<<<<<<<<< Башы

ЖАЗАЛООНУН ЖАНА КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУУНУН ЖОЛУ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, ар бир жаңылыштык үчүн жазалоо жарабайт. Муну билгин жана эсиңде тут. Эгер кимдир бирөө жаңылыш иш жасачу болсо, өз жүрөгүңдөн анын күнөөсүн кечирүүнү өтүн, себеби ал адам, а биринчи күнөөнү Адам ата жасаган. Бул жөнүндө мен мындай дээр элем:

Жандар болот, жаза басып эсирген,
Жандар болот жалган күнөө кетирген.
Улуулугуң, башты кесчү жаза эмес,
Улуулугуң ушуларды кечирген.

Жазыксыз адам жазаланып калбас үчүн эч кимди тегин жерден жазалаба. Ар кандай майда-барат нерсе үчүн каарданба жана каарың келип турса да ачууңду тыя билгенге үйрөн. Эгерде адамдар жасаган күнөөсү үчүн сенден кечирим сурашса, кечир; оор күнөө болсо да, аны кечирүү милдет, себеби пенде күнөө жасабаса, кечирмек жок, а эгер сен күнөө үчүн жазалай турган болсоң, анда сенин мээрмандыгың кайда? Эгер сен күнөөнү кечирүүнү өзүңө зарурат кылып алсаң абийириңди жана улуулугуңду жоготпойсуң. Кимдир бирөөнүн күнөөсүн кечирген соң, аны жемелебе жана жаңылыштыгын эске салба, антпесең күнөөсүн кечирбеген сыяктуу болосуң.

Өзүң кечирим сурабоо үчүн күнөө иш жасаба, а эгер жаңылышып калсаң, чырдан качуу үчүн кечирим сурагандан айбыкпа. Эгер кимдир бирөө жазага татыктуу жаңылыш иш кылса, адегенде кетирген жаңылыштыгынын баасын аныктап алгын дагы андан соң ылайыктуу жазасын бер. Адилетчил адамдар айтышкан: «Жаза өкүмү күнөөгө жараша.» А мен айтам: Кимдир бирөө жазага татыктуу бейчеки иш жасаган болсо, башкаруунун жана байистүүлүк менен мээримдүүлүктүн каада-салттары унутулбас үчүн, ал адамды ошол кылган ишине жараша жазала. Бир дархемдик күнөө үчүн жарым дархемдик жазага тартсаң, сен жароокер да, кең пейил да адам бойдон каласың, анткени кең пейил адамдар таш боор болушпайт.

Икая

Менин угушума караганда, Муавийя* доорунда кимдир бирөөлөр күнөөлүү иш жасап, аларды жазалаш керек болот. Муавийя айыпкерлердин башын алып салууну буйруйт. Ошентип, алардын башын алып жатканда кезеги келген бирөөнү жетелеп келишсе, ал: «0, момундардын өкүмдары, сен бизди эмне кылба, биз ага татыктуубуз. Мен өз күнөөмдү мойнума алам. Бирок жараткан үчүн эки сөзүмдү угуп, ага жооп бер!» дептир. Муавийя «Айт» дегенде тиги адам: «Сенин момундугуң жана айкөлдүгүң бүткүл ааламга маалым. Эгер биз күнөө ишти момундугу жана айкөлдүгү сага тең келбеген падышага каршы жасачу болсок, ал падыша бизди эмне кылмак?» дейт. Муавийя жооп берет: «Мен берген жазаны ал да бермек». Анда тиги адам айтат: «Эгер ошол ырайымсыз зулумдан айырмаң болбосо, анда сенин момундугуңдан жана айкөлдүгүңдөн бизге эмне пайда?» Ошондо Муавийя: «Эгер сен бул сөздөрдү биринчи болуп айтсаң, мен эч кимдин башын алдырмак эмесмин. Мен эми калганыңардын күнөөңөрдү кечирейин», — деп айтыптыр. Ошон үчүн, кылмышкер сенден ырайым кылууну өтүнсө, «макул» де жана кечирилбей турган кылмыш болбосун эсиңе түйүп ал. Эгер муктаж адам сага кайрылып, анын өтүнүчү сенин ыйманыңа зыян келтирбесе жана андан сенин күнүмдүк тиричилигиң аксап калбаса, тиги кишинин жүрөгүнө лаззат берүү үчүн суранычын аткар, анын сен жөнүндөгү жакшы пикирин алдаба. Асыресе, ал киши сен жөнүндө жакшы пикирде болбосо, сенден эч нерсе сурамак эмес; муктаж кезинде ал сенин туткунуң, ошон үчүн: Муктаж болуу туткун болуу» деген кеп бекер айтылбаган. Туткундарга мээрман болуу милдет, себеби туткунду өлтүрүү айып жана күнөөгө тете. Ан үчүн бул иште жаңылыштык кетирип, эки дүйнө ыраспа болбо.

Эгерде кимдир бирөөгө ишиң түшчү болсо, ага кайрылгандан мурда ал жоомарт адамбы же сараңбы, анысын астейдил байкап көр. Жоомарт адам болсо, оңтойун таап кайрыл; ал кайсы бир ишке кыжаалат болуп турганда жана ачка кезинде эч нерсе сураба. Суранычыңды айтканы барган учурда жакшы сөздөрдү сүйлөп отур, бардык жакшы каада салтты аткар, андан соң өтүнүчүңдү кыска айт. Сөздөрүң сылык-сыпаа болсун, Муавийя омейяддар династиясынан чыккан биринчи халиф, 661-680-ж. башкарган. Анткени сыпаалык — экинчи көмөкчүң экенин жадыңдан чыгарба. Зарыл нерсеңди ыгы менен сурасаң, эч качан тилек кылганыңды албай кетпейсиң. Бул тууралуу менин ырым бар:

Сүйүү ышкысы так кетирип айланы,
Сүйгөнүңө жеткиң келсе Айдагы.
Көңүлүңдү көлдөй толкут, ачып сал,
Кор оокатты, унут, айла, пайданы.

