ТҮШКӨ КИРДИҢ

Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп,
күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп –
кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө
кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп?

Карап көрсөм ортобузду ой чулгап:
канча деңиз толкуп-таарып олтур, кап!
Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш,
тайанычы – жер, көк кошо солкулдап!

Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай
кармап алып сайасатын араадай.
Токой болуп сансыз күндөр ортодо
тосуп турат кол кармашып тарабай.

Оттук сымал сезим жанып дүрт эле,
оо, ал кездин атаманы күлкү эле!
Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн –
канчаларга калка болуп турчу эле!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум!
Айыпсыздан мезгилге аны уурдаттым…
Уурдатсам да акмактыктан сактады ал –
узун-туура бул өмүрдө нур бактым!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум!
Асыл нурду бакканымда тур бактым –
чыгарбастан чеңгелимден чымчыкты,
чындап кантип бир нерсени урмакмын?..

Кыйанатты кимибизге-кимибиз
кылмак элек башталаарда бийибиз?
Уйкашындай элек жазаар ырымдын –
уйа болуп бирибизге-бирибиз.

Кырк жылдан соң уланды бий түшүмдө…

КҮНДҮ КӨР ДА, ЖЕРДИ КӨР

Күндү көр – кандай ийикти-эй,
Жерди көр – кандай жибикти-эй –
мөлтүлдөк кызды көргөндө
көлкүлдөп турган жигиттей!

Күндү айтсаң – кандай бийикте-эй,
Жерди айтсаң – зыргыйт  ийиктей –
жаркылдак кызды көргөндө
шартылдап жүргөн жигиттей!

Күн боюн ылдый ийилтти-эй,
Жер көөдөн тосту бийиктей –
гүлбурак кызга жалбарар
зыңгырап турган жигиттей!

БУРСАДАГЫ ЧЫНАР

Көп чынарды көрүш маа буйуруптур,
көрүп муну – ойлорум бурулуп тур.
Чынардын бул алдыңда – мурдакылар
Чынара аттуу кыздардай туйулуп тур.

Алптыгын айт – көргөндү абдыраткан!
Алды жактар быкбырдай, алды жактар –
үстөл, ийдиш, тамагы менен эл-журт
үстү жактан жаап түшкөн жалбырактар!

Алты жүз жаш – жаңыруу, табынуу экен!
Алдыны аңсап, артты өксүп сагынуу экен!
Кылымды аттап баратып кылчайса артка –
“кырс!” дей түшкөн үч бутак таңылуу экен.

Чынары бул, Бурсанын Чынары бул –
чырагы бул калкынын, чырагы бул!
Чыркыраган чынды айтсак – тулкунда чылк
чыдамы тур түрктөрдүн, чыдамы тур!!!

Шамал-бороон каптаса, о-ой, бир боздоп –
салуучудай чынарың тоону копшоп!
Туш тарапта бутактар сапарда жүр
туугандарга сунулган колдору окшоп.

Караганда – кайрадан-кайра көзмүн!
Канып тур да, жанып тур айда-аа көкшүн!
Бутагынын үстүнөн буруусу көп
букаларды келүүдө айдап өткүм!

ЖАПОНДОР

Жүрөгүн үрөп сүйүнүп,
жүгүнүп ийет, жүгүнүп.
Жүн-жолдо дайым тургансыйт
жүгүрүп леп-леп, жүгүрүп.

Илээшсе – чаңды жүк көрөт,
ич жагын зымдын түш көрөт.
Бир уча, кыргыз, жегиче
бир учак, жапон, бүткөрөт.

Калкагар, түмөн, назары ак,
каптаса – как жер азайат.
Калааны бирок кеткенсийт
кадамы менен тазалап.

Асма жол – айкөл агылга,
ар мүнөт – айант, камылга.
Ток үстүн кезген өңдөндүк
Токио деген шаарында.

Бар мезгил зорго түтчүдөй,
башталбас иштер бүтчүдөй.
Сансыз жыл турат жылмайып
сапатта жалтыр күзгүдөй!

Жүгүнгөн, күлгөн менен ал,
жүдөтсөң – наамарт, керең ал.
Өзү жок өзүн өзгөртчү,
өзү жок өзүн жеңе алаар.

Ойлордун мында тереңин
океан менен чене миң.
Маңдайы жара чабылган
манчыркоо деген неменин.

Иштеген сайын жашарып,
издеген сайын тазарып,
тебетей, ичик жупуну,
техника менен жасанып!

