АӉГЕМЕ

Мен бул иште иштеп жатканыма бир жылдай убакыт болуп калды. Бул ишке киргенимден баштап эле көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алгам. Ушул убакытка чейин ошол батирде жалгыз турам. Кээде айылдан апам, атам же бир туугандарым келип калат. Алар келгенде менин үйүмө кут киргенсип, өзүмдү абдан бактылуу сезем. Туугандарым болбогон күндөрү мага үйгө келүү кызыксыз. Үйгө келгенде баякы эле сааттын чык-чык эткен жана сыналгынын жаӊырган үнү гана угулат. Мага үйгө келүү кызыксыз болгондуктан көбүнчө убактымды иш үстүндө же досторум менен өткөрөм.

Бүгүн күндөгүдөй эле иштеримди жыйынтыктап үйгө жол тарттым. Иштеген жерим менен үйүмдүн аралыгы жакын болгондуктан жөө келип кетчүмүн. Күндөгүдөй бүгүн да мурдакы эле бүтпөгөн ой менен ар кайсыны ойлонуп келе жаттым. Адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Күнүгө түрлүү ойлорду ойлономун. Кээде «Ушул үйүмдү ээн кылып, өзүмдүн дем алган үнүмдү жаӊыртпай, «Үйдүн куту аял» — дейт эмеспи, анынсыӊарындай мен дагы кут киргизсемби деп ойлоном. Апам келгенде эле ушундай мааниде көп нерселерди айта берет. Мен апамдын эмне деп жатканын түшүнөм, бирок өзүмө өмүрлүк жар кыла турган адамымды таба элекмин.

Капысынан менин оюмду бөлүп бирөө уруп кетти. «Кечириӊиз» — деген назик үн угулду. Ал үн мага тааныш учурайт.

«Мен бул үндү мурда уктум беле?» — деген суроону бердим. Ал адамды жалт карадым. Анын мөлтүрөгөн көздөрү, шамалга желбиреген узун чачтары менен өзүнө арбап алды. Ал башка үндөбөстөн басып кетти. Артынан карап «Мен сени дагы бир жолу жолуктурар бекемин?» — деп сүйлөнүп кала бердим, өкүнгөнсүп.

Жаӊы ойлор менен жолумду улап басып кеттим. Ошентип үйгө да келип жеттим. Эшиктин алдына келип, үйдүн эшигин ачууга ачкычты издей баштадым. Бул чөнтөгүмдү карадым, тиги чөнтөгүмдү карадым. Такыр таппадым. «Ушул жерге эле салдым эле, анан каякка түшөт? Кызык! Келген жолуман издеп көрөйүн, балким таап калармын» деген ой менен артка кайттым. Издеп жөнөдүм. Жерден карап издеп бара жатып капысынан бирөөнү уруп алдым. «Кечиресиз» — деп уруп алган адамды карасам «Мен сени дагы бир жолу жолуктурар бекемин» — деп артынан сүйлөнүп калган адамымды дагы бир жолу жолуктурдум. Ак жуумал келбети жана көзүнө жарашкан кара каштарын көрүп сүйүнүп кеттим. Ал назик үнү менен «Эч нерсе эмес» — деп басып кетти.

Анын жумшак үндөрүн кайра-кайра уккум келип, ага суроо салып сүйлөшкүм келди. Бирок оюмду түшүнбөдү. Кымча белдүү, бою өзүнө жарашкан, анын майда-майда кадамдарын, артынан бир саам карап алдым да, артка кайрылып басып кеттим. Ал кыз оюмдан кетпеди. «Эч нерсе эмес» — деп кылчая карап басып кеткени, менин көз алдыма элестеп туруп алды. Ойлонуп келе жатып, мен издеген ачкычты да таптым. Батирим көп кабаттуу үйлөрдүн экинчи кабатында эле. Экинчи кабатка чыксам, капысынан эки жолу кезиктирген сулууну эми да кезиктирдим. Аны көрүп жүрөгүм «болк» дей түштү. Ордума казыктай кагылып туруп калдым.