Кимге гана ишиң түшпөсүн, өзүңдү анын алдында кул жана малай сыңары карма, а эгер тилегениңе жетчү болсоң, жүргөн жериңдин баарында аны алкап жүр, себеби Алла таала айткан: «Шүгүр десеңер, мал дөөлөтүңөрдү көбөйтөм»(Куран,УП, 141). Алла таала «шүгүр» дегендерди сүйөт, ал эми биринчи жакшылык үчүн ыраазылык айтуу- бул экинчи тилегениң аткарылат деп үмүт этүү. Ал эгер сенин тилегиңди аткарбаса, анда өз бактыңдан көр, а тиги адамды күнөөлөбө, себеби ал сенин күнөөлөгөнүңдөн коркпойт, корко турган болсо сенин суранычыңды аткармак. Ал эгер нарксыз жана сараң адам болсо, соо кезинде андан эч нерсе сураба, мас экенинде сура, анткени нарксыз жана сараң адамдар эртеси марттыгына өкүнүшкөнү менен мас кезинде мартыраак болушат. Эгерде нарксыз адамга ишиң түшчү болсо, сен аянычтуу бечара экениңди бил, анткени мындай деп айтылган: «Адамдардын үч түрү аёого муктаж: акылы жокко баш ийген акылдуу, алсызга башкарткан күчтүү жана нарксыздын жардамына муктаж берешен.

Баш сөздө баян этилген жана бул айткан сөзүмдөн бил: сага ар бир иш тууралуу кудуретим жетишинче айтып бердим. Эми сени окуп билип алсын, керегине жараар деп, кесиптер жөнүндө да кеп кылып бермекчимин. Анткени, башыма өлүм келгенде сен жөнүндө санааркабай бу дүйнөдөн кете берүү үчүн, өзүм билген илимди баштан аяк сага үйрөтүп жана түшүндүрүп кетсем деймин. Албетте, билим маселесинде атчан эмес пиядамын, а бирок бир нерсени билсем, ал жөнүндөгү менин сөздөрүмдү сен азыр мен бир кезде атамды уккан сыяктуу эле угасың. Ошон үчүн мен сени күнөөлөй албайм жана мени күнөөлөбөсүн үчүн өз баамды өзүмө берейин. Бирок сен мени эшитесиңби же жокпу, ага карабай, ар бир кесип жөнүндө бир нече сөз айтайын. Табиятым сөзгө сараң болсо дагы сараңдык кылбас үчүн бул сөздөрдү айтып жатам. Алла таала өзү баарынан жакшы кабардар.

ШАРИЯТ ЖАНА МЫЙЗАМ ТААНУ ЖӨНҮНДӨ

Уулум, билгин жана эсиңде тут: мен сөз башында өнөр жөнүндө да кеп кылабыз дегенмин, а мен өнөр дегенде күркө жана өнөркана кармаганды эле эмес, адам күнүгө алпурушуп, убакытысын арнаган ар кандай иштерди түшүнөм. Иштин үзүрүн көрүү үчүн аны жакшы билүү зарыл. Адам кол учу менен бүткөрчү, ирети жок бир да жумуш жана кесип жок экенине менин көзүм эми жетти; бардык жумуштун ыраатын билиш керек, а жумуш көп жана анын ар бирин чечмелеп айтып берүү мүмкүн да эмес. Себеби китеп өтө көлөмдүү болуп, өз нугунан чыгат жана максатына жетпей калат.

Өнөрдүн баары: же кайсы бир ишке байланыштуу илим, же илимге байланыштуу иш, же акыл ой жүгүртүүгө байланыштуу иш болуп, үч түргө бөлүнөт. Кайсы бир өнөргө байланыштуу илимдер булар: медицина, астрология, математика, жер өлчөмөй, поэзия жана башкалар; илимге байланыштуу өнөрлөр: музыка, жылкыларды эмдеп-дарылоо, курулушчулук, усталык ж.б.у.с. Булардын ар биринин ырааты бар жана сен алардын ыраат-тартибин билбесең, уста болсоң да туткун кейпиндесиң. Бул өнөрлөр сага белгилүү болгондуктан баарын чечмелеп айткандын зарылдыгы жок. Ошондуктан мүмкүн болушунча ар биринин ыраат-тартибин көрсөтүп берейин, анткени кокус кез келсе же тагдыр буйруп муктаж болсоң, ар бир кесиптин сырын өздөштүрөсүң жана анын зарылдыгы болбогон күндө да элге өнөрлүү адам деп тааныласың; ал эми бектерге өнөр илимин билүү милдет.

Уулум, сен билгин, сага эч бир илим руханий илимдей пайда бербейт. Бирок сен дүниявий илимден ныпа табууну кааласаң, ага кошо дагы бир илимди үйрөнүүң зарыл. Мисалы, шариат илимин алалы: аалым адам же казылык, же мөөсүлдүк (мурас бөлүштүрүүчү), же мударистик, же мугалимдик кылбаса, ал Дүниявий пайдадан сыртта калат. Астрологияны алсак, астролог: календарь, гороскоп түзүп, чындап же тамаша ирети палачып, төлгө салбаса, жашоосуна киреше таппайт. Дарыгерлик илиминде дарыгер айла-амал колдонбосо, калппы-чынбы же зарылбы-зарыл эмеспи — дары жазып үйрөнбөсө, тиричилиги каалагандай жүрбөйт. Ошон үчүн илимдин мыктысы — ыйман илими, анткени анын негизи: Алланын жалгыздыгын таануу; ал эми туундусу шариат болот, аны колдонуу жашоого ныпа. Ан үчүн уулум, мүмкүнчүлүгүң болсо, адегенде диндин негизин үйрөн, андан кийин гана шариатты өздөштүр; себеби, анын түп негизин билбеген-түшүнбөй кайталаганга барабар.

