АҢГЕМЕ

Полуденный суусу так эле Европа менен Азиянын чек арасы аркылуу агат. Кай бир жерлерде саздуу белден төмөн карай, жайдак аттын тер баскан жонунан шыпырылган баладай акса, дөңдөрдүн жанында имерилип, коктуларда мелмилдеп, кай бир жерде белди оюп, ташты көзөп агат.

Ушул суу жээгинде Промысла кыштагы жайгашкан. Мурда бул кыштак Кресто-Воздвижен промыслы аталып, бирок революциялык өзгөрүүлөрдөн улам, биринчи бөлүгү өчүп калган экен. Илгери Кресто-Воздвижен промыслы баронесса Полье-Варвара Бутэра-Родалиге таандык болуп, ал жерден крепосной дыйкандар жана каторжниктер алтын казышчу экен. Атасынын ордуна кенди кол араба менен сүйрөгөнгө келген Верхный Калининдик он төрт жашар Попов деген бала, ушул жерден биринчи орус алмазын табат. Кызык, төп келгенин караңыз: африкада да биринчи алмазды он төрт жашар малчы-негр тапкан имиш.

Биринчи орус алмазы туулган күнүнө карата императрицага тартууланып, баронесса Бутэра-Родали-графиня болуп калат, Поповдун тагдыры тууралуу эч нерсе белгисиз.

Жүз жылдан ашык мезгил биринчи орус алмазынын тарыхы эч кимди кызыктырган эмес.

Улуу Ата-Мекендик согуштан кийинки “кансыз согуш” тирешүү, башка муктаждыктардан улам өлкөгө алмаз керек болуп, Промысла жана Попов эске түшөт. Уралдын алмазын казуу башталып, бирок Якутиянын алмазы табылгандан кийин, бул иштер солгундай баштап, мен Промыслага келишим ошол мезгилге туш келип калды. Жаңыдан жандана баштаган кыштак, кайрадан тунжурап калган экен.

Промыслага китеп жазганга материал топтогону келгем. Жөнөкөй китеп эмес — араба сүйрөгөн Попов жана биринчи орус алмазы тууралуу курч окуялуу, бүйүр кызыткан китеп жазууну ойлогом. Ал кезде адабият ишинде анча ташыкпаган жаным, эмнени болсо да курч окуялуу чыгармабы, комедиябы, ал эмес романбы – барын жазуу колуман келет деп ойлочумун.

Арийне, бул максатым ишке ашкан жок, ишке ашпайт да болчу. Биринчи орус алмазынын тарыхы, оруста боло жүргөндөй, чаташып, чын-төгүнү билинбей калыптыр. Жети же сегиз куу сакал абышкалар төштөрүн ургулап, биринчи орус алмазын мен тапкам деп, ал үчүн өкмөт атайын “бензия” чектеп беришин талап кылышты. Анан, абдан чатак дагы бир абышка, өзүн да, тиги чалдардын айтканын да төгүнгө чыгарып, Попов деген деги эле болбогонун, бул чалдар да жөн эле өкмөттү алдап, пенсиясын көбөйткүсү келип “дөөрүп”, жатканын, ал алмазды Ермактын кемпири тооктун жемсөөсүнөн алганын айтты. Ермактын кемпири эчак каза болгон, чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн эмес…

Мен эмне кылат элем, алмазга да, куу сакал абышкаларга да, Ермактын кемпирине да, курч окуяларга да кол шилтеп, үйгө кайтууну чечтим.

Оорунун айынан гана чеке жылытпаган айлыгына кайыл болуп, ушул кызматта иштеп жаткан оорукчан, жоош адам — айылдык кеңештин төрагасы, эртең менен Теплая Гора станциясына кошо ала кеткенге макулдугун берип, мен айыл кеңешинде түнөп алдым.

Төрага столго, лампанын алдына олтуруп алып, өзүнө ишенип тапшырылган айылдын жашоо турмушу, жетишкендиктери тууралуу, ар түрдүү сандарга башын катырып, кагаздарын шуудуратып шаардык сессияга доклад даярдап жатат, а мен болсо эски темир мештин жанында полго төшөлгөн газеталарга жатып алып, тыштагы шамалдын үнүн тыңшайм.

