Эгемендик алып келген эркиндик менен бирге өзгөргөн доордун коомдук-саясый, экономикалык, нравалык кризиси улуттук адабияттын көркөм аянтында жаңы горизонтту табигый түрдө көрсөтүп, көркөм сөз өнөрүндө жаңы темалардын жаралышы табигый көрүнүш го. Жаңы доорду чагылдырган адабият – жаңы доор адабияты атала баштады. Бул багытта биздин улуттук адабиятта болуп жаткан өзгөрүүлөр боюнча жазуучу, аналитик адабиятчылардын бири М.Апышовдун Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгыаттуу макаласы 2008-жылы жарык көргөнүнө карабастан, бул олуттуу тема боюнча оңдуу сөз уланган жок. А бирок бир системадан экинчи системага өткөн кезде жаңы жол оңой эле табыла койбостугун, адабиятта 70 жыл бою карманып келген жоболор тез эле ордун бошотпой тургандыгын кыраакы сынчы К.Асаналиев[1] кан какшап айтканы али эсибизде. Демек, жаңы адабиятта жаңы доорду көркөм чагылдыруу маселеси да өзүнүн тиешелүү карама-каршылыктарына ээ болушу мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Бул көрүнүштү жакында жарык көргөн М.Мамазаированын “Аймаран” романынан ачык байкоого болот.

Албетте, кылым тогошкондо доор карама-каршылыгынан келип чыккан кризис бир эле бизге тиешелүү эместигин, бул алмустактан бери келе жаткан тарыхый кубулуш экендигин да окумуштуулар[2] бир добуштан белгилешет. Анын адабиятта көркөм чагылышы айрыкча канонсуз (М.Бахтин) адабий тектин түрү романдын жанрдык трансформациясын дайыма активдештирип келген, азыр да ал процесс кайталанууда[3]. Андан биз сөз кылчу чыгарма да кур эмес.

Чыгарма романдын жанрдык табиятына ылайык, сюжеттик көп катмарлуулукка ээ. Романдын ички структурасына саресеп салганда, анын сюжеттик окуясы эки көркөм мейкиндиктен орун алган: бири жаңы доордогу – “темир аял” Тумар Муратованын турмуш, тагдыры азыркы доордун мүнөзүнө ˗ дүйнөнүн ачык болушуна, ааламдашуу процессине жараша кенен көркөм аянтты – Кыргызстан, Россия, Германияны (кыйыр түрдө Англия жана Японияны) камтыйт; экинчиси – жаңы доор жараткан “жаңы профессионал” Камара Кабыловнанын иш-аракетин, анын жашоо образын көркөм аңдоого алуу үчүн чектелген (кысылган) аянт – бир эле көп кабаттуу үйдүн жер төлөсү жетиштүү болгон. Романдын хронотобун түзгөн бул эки мейкиндиктин ортосунда жаңы доордун өз ара чырмалышкан адеп-ахлактык, экономикалык, социалдык проблемалары бар. Азыркы доор жүзүн көркөм аңдоого алууда жазуучу жаңы заман жазуучулары колдонуп жаткан эксперименттерди: көркөм мейкиндиктин кең жана тар, конкреттүү жана шарттуу, реалдуу жана ирреалдуу көрүнүштөрүн батыл колдонгон.

Салттуу романдын жанрдык табиятына ылайык ретроспективалык ыкма менен “кездердин бир кезиндеги” Батыркан Токсонбай карыядан уккан Саргата комузчунун “Элим, ай” комуз күүсү жөнүндөгү уламыш азыркы кыргыздардын миграциялык агымына коңгуроо кагып, Курмангазы Азыкбаевдин башка мамлекеттерде өткөн гастролунда ал күүнү ойноо менен чет жерде жүргөн уул-кыздарыбыздын мекенге болгон сагынычын ойготушу чыгармадагы автордун мыкты табылгасы катары бааланууга тийиш. Бул эпизод окурмандын мекенчилдик сезимин ойготуу таасирине ээ.

Ал эми Тумар Муратова Ариет атасынан уккан “Тумар каныша” икаясы Тумар Муратованын тагдыры аркылуу мезгилдер байланышын камсыз кылуу милдетин аркалап, дүйнөлөшүүнүн опурталдуу доорунда мекен алдындагы атуулдук парызды актуалдаштыруу максатын көздөйт.

