Француз эл жомогу: Түлкү менен тоок

Бир жолу кыштак четинен тоок менен түлкү жолугуп калышат. Бир аз жакындаса эле жакын турган дарактын бутагына учуп чыга каччудай болгон тоокту алдаштын амалын издеген түлкү аңкоо немече анткорлоно сурап турганы: — Тоок курдаш, сен кыйын эмессиңби, айтып койчу, күндүзү кантип уктаса болот? — Ошону билбейсиңби? Башты канаттын алдына салыш керек да көздү жумуш керек. Мына моминтип, — деп акылсыз тоок түлкүгө жакшыраак түшүндүрүш үчүн башын канатынын алдына катат. Ушуну эле күтүп турган түкөң эки секирип жетип тоокту тиштеп, токойду […]

Виктор Астафьев: Орус алмазы (конкурска №10)

АҢГЕМЕ Полуденный суусу так эле Европа менен Азиянын чек арасы аркылуу агат. Кай бир жерлерде саздуу белден төмөн карай, жайдак аттын тер баскан жонунан шыпырылган баладай акса, дөңдөрдүн жанында имерилип, коктуларда мелмилдеп, кай бир жерде белди оюп, ташты көзөп агат. Ушул суу жээгинде Промысла кыштагы жайгашкан. Мурда бул кыштак Кресто-Воздвижен промыслы аталып, бирок революциялык өзгөрүүлөрдөн улам, биринчи бөлүгү өчүп калган экен. Илгери Кресто-Воздвижен промыслы баронесса Полье-Варвара Бутэра-Родалиге таандык болуп, ал жерден крепосной дыйкандар жана каторжниктер алтын казышчу экен. Атасынын ордуна […]

Дилазык: Сүйүү жана бакыт жөнүндө уламыш

Кичинекей бакыт атасынан: — Сүйүү каякка кетет?- деп сурады. Атасы: — Ал өлүп баратат, — деп жооп берди. — Балам, адамдар бар нерсени барктап-баалап сүйө алышпайт. “Чоңойгондо адамдарга жардам берем!” деп ойлонду кичинекей бакыт. Жылдар өтүп, Бакыт жетилип чоңойду. Өз убадасын эстен чыгарбай, бар күчүн жумшап, адамдарга жардам бергиси келди. Бирок адамдар аны сезбеди. Акырындык менен чоң Бакыт кичирейип, алсыз боло баштады. Таптакыр жок болуп кеткенден коркуп, дартына дабаа издеп, алыскы сапарга чыкты. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, Бакыт жолунан эч […]

Үмүт Култаева: Азыркы доор үнү Мамазаированын «Аймаран» романында

Эгемендик алып келген эркиндик менен бирге өзгөргөн доордун коомдук-саясый, экономикалык, нравалык кризиси улуттук адабияттын көркөм аянтында жаңы горизонтту табигый түрдө көрсөтүп, көркөм сөз өнөрүндө жаңы темалардын жаралышы табигый көрүнүш го. Жаңы доорду чагылдырган адабият – жаңы доор адабияты атала баштады. Бул багытта биздин улуттук адабиятта болуп жаткан өзгөрүүлөр боюнча жазуучу, аналитик адабиятчылардын бири М.Апышовдун “Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгы” аттуу макаласы 2008-жылы жарык көргөнүнө карабастан, бул олуттуу тема боюнча оңдуу сөз уланган жок. А бирок бир системадан экинчи системага өткөн […]

Кожогелди Култегиндин Анкарада жазылган жаңы ырлары

ТҮШКӨ КИРДИҢ Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп, күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп – кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп? Карап көрсөм ортобузду ой чулгап: канча деңиз толкуп-таарып олтур, кап! Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш, тайанычы – жер, көк кошо солкулдап! Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай кармап алып сайасатын араадай. Токой болуп сансыз күндөр ортодо тосуп турат кол кармашып тарабай. Оттук сымал сезим жанып дүрт эле, оо, ал кездин атаманы күлкү эле! Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн – канчаларга калка болуп турчу […]

Робиндранат Тагор: Почточу (конкурска №9)

АҢГЕМЕ Почточу алгачкы милдетин Улапур айылында баштаган. Айыл чакан болсо да индиго[i] заводу бар эле, анын ээси – англичан почта негиздегенге үлгүрдү. Биздин почточу калькутталык эле. Ал алыскы айылда ѳзүн суудан чыгып калган балыктай сезчү. Анын кеңсеси жана жашоочу бѳлмѳсү туш тарабынан жыш ѳскѳн чѳп менен курчалган, жашыл, жабышкак чѳѳттѳн анча алыс эмес жердеги саман сарай. Индиго заводунда иштеген адамдар эс алуу эмне экенин билишчү эмес, анын үстүнѳ аларды дурус адамдар баалуу шерик катары кѳрүшчү эмес. Калькутталык бала да башкалар […]

Байыркы Мадрид кыргыз урпагынын көзү менен (2-баян)

<<<<< 1-баян Дегиниси сапарда жүргөн адам кээде жел үйлөгөн каакымдай жеңил болуп, барар жерин так билбейт. Муну мен өз тажрыйбамдан билем. Мисалы, Мадриддин Прадо музейинде биринчи күнү узун кезекке туруп Иероним Босхтун эмгектерин көрдүм. Тициан, Гойя, Караваджо, Эл Греко жана башка эмгектери дүйнөнүн белгилүү музейлеринин көркүн ачкан художниктердин сүрөттөрүн көрөм деп, эртеси Прадого жалгыз бардым. Кайра эле узун кезек күткөн эл. Үчүнчү күнү мурдай айтканымдай, Эски Мадриддин “ит жатагына чейин” билген гид жигит Мигель менен free walking tour кылып, шаардын […]