Өнөрдүн ичинен, мен айткандай, дин таанууну тандап алсаң, сен этият, сабырдуу, илимди аздектеп сүйгөн, дүниявий түйшүктөрдөн алыс, чыдамкай, ызакор эмес, кеч жатып эрте турган, жазууга дилгир, топуктуу, жумуштан качпаган, сөздү көп жаттап кынаптаган, таржымалдарды изилдеп окуп, кубулуштарды үйрөнүп, илимпоздорго дос, сыпаа, илимге сук, тартынбас жана устатыңа ыраазы болушуң абзел. Китептериң жана дептерлериң, калемиң жана калем кабың, сыя челегиң, калем учтоочу макиң жана башка керектүү заттарың дайыма жаныңда болсун жана мындан башка эч нерсе дилиңди алаксытпаш керек. Уккан нерсеңдин баарын эсиңде тутуп, кайталап жүрүшүң шарт. Аз сүйлөп, узакты көрө бил. Сөздөрдү кайталоо менен чектелбе. Эгер уламалыкты окуган адам дегеле бар болсо, ал бателе өз доорунун бирден бир адамына айланат.

Эгерде илимпоз муфтий болсоң такыба, жоопко тез, жатбилги бол, көп оку жана намаз окуп, орозо тутканда, диний ибадаттарды аткарганда чээнден чыкпа, эки жүздүү болбо. Денеңди жана кийимиңди таза карма. Дайыма жообуң даяр болсун жана бир маселени жакшылап үйрөнгөнчө фатва чыгарба. Бирөөнү тууроо менен чектелбе жана кимдир бирөөгө окшош болом дебе. Өз пикириңди баалай бил. Бирин экин тафсир[1] жана шилтеме сөз менен чектелбе; ишенимдүү гана адамдардын жазгандарына ылайык бүтүм чыгар. Ар кандай эле китепке жана жазмасы бар дептерге ишене бербе. Белгисиз бирөөлөрдүн оозунан риваят[2] жана хадис эшитсең, аларга маани берип, көңүл бурбагын; ишенимдүү гана адамдардын оозунан уккан риваят менен хадиске таян. Жалгыз адам айтып келген риваяттарга да ишенбе, лекин алар укканга татыктуу болсо, унутпай көңүлүңдө тут. Бирок оозмо ооз айтылган риваяттарды уккандан качпа.

Риваяттарды изилдеп үйрөн, бирок өз ойуңду айтканда калыстыктан тайба. Талаштуу талкууга катышчу болсоң, каршылашыңдын пикири менен эсептеш. Эгер атаандашыңдан күчтүү экениңди сезип, анын сөзү ишенимсиз болорун билсең, ага сабал берип тур. Же болбосо талашты уланта бербей бир мисал менен гана чектел. Жалгыз далилге таянып, каршы пикирди калпка чыгарба жана четке какпа. Акыркы сөзүн башта айткан сөзүңө каршы келбес үчүн биринчи айткан сөзүңдү эсиңде бекем тут. Эгер талкуу факихтер[3] менен өтчү болсо, өз оюңду далилдөөдө эң оболу салт-адатты бетке карма, окшоштукту жана мүмкүндүктү салыштырганда салт-адатка артыкчылык бер. Усулилер[4] менен өтчү талкууда сөзсүз болчу жана сөзсүз болбочу жана этимал нерселерди бириктирип кароо жаңылыштык болбойт. Түпкү ойду так аныктаганга жана кынаптап кооз сүйлөгөнгө аракет кыл. Сөзүңдү үзү-пүзүп сүйлөбө, созбогун, маанисиз сөздөн кач.

Уулум, адабиятчы болууну кааласаң, хафиз бол, көп нерсени жатка бил. Минбарга чыккан соң тез отур жана атаандашың чабал экенин билгенден башка учурда талашка түшпө. Минбарда көңүлүң каалаганын ыраста. А эгер суроолор берилчү болсо, коркпогун, кооз сүйлө жана сенин маегиңе чогулгандардын баарын мал деп эсепте. Кандай кааласаң ошондой сүйлө, бирок сөзүңдөн чатышпа, кийимиңди жана денеңди таза карма, ал эми муриддердин үндүү чогоолдорун чогуу ээрчите жүр. Алар маек маалында сенин ар бир таамай айткан сөзүңдү кыйкыра коштоп, чогулган элди куткуп, кызытып турушсун. Жамаат ыйлай баштаганда, сен да маал-маал ыйлып койгун, а кокус сөзүңдөн адашсаң, шашып калбай дуба оку жана мактоо сөзгө өт.

Минбарда түнтүйбө жана мисирейип турба, антчү болсоң жамаат да сага окшоп, үн-сөзсүз мисирейип отурат. Ошондон улам айтылган да: Салмактуу басса из да салмактуу болот. Сөзүң жандуу болсун, кызуу сүйлөп жатып, илең-салаң сөзгө өтүп кетпе. Угармандарды кылдат байкап тур, эгер угармандар мемиреп мурид «аксакалга»(пирге, шейхке, муршидге) өз ыктыяры менен баш ийип, анын гана буйруктарын аткарууга милдеттенген адам. Сопулардын ырасташынча, мурид шейхтин алдында «жасатты жууган адамдын колундагы жасат сыяктуу болот.»

Мамырлыкты каалашса, сен да алардын тынчтыгын бузбай сүйлө; эгерде алар риваят уккулары келсе, андан кепти улант. Сен угурмандардын маанайын туйуп, алар сенин сөзүңдөн чыкпай калган соң эч нерседен коркпо; таттуу сөзгө салып, мыкты товар ирети аларга каалаган сөзүңдү сат, анткени сөзүңдүн баасына ынашкандан кийин айтканыңдын баарын макул табышат. Бирок угармандар сага баа беришкенден кийин сак болгун, асыресе жеңиш үстүндө душман пайда болот. Анткени жамаатты ишендирдим деп турганыңда күтпөгөн суроолор берилет. Ийгиликке жетпечү жериңде көпкө кармалба.

