АҢГЕМЕ

Почточу алгачкы милдетин Улапур айылында баштаган. Айыл чакан болсо да индиго[i] заводу бар эле, анын ээси – англичан почта негиздегенге үлгүрдү.

Биздин почточу калькутталык эле. Ал алыскы айылда ѳзүн суудан чыгып калган балыктай сезчү. Анын кеңсеси жана жашоочу бѳлмѳсү туш тарабынан жыш ѳскѳн чѳп менен курчалган, жашыл, жабышкак чѳѳттѳн анча алыс эмес жердеги саман сарай.

Индиго заводунда иштеген адамдар эс алуу эмне экенин билишчү эмес, анын үстүнѳ аларды дурус адамдар баалуу шерик катары кѳрүшчү эмес. Калькутталык бала да башкалар менен баарлашууда искусстводон эч маалыматы жок эле.

Кээде гана бирин-экин ыр чиймелеп кѳргѳн. Жалбырактардын шуулдагы жана асмандагы булуттар жашоону кубанычка бѳлѳп тургандыгы —  ал билдиргиси келген сезимдер эле. Араб Түндѳрүндѳгү жин бак-дарактарды, жалбырактарды, баарын бир түндѳ жок кылып, аларды асфальтталган жол менен алмаштырып, булуттарды катар-катар бийик үйлѳр менен жашырып салса, байкуш киши муну жаңы жашоонун белеги катары сезмекпи – аны бир Кудай билет.

Почточунун айлык акысы аз эле. Ал  тамагын ѳзү бышырчу, аны да анын майда-чүйдѳ иштерин бүтүрүүчү айылдагы жетим кыз Ратан менен бѳлүшчү.

Кеч кирип, уйканалардан түтүн буралып чыга баштаганда, бадалдарда цикадалар чыйпылдап жатканда; Баул сектасынын тилемчилери күндүзгү жолуккан жеринде чучукка жеткен ырларын созгондо, жыш ѳскѳн бамбуктун жалбырактарынын кыймылын кѳрүүгѳ далалаттанган кандай гана акын болбосун жонунан ылдый кызыктай калтыракты сезмек, ошондо гана почточу жарыкты жандырып, «Ратан» деп чыкырмак.

Анын чакырыгын күтүп, Ратан сыртта отурар эле, дароо кирип келбестен «Сэр, мени чыкырдыңызбы?» — деп жооп берчү.

— Эмне кылып жатасың? – почточу сурар эле.

— Ашканага от жагышым керек эле, – жооп ушундай болор эле.

Почточу айтар эле:

— Ашкананын оту күтѳ турат; биринчи менин мүштѳгүмдү жандыр.

Акыры тамекини күйгүзүү үчүн чокту үйлѳгѳн бойдон жаактарын дулдуйтуп Ратан кирер эле.  Бул почточуга сүйлѳшүү мүмкүнчүлүгү болор эле.

– Кана, Ратан, апаң жѳнүндѳ эмнелер эсиңде? — деп баштаар эле.

Бул жемиштүү тема болчу. Ратан чала-була  эстечү, анткени жарым жартылай эсинде эле. Анын атасы апасына караганда кызын жакшы кѳрѳр эле; ал анын эсинде экен. Ал жумуштан кийин кечкисин үйгѳ келе турган, баарынан да  ушундай кечтер анын жадында сүрѳттѳй болуп биротоло ѳчпѳй калыптыр. Ратан эстегенче почточунун аягында – полдо отурар эле. Анын бир иниси болгонун, бүркѳк күндѳрдүн биринде жасалма кѳлмѳнүн жээгинде кайырмактын ордуна таяк менен балык уулап ойногондорун эстеди. Ушундай кичинекей эпизоддор чоңурак окуяларга айланар эле. Ушинтип сүйлѳшүп отурганча кеч болуп кетчү, анан почточу деги эле тамак бышыргысы келбей калчу. Ратан тезинен от жагып, ачытылбаган нандан тост жасай салчу, эртең мененкиден калган муздак тамак менен тост алардын кечки тамагы болор эле.

Ошондой кечтердин биринде, чоң, бош сарайдын бурчундагы партага отуруп алган почточу ѳз үйүн, энесин, эжесин, алыста жүргѳндѳ сагынган адамдарын эстечү, — мындай эскерүүлѳр дайыма аны коштоп жүрчү, бирок ал тууралуу заводдогу адамдар менен сүйлѳшѳ алчу эмес, ушу жѳнѳкѳй, кичине кыздын жанында эстегендерин үнүн чыгарып, тартынбастан айтып отурчу. Ошентип кыз анын туугандарын ѳмүр бою билип жүргѳндѳй ѳз апасы, иниси, эжесиндей кабыл алып калган. Чындыгында анын кичинекей жүрѳгүндѳ алардын ар биринин сүрѳтү тартылуу эле.

Бир күнү түштѳ жаан токтогондо, жагымдуу салкын жел согуп турган;  ным чѳптүн жыты, куйкалаган күн астындагы жалбырактар чарчаган жердин жылуу дем алганы сезилип турду. Жаны жай албаган чымчык нааразычылыгын Табигаттын кабинетинде кайра-кайра кайталап жатты.