Кеч күз эле. Тышта шамал улуп, мезгил мезгили менен бир нерселерди калдыратып, майда бытыра менен мылтыктан атып жаткансып, дыбыратып айнекти койгулайт.

Айыл жым-жырт, караңгы. Промысланы убактылуу ээлеп алган геологиялык экспедиция да тынчтанып, баткакка тыгылган машинасы терезенин алдында күрүлдөбөйт, айыл кеңешинин астынкы кабатында орношкон конторага келишим менен жумушчулардын да кыйкырышканы, сөгүнгөнү басылды.

Айыл кеңешинин имараты экинчи кабатка чыгууга ички тепкичтери бар, эски, чоң үй. Таза, полдору кырылган, жылуу, тынч.

Мен печканын жанында үргүлөй баштадым эле, төрага махоркасын тынбай түтөтүп, көз айнеги менен кагаздарга тигилип дагы эле жазып жаткан. Бир маалда эле астыдагы эшик карсылдап, жыгач тепкичтерди качыратып бирөөнүн келатканы угулду. Анан бирөө туткасын издеп эшикти сыйпалай баштады. Төрага кагаздан башын көтөрүп, мен да көзүмдү ачып эшикти тиктеп калдык.

Саат бир же экилер болуп, күздүн кап-караңы түнү эле. Төрага оозун камдап, кыязы: “Мындай түндө кимди кайсы шайтан айдап келди?..” — деп сураганы жаңы эле оозун ача бергенде, эшик ачылып, суу күрмөчөн, ишмалтайы чыгып бырышкан шапкечен, билегине балта илип алган бирөө пайда болду.

Ал жарыктан уялган көзүн ирмегилеп, эшиктин алдында туруп калды. Экөөбүз тең аны тиктеп калдык. Балтанын сабы да, балта да кан, адамдын бети, колу, шымы да кан.

— Салам, начальник! – адам балтаны колуна алып, столго карай басты. Төрага терезеге карай эңкейген да жок. Кайкайып түз отурганы менен колдору столдун үстүнөн акырын жылмышып, эмнегедир көз айнегинин бир жагы кулагынан түшүп, бетинен ылдый, бир эле жаасында илинип турду. Мен кыймылдаганга, кыйкырганга да даай албай, бутумду бүккөн бойдон газеталарда кандай жатсам, ошондой жаттым.

— Мына! – адам столго, так эле Промысла айылынын жетишкендиктери тууралуу төраганын докладынын үстүнө кан болгон балтасын таштады. – И-и… эмне тиктейсиң? Жүрөгүң түшүп калдыбы? Адам мыскылдай күлүп, төраганын көз айнегин оңдоп кийгизди. – Кама мени, бол…

— Эм-эмне?

— Кама дейм!- Ал бурулуп мени байкап, сөөмөй кесеп: — А-а, жаны жоктор! Жүрөгүңөрдү түшүрдүмбү?! Ким болосуң?

Тырмактарында кан жүрөт, али карая элек, кургай элек кан.

— Ад-адабыятчымын. – Ал түшүнбөй калганын сустая түшкөнүнөн билдим.- Гезитте иштейм.

— А-а гезиттеби? — кайрадан жайдаңдай түштү. – Калп айтасыңар, баарың өзүңөрдүн гезитиңерде. Тамеки барбы?

Мен сигареттин пачкасын шашыла сундум. Сигарет алаарда, бейтааныш өзүнүн колдоруна тигилди.

— Ат, шүмшүк! Канын кара, койдукундай болуп! Колумду жууп алайын. Жуунгуч тепкичтин жанында, көргөм…

Ал чыгып кетти. А менин башымда: “Караңгыда жуунгучту кантип көрдү экен?” – деген, болбогон бир ой турду. Төрага дагы эле өзүнө келе албай олтурат. Мына эми гана ачык эшикти жалт карап, эки колу менен балтаны ала коюп, аяк астына сунуп, буту менен басып алды.

Адам эшиктин артында жуунгучту калдыратып, бышкырынып жатты. Акырында катуу чимкиринип, анан эмне менен сүртүнсөм экен дегендей жарыкка чыга келди.

— Тыякта! – төрага эшикти көрсөтүп. – Сүлгү тигил жакта.

— Ооба көрдүм, — бейтааныш бурк этти. – булгагым келген жок. Келе бери, эски гезиттен.