Романдын сюжеттик чоң катмары – Тумар Муратованын орбитасында айланган адам тагдырлары: түгөйү – Кумар; ата-энеси – Нурадил менен Умугүлсүн; өмүрлүк жубайы – Назар жана балдары; кайненеси – Алдей эне, руханий атасы – Ариет ата; көңүлдөшү – Батыркан, анын үй-бүлөсү: аялы – Айсалкын, кадырлуу кайнатасы – профессор Кулубек Кашкаралиев, кайненеси, аялдын сырттаны — Керез Бекбосуновнанын образын камтыйт. Мына ушул жети үй-бүлөнүн өмүр-тагдыры менен байланышкан Тумардын жүрүм-туруму, коомдон алган орду, азыркы доордогу жашоо образы бир топ ишенимдүү сүрөттөлөт.

Бул жети үй-бүлөнүн ар биринин айланасында да өз чөйрөсү, жеке “дүйнөлөрү” бар. Айталы, Кумардын турмушу жана тегерегине топтолгон каармандар аркылуу кыргыз кыздарынын башка улутка турмушка чыгуу тенденциясы, эгемендик жылдары кыргыз адабиятында, айрыкча поэзияда курч орун алган мигрант темасы – мекенден алыста күн өткөрүп жаткан кыргыз урпактарынын (Гүкүндүн, Сабыйдын тагдыры) азап-тозогу, алардын арасынан кырчын өмүрдүн чет жерде кыйылышы сыяктуу окуялар сүрөттөлөт. Романдын аягында Германияда каармандардын Керим Тураповдун аткаруусундагы “Мигранттын ырына” маашырлана сезим чыңалтуусу (538-539-бб.), Кумардын көзүнөн аккан мөлтүр жаш мекен темасы боюнча автордук идеянын жаркын чыгышын шарттаган.

Батыркандын позициясында ааламдашуунун адам турмушуна, адебине, көз карашына тийгизген таасири; бүт өмүрүн “партиянын солдаты” болуп өткөргөн таланттуу архитектор Кашкаралиевдин балдары: уулу – Радбектин “орусча” өсүп калгандыктан, ата-мураска болгон кайдыгерлиги жана кызы Айсалкындын мерестиги өткөн мезгил тарбиялаган бир муун кыргыздын асирет-арманы – “бири кем дүйнө” экени да чындык. Бул көйгөй улуу муундагы адамдар (ата-энеси − Нурадил, Умугүлсүн, кайненеси − Алдей жана Ариет ата) аркылуу муундар ортосундагы нравалык байланыш жана жоголуп бараткан улуттук руханий баалуулуктарды жоктоо аркылуу дагы күчөтүлгөн.

Ал эми экинчи сюжеттик линия – жаңы доор жараткан “жаңы кыргыз аялы” – батыш маданиятынын эң эле терс жана кыргыз дүйнө таанымына жат көрүнүштөрү Камаранын айланасында координацияланат. Тумардын орбитасында айлангандай, Камаранын тегерегиндеги окуялар да жети катмарлуу. Азыркы мезгил алып келген “жаңы” окуялар: “протокол менен жашаган” ойношу – аты аталбаган “биринчи” аркылуу “жаңы” кыргыздын бийликти жеке кызыкчылыкка пайдалануу стихиясы; жазылган СМСин окуган биринчисинин аялы эки формачан жиберип, “Тез жардамга” салып келип, Камараны аборт кылып салышы аркылуу кыргыз коомундагы бийликке жагынуунун “апогейи”; кылмыштын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу – азыркы доордун заманбап бизнесмен-ишкери – архитектор-куруучу Султандын барымтага алынышына байланыштуу криминалдык кылмыш; босстун тапшырмасын аткаруучу “адам-роботтор” – Маймыл баш болгон криминалдык чөйрөнүн желдеттеринин жүрүм-туруму, социалдык кыйынчылык жараткан дагы бир адамдын түрү – акча үчүн энесин сатууга даяр Сады-таксисттин иш-аракеттери, кырдаал туткуну – аргасыздан криминалдык чөйрөгө аралашып калган жаш улан – Белектин абалы жана анын сокур чоң энеси аркылуу көркөм аңдоого алынат.