ТЕЛЕФОНУҢ ЖАЙРАБАСА ЭКЕН ДЕЙМ

Жан дүйнөгө кетиш үчүн так салып,
жаткансыйсың ар бир күнү такшалып.
Жарпын жазып жан-жагыңда канчанын
жаркылдайсың телефонуң баштанып.

Берүүчүдөй канчаларга кат токуп,
берүүчүдөй канчаларга бак кошуп –
жанат кээде телефонуң чыркырап
жамбашыңда чөнтөгүңдөн баш созуп!

Окшоштурам чөндөлөйгө, суурга аны,
оо, канчалык жанга жагым чуулганы!
Келишимдүү колдоруңдун бириси
келбей эле койсо деймин суурганы.

Демиң сезип – өрдөн издейм жолду улам,
демиң сезип – ойлор, сөздөр оргуган.
Телефондо – сен сактаган тизмеде
деле болбой мандаш уруп олтурам!

Телефонуң – деңизге окшош, житирбе,
тереңдигин, кенендигин изилде.
Өмүрүн мен тилеп кирдим, жайраса –
өзүм гана жайрачудай ичинде.

Мандаш урган бойдон кыйрап калчудай…

ЭЙФЕЛ МУНАРАСЫНДА

Түбүнө келип Эйфелдин,
түгөнөөр окшоп телпейдим.
Керилте ачты көзүмдү –
кээ бирде неге керсейдим?

Оо, көктү сезип нык таштай,
ойлорум одур – ыкташпай.
Тайтайып турам кол созуп
талтайта ачкан кычкачтай.

Астына келип Эйфелдин,
ансайын чөгүп телпейдим.
Эсесин кайдан чыгарам
эзилип бүткөн желкемдин?

Ынанттым беле арбашып,
ыраазы Эйфел аңдашып –
чыгып бир кетип баратам
чыпалагына жармашып.

Башына барсам Эйфелдин
“Ба-аа!” – деди баары мерчемдин!
Көңүлүм толкуйт башкача
көргөнсүп мурдун эртеңдин!

Пайгамбар сезим тулкумда!
Палбансый түштү булчуң да.
Жылмышып түшөөр Парижге
жылмайуу турат ууртумда.

Түй, аттиң, карап алысты,
түкүрдүм чырт бир… бар ышкы –
баратат, кокуй, баратат
басчудай толук Парижди!

Суроодой Эйфел сунулуп,
суйсалат Париж кубулуп!
Биринен бири сүрдөп тур
Бийиктик менен Сулуулук!

Бир сырым менен эш кылган
бийиктейм мындан, эх-жыргал –
кемселди жеңсиз кийгенсип
Эйфелди кийип кетким бар!

БАЛАЛЫККА БАШБАГЫП…

Бала кезди баалаймын баарысынан,
баары акылман сезилчү, баары чыгаан!
Кыйшайып да, бүкчүйүп баскан менен –
кыйыны жок болучу карысынан!

Ачууланса сакалы – мурут кейип,
а карыйа даараттан туруп келип,
бир кол менен ычкырын өйдө тарта,
бир кол менен жаңсачу буйрук берип!

Күтүүсүздөн  жалтылдак ой уланып,
күбүрөп мен саптарды жолу жарык –
күңгөй беттин миң катар жолу сымал
күткөм ырды миң тарам болуп алып!

Сайгактаган уйларды, сайгактаган
салаңдак-тил иттери айдактаган!
Көңүлүмдү сергитким келчү жайып
көпөлөккө канаты калдактаган.

Балалыкты тур дале сестендирип,
байоолукту тур дале шектендирип –
атылгандай жүгүрүп, атылгандай,
катыргандай токтогон кескелдирик!

Таш-Башаттын көк гүлдөр үмүттөрдөй
тарачу эле өр карап бүлүк бербей.
Намаз окуп киргендер – көрүнүшчү
жата калып булактан суу ичкендей!

Бешик… бешик – кыр-жондор! Кудай берди!
Терметкендей жандантчу сууган демди!
Намаз окуп киргендер – жаткансышчу
намийа-ан бир жыттап-өөп тууган жерди!

Катарлаша жыттап-өөп тууган жерди…

СУУДАЙ ТУНГАН СУЛУУ КЫЗ

Каткырыкчыл жаш сулуу,
ката албаймын жашты улуу!
Ал да бакыт – сенден эч
албай көздү жаш сыгуу!

Кыткылыкчыл жаш сулуу,
кырка албаймын жашты улуу!
Таалай ал да – сенден эч
тартпай көздү жаш сыгуу!

