акын, Маркабай Ааматовдун аракети, эмгеги чоң болгонун баамдаганбыз. Ошентип, «Ала-Тоо — 97» фестивалы андагы жеңишибиз Назгүл экөөбүздү ого бетер жакындаштырган…

Достук, сый, урмат

Адабият чөйрөсүндө өтө жакын эки эле курбум бар. Бири — Айнагүл Базарбаева болсо, бири — Назгүл Осмонова. Биздин ички дүйнөбүз, мүнөздөрүбүз, кыялдарыбыз дал келишти окшойт же элибизде айтылгандай: «жылдызыбыз туура келет». Албетте, бизде деле пенделик пикир келишпестик, карама-каршылык, таарынуулар болот. Бирок чегинен чыгып кетпейт…

Назгүл, наз жана жаз

Адабий чыгармачылыкка жанын арнап койгон кызыбыз. Ички сыры эле эмес, мүнөзү, сүйлөгөнү, үнү, кыймыл-аракетинен бери назик. Чынын айтайын, адамкерчилик боюнча да Назгүлдөй боло албай келебиз. Майрам же жөн эле мындай күндөрдө деле чай үстүндө сүйлөшүү, сырдашуу, досторуна, жакындарына көңүл буруп сыйлоону Назгүл уюштура коёт. Адамкерчилик — Назгүлдүн зээнинде, дээринде жашайт. Айттырбай билген — акылдуу жан!

Ооба, акылмандар айткандай: «Сый-урмат көрсөтүүдөн бир да адам баласы кемип же жабыркап калган эмес!» Назгүл да сыйлоодон кемип калган жок, арабыздагы баркы гана өсүп жатат. Назгүлдүн айкөлдүгү, берешендиги, кайрымдуулугу жөнүндө дагы көп сөздөрдү, окуяларды айтсам болот. Бирок кыскартайын…

Уул — Сыймык

Назгүлдүн уулу, Сыймыкты өтө жакшы көрөм. Кийин-кийин мыкты уулдардын баарын өз уулумдай көрүп, кубат алып жашайм деп келем. Сыймык дал ошондой мыкты уулдардан болуп өсүп келатат. Эң кызыгы, көчөдө, талаада, таштандыда калган ит-мышыктарды келечекте камкордукка алам деп кыялданат экен. Мен да ошентип кыялданчумун, кыялды азыр аткаргам. Азыр менин камкордугума алынган бир нече үй-жаныбарлары бар. Мен мектепти бүтөөр жылы «эргип» ата-энеме гитара саттырып алып, чертип калчумун. Сыймык да былтыр мектепти бүтөөр жылы гитара саттырып алыптыр. Угуп алып, ичимден кубануу менен жылмайып көпкө эстеп жүрдүм…

Сыймыктын боорукерлик сапаттарын угуп-биле электе, Сыймыкты биринчи көргөндөн кийин үйгө келип алып, Сыймыкка кандайдыр бир жакындыгымды сезип, өзүмдүн уулумдай көрүп, жагымдуу бир башкача сезим менде пайда болгон! Чыдабай, курдашка телефон чалгам:

— Назгүл, Сыймык менин эле уулум го, менин эле уулумдай!..

Кийин уксам, Назгүл да, Сыймык да абдан күлүшүптүр… Көрсө, Сыймык экөөбүздү бириктирген улуу сезим — боорукерлик экен. Ал боорукерлигибиз — жардамсыз, ээсиз калган, жараланган, адам баласы тарабынан кордолгон тилсиз жан-жаныбарларды аёо, алар үчүн азап тартуу…

Сыймыктай боорукер уулду жарык дүйнөгө алып келген — Эне-Назгүлгө ичимден абдан ыраазы болом, кубанам! (Албетте, Назгүл кол кармашкан түгөйүнүн сүйүктүү жары, мыкты билим-тарбия менен чоңойгон Аида кыздын да энеси экендигин өзүнчө сөз кылууга арзыйт)

Азыркы күндө Назгүл ыр эле жазбастан, бир нече чыгармаларды кыргыз тилине которуп, бир нече китептерге редакторлук кылып иштеп жатат. Курдашыма ден-соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк жыргалчылык, тынчтыкты гана каалайм. Калганына Назгүлүбүздүн билими, акылы жетет. Бар бол, Назгүл!

6 Replies to “Жылдызча: Назгүлгө таажы карызмын”

  1. Мен Венера Бөлөкбаеваны ошол 1997-жылдан бери тааныйм. Бирок Назгүлдү былтыртан бери тааныдым. ырлары аркылуу жылуу сезимдер пайда болду. Экөө тең мыкты инсан, мыкты чыгармачыл айымдар. Бар болгула!

  2. Жылдызчa, бул жaзгaнынa кaрaгaндa, «-чa’сы» жок эле, бaркырaгaн ЖЫЛДЫЗ экен. Мындaй дaнектүү текстти көөдөнү бөксө киши бaшын тaшкa миң урсa дa жaзa aлбaйт. Эки ооз сөз менен Нaзгүлдүн, aнaн өзүнүн дa aвтопортретин тaртып сaлыптыр. Нaзгүлдү мен окуткaм, жaзгaн ырлaрын, котормолорун окуп, дили тaзa, сезимтaл, сөз кунун билген, кылдaт стилист болуп чыккaнынa aбдaн ырaaзы болуп жүрөм. Нaзгүл, Жылдызчa — экөөңөргө тең бaрдык жaкшылыктaрды кaaлaйм.

    1. Сулайман агай, абдан туура айттыңыз. Венера Бөлөкбаева учурдагы кичи прозанын чоң чебери болуп калды! Жүрөк дирилдеткен, сезимиңди толкундаткан аңгемелери абдан сонун! Жылуу сөздөрүңүз үчүн рахмат! Көңүлүбүз көкөлөп, Айга учканы турабыз! Дагы да адабиятка ак эмгек өтөй бермекчибиз! Ушундай сайттын ээси Олжобайга өзүнчө алкыш. Баарыңарга ден соолук берсин, Жараткан!

    2. Рахмат, Сулайман ага! Ак тилектеги тамаша коштогон каалооңузга ыраазычылык. Эсендикте, ар тараптан бизге үлгү болуп жүрө бериңиз! Таазим Сизге…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.