Камаранын нравалык деградациясын айгинелеген эпизоддор момун жигит Жумадилге жасаган мамилесинен, андан төрөгөн кызын төрөт үйүнө таштап кетүүдөн башталат. Бул да азыркы коомдогу бетпак көрүнүш. Жеңил жүрүм-турумунун кесепетинен кыз абийири айбанчылык менен кордолгондо, сүйүү сезимин баарынан жогору коюп, ыплас кырдаалдан алып чыккан Жумадилдин адамгерчилигин тебелеп кеткен Камаранын аялдык “бузулуусу” улам араанын ачып, заман көйгөйлөрү менен байланышта өнүгүп олтурат да, анын егоизми эгоцентризмдин туу чокусун мелжип, өз тегерегиндеги адамдардын тагдырын “оюнчук” кылып ойногон “профессионализми” калыптанат. Буга анын Сады таксистти “колго түшүрүшү”, анын кудайдын куттуу күнү эки фляга сүт алып келүүгө мажбурлашы, кыргыз эли “ак” деп аздектеп ыйык туткан бул азыкты Камаранын ваннага куюп алып, анда 50 мүнөт денесин чайкап, оонап жатышы күбө. Анын мындай аморалдык жүрүм-туруму аз келгенсип, Садынын ыпластыгы Камара киринген сүттү баклашкаларга куюп алып, Ош базарына сатышы, чынында, азыркы замандын социалдык проблемалары шарттаган нравалык катастрофанын кыйыр көрүнүшү дегенге негиз бар.

Жаңы доордо кубулуп, жүзүн жоготкон адамдардын жашоо образынын сценага чыгышын жаңы адабиятта көркөм аңдоого алган баяндоонун ыкмасы да жаңы.

  1. Бир жагынан шыр кеткен детектив сымал курч окуялардын сюжетке берген кубаты жалпы эле азыркы учурда дүйнөлүк масштабда романдын жанрдык трансформациялануу тенденциясы менен үндөшөт.
  2. Экинчиден, романда сүрөттөлгөн криминалдык чөйрөдө адам наркынын төмөндөшү, адеп жакырчылыгы, зөөкүрлүк, адам эмгегине жасалган рейдерликти Ак үй астында өтүп жаткан митингдердин коштоп турганын биздин коомдо болгон эмес деп ким айта алат? Мындай турмуш чындыгын түз бойдон, натуралисттик ыкма менен сүрөттөө да көркөм адабиятта пайда болгон кийинки көрүнүштөрдөн.
  3. Үчүнчүдөн, чыгармадагы эки сюжеттик багыттын бири-бирине контрасттуу, пародаксалдуу коюлушу азыркы доордун карама-каршылыктуу көйгөйлөрүнүн пресстелип, жыш сүрөттөлүшүн камсыз кылган. Дал ушул көркөм мейкиндик чектелүү жана тар болгондугуна карабастан, жер көтөргүс адам күнөөлөрү, ааламга батпай турган нравалык катастрофаны элестеткен адеп-ахлактын деградациялык көрүнүштөрү көп кабаттуу үйдүн “Швейный цех” аталган жалган көрнөк илинген жертөлөсүндө өтүшү да азыркы коомдун “жаңы” чындыктары.

Романдын сюжеттик эки линиясындагы ушул контраст баяндоонун композициялык көп катмарлуулугун камсыз кылып, баарлашуунун жаңы коммуникациялык каражаттары: уюлдук телефон байланыштары, СМС, монтаждалган сүрөт, диск менен шантаж жасоо, рейдерлик план сыяктуу кыргыз турмушунда буга чейин болбогон нерселер романдык интриганы камсыз кылуу функциясына ээ. Ал гана эмес чыгарманын композициясынан орун алган Елизавета Батури жөнүндөгү кыска кыстырма баян Камаранын чектен ашкан эгоизми менен ассоциацияланат. XVI кылымда жаштыгын сактап калуу максатында жалаң жаш кыздарды өлтүрүп, алардын канына киринген Елизавета Батуринин жаш өмүрлөргө кол салган жырткычтыгы[4] менен XXI кылымдагы Камаранын сүткө чайынуу максаты, али эне сүтү оозунан кете элек жаш уланды “эркектикке” үйрөтүү ыкмасы да үндөшүп турат. Елизаветанын адам канына болгон жырткычтык кумары ашынган сыяктуу Камаранын аморалдык эңсөөсү улам күчөп, адам тагдырларын талкалоонун кадимки куралына айлана баштайт.