Гезиттер менин алдымда эле. Шашыла шоона жана шиштер менен көктөлгөн гезиттердин бир тангагын сундум. Бейтааныш гезиттердин баш сөздөрүн карап, үстүнөн үч даанасын сууруп алды. Жүзүн, андан кийин колун аарчып, суу болгон гезиттерди мешке ыргытты, анан колун көчүгүнө сүрттү.

Суу кылып албас үчүн эриндери менен бир сигаретти пачкеден элпек алып:

— Мына эми тамеки тартса болот! – деди шайдоот. Илеп тартып моокуму кана: — Болгарияныкы экен! Көптөн бери тарта элек элем. Күчү анча болбону менен жыты жакшы…

— Э-э, тигил… – төрагын үнү калтырап араң чыкты. – Мен, деги, эмнеге…

— Эмнеге мында келдимби? – тигил улай кетти. — Анан кайда бармак элем? Сен бийликсиң! Сен мени камашың керек.

— Эмне үчүн?

Жооп берерден мурда, ал мештин алдына чөгөлөй калып, тамекинин калдыгын мештин алдына бүркүп салды, сигаретти заматта соруп түгөтүп, эми ойлонуп жаткандай: дагы бирди тартсамбы?

— А-ай, бирөөнү өлтүрүп салдым, — деди тигил мойнун бурбай, камырабай.

— Ө-өл-түр- үү-п? – төрага кайрадан кекечтенип калды.- К-кантип?

— Жөн эле. Картадан утулуп калдым эле.

— Та-ак, — деп созду төрага колдорун столдун үстүнө кайрадан коюп, — эмне кыларын, эмне айтарын билбей. — Та-ак, — деп дагы акырын кайталады.

Төрагага жардам бергим келип:

— Сиз, балким түшүндүрөөрсүз…- дедим ага сигарет сунуп. Бейтааныш сунган ширенкени албай, сигаретти чоктон күйгүздү.

— Эмнени түшүндүрмөк элем? Жөн эле. Картадан утулуп калдым. Ой койчу ошону, адам дегендей деле адам эмес болчу…- колун шилтеп койду, — аны эртели кечпи, бары-бир өлтүрүшмөк…

— Кантип ? Анан аны эмне кылдыңар? – төрага эми кекечтенбей сурады.

— Көлмөдө. Балта менен бөлүп-бөлүп туруп, матрастын тышына ороп көлмөгө ыргытып жибердим.

— Та-ак,- деп кайрадан созду төрага.- Та-ак,- деп кайталады. – бул жакка эмнеге келдиң? Мен сени эмне кылмак элем?

— Эмне кылмак элең? Кама! Сен – бийликсиң!

— Бийлик?! – төраганын үнү чыйылдап чыкты, көз айнеги кайрадан салаңдап калып, аны кулагына шашып-бушуп илип: — Кайдагы бийлик! Сага окшогондорго менде кайдагы бийлик!…

— Ой сен кыйкырба, начальник! Шашылба! Сен оң ишти жаса, мыйзам боюнча…

— Мыйзам боюнча… — төрага кайрадан кыйкырып, кыязы “сага кандай мыйзам болмок эле…” — деп айткысы келди окшойт, бирок карманып, айласы кеткен түрдө суроо салып, ал эмес бир нерселерди жаза да баштады.

Ал болсо көндүм болгондой, ордунан туруп, тамекини уучунда жашырып, суроонун маңызынан чыкпай, кыска жооп берип жатты:

— Митрофан Савелов.

Айласыздан эсиме түшөт – фанвизиндин Митрофаны өзүнүн аты уйкашын көрсө эмне! Кандай гана өзгөрүү!

— Уселскийликмин. Жашым? Жашым жыйырма сегизде. Мөөнөтүм? Мөөнөтүм жетишерлик.

Митрофан Савелов лагпункттан экен. Лагпункт алмаз казган мезгилден калган. Азыр болсо экспидицияга жер казганга жардам берет. Митрофан Савелов адам өлтүргөндөн кийин, лагпунктка кайткан эмес. Митрофан Савелов митаам экен! Лагерде, түнкүсүн итке талатып же “качканга аракет кылганы үчүн” атып деле салмак, андан да, аракет эмес, түздөн-түз эле качуу, адам өлтүрүү болуп жатпайбы. Ошон үчүн Митрофан Савелов бийликке корголоп келген экен да!