Көрсө ай чырайлуу ал кыз менин батиримдин маӊдайында эле жашачу экен. Байкашымча ал эшигин ача албай кыйналып жатыптыр. Мени чочугансып шарт бурула карады. Билгизбей басып барып, ачкычты алып эшикти ачайын десем башка ачкыч экен. Таӊ кала карап «кызык, башка ачкыч турбайбы?» — деп үн чыгардым. Тиги үшкүрүнө эшигине жөлөнүп туруп калды. Мен ага «Сиз да ушу жерде жашайсызбы?» — деп суроо салдым.

— Ооба.

— А качантан бери? Мен сизди биринчи жолу көрүп жатам го?

— Сиз көзүӊүздү жуумп жүрсөӊүз керек да?! – деп менин жан дүйнөмдү эриткен назик үндөрү менен суроолорума жооп берип жатты. Ал эшигин ачып берип коюшумду суранды. Анын сөзүн уккан жаным, жүрөгүмдүн «дүк-дүк» эткен үнү сыртка угулгансып жатты. Бетиме кызыл жүгүрүп, өзүмдүн эмне кылып жатканымды да сезбедим. Эшигин ача албай эле асылып жаттым. Мага тааныш учураган күлкүсү менен «Алдагы колуӊузда турган ачкыч меники го?!?» — дегенде гана өзүмө келдим. Баягы таап алган ачкыч эшигин ача албай жаткан, ай чырайлуу кыздын, кошунамдын ачкычы экен. Көрсө жоготкон ачкычымды ал таап, анын ачкычын мен таап алыптырмын.

Экөөбүз ошол күндөгү кызыктуу өткөргөн мүнөттөрдү эскерип күлүп калдык. Анын туптунук көздөрүн суроолуу тиктеп: «Ошол кызыктуу мүнөттөрдө мен сүйүүмдү таптымбы?» Ал да менин көздөрүмдү тиктеп: «Ал мүнөттөрдө биз турмуштун жолун таптык» — деп үн менен эмес, көз менен сүйлөшүп жаттык. Тааныш учураган назик үн, күлкүлөр мурда-мурда угуп жүргөн кошунам тура. Аны мурун элес албай кулагымдын сыртынан гана кетирчү экенмин.

Карачы, тагдырдын тамашасын, башка күндөрү издеп жүрүп таппаган бактымды, бүгүнкү күндө бир жансыз ачкыч аркылуу таап калганыма өзүм да таӊ калам. Ошол ачкыч үйүмдүн эшигин гана ачып бербестен, үйүмө кут да киргизип жатканы мени кубандырат да, сүйүндүрөт. Ошентип мен бактымды жана сүйүүмдү жансыз бир ачкыч аркылуу таптым.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

16 Replies to “Чынгышбек Айтбек уулу: Ачкыч (конкурска)”

  1. Азаматсын. Чику, мен билгенден бул ангемени 16 жашында жазгансын. Кичине кезинден эле сенин ар тараптуу талантын бар. Алдыда дагы коп чыгарма жарат.

  2. Мен билгенден сен 16 жашында жазгансын ушул чыгарманы. Студент кезде. Чынгыз, азаматсын. Аман бол уй-булон менен. Кичине кезинден эле ар тараптуу талантын бар. Дагы коп-коп жаз.

  3. Чынгыз, азаматсын! Чыгармачылык ийгилик. Сонун жазылган чыгарма. Мааниси терен.

  4. Бул менин студент кезде, 2-курста жазган ангемем болчу! Кемчиликтер болушу мумкун.

  5. Азаматсын! Чынгышбек дагы да болсо талантын ташкындай берсин. Ийгиликтер коштоп журсун. Терен урматтоо менен Толкун

      1. Сизге конкурент болуп журбосун бул ангеме ошондуктан былжырап корунгон чыгар оюнузду жакшылап болуп окусаныз суйуу туралы тушуносуз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.