Кенен полотного ылайык Тумардын өмүр жолу, тагдыры, жашоо-турмушу ар тараптуу сүрөттөлгөн. Окурман Тумардын атасы жазып калтырган “Күндөлүк-Эстелик” аркылуу анын жарык дүйнөгө келүү тарыхынан баштап, бүт басып өткөн жолу менен кенен жана толук таанышат. Окуяны баяндоонун салттуу ыкмаларынын бири – күндөлүктү пайдалануу авторго сюжеттик сыйымдуулукту камсыз кылууга шарт түзгөн. Натыйжада, күндөлүк Тумардын орбитасындагы дагы бир бүтүн сюжетти романдын структурасына кынтыксыз киргизүүгө шарт түзгөн. Нурадил менен Умугүлсүндүн образын камтыган бул окуяны бөлүп алса, бир бүтүн аңгеме болорунда шек жок. Ал эми башка жанрларды тулку боюна сиңирип алууга жөндөмдүү (М.Бахтин) романдагы анын орду негизги башкы каармандардын бири Тумар Муратованын тагдыр-таржымалын көркөм аңдоонун аянтын кеңейткен.

Анткени менен окуя хронологиялык түз сызыкка жайгашкан эмес. Тескерисинче, Тумардын чыңалган психологиялык абалда таң заарда “Лексус” машинасын өзү айдап, “Манас” аэропортуна жол тартып бараткан жеринен башталат. Үй-бүлөсүнүн эч кимисине айтпай, Бишкек-Москва каттамын беттеп кетип бара жаткан Тумар шашылыш сапары боюнча СМС менен гана күйөө баласына, андан соң Москвада жашаган уулуна билдирүү жасашы анын дүрбөлөң түшкөн психологиялык абалын кабарлайт. Ансыз деле көңүл бейпилдигин жоготуп бараткан аялга кан жолдо алдынан чыга калган “жыпжылаңач, төбөсүндө бир тутам чачы сербеңдеген эки наристе кыздын” чуркап өтүшү каармандын бушайман абалын дагы күчөтүп, түгөйү Кумарды эсине салышы да бекеринен эмес эле. Анткени буга чейин жаңы доордун удургуган жашоо кыймылында жеке бактысы, жыргалы, азабы менен гана алек болуп, жатындашын учкай гана эстеп коюп жүргөн Тумарды врач койгон диагоноз сары санаага салып, сай-сөөгүн сыздатып турган. Мына эми буга чейин кабылдаган ааламы астын-түсүн оодарылып, жакын адамдарынын жакындыгынын жаңы маанисин ачып жиберди.

Тумардын үй-бүлөлүк турмушу Тумар – Назар – Батыркан үч бурчтугун түзөт. Мындай жашоо Тумардын бактысыбы же трагедиясыбы? Бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын. Кыргыз эли үйдүн куту эсептеген аялзатына “темир аял” деген макамды да жаңы доор берди. Бул бир жагынан эгемендик алып келген баалуулук – адам эркиндигине жол ачуу болсо, экинчи жагынан аны ашкере пайдалануунун кесири кылымдар бою элибиз табериктей сактаган аялзатынын адеп-ахлагына өзгөрүү алып келгени да талашсыз. Балким, ошол эркиндикти өтө эле “эркин” пайдаланган каарманынын жүрүм-турумун актоо үчүн автор аны “лейкемия” аталган – кандын онкологиялык жексур оорусуна чалдыктырып отургандыр. Анын үстүнө башына иш түшүп, өмүр менен өлүм кармашып турганда, врачтын “трансплантация” менен гана жашоого мүмкүн деген сөзүн уккандан кийин кең ааламга батпай турган Тумарга биринчи жолу буга чейин ойлобогон ой келди. “Назарды (күйөөсү) кор туттум… Анын кесири тийдиби?” – деген суроону өзүнө өзү берип, кайра анын сүйлөшпөй туруп алып качып кеткенин турмушундагы “сол” бурулуш эсептеп, ал окуя жаман сапаттарына башат болгонсуп, өзүн-өзү актоого аракеттенет. Жаңы доордун селдей каптап келген түйшүк агымына туруштук берүү күрөшүндө жүрүп, Ысык-Көлгө “Тумар-каныша” эс алуу борборун куруп, Тумар дуулап өткөн жаштыгы менен кошо такшалуу, бутка туруу процессин да баштан кечирди. Мезгил менен тең жарышып көп нерсеге жетишкенине карабай, бул “темир аялдын” жеке өзүнүн абийир сотуна кабылышы көркөм логикага төп келет.