Почточунун кыларга иши жок эле. Жаңы жуулган, жылтыраган жалбырактар,  азыр эле чегинген булуттар калтырган кѳлчүктѳр кѳзгѳ урунат; почточу аларды карап отуруп, ойлонду: “Эх, жанымда бир ынагым болсочу, жүрѳгүмѳ жакын кармай турган мени сүйгѳн бирѳѳ болсо!” Ал дал ушуну ойлоно берди, дал ошону чымчык айткысы келген, дал ушундай сезимди жалбырактар да билдирүүгѳ аракет кылып жатышкан. Бирок ушундай ой жарытылуу айлык албаган айылдык почточунун оюна чаламандын чак түшүндѳ, эс алуу учурунда келерин эч ким билген жок жана ишенмек да эмес.

Почточу үшкүрүнүп, Ратанды чыкырды. Ратан болсо гуава дарагынын астында быша элек гуава жейм деп асылып жаткан. Ээсинин үнүн угаары менен

– Дада, мени чакырдыңызбы? – деп бышылдап чуркап келди.

Почточу айтты:

— Сага окуганды үйрѳтүп койсомбу деп ойлогом.

Ал жарым күн бою ага алфавитти таанытты.

Ошентип, кыска убакытта Ратан удаа келген үнсүздѳрдү окуп калды.

Бул мезгилдин жамгыры бүтпѳчүдѳй сезилди. Канал, арык жана чуңкурлар сууга толуп жатып калды. Күнү-түнү жаандын тыпылдаган үнү менен бакалардын бакылдагы басылган жок. Айылдын жолу киши ѳтѳ алгыс болуп калды, соода-сатык түбү жайык кайыктарда болмой болду.

Бүркѳк таңдардын биринде, почточунун кичинекей окуучусу эшиктин сыртында анын чакыруусун кѳпкѳ күтүп туруп калды, бирок адаттагыдай чакырыкты укпаган соң бырышкан-тырышкан китебин алып, бѳлмѳгѳ акырын кирди. Ал ээсинин жатакта жатканын кѳрдү,  ал эс алып жаткан экен деп ойлоп, бут учу менен чыгып кетейин дегенде күтүүсүздѳн «Ратан!» деген үндү укту. Ал дароо бурулуп, сурады:

— Дада, уктап жаттыңыз беле?

Почточу аянычтуу үн катты:

— Мен жакшы эмесмин. Чекемди басып кѳрчү, абдан ысык бекен?

Алыста жалгыздыкта, жаандын чүмбѳтүндѳ анын ооруп турган денесине назик кам кѳрүү керек болчу. Билериктин шыңгырагы менен жумшак колдордун чекесине тийишин эстегиси, аны жактырган аялзатынын, энеси менен эжесинин жанында болушун элестеткиси келди. Алыстык ал ойлогондой болгон жок. Ратан тез эле чоңойду. Ал дароо эле энесиндей болуп, айылдагы доктурду чакырды, орулууга маал-маалы менен дарыларын берип, түнү менен анын жаздыгынын жанында отурду, ага ботко бышырып, улам-улам:

– Дада, жакшы болуп калдыңызбы? – деп сурап турду.

Алсызданган почточу жатактан турганга чейин ушинтип кам кѳрдү.

– Мындан ары мындай болбойт, которулушум керек, — деп почточу чечкиндүү айтты. Жердин ылайыксыздыгын шылтоолоп, Калькуттага которулуу тууралуу ѳтүнүч-арызын жазды.

Медайым катары милдетинен кутулган Ратан кайрадан эшик сыртында, эски ордун ээлеп калды. Бирок ал мурдагыдай чакырыкты эшитпеди. Кээде гана почточунун отургучта отурганын, же жатакта узунунан жатканын, же жѳн гана асманды тиктеп жатканын кѳрүү үчүн уурданып шыкаалап жатты.  Ратан чакырыгын күтүп жүргѳн маалда  почточу арызынын жообун күттү. Кыз мурунку ѳткѳн сабактарды кайра-кайра окуп, анын тынчсызданганы – качан чакырык чыкканда, удаа келген үнсүздѳрдү окууга ынтызарлыгын билдирүү эле. Акыры бир жумадан кийин, кечинде аны чыкырды. Жүрѳгү элеп-желеп болуп,

— Дада, мени чакырдыңызбы? – деп Ратан бѳлмѳгѳ аттап-буттап кирип келди.

Почточу айтты:

— Ратан, мен эртең кетип атам.

— Каякка кеткени атасыз, Дада?  — Кайра качан келесиз?

— Кайра келбейм.

Ратан башка суроо берген жок. Почточу которулуу тууралуу ѳтүнүч-арызы канааттандырылбаганын, ишинен бошонуу жѳнүндѳ арызын жазып, үйүнѳ кеткени жатканын божурап айтып берди.