Минбарда турганыңда сага берилген ар бир суроого билгениңче жооп бер, а билбегениң болсоң «дуба окугула» деп айтылган де. Маек учурунда айтылган сөздөрүңдү кийин кайталабас үчүн жадыңда сактап кал. Дайыма сылык бол, шаарларда узак токтобо, себеби диниятчы менен төлгөчүнү аягы багат. Ийгилик үстүндө сылык-сыпаа бол, диниятчылардын намысын колдо. Намаз окуу жана орозо тутуу сыяктуу шарият парыздарын эл менен чогуу болгондо жана өзүңчө жүргөндө тыкан жана өз ыктыярың менен аткар. Сөзүң далилдүү болсун. Караламан эл көзүндө кадыр-барктуу болууң зарурат, ан үчүн алардын аягы үзүлбөгөн базарга барба.

Дагы бир жолу эсиңе салам: Адепсиз жоро-жолдоштордон сактан жана минбардын кадырын бийик тут. Текеберчиликтен, калптан, пара алгандан кач, адамдарга жасагыла деп буйруган нерсеңди өзүң да жасагын, ошондо сага урмат-сый келет. Уят болбоо үчүн илимди жакшылап үйрөн жана далилиң ишенимсиз болуп, калпың ачылбас үчүн билгениңди ишенимдүү сөздөр менен көркөмдөп түшүндүр. Сөз сүйлөгөндө жана насаат айтканда сөздөрүң коркунуч жана үмүт менен жуурулушсун: элдин Алла тааланын мээримдүүлүгүнө болгон үмүтүнө балта чаппа, бирок кудайга кызмат кылдырбай туруп, бейишке түз жөнөтпө. Сөзүң тайыз болуп, эл айткан сөзүңдөн күмөн санап калбас үчүн өзүңө жакын жана жакшы билген нерселерди сүйлө. Анткени негизсиз сүйлөп, аша чаап кетүү шермендечиликке алып барат.

Илимде чоң даражага жетип, муфтий наамын алчу болсоң, муфтий кызматын алгандан кийин оор басырык, сабырдуу, айлакер, тапкыч, көрөгөч бол, адамдарды ылгай бил; диний иштерде саясаткөй жана акылман болуп, түрдүү масхаптардын жана диний топтордун үрп-адаттары, тутунган багыты, айла-амалынан кабардар болушуң лаазим. Сот ишинин майда-чүйдө жактарын жакшылап өздөштүр: непада жапа тарткан кимдир бирөө даттанып келип, анын күбөлөрү болбосо, шарияттан түркүн амалды колдонуп, анын укугун татыктуу коргоп берүүң зарурат.

Икая .

Табарыстанда кази-алкузат Абулаббас Руйяни деген киши болот. Ал илимпоз, такыба, кыраакы, даанышман инсан экен. Бир ирет сот жүрүп жатканда ага бир киши келип, башка бирөөдөн 100 динар аласасын өндүрүп берүүнү өтүнөт. Казы жоопкерден сураса, ал танат. Казы арызгерден «Сенин күбүлөрүң барбы?» десе, тиги «Жок» дейт. Анда казы: «Жоопкердин касам ичүүсүн талап кылам» дептир. Доогер ыйлап ийип: «0, казы, аны касам ичирбе. Ал коркпостон туруп, калп ант берет» деп жалбарат. Казы айтат: «Мен шариятты буза албаймын: же сенин күбөлөрүң болуш керек, же мен жоопкерди ант бердиришим керек». Ошондо доогер казынын алдына сойлоп жетип: «Мени куткара көр, менин күбөлүрүм жок. Ал касам ичсе, мен маскара болуп алданып калам», — деп жалдырайт. Казы доогердин абалын көрүп, ал чындыкты айтып жатканына көзү жетет да: «0, кожо, ага карызды кантип бергениңди айтып берчи. Мен сенин кандай негизде карыз бергениңди билейин», -дейт. Доогер айтат: «Э, казы, тиги киши баланча жыл мага дос болуп жүргөн. Ал алты айдай илгери капыплеттен эле малай-чоруга ашык болуп калды. Чоруну 150 динарга сатып алайын десе, акчасы такыр жок эле. Ал сүйгөнүн эстеп, күнү-түнү ыйлып, куса болуп жатты. Бир жолу экөөбүз талаага сейилге чыгып, көпкө саңгип жүрдүк. Тыныгып алалы деп бир саат чамалуу отурганда да ал чоруну эстеп, өксүп ыйлап жатты. Аны менен жыйырма жыл дос болуп жүргөндөн кийин боорум ачып кетип, ага айттым: «0, баланча, чоруну кулдуктан сатып алганга жетерлик алтын сенде да, менде да жок. Же сен бул иште жардам берчү кимдир бирөөнү билесиңби? А менде узак жылдан бери топтогон 100 динарым бар. Ал акчаны сага берейин, а жетпегенин эптеп өзүң таап аларсың. Чоруну сатып алып, бир ай кармагандан кийин сатып туруп, менин дилдемди кайтарып бересиң.» Тиги киши жата калып, касам ичип жиберди: «Бир айга дагы жеткирбейм. Баасына чыкпайбы же кымбат болобу, чоруну сатам да дилдеңди кайтарып берем». Мен белимдеги курумду чечип, алтынды ага бердим. Алла күбө, жаныбызда экөөбүздөн бөлөк эч ким жок болчу. Андан бери төрт ай өттү: ал не чоруну саткан жок, не алтынымды кайтарып бербеди. Казы сурады: «Алтынды берип жатканда сен кайсы жерде отурдуң?» Тиги: «Дарактын түбүндө», — деп жооп берди. Казы ага айтты: «Сен дарактын түбүндө отурган болсоң, анда эмне үчүн күбөм жок дедиң?» Андан соң казы жоопкерге: «Сен менин жанымда отура тур» деди да доогерге мындай деп буйруду: «Коркпостон жанагы дарактын түбүнө баргын да аны мен чакырып жатканымды айт. Адегенде эки ракат намаз окуп, бир нече жолу пайгамбардын алкоосун сурагын дагы: «Казы келип күбө өтүп берсин деди» деп айт. Жоопкер мыйыгынан күлөт. Муну байкаган казы ачуусу келсе да сыр алдырбайт. Доогер айтат: «Эй, казы. Дарак менин айтканымды угуп, бул келбейт ко деп корком». Анда казы айтты: «Менин мөөрүмдү өзүң менен алып алгын да даракка айткын: «Бул казынын мөөрү. Ал сени келип, казынын алдында кадыресе күбө өтсүн деп сурады дегин».

