Кичинекей бакыт атасынан:

— Сүйүү каякка кетет?- деп сурады.

Атасы:

— Ал өлүп баратат, — деп жооп берди.

— Балам, адамдар бар нерсени барктап-баалап сүйө алышпайт.

“Чоңойгондо адамдарга жардам берем!” деп ойлонду кичинекей бакыт. Жылдар өтүп, Бакыт жетилип чоңойду. Өз убадасын эстен чыгарбай, бар күчүн жумшап, адамдарга жардам бергиси келди. Бирок адамдар аны сезбеди. Акырындык менен чоң Бакыт кичирейип, алсыз боло баштады. Таптакыр жок болуп кеткенден коркуп, дартына дабаа издеп, алыскы сапарга чыкты. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, Бакыт жолунан эч кимди жолуктура албады. Өзүн аябай жаман сезип, эс алганга токтоду. Чоң бактын түбүнө жаңыдан кыйшая жатып,  көзү илингенде, бирөөнүн дабышын укту. Көзүн ачып, кийими жыртылган, чачы ирээтсиз, жылаңайлак таяк таянган кемпирди көрдү.

— Отуруп эс алыңыз, аябагандай чарчаган чыгаарсыз. Күч топтош үчүн тыным алышыңыз керек, — деди Бакыт.

Өтө чарчагандыктан кемпирдин жанын жер тартып турду. Бир аз эс алган соң, жолоочу аял өз тагдырын баяндап баштады:

— Мен дагы да болсо жашмын го, бирок мени картаң, алсыз сезишкени кандай гана өкүнүчтүү!

— Менин атым – Сүйүү!

— Демек, Сүйүү деген сиз болосузбу?!- таңгала сурады Бакыт. — Бирок мага баардык дүйнө жүзүндөгү сулуу, эң жакшы сезимдердин бири Сүйүү, — деп айтышты эле го!

Сүйүү кунт коюп карап, суроо узатты:

— Ал эми сенин атың ким?

— Бакыт.

— Көрсө ушундай беле? Мага да өтө сулуу болоруңду айтышпады беле, — деп тамтыгы кеткен кийиминен күзгү алып сунду. Бакыт күзгүдөн өзүнүн жүзүн көрүп, өксүп ыйлап жиберди.

Сүйүү ага жакын отуруп,аяр кучактады:

— Тагдыр менен таш боор адамдар бизди эмне кылышты?- деди улутуна.

— Эч нерсе эмес! Эгерде экөөбүз бири-бирибизге такай кам көрсөк, бат эле сулуу болуп, жашарып чыга келебиз.

Бакыт менен Сүйүү чоң бактын түбүндө мындан ары эч качан бири-биринен ажырагыс болуп, келишим түзүштү. Ошондон бери, эгер кимдир-бирөөнүн жашоосунан  Сүйүү кетсе, Бакыт кошо кетет. Алар жалгыздап жүрүшпөйт экен.

А адамдар аны аңдабай келет…

Которгон Айтбүбү Орунбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.