Назарды кор тутканын актоого жүйө тапканы менен Тумардын бир жатында жаткан Кумарга жасаган кыянатчылыгын эч нерсе актай албайт эле. Албетте, мындай күнөөнү актоого бүт дем-шыгын, жаштыгын арнап курган анын “Тумар-каныша” эс алуу борбору да жардамга келе албады. Ошондуктан ал Москвада баласы Арсардын кең диванына батпай, “чабалактап” “туйлап, туйлап” жанын коёрго жер таппай жатат. Себеби мектепте окуп жүргөндө түгөйү Кумарга айланчыктаган сүйкүмдүү практикант жигит Батырканды андан тартып алгысы келип, класс жетекчисине, апасына ушактаган. Ушактын уусуна алдырган Умугүлсүн эки көзүнүн карегиндей эгизинин түгөйүнө биринчи колу тийген, класс жетекчи “тартипке” чакыруу чогулушун ачып, бүт класска жаш кызды уяткарган. Ызага чыдабаган Кумар дарыяга боюн жаштап, жан кыймак болгондо, балыкчылар сактап калган. Андан да Батыркан Кумарга алып келген гүлдү уйга салып бергенин эстегенде: “Кантип дитим барды, кантип колум барды?” – деген суроо мээсине мелжеген октой жанын кыйнап жатты. Мындай оор суроого жооп табуу кыйынга турган учурда автор каарманы менен бирге адамзат тарыхына кайрылат. Натыйжада, романдын жанрдык табияты талап кылган кыстырма аңгеме кошумча жардамга келет. Көрсө, ичи тардык, кызганыч, көрө албастык деген мүшкүл Адам ата менен Обо эненин эгиздери Абил менен Кабилден башталыптыр. Кудайдын мээри түшкөн Абилге ичи тарып, өз бир тууганын өлтүргөн Кабил адамзат коомундагы биринчи адам өлтүргүч аталыптыр. Өзүн Кабилге теңеген Тумардын дилине дагы бир: “Көралбастык деген илдетти адамдын генинен кандай күч сууруп алат?”[5] – деген оор суроо келип, ага жооп берүүгө адамзаттын алсыздыгын сезип, бир гана кудайдан жардам суроого мажбур.

Өзүнүн сейрек кездешүүчү сулуулугуна төп келген чыйрактыгы, өзүмчүлдүгү, максаттуулугу, беттегенинен кайтпаган өжөрлүгү менен жеткен ийгиликтери эми доктур койгон диагоноздон кийин тыйынга арзыбай, оору денесин, түгөйүнө жасаган ичи тардыгы дилин кыйнап жатты. Оорунун таасири эстен тандырып, улам капкара туңгуюкка кептеп, бала кезде түшүп кеткен түбү терең кудукту эсине салып турушу бул өмүрдө ар бир адам жасаган жаман-жакшы иштерине жооп берүүчү мезгил келерин окурманга эскертип тургансыйт. Онколог-профессор трансплантацияга бир группадагы кандын зарылдыгын, эң жакын кандаш адам менен Германияга барууну сунуштаган соң, бир кезде өзү кордогон, Батырканды кызганып, Кыргызстандан Россияга мигрант болуп кетишин “камсыз кылган” түгөйү Кумарды издөөгө мажбур эле. Тумар кабылган эң катаал абийир соту ушул болду. Москвадагы уулуна оорусун айткан соң, кайра дагы бир анализ тапшырып, анын жыйынтыгын күтүү убактысында, Москвада – ээн квартирада Тумар атасынан калган күндөлүктү окуп жатканда, Бишкекте өтүп жаткан шумдуктуу окуялар менен романдын экинчи сюжети “старт” алат.