Доогер мөөрдү алып кетет. Жоопкер казынын жанында калат. Казы өз иштери менен алектенип, ага көңүл бурбайт. Бирок күтүүсүздөн эле сурап калат: «Баланча жеттиби?» Тиги: «Казы, ал али жете элек» деп жооп берет. Казы болсо жумушун уланта берет. Доогер даракка жетип, мөөрдү көрсөтүп: «Сени казы чакырып жатат» деп айтат да, эмне жооп болот деп бир канча убакыт күтөт. Эч жооп болбогондон кийин доогер кайгырып казыга келет: «0, казы, мен даракка барып, мөөрүңдү көрсөтсөм да ал келбей койду». Казы: «Жаңыласың, дарак келип, күбө өттү» дейт дагы жоопкерге: «Бул адамдын алтынын кайтырып бер» деп буйруйт. Ал кыйкырат: «Мен буерде отурганда эч кандай дарак келип, күбө өткөн жок». Казы айтат: «Дарак келип, күбөлүк сөзүн айткан жок. Бирок сен анын алтынын ошол дарактын астында албаган болсоң, мен: «Баланча даракка жеттиби?» деп сураганда, сен эмне үчүн «Жок али» деп жооп бердиң. Сен эгер алтынды ошол дарактын түбүндө албасаң, анын жетип жетпегенин кайдан билдиң? Эгерде алтынды албаган болсоң, менден: «Кандай дарак? Мен эч кандай даракты билбеймин. Мен андай дарактын түбүндө туруп, андан алтын алган эмесмин. Ал кайда экенин билбейм» деп айтмаксың.»

Мына ушинтип казы тиги адамдын алтын алганын мойнуна коюп, алтынды ээсине кайтартыптыр. Ошентип, өкүмдүн баары эле китепке таянып чыгарылбайт, өзүң да өкүмдү ойлоп чыгарууң зарурат. Сен сот кеңешмесинде күлбөй, каадалуу ойлонуп, өзүңдү канчалык сүрдүү алып отурсаң, абройуң ошончулук бийик болот. Өзүңдү каадалуу кармап, аз сөздүү бол, бирок каралып жаткан иштерди уккандан жана өкүмдү окугандан качпа, эч качан зерикпе жана чыдамкай бол. Татаал суроо кезиккенде өзүм билемдикке салбай муфтийлер менен кеңеш. Ар дайым ойлоруң тунук, так болуусу үчүн тынбай оку, маселдерди жана аларды чечмелеп түшүндүрүүнү үйрөнгөндү токтотпо. Мен айткандай өткөн тажрыйбаны да пайдалан, анткени шарият боюнча казынын үнү мыйзамга тең; ошон үчүн көптөгөн өкүмдөрдү шариатка ылайыктап чыгаруу кыйын болгон учурда, казы жеңил өкүм чыгаргандын жолун табат. Ага жетүү үчүн казы мужтахид[5] болуусу абзел. Ошентип, казы токтоо, адилетчил, акылман, мужтахид болуш керек. Бирок айрым учурларда өкүм чыгарып окубаганы да оң: биринчиден, курсагы ач кезде; экинчиден, таңдайы кургап, суусап жатканда; үчүнчүдөн, мончодон эми чыкканда; төртүнчүдөн, кайгырып турганда; бешинчиден, турмуш түйшүгү алагды кылып жатканда.

Казы өкүм чыгарганы жатканда доогер-жоопкерлер түрдүү окуяларды, башынан өткөндөрүн жана жөн жайын айтып, алагды кылганга жол бербөө үчүн анын шайдоот жардамчылары болгону шарт. Казы тергөө жүргүзбөй өкүм чыгарыш керек, анткени жасагандан «көрө жасабай койчу тергөө иштери көп. Казынын сөздү кыска сүйлөп, далилдерге жана жоопкер-доогерди ант бердиргенге тез өткөнү жөндүү.

Казы ортодогу мүлк аябай чоң болуп, доолашкан тараптар ыймансыз экенин билсе, колдон келген бардык каражаттарды жана изилдөөлөрдү колдонсун, ошондо жаңылбайт, өз милдетине жоопкерчиликсиз мамиле кылбайт. Ар дайым казынын жанында акпейил жана калыс адамдар болсун. Бүтүмүн эч качан өзгөртпөсүн жана өз буйругун кебелбей так аткартсын. Өтө эле зарыл болбосо, тилкат менен чечимди эч качан өз колу менен жазбасын. Өзү жазган катты баалай билсин жана мөөрдү өзү айткан гана сөздүн этек жагына койсун. Казынын эң жакшы касиети: билими жана такыбалыгы. А эгер сен бул ишке баш байлабасаң жана казы болууга каражатың жетпесе, ошондой эле аскер болбой калсаң, соода менен алектенип көргүн. Балким соодадан киреше табарсың, анткени соодадан тапкан пайдага чек жок жана аны эч ким жектебейт, Алла өзү колдойт.