Кантип өзүң карабай,
кадыресе жанам-ай?
Керек мага суудай ал,
керек мага абадай!

Ак-Мактымдай нуру асыл
а балким, сен – мурасым!
Карап талсам ансайын –
кашкайасың, тунасың!

Ак-Саткындай нуру асыл
а балким, сен – мурасым!
Мөртүм жанып телмирсем –
мөлтүрөйсүң, тунасың!

Тунганың-ай кашкайып!
Турганым-ай жаш чайып!
Эсен болгой эрдиң дейм,
эрип түшпөй аз калып.

Тунганың-ай мөлтүрөп!
Туйганым-ай өрт-илеп!
Кетилбегей меңиң дейм,
кемибестен көркүң эч!

Ашып кеттиң нурдан да!
Айланайын, сурданба?
Ыкка көнбөй чолжуңдап –
ылайланба, булганба?!

Канча жылдар – кулачың!
Катар кармап тунасың!
Билесиңби, көз атсаң –
бир зоо жумшак кулашын…

ТОКИО-ХАМАМАТСУ ЖОЛУНДАБЫЗ

Токио-Хамаматсу – ынап ар жак,
толкутту…  ырайдамын ыр токуган.
Капыстан тунелден биз чыга калсак –
кача албай туйлап турду Тынч-Океан!

Бактыга тушукса адам эки эселеп
барк албай калат дешет – мына с-сага!
Баамдадым ошону азыр эптеп, демек,
баратып эки кабат трассада.

Көпкө-че жээктеп сыздык Океанды,
көрүнүп тырмак чырпкан кайчы сымал.
Зор тулкун, сом далысын тосо калды
соккондо эргүүм барып каршысынан!

Тереңден бийикке алып кезекти эми,
телмирдим тээ алыска  бук чыгара –
буланып булуттарга этек-жеңи,
буралып, тунарып тур Фудзияма!

Кашкайган көчөлөрү клавиштей –
каршымда музыка-шаар Хамаматсу!
Тараптыр ушул жерден кыяп издей
Йамаха – карала көз, кара каштуу.

Басчудай клавишти жыргалдай бир
баратат тыбырчылап бармактарым!
Кош канат сезимдерим жыйналбай шыр –
конуучу бүркүт сымал калдактадым…

ЫР ЖАЗУУ

Ыр жазганда – ыйык-эй, ыйык жаным:
ыраактарга, белгисиз тараптарга
ыргап-күүлөп ыргытам сыйыртмагым!

Зуулдап-боздоп барат ал бурганактай!
Супсунум сууйт… Кээ бирде олжо илинет
суй жыгылта ойдолоп турган аттай!

Ордомдо – ээрде жүрөктөй л-лакылдаймын!
Оодарылып, оңколоп кетпей – орноп,
о-уу, аркан түргөнчө жакындаймын!

Сырбы?! Олжобу?! Ишенбейт буга көзүм:
сыдырылып… сыйрылып жетсем акыр –
сыйыртмакта диртилдеп турам өзүм…

МЕЗГИЛДИ МЕН КАПТАЛЫНАН ТАЙАЙМЫН

Жашоодо не көздү утуру ирмеймин?
Жалтандырып ар бир учур – ийрейдим.
Күндөрдүн бул чөнтөгүндө күкүммүн,
күбүп-кагып салат качан – билбеймин.

Көп олтурдум кучакка алып тиземди
колдорумдан жасагансып кишенди.
Ошондо да асман-айды кайкып тээп
ой-чабытым ителги эле, ителги!

Жайкын көңлүм – жайды эстесем кыш барда,
жайкын көңлүм – жайды эстесем ызгаарда.
Күбүрөнсөм – оозумдагы ырымды
гүлдөр, гүлдөр жайып ийчү кыздарга.

Ырларымда көрүнсөм мен бойтойуп,
ырларымда олтурсам мен чойкойуп –
аксак киши түшкөндү эсте сүрөткө
атайылап мойнун созуп… койкойуп…

Мээримди мен мөөрүм сымал санаймын,
мезгилди мен капталынан тайаймын!
Бактысынан ажыраган белем деп
пайсыз жаткан батиңкени айаймын.

Көп олтурдум кучакка алып тиземди
колдорумдан жасагансып кишенди.
Ошондо да асман-айды кайкып тээп
ой-чабытым ителги эле, ителги!

One Reply to “Кожогелди Култегиндин Анкарада жазылган жаңы ырлары”

  1. Бусулуптур кайран үкөмдүн ырларым да. Мардек бураш керек буга. Жаш кезинде жакшы жазаар эле…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.