Жүрөгүмдүн уругунда, рухумдун тереңинде жашаган сөздөрү жок ырым бар. Ал калем менен жазылуудан баш тартат, сүйүүмдү жумшак кебез менен оройт, бирок оозумдан чыкпайт.

Бул нерсени кимге айта алам? Аалам абага айланып кетишинен коркомун. Кимге айтам?  Жан дүйнөм коркунучтун кулагынан коркуп жашап жатат.

Көздөрүмдүн тереңдигине караганымда:  көлөкөнүн көлөкөсүн, бармактарымдын учун кармаганымда титирөөнү, колдорумдун кыймылдары  жашап жатканымдын себебин билгизет,  бир көлдүн жаркыраган жылдызды элестеткениндей, көз жаштарым агат, таптаза жамгыр тамчысы сыяктуу, куурап калган гүлдүн сырын ортого төгүп жаткандай сезилет.

Бул ой менен жазылган, үнсүздүк менен коштолгон, тополоң менен жашырылган, чындыкка курчалган, кыялдар менен кайталанган, сүйүүгө толгон, ойгонуу менен ачыкка чыккан жана рух менен жанданган ыр.

Бул сүйүүнүн ыры. Кайсы уруу же улут сүйлөй алат? Жасмин гүлүнөн да жыттуубу?  Кайсы үн коштой алат?

Кыздын сыры сыяктуу жүрөккө байланыштуу. Кайсы кыл черте алат? Деңиздин толкуну менен булбулдун үнүн ким биргелештирүүгө күчү жетет?

Толкундун кыйкыруусу менен бөбөктүн эстөөсүн ким салыштыра алат? Жүрөктүн  сүйлөгүсү келген сөздөрүн айтууга кимдин алы жетет?  Жараткандын ырын ырдоого кайсы адам эр жүрөктүүлүк кыла алат?

Гүлдүн ыры

Мен табияттын үнү менен кайталанган бир сөздүкмүн. Мен көкмөк  шиберден жапжашыл килемге түшкөн жылдызмын. Мен кыштын боюнда бүткөн, жаздын жарык дүйнөгө алып келген кызымын. Мен жайдын кучагында чоңойдум жана күздүн төшөгүндө уктадым.

Таңкы маалда жылуулуктун келгенин угузуу үчүн  шамал менен биргелештим. Кечкисин жарык менен коштошуу үчүн куштарга кошулдум.

Тоолор, талаалар менин түркүн түсүмө оронушту жана аба менин жытымдай жыттанды.

Түндүн көздөрү уйкуга бара жатканымда мени гана карап турат, мен ойгонгонумда күндүн бир көздүү нуруна караймын.

Шарап деп суу ичем жана куштардын үнүн угуп, чөптөрдүн кыймылы аркылуу ритмдүү бийлей баштаймын.

Мен сүйүүнүн  белегимин, мен тойлорго берилген гүлмүн.

Мен эсте калган бактылуулукмун. Мен жашап жаткан адамдын мазарга өлгөн адамга алып барган акыркы белегимин. Мен бактылуулуктун, кайгынын бир бөлүгүмүн. Бирок мен жогору жактарга жөн гана жарыкты көрүү үчүн караймын. Көлөкөмдү көрүү үчүн төмөнгө карабаймын. Бул адамдардын үйрөнүүсү үчүн бир сабак.

Рухум мага шыбырады

Рухум мага шыбырады жана мага адамдардын баалабаганын баалоомду, жек көргөндөрү менен дос болуумду айтты.

Рухум мага  сүйүүнүн адамдын сүйгөнүндө эмес,  сүйүлгөнүндө ыйык болгонун көргөздү.

Рухум мага шыбыраганга чейин, сүйүү жүрөгүмдө эки мык ортосунда кагылган ичке такта сыяктуу эле. Бирок азыр сүйүү мен үчүн башталышы, аягы бар түшүнүккө кептеди. Бардык жаратылганды кучактаган, келечекте боло тургандарды кучактоо үчүн кеңейе турган абалга өттү.

*     *     *

Рухум мага шыбырады жана мага теринин, түрдүн жана түстүн жашыруун сулуулугун көрүүнү үйрөттү. Адамдардын түрү суук деп баалагандарын чындыкты билгенге чейин, сулуулугун барктаганга чейин ойлонуумду талап кылды.

Рухум мага шыбырады жана  тилдин, тамактын, ооздун  чыгара албаган үндөрүн угуумду үйрөттү.

Рухум мага шыбыраганга чейин жалгыз күркүрөгөн үндү жана азапты укчумун. Бирок азыр үнсүздүктү угуп, көк асмандын ырларын ырдаган хорду угуп жатамын.

Рухум мага шыбырады, сыгылбай кол менен кармала турган, ооз менен тийгизүүгө мүмкүн болгон шарапты ичүүмдү сунуштады.

Рухум мага шыбырады, башкалар уктап жатканда ойгоо болушумду жана башкалар ойгоо убагында укташымды.

Рухум мага шыбырады, бир биттен  чоң, бир төөдөн кичинекей эмес экенимди.