— Мен эми сени эмне кыла алам? – деп кайталады көптү көргөн, бардыгын түшүнгөн төрага тунжурап.

— Прокурорго телефон чал. Алып кетишсин. Мен уктайм,- деп Митрофан Савелов мешке жакын гезиттерди төшөй баштады.

Төшөп болуп, суу болгон күрмөсүн отко кактап, тоголоктоп башына коюп, анан колун башына жаздап суналып жата кетти.

— Лаф-фа-а.

Төрага да, мен да унчукпай аны карап турдук, ал болсо биздин бары-жогубузга назар да салып койгон жок

— И-и, мне ойлонуп калдың, кабарчы? – деди Митрофан Савелов шыпты тиктеп. – “Адамды өлтүрүп коюп, камаарабай уктагаганы жатат”, — деп таң калып жатасыңбы?

Мен — ооба, ошондой,- дегендей башымды ийкедим. Төрага болсо махорка салынган банкасын эстеп, чымчып тамеки алып, кагазга, столдун үстүнө төгүп-чачып цигарка орой баштады.

— Келе махоркаңдан, — Митрофан Савелов көтөрүлүп, — сигарет кандырбай койду. –Ал цигарка ороп, аны төраганын колун кармап тамекисинен күйгүзүп, соруп алып телефон тарапты жаңсады:

— Сен телефон чал, бол. Эмне турасың? Жакында таң атат. Мен бутумду чечип койсом окшойт.

Боосун чечпей ботинкесин бутунан шыпырып, сасыган, чирийин деп калган чылгоосун жазып, отунга ыргытып койду. Колдорунун бармактары менен бутунун манжаларынын арасын сүргүлөп, анан колун шымына аарчып, кайрадан жата кетти.

— Мына ушундай, кабарчым! – Митрофан Савелов сөз учугу үзүлбөгөндөй, мени карабай, сөзүн улап – Ушинтип эле камырабай уктай берем, түшүмдөн деле чочубайм. Көнгөм. Силер гезитиңерге жазып жатпайсыңарбы – джунглинин мыйзамы, джунглинин мыйзамы деп. Ал мыйзам биздики эмес. Ал алардын мыйзамы. А биздин мыйзам — тайга! Ошол эле ишмалтай, бирок бүчүсү бөлөк…

Кыязы, Митрофан Савелов мындай эркин темада, бирөөлөр менен шылдың аралаш, мыскылдай — өйдөсүнүп, көптөн бери сүйлөшө элек көрүнөт. Ал орто бойлуу, кең далылуу чулу келип, чымыр, денесинин бардыгы жазуу экен. Оң колунун төрт манжасында “Нина”, сол колунун төртөөндө — “Надя” деп чегилген. Якорлор, канжарга оролгон жылаан, көкүрөгүндө да бирдеме көрүнөт. Өңү – оркойгон айгыр жаак, көздөрү кууш, тикчийген саргылт, — заары, акылы билинип турган көздөр, а бир кездерде шайыр көздөр болсо керек.

Мен ага бирдеме деп күңкүлдөп койдум, мага бурулуп, жаман көзү менен карап:

— Согушта болгонсуң го? Таяк жедиң, жарадар болдуң?

— Болгом. Таяк да жедим, бир эмес, канча жолу жарадар да болдум.

— Мына, бизде, бул жакта да ошондой согуш, абдан ырайымсыз. Тирүү калам десең, такай коргонуп, өлтүрүүң, өлтүрүүң керек…

— Минтип ыпластыктын баарынан актанса болот.

— Жо-жоок, ыпластыкты актаганга болбойт. Сен мунуңдү кой. Ошентип ойлогондор да бар. Мен – андай эмесмин. Акылдуу болуп калдым. Көп нерсени түшүнөм. Мына сен, гезитте иштесең да, — түшүнбөйсүң, а мен түбөлүктүү зек болсом да — түшүнөм.

— Эмнени маселен?

— Ишибиз бүткөн! Биздин ишибиз бүткөн. Сен телефон чал, телефон чал начальник. Мен кабарчы менен саясый сабак өтөйүн. Аның түркөй эле бойдон, сомдоло элек!

Төрага түн ортосунда телефондо кыйкыра баштады, биз маегибизди уланттык.

