Бир жолу кыштак четинен тоок менен түлкү жолугуп калышат. Бир аз жакындаса эле жакын турган дарактын бутагына учуп чыга каччудай болгон тоокту алдаштын амалын издеген түлкү аңкоо немече анткорлоно сурап турганы:

— Тоок курдаш, сен кыйын эмессиңби, айтып койчу, күндүзү кантип уктаса болот?

— Ошону билбейсиңби? Башты канаттын алдына салыш керек да көздү жумуш керек. Мына моминтип, — деп акылсыз тоок түлкүгө жакшыраак түшүндүрүш үчүн башын канатынын алдына катат.

Ушуну эле күтүп турган түкөң эки секирип жетип тоокту тиштеп, токойду көздөй чуркап жөнөйт. Суудан өтүп баратканда жээкте кир жууп аткан аялдар кыйкырып калышат:

— Карасаңар, карасаңар! Түлкү тоокту уурдап баратат.

Муну уккан тоок түлкүгө жан тарткансып сүйлөйт:

— Ушу адамдардын таптакыр эле адеби жок. Уурдалып бараткан мен, уурдап бараткан сен. Бирөө менен бирөөнүн иши эмне. Ушуну айтып коёр бир жан жок ээ!

“Тоок болсо да туура айтат. Булардын кандай иши бар биз менен. Келиштирип туруп бир сөгүп алайынчы”, — деп ойлогон түлкү тиштерин саамга бошото калганда тоок бир жулкунуп оозунан ыргып чыгып, жакын турган бактын бутагына чыга качат.

— Эх, ашыкча сүйлөштүн кереги бар беле! – деп бир заматта олжосунан айрылган түлкү өкүнсө, тоок мыскыл аралаш жооп берет:

— Ооба! Анан беймаал убакта уктаган да туура эмес экен.

Которгон Кубанычбек Аркабаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.