Жаңы доордогу жаш ишкер-бизнесмен “Султан” курулуш корпорациясынын жетекчиси Султан өз колум менен үй кургандан соң үйлөнөм деген максатына жетип, сүйүктүүсү Элизага баш кошуу үлпөтүндөгү окуяга ишенүү да, ишенбөө да кыйын. Антракта, жаштар бийлеп жатканда, үлпөт кийиминде турган күйөөнү: “Биз менен бир мүнөткө сыртка чыгып келиңизчи, тууган”, – деген сомодой төрт жигит келип күбөлүгүн көрсөтүп, эшикке чыгарып алган соң, колун кайрып, милиция машинасына салып кетиши – детективдик сюжет. Жанрдын табиятына ылайык, реалисттик жана ирреалисттик окуялар кийинки жылдары театрларда көрсөтүлүп жаткан кадимки кинодогудай биринин артынан экинчиси чубуруп, динамикалык тездикте биринчи сюжеттик линия менен “жарышка” чыгат да, кыска убакытта аны басып өтөт. Көп кабаттуу үйдүн “Швейный цех” аталган жер төлөсүндө болуп жаткан шумдуктуу окуялар кыргыз баласы үч уктаса түшүнө кирбеген “жаңы” көрүнүштөр.

Бир тарапта үйлөнүүнүн биринчи нике түнүндө төшөктө жалгыз калган келинчек, жаштардын жоро-жолдошторунун, ата-энелеринин психологиялык чыңалуусу, экинчи тарапта Султандын атасы Салман Садыровичтин кыймыл-аракети аркылуу дагы бир үй-бүлөнүн тагдыр-таржымалы, үчүнчү тарапта мамлекеттик коопсуздук кызматынын чекисти Рашид Атабековдун “Жертөлө” операциясы сыяктуу окуялар уйгу-туйгу түшөт. Ошол эле учурда жер төлөгө Султанды көзүн таңып алып кирген соң, кылмыштуу топ монтаждалган шерменде сүрөттөр жана диск аркылуу шантаж жасап, “Султан” курулуш корпорациясын Камарага өткөрүп берүүнү талап кылып жатышты. Чиеленүү өз кульминациясына жеткен кезде, Камаранын капканына түшкөн дагы бир кырдаал “туткуну” жаш улан Белектин Султанга тамак алып кириши менен окуя чечилүүгө багыт алат. Анткени менен кылмыш иши өз курмандыгын талап кылып, Султанга жер төлөнүн ачкычын берип, бирок уюшкан кылмыштуу топтон корккон Белектин Кыргызстандан качып чыгып, Россияга кетиши чоң энеси Зарбү кемпирдин аянычтуу өлүмүн шарттайт.

Жашоого каражат таппай каржалып турган Белектин айласыз абалынан пайдаланып, тажрыйбалуу сойку аны “эркектикке” үйрөтүшү менен капканга түшкөн жаш улан канткен менен Султандын бир кезде жасаган жакшылыгына жакшылык менен жооп берүүгө да, өзүн кылмыш торунан бошотууга да эрки жетет. Чыгармадагы эң аянычтуу эпизод мына ушул сокур кемпир менен анын небереси жетим бала Кеңештин тагдыр таржымалы болгондуктан, эгемендик жылдарындагы экономикалык жакырчылыкты коштогон адеп-ахлак жакырчылыгы алардын турмуш шарты аркылуу берилген. Белек сокур чоң энесин жалгыз таштап, Россияга кеткенден кийин анын курдаш жумушсуз жаш балдары кемпирдин үйүнө кирип, ага небереси (Белек) жиберген 1000 рублди таап алган соң, вино ичишип, сокур кемпирди үйүнөн кууп чыгышы, карайлаган сокур карыны машина уруп каза болушу, бул жаман кабардын “Акипрессте” жарыяланышы, сөөктү кайда коюуну билбей, тууганы Акматтын “Байтикте” сатылчу көрдүн кымбаттыгына кайгырышы, “Дело №” гезитине журналисттик изилдөөнүн басылышы сыяктуу “жаңы” окуялар чынында эле ХХI кылымда кыргыз коому күбө болуп жаткан кадимки көрүнүштөр экени да ырас.