— Биз – абдан көппүз, миллиондоп, билдиңби? Биз кай бир мамлекеттин элинин санынан да көппүз. Мындан эмне айтса болот. Бул деген, биз — мамлекеттин ичиндеги мамлекетпиз деп айтсак болот! Көпчүлүгүбүздү эркиндикке чыгарууга болбойт. Мүмкүн эмес. Ошол эле дейсиңби? Дагы бир жагы бар. Бизди кө-ө-птөгөн ар түрдү эл тейлейт да!

— Алар эркин да!

Төрага дагы эле телефон чалып жатты. Бирок бул мезгилде коммутатор жана станциялардын бардыгында адамдар уктап калган көрүнөт. Көптөн кийин төрага эптеп Чусовой шаарына чыгып, прокурорду ойготууну суранды. Чусовойдун прокуроруна телефон чалып ойготкуча ал телефонду кулагынан алып, бизди карап угуп жатты.

— Алардын иш багыты кандай негизде? – телефон жакка колун серпип Митрофан Савелов маегин улады. Ал төраганы аңдып, анын эмне кылып, эмне айтып жатканын баарын угуп, көрүп турду. – Ал зектер менен иштегени келди дейли. Бирөнү сабаганга, колу-бутун сындырганга көнгөн эмес. Караса эле, айланай-ы-ын, эл деген жүнүн жейт, кө-ө-птөгөн адамдар! Жөн эле чачыранды эл эмес, өздөрүнүн мыйзамы бар, өздөрүнүн эрежелерине баш ийген эл. А эреже мындай: сен бүгүн өл, мен – эртең. Бардык жашооң ушунун тегерегинде. Сен, кабарчы таң калба, адам деген мызамсыз жашай албайт. Жалгыз жашаса да өзүнө кандайдыр бир мыйзам ойлоп чыгарып алат: эмне кылыш керек, кантип кылыш керек, эмне менен жеш керек, эмнени жеш керек… Анан эле быкпырдай кайнаган эл. Алардын өзүнүн телеграфы бар, бири-бирин жок кылууга өздөрүнүн системасы — тутуму бар. Тигил, бизди тейлөөгө ишке жаңы келген бечара, ойлоно баштайт. Ойлонуп, ойлонуп туруп – өзүн өзү атып салат. Мындай окуялар, жаным, толтура! Өзүңдү атып салбаш үчүн, ойлонгонду коюш керек. Адам ойлонбой калгандан кийин жырткычка айлана баштайт. Ал жырткычка айланат, биз андан да жырткычыраак болуп, анын ишин жеңилдетип – бири-бирибизди жок кылабыз. Башыңа жеттиби? Жокпу? А-атаны келесоом ай! Эми биз дайыма толукталып, чексиз эле көбөйө бергенге болбойт да, кандайдыр бир деңгээл болуш керек. Болбосо, акыры жалаң түрмө жана жалаң сакчылар болуп калбайбы…

— Сени уга берсең, деги эле…

— Сен ук. Көзүңдү ачсаң. Турмушту билбейт деп силер тууралуу туура жазышат. Жазуучулар! Менин оюма койсо, роман жазардан мурда, эч кур дегенде бир лагерден өтүп, анан жазса…

— Мен али жазуучу эмесмин. Кабарчымын.

— Ошон үчүн мени ук. Менин айткандарым сага пайдалуу. Чындыкты билесиң. Сүйлөгүм келип турат. Жакында таң атат, мени алып кетишет, аякта болсо ырың да окшош, сөзүң да бирдей эле. Мына, мен сакчылар тууралуу айтып бүтө элекмин. Алар да кылмышкер. Чакчайба, чакчайбай эле кой! Мен чын айтып жатам. Алардын ичинен ким абийирдүү, жумшак болсо же өздөрүн атып салышкан, же чыны-калпы аралаш шылтоо таап, эптеп бизден оолак кетишкен… А калгандары болсо… Токто! Прокурор телефондо.

Митрофан Савелов саксына калды. Чусовдун прокурору уйкудан кийин, көпкө эч нерсе түшүнбөй жатты.

Түшүнгөндөн кийин төраганы “макоо” деп сөгүп, Промысланын лагпунктуна эч тиешеси жоктугун, кайсы бир зек үчүн наряд жибере албастыгын, лагерлердин башкармалыгы Губаху шаарында экендигин, ошолорго чалса, алар чара көрө тургандыгын айтты.