СООДА-САТЫК ЖӨНҮНДӨ

Уулум, билгин жана эсиңде туткун, базарда соода кылганды жакшы өнөр деп айтууга болбойт, бирок кылдат байкасаң кол өнөрчүлүк менен сооданын салты окшош экенин көрөсүң. Акылмандар айткан: Сооданын негизи — наадандык, ал эми ага туунду иштер-акыл эске таянат. Эгер наадандар болбосо, эр азаматтар өлмөк, б. а. Кем-акылдар болбосо, дүйнө кыйрамак, деп да айтылган. Кимдир бирөө ачкөздүктүн айынан Чыгыштан Батышка тоо жана деңиз аркылуу кезип, каракчылардан жана селсаяктардан, адам жегич жырткычтандан жана кооптуу жолдордон коркпостон өмүрүн, денесин жана мүлкүн тобокелге салып, Батыштын элине Чыгыштын орозгерлерин жеткирет, ал эми Чыгыштын элине Батыштын дүр-дүйнөсүн жеткирет жана дүйнөнүн гүлдөп-өсүүсүнө салым кошот; арийне, бул адам-соодагер. Бирок мындай коркунучтуу иштерди акыл эсинин көзү байлануу адамдар жасашат.

Сооданын эки түрү бар жана экөө тең коркунучтуу: бири — бир орундан жылбай соода кылуу, экинчиси — саякаттап жүрүп соода кылуу. Бир жайда отурукташкан соодагер өтүмсүз товарды баасы көтөрүлгөндө сатылат деп дүңүнөн сатып алып, соода-сатык кылат. Мунун мүлк үчүн коркунучу бар. Баасы өскөндө сатылат деп өтүмү жок товарды сатып алуу үчүн тайманбас жана көрөгөч адам болуу керек.

Саякатчы-соодагер кандай болорун сөз башында айтып кеткем. Сооданын эки түрүндө тең соодагер эр-жүрөк болуп, мал-мүлкүн тобокелге салгандан тартынбоосу зарыл. Ал тайманбастыкка катар сөзгө бекем жана чынчыл болуп, өз пайдасы үчүн башка адамдарды зыянга отургузбаш керек. Өзүнөн даражасы төмөн адамдар менен бааны бычып жатканда соодалашуусу зарурат, а эгер даражасы жогорулар менен шерттешип иш кылам десе: адилеттүү, сөзгө бекем жана кеңпейил болсун. Алдамчылардан сактансын, чыгашага кабылбоо үчүн сооданын сырын билбеген адамдарга, ошондой эле жарды жана нааданга жолобосун; а эгер жакындашчу болсо, жакшы мамилеге зыяны тийбес үчүн кирешеден үмүт үзсүн; себеби достук көп учурда жалчыбаган ныпа же чыгаша үчүн бузулган. Кирешеси өсөт деп аманатка соода кылбасын, анткени көбүн эсе мындай өнүмдүн натыйжасы чыгаша менен бүтөт, камырабастык чоң зыянга кириптер кылат. Бул жөнүндө менин рубайим бар:

Билип жаса болбос менен болчуну,
Койду бузат кочкорлордун кортугу.
Оомат кетсе о дүйнө да оңобойт,
Ойлонбогон иштин орду толчубу.

Болочок пайданын эсебинен сайрандап, дөөлөтүң алып келчү киршени чыгымдап койууң мүмкүн, дөөлөтүңдү жеп алуу жарабайт. Себеби соодагер үчүн дөөлөтсүз калуу орду толгус жоготуу. Мыкты товар ратлиге[6] сатып алынып, дирхемге сатылганын, а начар товар тескерисинче дирхемге келип, ратлиге кетерин билгин.

Данды кирешеге сатам деп мерчем кылба, себеби дан саткан адам ар дайым таш боор жана кара мүртөз болот. Соодадагы эң чоң кара — бул калп айтуу. Анткени соодаргердин не каапырга, не кардарга жалган айтканы жарабайт. Мен бу дубейтимде айткам:

Таразанын ташын антип кармаба,
Азап-тозок, көз жаш жатат пайдада.
Соода дагы сүйүү өңдүү ак болот,
Соода кылсаң кардарды сүй, алдаба.

Акчасын албай туруп, эч нерсени колдон чыгарба. Соодада уялбагын, анткени амалкөй куу адамдар: уялчаактык шыбаганды кемитет деп айтышкан. Соода кылган адам өз пайдасынан уялганды адат кылып албасын, бирок бейнысаптыкка да үйрөнбөсүн, себеби «Сооданын негизи табылга жана нысап» деп коюшат соодагерлер. Табылга-мүлкүңдү, нысап-уйкуңду коргойт эмеспи! Бул жөнүндө бир икая эшиткем.

Икая

Бир соодагер бир ирет алып-сатардын күркөсүнүн жанында миң динарга соодалашып калат. Эки жак макулдашып бүткөнү калганда алтындын өгөндүсүн талашып чырлаша кетишет. Алып сатар: «Менден сага бир алтын динар өтөлгө», — дейт. Соодагер болсо «Бир динар жана өгөндү», — дейт. Экөөнүн талашы багымдатта башталып, бешимге чейин бүтпөйт. Соодагер өжөрлөнүп, айтканынан кайтпасын айтып, улам-улам кыйкырат. Акыр аягында чыдамы кеткен алып сатар соодагерге бир динарды жана өгөндүнү берип тынат. Соодагер динарды да, өгөндүнү да алып кетет.

Муну көргөн элдин баары алып сатарды жемейлей баштайт. Алып сатардын колбаласы соодагердин артынан кууп жетип, «Эй, кожо, ширең кана бербейсиңби?» дейт. Соодагер ага бир динар менен алтындын өгөндүсүн берет. Колбала кайтып келгенде алып сатар: «Эй, арам сийдик. Бул адам бир тасуж үчүн багымдаттан бешимге чейин эмне гана кылбады, атүгүл бөтөн адамдардан уялган жок. Андай немеден сага бир нерсе өнмөк беле» деди. Бала ээсине динарды көрсөттү. Таң калган алып сатар: «Я Алла! Бул өңү куник жана али кичинекей балага көз арткан жарбайт ко… Эмнеге ушундай сараң адам мындай марттык кылды?» деп өзүнчө күбүрөнөт да соодагердин артынан кууп жетип сурады: «0, шейх, сен мени таң калтырдың. Таң эртеден түш оогончо жаныма тынчтык бербей кыйнадың. Тасуж[7] алтын үчүн башканы кой чоочун адамдардан уялбадың. Анан менден өндүргөнүңдүн баарын менин колбалама өнтөгө берипсиң. Анда эмнеге мени кыйнадың? Мындай берешендигиң эмнеден?» Соодагер ага: «0, кожо, менин жасаганыма таң калба. Мен соодагермин, соодада бир нерсени сатып алганда жана сатканда же мүлккө ээ чыкканда, мени бир дирхемге алдачу болушса, бул менин жарым жашоомду алдаганга барабар болот. Бирок өзүм жакшылык үстүндө кимдир бирөөгө осол мамиле жасасам, бул менин заадим таза эмес экенин күбөлөгөнгө тете иш болот. Мен жарым өмүрүмдү алдаткым да, заади арам болгум да келбейт» деп жооп берет.