Ушундай доордун каргашалуу, кооптуу, жексур кырдаалынын “курмандыктары” болгонуна карабай, чоң эне менен неберенин ортосундагы жылуу мамиле аркылуу муундар ортосундагы руханий баалуулуктун үзүлбөгөн жиби элдин келечегине үмүт байлоого үндөй алат. Жашоосу жакыр, көзү сокур экенине карабай Зарбү чоң эненин небересинин арам ишке аралашып жүргөнүн көкүрөгү менен сезип, кабатырланган ички ой-толгоолору анын нарктуулугунан кабар берип, окурманды каарманга боор толгогон аялуу сезимге дуушар кылат.

Негизинен роман жакшы окулат. Бул мыкты чыгармага таандык касиеттердин бири. “Аймаранды” бүткөн соң ага улуттук адабияттагы салттуулук да, айрым жаңычылдык да мүнөздүү деген жыйынтыкка келүүгө болот. Салттуулуктун баалуулугу да, проблемалары да бар эмеспи. Кыргыз романдарына таандык эпикалык мотивдер: уламыш, ретроспективалык тарыхый кыстырма баяндар, дүйнө салган белгилүү адамдын керээзи, аны узатуу зыйнатында айтылчу кошок калемгер тарабынан чебер колдонулган. Ошол эле учурда кыргыз романдары арыла албай келе жаткан кемчиликтер да жок эмес. Айрыкча, улуттук адабияттагы салттуу роман жанрына таандык баягы эле көлөмдүүлүк же көп сөздүүлүк көйгөйү байкалат. Чыгарма 73 бөлүмдөн, 551 беттен турат. Чыгармадагы төмөнкү алешемдиктерди көрмөксөнгө салууга да болбойт.

  1. Окурман чыгарманын “Аймаран” атылышынын себебин көпкө күтөт. Натыйжада, “Аймаран” деген атоону унутуп деле калат. Роман 73 бөлүмдөн турса, анын 63 бөлүмүнүн аягында (419-бетте) Тумардын Ариет атасы “Тумар каныша” жөнүндөгү уламыштын айтып бүткөндөн кийин Аймаран – миң бир эки ооруга шыпаа чөп экендиги боюнча кыска маалымат берет. Ал бир гана Көлдүн адам баспаган жеринде өсөрүн, бардык эле адамга көрүнбөстүгүн айтуу менен өзү Көк-Дөбөгө барып үзүп келет. Тумар Муратовнага Аймаранды кайнатып ичүү менен гана жүрөгүндө турган бармак басым кара такты кетирип, “агарышын” сунуштайт. Тумардын ишиндеги, тагдырындагы кыйынчылыктар ошол жүрөгүндө бала кезде калган кара такка байланыштырылат. Окурман романда кароолго алынган негизги проблема ушул беле? – деген күдүк суроого кабылат. А бирок “кара так” кете электе эле Тумар ак никелүү жарын көзгө илбей, жаш кездеги сүйүүсү Батырканга тогуз жылдан соң кезигип, жаштыгын “Куркултай уяда” дуулап өткөрүп, үй-бүлөлүк ырыскы-насиптин эч нерсесинен кемибей (ал эмес тагдыр аны ашыкча эркелетип жибергендей), бул турмушта адам баласына таандык бардык дөөлөткө ашыгы менен ээ болуп, өтө эле эркин жашабадыбы. Кыскасы, чыгарманын аталышы анда көркөм аңдоого алынган өтө жыш социалдык, нравалык доор көйгөйлөрүнө анча төп келе бербегендей таасир калат.
  2. Аймаранды айткан соң, табылгы таягын калтырып Ариет атанын кайып болуп кетиши фольклордук чыгармаларда кездешүүчү эсхатологиялык түшүнүк экени белгилүү. Бирок азыркы реалдуу турмуш көрүнүштөрүн чагылдырган романда анын Германияда (Кумар, Назар кошо барып, трансплантанцияга даярданып жатканда) Тумарга кездешүүсү окурманды ишендирип жибериши кыйын. Автор бул эпизодду жок дегенде түштөгү аян аркылуу берсе ишенимдүү болот беле деген ой кетет. Тумар менен Кумар бойго бүткөндөн баштап, тагдыр чечүүчү мезгилде көрүнө калчу жыпжылаңач эгиз кыздардын элеси жөнүндө да, долонотулук келин менен жоолугуп, ал эмес анын боз үйүнөн чай ичип, эртең менен эрте анын үйү менен кошо жок болуп кетиши ( 458-б) боюнча да ушундай пикир айтууга болор эле.
  3. Жазуучунун тиригерликке (бытовизм): тамак-аш, ичимдик, кофе ичүү сыяктуу, сөөк узатууга байланыштуу окуяларды майдалап сүрөттөөгө ашыкча азгырылганы байкалат.
  4. Автор интим мамилесин баяндоого ашкере берилгендей; ал чыгармада көркөм сүрөттөлгөн доор көйгөйлөрү фонунда өз ордун жакшы таппай калган. Тумар менен Батыркандын жаш эмес, акыл токтоткон куракта кайра жолугуп, алардын акылдан адашкандай дем менен сүрөттөлгөн арзуусу ара жолдо калбаса, балким, мындай интим баяны өзүн актамак. “Жаны” деген сөздүн тынымсыз кайталанышы окурманды тажатып жиберет.
  5. Романдын идеялык-тематикасы менен байланышпаган ашыкча эпизоддор кездешет. Айталы, Тумар менен коңшусу Караматтын мамилесин сүрөттөгөн эпизодго романдын композициясы муктаж деле эмес.
Култаева Ү.Б. – филология илимдеринин доктору.