— Бюрократтар! — Төрага телефонду ордуна ыргытып, Митрофан Савелов тарапка күңкүлдөп калды.- Сени шайтан айдап келсе керек. Бардыгынын чакчелекейи чыкты, докладды да жазып бүтпөй калдым…

Митрофан Савелов тынчсызданып айнекти карады. Тыш дагы эле караңы болчу. Караңгы жана нымдуу. Ал узун, онтогондой эстеп алды да мага колун шилтеп:

— Мен укташым керек. Мүшкүлдүн баары алдыда. Сага баары бир эч нерсе жукпайт. Ач бала ток бала менен ойнобойт дегендей. Бир эле нерсени билип кой, мен туура иш кылдым. Мурдагы органдын кишисин өлтүрдүм. Сыягы, атайын эле бизди өлтүрсүн дешкен го, болбосо аны бизге жибербейт эле, баалашса, ага атайын орун таап беришмек… — Үнүн басаңдатып: — Уксаң, аларды элге кошууга болбойт. Алар үчүн эми жердеги бардык адамдар кылмышкер болуп көрүнө берет. Чын! Ишенбейсиңби? Балким аларды лезервге[1] сактап коюшар, баалуу кадр катары, бир нерсе болуп кетсе, — артта, камдуу турганга. Аларды эл арасына коё берип көр, алар силердин акеңерди окутат… Хэ, начальник аракет кылып жатат. Ачууланып калды окшойт! Анын айлыгы канча?

— Беш жүз рубель.

— Фью-у! Эки литр, анча-мынча закускасы менен. Мындай кызматта иштеп эмне кылат. Кийиминен, кебетесинен көрүнүп турат – уурдабайт деле окшойт.

— Адамга адил жашап, таза бойдон калыш үчүн, балким, сага салыштырмалуу, көбүрөк аракет, эрк талап кылынат ко.

— Аның чын. Чынчыл жашоо кыйын. Мен байкап көргөм. Тажап кетесиң. Беш жүз сом! Ха! Бүгүнкү эле менден жүрөгүңөр түшүп, үрөйүңөр учканы үчүн, мен миң сомго да макул болмок эмесмин. Уксаң, кабарчы, мен бир жолу, өз хевром[2] менен инкассатордон алты миллион алгам.

— Инкассаторду өлтүрдүң да?

— Жо-ок. Катын экен. Наганы менен. Тирүү катын, стерляд балыгы сыяктуу, башынан куйругуна чейин керектелет…

— Ооба, мильендор, – төрага кепке аралашты. Ал да башка менен алек болуп жатса да, баарын угуп, баарын көрүп жатты.- Ооба, Губаханы! Губаханы, чоң кыз! Ойгон! Губаханы дейм, — Мильендор! Инкассаторлор! А  кермеде жайылып турган кирди, короодон тоокту уурдагандар ким?

— Мен да уурдагам, — Митофан Савелов мойнуна алды. – Баштан эмне өткөн жок. Менин жашоом бир калыпта эмес — бирде өйдө, бирде ылдый…

— Өйдө, ылдый! Бүттү! Эми атып салышат!

— Баштан көп нерселер өттү, — Митрофан башын кашып. — А, урдум ушул жашооңдү! Баарын көрдүм, баарын билдим. Кызыктуу эч нерсе жок. Бардык адамдардын жашоосу, картошка сымал: жеп койбосо, отургузат. Мен го эч кур дегенде, күжүлдөп алдым. Алчы… Мына төрага, таза жашайт, убайым чегет, мага окшогон шүмшүктөр менен алпурушат, анан өлөт, ал убакта мени эчак курт-кумурска жеп койгон болот… аны да жешет… Анан мени жеген курт аны жеген ургаачы куртка сойлоп барып: “Кел үйлөнүп алалы!” — дейт. Курт туулат… Э-ох! – Митрофан Савелов эстеп алды: — Уктайм, – сүйлөшүп алдым. Мына, Губахуну беришти… Жакында попкалар келишет… Мусорлор…

Митрофан Савелов унчукпай, заматта уктап кетти. Төрага анын тынч алып, мурду чыйылдап калганын угуп, ыйлап жиберчүдөй болуп:

— Мына! Иштетишпейт ушинтип…

— Лагпунктка эмнеге звандаган жоксуз?