Аалам

Өтө сулуу жана көркөмсүң, Аалам! Жарыкка жана күнгө баш ийүүң кемчилдиксиз, ыйык.

Сүйүүгө толуп турасың, көлөкөңдө да жүзүңдө жөнөкөй, билинбеген маска тартылып турат.

Таңдын ыры жүрөккө тынчтык, кечтин мактанычтары кубаныч тартуулайт. Кемчилдиксиз, бийиксиң Аалам!

Тоолоруңдан бастым, сыйгалчаак дөңсөлөрүңө жабыштым, адырларыңа түштүм, үнкүрлөрүңө кирдим. Дөңсөөлөрүңдөн кыялыңды, тоолоруңдан намысыңды көрдүм. Адырларыңдан ынсаптуулугуңду, жарыңдан жөнөкөйлүгүңө, үңкүрдөн сырыңа күбө болдум.

Сен жөнөкөйсүң, күчтүүсүң жана жупунусуң. Сен ийилчээксиң, катуусуң, сыйкырдуусуң.  Деңиздериңден өттүм, дарыяларыңды изилдедим жана толкундарыңа карадым. Тереңдигиңде адабияттын сүйлөгөнүн уктум жана кылымдардын ырларын ырдадың.

Тоолордун өткөөл жерлеринде жашоонун жашоого кыйкырганын уктум. Сен адабияттын — оозу, убакыттын — кылы, бармагы, жашоонун — сыйкырысың. Жазың мени ойготуп, кереметтүү жытына мас кылып бакчасына алып барды. Жайдын берген мөмөлөрүн көрдүм, күзүндө асылып турган дарактын каны шарап сыяктуу агып жатканына күбө болдум. Кышың мени төшөккө жаткырды. Жазында — өзгөчө жыт, жайында — жоомарттык, күзүндө — берекет булагысың.

Тынчтык өкүм сүргөн түнү рухумдун терезесин ачып сени көрүү үчүн сыртка чыктым. Жана сени, сага күлүп жаткан жылдыздарга карап жатканыңда көрдүм.  Мен да чынжырымды жулуп ыргытып салдым, эркиндик сенин жаныңда экенин түшүндүм. Түндөрдүн биринде көк асман бозоро баштаганда, рухум  кайгыга батканда сага келдим. Сен мага жинденген бороондун өткөн менен келечекти согуштуруп жатканындай, эскинин ордуна жаңысын койгондой, күчтүүнүн алсызды жок кылганындай көрүндүң.

Ошондо үйрөндүм: адамдардын мыйзамы сенин мыйзамың экенин. Каары менен кургак талды үзгөндүн, кыйналып өлөрүн билдим. Кургап калган жалбыракты үзүү үчүн башаламандык жараткандын акырын жок болорун байкадым.

Өтө эле жоомартсың, Аалам! Балдарыңа болгон сагынычың терең. Биз тополоң чыгарабыз, сен күлөсүң, биз кетебиз, сен каласың!

Биз жаман сүйлөйбүз, сен жакшылыкка жоруйсуң. Биз кирдетебиз, сен күнөөлөрдү тазалайсың. Биз түшсүз уктайбыз, сен түбөлүктүү ойгонууң менен түш көрөсүң.

Биз кылыч менен сенин жаныңды оорутабыз, сен жарабызды май менен таңасың. Биз сенин бакчага сөөктөрдү көмөбүз, сен алардан дарактарды өстүрүп чыгасың.

Таштандыларды сенин кучагыңа таштайбыз, сен биздин токойду буудай уруктары менен толтуруп, бакчабызга жузүмдөрдү эгесиң.

Топ жана шарларды жасоо үчүн сенин материалдарыңды колдонобуз, сен ал материалдардан гүл жасайсың.

Өтө эле сабырдуу жана мээримдүүсүң, Аалам! Жараткан Доордун жаралуусунан батышка сапар алганда, анын буттарынын алдынан чыккан чаңдын атомусуңбу?

Же Адабияттын казынасынан чыккан жылдызсыңбы? Жараткандын узун жалбырактары аркылуу асмандан түшкөн уруксуңбу? Же төөлөрдүн төөсүнүн тамырындагы кан тамчысысыңбы же маңдайдан аккан жашсыңбы?

Күн аркылуу бышкан мөмөсүңбү? Тамыры адабиятка жеткен жана бутактары түбөлүккө жайылган Аалым дарагынан пайда болгонсуңбу?

Убакыттын Жаратуучусунун, Жер Жаратуучусунун алаканына койгон баалуу ташсыңбы?

Сен кимсиң, Аалам, эмнесиң?..

Сен «Менсиң»,Аалам!

Сен менин көз карашым жана түшүнүгүмсүң.

Сен менин билимим жана кыялымсың.

Сен менин ачкалыгым жана чаңкоомсуң.

Сен менин кайгым жана бактылуулугумсуң.

Сен менин көңүл коштугум жана ойгонушумсуң.

Сен көзүмдө жашаган сулуулук, жүрөгүмдөгү сагыныч,  рухумда эч бүтпөй турган жашоосуң.

Сен «Менсиң»,Аалам.

Менин мендигим болбогондо, сен да болбойт болчусуң!

Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.