Узакка дейре алардын бири да лам деп ооз ачкан жок. Лампа үлпүлдѳп күйүп, самандын бир бурчунан полдогу карапа идишке суу тынымсыз тамчылап жатты.

Бир аздан кийин Ратан ордунан туруп, тамак даярдоо үчүн ашканага чыгып кетти; бирок ал башка күндѳгүдѳй тез-тез кыймылдаган жок. Анын кичинекей мээсине ар нерселер келди. Почточу тамагын жеп бүткѳндѳ, кыз күтүүсүздѳн суроо берди:

— Дада, мени үйүңүзгѳ ала кетесизби?

Почточу күлдү.

– Бу каяктан чыкты! – деди ал, ал кызга бу сандырактыкты түшүндүрүп отуруунун кажети жок деп ойлоду.

Ошол түнү таң аткыча ѳңүндѳ да, түшүндѳ, «Бу каяктан чыкты!» — деген почточунун күлүп айткан жообу Ратанды ээрчип алды.

Почточу эртең менен турганда чайына турган суусу даяр экенин кѳрдү. Ал бул айылдын адаты боюнча дарыяга барып чайынгандын ордуна, карападагы сууга жуунган Калькуттадагы каадасын карманчу. Кандайдыр бир себептерден улам кыз анын кетээр убактысын сурай алган эмес, ошондуктан ал кайсы убакта кааласа даяр болсун деп таң агара электе дарыядан суу алып келип койгон. Ал чайынгандан кийин Ратанды чакырды. Ал дабыш чыгарбай кирип, ээсине үнсүз, буйругун күтүп карады. Ээси айтты:

— Ратан, менин кетип жатканыма кападар болбо; менден кийин келе турган адамга сени табыштап кетем. – Бул сѳздѳр, албетте, мээримдүү эле: бирок аялзатынын жүрѳгүнѳ болгон жолго жетмек эмес!

Ратан ээсинин урушкандарын такыр арызданбастан кѳтѳрчү, бирок мындай жылуу сѳзгѳ чыдай алган жок. Ал буркурап ыйлап жиберди да, айтты:

— Жок, жок, эч кимге мен жѳнүндѳ эч нерсе айтуунун кереги жок; мен бул жерде калгым келбейт.

Почточу нес болуп калды. Ал эч качан Ратандын мындай болгонун кѳргѳн эмес.

Жаңы почточу ѳз убагында келди, ага ишин ѳткѳрүп бергенден кийин кетүүгѳ камына баштады. Жолго  чыгарда Ратанды чакырып айтты:

— Бул сага; бир азга болсо да кереги тиет деп ойлойм. – Ал жолго гана бир аз тыйын алып калып, чѳнтѳгүнѳн бир айлык акчасын алып чыкты. Ратан анын бутуна жыгылып, ыйлады:

— О Дада, жалынам сага, мага эч нерсе бербей эле коюңуз, мага кабатыр болбоңуз, – атып чыгып кѳздѳн кайым болду.

Почточу үшкүрдү да таар баштыгын алып, кол чатырын ийинине асынган боюнча анын түстүү калай сандыгын кѳтѳргѳн кишинин коштоосунда кайыкты кѳздѳй бет алды.

Ал кайыкка отуруп жолго чыкканда, жерден атып чыккан кѳз жаштын агымындай болгон жаандын суусуна ашып-ташкан дарыя кайыктын учунда тегеренип сыздап жаткансыды, анан анын жүрѳгү ооруп чыкты; айылдык кыздын кайгылуу жүзү кадимки Жер Эненин айтылбаган улуу кайгысын элестетти. Бир кезде кайра барып, кароосуз калган жалгыз жетесизди кошо ала кеткиси келди. Бирок кайыктын желегин шамал үйлѳп, жел кайык суунун ортосунда эле, айыл эбак артта калган, чеке белиндеги таштанды ѳрттѳгѳн жер гана кѳрүнүп турду.

Ошентип, шар аккан дарыядагы жолоочу жашоодогу эсеби жок жолугушуу жана айрылуулар – ал жактан эч ким кайтпай турган улуу ажырашуу — ѳлүм тууралуу философиялык ойлору менен ѳзүн ѳзү жооткотту.

Бирок Ратандын философиясы жок эле. Ал кѳз жашын кѳлдѳтүп, почтанын айланасында каңгып жүрдү. Дада келип калбасын деген жүрѳгүндѳгү үзүлбѳгѳн үмүттѳн улам ал жерден кете албай жаткандай. Адам баласы кандай гана келесоо! Катачылыкты кайталай беребиз. Катачылыгын аңдап түшүнүү үчүн кѳп убакыт керек болот. Ошол эле учурда так далилдерге да ишенбейбиз. Шайтан үмүт канынды кактай соруп, күч менен байлап турган жиптерин үзүп кеткенге чейин биротоло сени ээлеп алат. Андан кийин эсиңе келе баштайсың да, кайра ошол эле катачылыктарың менен айлампага киресиң.

Англисчеден которулду

[i]  Тропикалык ѳсүмдүктѳн органикалык жол  менен алынуучу кочкул кѳк боёк чыгарган завод.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.