— Алар менен менин байланышым жок! Алар өзүнчө эле саксына беришет, элден бөлүнүп. Кетип калганга да болбойт, ишенип болобу, — ал бутунун алдындагы балтаны карап койду. Мен да балтаны тиктеп калдым.

Митрофан Савелов таң бир топ аткандан кийин ойгонду. Төрага экөөбүз кирпик каккан жокпуз. Экспедициядан бизди алып кеткени машина жиберилип, шоопур келгени жеңилдей түштүк. Аны лагпункттан аткычтарды тез алып келүүгө жумшадык, Губахадан төрагага кылмышкерди эч жакка кетирбей кайтарып туруусун, алар рация аркылуу лагпунктка чыгып, Митрофан Савеловду кармашты тапшыраарын айтышыптыр.

Митрофан Савелов чапчаң ойгонуп олтуруп, башын силкип алып, эч нерсе болбогондой бизди карап:

— Кутманду таң, балакайлар!

Биз жооп берген жокпуз. Ал туруп, ажатканага барып, анан жуунгучту калдыратып, гезиттер менен аарчынды. Бутун кийе баштады. Бутун кийип, күңкүлдөп коёт:

— Ашканага барсамбы? Ашкана ачыкпы?

— Жок.

— Калп айтасың, начальник. Кетип калат деп коркуп атасың. Коркпо… — Митрофан Савелов ашканага барууга камданып калды эле, ошол маалда автоматчан эки аткыч келип калды. Бирөө эшикти тосуп, экинчиси:

— Дубалга! – деди ызырына.

Митрофан Савелов колун көтөрүп дубалды карап туруп берди. Башынан бутуна чейин колу менен сыдыра тинтип, эч нерсе таппай: “Тышка!”- деп автоматы менен жаңсады.

Митрофан Савелов колун артына алып, тышка жөнөдү. Экинчи аткыч, жаш, уйкудан жаңы ойгонгон мурутчан жигит, эшиктен четтеп, ал жанынан өтүп кеткиче күтүп турду.

Чыгып баратып Митрофан Савелов кайрылып, төрагага башын ийкеп:

— Кечир, начальник. – Анан мага карап: — Жаза бер, кабарчы!… Байка!… Калпты азыраак айт!

— Жаагыңды жап! – аткыч барп этип, “пепеша” автоматы менен жаңсап койду. Анысы темиринин карасы кетип, кундагы оңдолгон, эскирген автомат экен.

Кыязы, биздин, фронттогу автоматтар башка колдорго өтүп, өзүнүн күжүрмөн ишин улантып жаткан го.

Төрага экөөбүз, акыры, станцияга барууга кам уруп тышка чыкканда, көлмөнүн жээгине чогулган, анча көп эмес топту көрдүк. Аскер гимнастеркачан үчөө, кар аралаш жааган майда жамгырдан ичиркенип, шымдарын чечип, жылаң айлак, ылайланган муздак көлмөдөн чаар матрастын сыртын сүйрөп чыгып атышыптыр.

Көлмөнүн тосмо кырында жаланып коюп овчарка олтурат. Аны айланып, жанында шалтактаган, шалпаң кулак айылдын дөбөтү жүрөт. Даңкайган, келбеттүү овчарка тентиген итке көңүл да бурбайт, дөбөт шыйпаңдап, овчарканын жонуна секиргенге аракет кылат, жылтылдаган терисин булгап.

Овчарканын ээси дөбөттү тепти эле, ал тосмодон жылмышып, кейиштү кыңшылаган бойдон ылай сууда аркы жээкке карай сүзүп жөнөдү. Автоматтан текебер атылган кыска очередь сууну чачыратып, дөбөттү көлмөнүн үстүнөн жууп кетти. Аны ошол замат короолордон бир нече иттин улуганы коштоду. Иттердин улуганы коштоп, Промысладан чыгып кеттик, Теплая Гора станциясына келгенибизде, айланада эч нерсе көрүнбөй, бурганактаган суу кар жаап жатты.

Орусчадан которгон Марсел Исаев

[1] Резерв  — жергиликтү говор.

[2] (свора) тобум менен деген мааниде (блатной жаргон).

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.