Жогоруда белгиленген деталдар болбосо романдын түзүлүшү тыкан келип, көлөм да азаймак. Анткени азыркы романдын жанрдык трансформациясы да, окурман да көлөмдүүлүктү жактыра бербейт. Ошентсе да “Аймаран” романы жазуучунун түйшүктүү эмгегин, чыгармачылыгынын жаңы этабын камтыган олуттуу чыгарма.

[1] Караңыз: Асаналиев К. Социалисттик реализм доорунан кийин… Биринчи макала: Көчкөндө сак бол. // Кутбилим, № 26, 1996, 23.11;  Экинчи макала: Комфорт же панегрик мактоонун “поэтикасы”, №27, 5.12., 1996.

[2] Маркова  Т.Н. Формотворческие тенденции в прозе конца ХХ века  (В. Маканин, Л. Петрушевская, В. Пелевин): Автореферат дисс. соиск. докт. филол.н, Екатеринбург, 2003;

[3] Серова З.Н.  Пути трансформации романной формы в отечественной прозе рубежа XX-XXI веков : автореферат дис. … канд. филол. наук. — Казань, 2011. Пестерев В.А. Модификация романной формы в прозе Запада второй половины XX столетия :Способы художественного синтезирования

[4] Елизавета Батуринин 650 жаш кызды өлтүргөнү анын күндөлүгүндө жазылып калганы жөнүндөгү тарыхый чындыкка туура келет.

[5] Романдын 45-б.

3 Replies to “Үмүт Култаева: Азыркы доор үнү Мамазаированын «Аймаран» романында”

  1. өтө көкөлөтүп мактап туруп аягында сындап кеткени эң туура болуптур. Калыс пикир деп ушуну айтсак деймин

  2. Үмүт Култаева, учурдагы ири окумуштуулардын бири деп эсептейм. Менин «Аймаран» романымдын көлөмдүү экенине карабай окуп чыгып, ой-пикирин айтканы үчүн ыраазычылыгымды билдирем.Азыр кызык мезгил.Чоң чыгармаарды окуп чыгуунун өзү убактытты, чыдамкайлыкты, анын тегерегинде ой жүгуртүүну талап кылат.Буга чейин илимдин кандидаты, журналист, жазуучу Ризван Исмаилова алгачкылардан болуп окуп чыгып, «Эркин тоо» газетасына кеңири-кесири макала жазган.Ага удаа Кыргыз Республикаысынын эл жазуучусу, романист Мелис Абакиров өз оюн таасын билдирген макаласын «Кыргыз туусуна» чыгарган. Жогорудагы замандаштарыма чоң ракмат айтамын. Үч макаланын ар биринде авторго пайдалуу ойлор айтылганы менен канагаттануу алып келди. Анан да «Рух Эш» авторитеттүү сайтына, анын жетекчиси Олжобай Шакирге ракмат айтамын.

  3. Абдан жакшы сын макала болуптур. «Аймаранды» окуп чыккандан кийин ага айтылган аналитикалык сын макаланы окуу — абдан ойго салды. Рахмат сизге Үмүт эже!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.