Акчасы аз соодагер ширкетке киргенден этият болуш керек, а эгер жарналаш болуп жүрүп, кокустукка кириптер болсо, өкүттө калбоо үчүн — кеңпейил, бай, абийрлүү адам менен өнөктөш болгону оң. Жарнакчы өнөктөшүң сактаганга чыгымды көп талап кылган, сынып калчу же өлүп калчу товарды акчага сатып албоосу керек. Акчаны тобокелге салып иштетпеш керек; чыгаша ортодогу акчанын жарымынан ашпаган учурда гана тобокелчиликке барса болот.

Эгер кимдир бирөө баланча жерге жеткирип бер деп кат берсе, адегенде окуп көрүп, анан кийин жеткир. Себеби, мөөр басылган катта көп жамандык жазылат жана аягы эмне менен бүтөрүн билип болбойт. Муктаж адамдардын катын албай четке какпа. Кайсы гана шаарга барбагын жалган маалымат таркатпа. Ал жерге келериң замат кимдир бирөөнүн өлүмү жөнүндө кабарлаба, ал эми кубанычтуу кабарды угузганды колдон чыгарба. Шериги жок жолго чыкпа, жолго чыкканда өзүңө ишенимдүү шерик изде. Кербен өрүүгө токтогондо элдүү жерден орун алып, товарларыңды да элдүү жерге кой. Каруу жаракчандардын жанына жолобо, алар менен отурба, анткени каракчылар оболу куралчандарга кол салышат.

Эгер жөө болсоң, аттууга шерик болбо. Бейтааныш кишилерден жолду сураба, сурачу болсоң такыба адамдарга кайрыл, анткени натуура жолду көрсөтчү жана артыңдан барып, товарыңды тартып алчу караниет адамдар көп кездешет.

Жолдо жолуктурган адамыңа илгиртпей салам айт жана апкаарып кеткениңди же чарчап турганыңды билдирбе. Салык чогултчу мөөсүлдөрдү алдабастан сылык-сыпаа жана жылуу сөздөр менен көңүлдөрүн ал. Азыксыз жолго чыкпа, жол элдүү жайлар аркылуу өткөн учурда деле жайкысын кыш кийими жок жол жүрбө. Төөкөч-аткечтин көңүлүн алганга тырыш. Чоочун жерге келгенде адамдар менен ылгабай таанышкандан этият бол, алып-сатардын ишенимдүүсүн танда.

Сага үч кыл адамдар менен мамиле түзүү зарурат: кеңпейил жана амалкөй, бай жана айкөл, ошондой эле бөтөн бирөөнүн укугун урматтаган. Суукка да, ысыкка да, ачкачылыкка да, суу ичпей таңдай катып жүргөнгө да үйрөн. Жокчулукка кабылсаң, аны жеңил көтөрүү үчүн эс алып жүргөндө ысырапкорчулкка жол бербе. Бардык ишти колдон келсе өзүң жасагын жана эч кимге жүгүңдү артпа, анткени бул дүйнө алдамчы келет. Соодада эпчил да, чынчыл да, адилеттүү да бол. Көп сатып алып, тез сат. Мүмкүнчүлүгүң барда карызга сатпа, а эгер карызга сатууга туура келсе, таанымал адамдарга карызга сатуудан этият бол. Жарды-жакырлар, жакында байыгандар, илимпоздор, алиддер, балдар, казынын жанжөкөрлөрү, шаар муфтийлери жана ордо кызматчылары — булардын баары менен чогуу иштешем дебегин; алар менен иш күткөн адамдын өкүнүчтөн жана өкүттөн башы чыкпайт. Тажрыйбасыз адамдарга эч бир иште таянба, адамдарды сынап билмейинче ишенбе, а сыналган адамды кайра-кайра сынаба, ишенимдүү адам табылат деген таризде сыналган адамды сыналбаган адамга алмаштырба. Анткени «Сыноодон өткөн дөө сынала элек эркектен жакшы» деген лакап бар.

Адамдарды башка бирөөлөр аркылуу сынап көрүп, анан өзүң сына; сага жакпаган адам башка бирөөгө да жакпай калышы ьктымал. Сынаймын деген адамыңды сөз менен эмес иш менен сына: карызга алган тоостон накталай акчага алган карга артык. Жер кезип жүрүп, он динардан жарым динар пайда тапчу болсоң, он динардан бир динар пайда табат элем деп деңизге чыкчу болбо; деңиз кезип соода кылганда киреше кызыл ашыктан болсо да, чыгашасы кекиртектен болгондуктан, жалчыбаган ныпа үчүн акчаны желге сапыргандын кереги жок. Эгерде кургакта кокустук болсо, байлыктан айрыласың, бирок жаның соо калышы этимал. А деңизде кокустукка кабылчу болсоң, байлыктан да, өмүрүңдөн да айрыласың. Байлыкты топтосо болот, а өмүр кайрылбайт.

Эл ичинде деңизди падыша бийлигине да салыштырышат: мал-мүлк бир келип, бир кетет. Дүйнөнүн кереметтерине суктангың келсе, бир жолу деңиз аркылуу жүрсөң болот, себеби пайгамбар Алейсалам «Деңизге саякатка чыгып, теңдешсиз Алланын кудуретине суктан» деген. Соода-сатыкта бир аз илең-салаң болуу мүмкүн, бирок товарыңа жараша кардарын күт.

Иштериңди толук бойдон бөтөн бирөөгө тапшырба, анткени «Бирөөнүн колу менен жылан жакшы кармалат» деп айтылган. Киреше-чыгашаңды үзбөй жазып жүр. Каалаган учурда баш тартып кетүү мүмкүндүгүң болуш үчүн милдеттенмелерди эч качан өз колуң менен жазба. Катачылыкка жана бейсарамжалдыкка кириптер болбоо үчүн эсеп-кысапты так жүргүз. Кирешең менен чыгашаңды билип туруу үчүн кулдардан жана үй ичиндегилерден дайыма тапшырган ишиңдин эсебин талап кыл.

Жалганчылардан этият бол жана өзүң дагы адамдарды алдаба, себеби адамдарга калп айтып, алдадым дегендер жаңылышат: андайлар өздөрүн алдашат.

Икая

Бир кишинин эсепсиз көп коюн баккан такыба жана ыймандуу койчусу болот. Ал күн сайын киреше-чыгашасына карабастан саалган сүттүн баарын ээсине алып келип турчу. Мал ээси сүткө суу кошуп койчуга берип: «Бар, сатып кел» деп буйруйт. Койчу дайыма ээсине кайрылып: «Оо, кожо, мусулмандарды алдаба. Адамдарды алдагандын аягы жамандык менен бүтөт» деп өтүнчү экен. Ал койчунун сөзүнө этибар бербейт жана сүткө сууну кошконун токтотпойт. Койчу жаздын бир күнү койлорду суунун боюна өргүтүп, өзү дөңгө чыгып, уктап калат. Күтүүсүздөн нөшөрлөгөн жамгыр төгүп, тоодон сел жүрөт да дарыянын капшытында бир да кой калтырбай алып кетет.

Бир алдайсың, эки алдайсың, акыры,
Так ошонуң жутат сенин башыңы.

Койчу шаардагы ээсине куру кол келсе, ал «Эмнеге сүт алып келген жоксуң?» деп сурайт. Анда койчу: «0, кожо, мен сага: «Сүткө суу кошпо. Бул алдамчылык болот» деп айтканымда, менин сөзүмдү уккан эмессиң. Сен элге сүт деп саткан суу чогулуп келип, кечээ күнү койлоруңду сыйпап кетти», -деп жооп бериптир.

Мүмкүнчүлүгүң барда калп айтпа, себеби бир ирет калп айткан адамга эч ким ишенбей калат. Түз сүйлөп үйрөн, себеби түз сүйлөгөн жакшы адат. Шерттешкенде жана соодада алдабай чынчыл бол. Эч кимге убада бербе, а эгер убада берчү болсоң, убадаңды бузбай аткар. Соодада жалган сүйлөбө. Чындыкты сүйлөсөң жасаган ишиңди Алла өзү алкайт. Шерттешип шартнаме алганда же бергенде кылдат болгун.

Тил катты кайтарып берээрде аласаңды алмайынча тилкатты колдон чыгарба. Мурда боло элек шаарга саякаттап барчу болсоң, кайсы бир таанымал адамга кат ала баргын жана шаарга жетер замат ага жолук. Балким анын пайдасы тиер, пайдасы тийбеген учурда зыяны да болбойт. Аерде ишиң кандай жүрүп кетерин алдын ала билип болбойт да. Адамдар менен мамиле түзө бил: шалаакы, наама, наадан, жалкоо, бейнамаз адамдар менен саякатка чыкпа. Айтылган эмеспи: «Жолго чыккандан мурда шерик танда» деп.

Сага ишенген адамдын ишенимин акта. Көрбөй туруп эч нерсе сатып алба. Сага ишенген адамга сен да ишен. Эгер бир нерсе сатууну кааласаң, оболу баасын бил, ал эми ар кандай сөздөн алыс болуу үчүн шерттешип эч нерсе сатпа. Чарбачыл бол, анткени сооданын зору — жеке чарба жана аны ирээттүү күтүү зарурат иш.

Үй тиричилигине зарыл заттарды жылына бир жолу жана өз мезгилинде сатып ал. Такоор үчүн жылдык керектөөңдөн эки эсе көп сатып ал да базардагы бааны байкап тур. Баа көтөрүлгөндө корго деп ашыкча алган заттарыңдын жарымын сатып жиберсең жыл бою бекер жашайсың. Мунун айыбы да, уяты да жок жана эч ким сени сараң деп күнөөлөбөйт. Эгерде чарбаңда чыгашаны байкасаң, зыян чоңоюп отуруп сени бүлүнтпөс үчүн, кирешеңди көбөйткөндүн аракетин жаса. Кирешени көбөйткөндүн жолун билбесең, чыгашаңды кыскарт, анткени чыгашаны азайтуу – кирешени көбөйткөнгө барабар иш.

Эгер сага соодагерлик жакпай калып, белгилүү илимпоз болууну каалачу болсоң, анда уламалыктан кийинки абдан пайдалуу жана ардактуу эсептелген дарыгерлик илиминен өткөн илим жок. Илимдин эки түрү бар: бири — диндер тууралуу илим, экинчиси — денени үйрөнүү илими» деп айткан пайгамбар Алейсалам.

Уландысы>>>>>

Которгон Амирбек АЗАМ уулу

[1] тафсир – Куранды түшүндүрүү, комментариялоо.

[2] риваят – шарият жобосунан мисал.

[3] факих – шарият мыйзамдарын жана ислам динин мыкты билген адам.

[4] усули – динди бекем туткан мусулман уламаларынын тобу.

[5] Мужтахид дин жана шарият боюнча мурда кабыл алынган чечимге окшобогон бүтүм чыгарган улама.

[6] Ратл — салмак бирдиги, 144 дирхемге же 450 граммга барабар.

[7] Тасуж – дирхемдин 1/24 бөлүгү.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.