АҢГЕМЕ 

Анда мектепке бара элек бокмурун кезим. Кошунанын балдары менен үч дөңгөлөктүү велосипедди “мен тебем”деп  кызыл чеке болуп талашып, кээде жарашып, ойноп аткам. Бир кезде атам келди. Адегенде байкаган эмесмин – жаңы эле велосипедге отургам. Жанымда чурулдап аткан немелер тынчый калганынан карасам, алар аңырая атамды карап турушат. Эки канжыгасына туптуура он-ондон кылып жыйырма тоокту байлап алыптыр. Атам аттан түшүп, байлап салып, аялдабай үйгө кирип кетти. Дикилдеп чуркап келдим. Артымдан тигилер да самсаалашты.

Тооктор тоок эмей эле тотукуштай көрүнүштү мага. Жүндөрү кызыл-күрөң, кээ бирлери бир өңчөй боз-чаар. Таажылары биздин тооктордукунан чоңураактай, таажы эле эмес өздөрү да бир топ чоң. Аттын биягына бир, тиягына бир өтүп, оозум ачыла карап аттым. Кошунанын балдары мен бассам алар да кошо басып, таңыркай чурулдашып атты.  Бизден чочулаган тооктор “кукулукташа” сестенишет.

— Оми-ий! Тетиги короозду… – деди кошунанын чоң баласы, сөөмөйүн жогору көтөрө. Калганыбыз дикилдеп аттын ал турган жагына өттүк. Ачылган оозум андан бетер аңырайды. Мындай чоң короозду өмүрүмдө көргөн эмесмин. Килейген корооздун апакай жүндөрү менен узу-ун ийилген куйруктары көрүндү биринчи. Таажысы кыпкызыл болуп, бир жагына кайрылуу.  Ал бизден шектенген немече чекир көздөрүн бир жагына түрүлтө калып, баш көтөрө “курр-уук” этип койду. Сүрдүү неме канжыгадан буту жылбышып кетип түшөрү менен артыман сая түшүп тымтыракайымды чыгарчудай коркуп, балдардын артына өттүм.

Атам үйдөн чыгып:

— Өө-өй, атаң-оозугурайындар! Атка жолобой жүргүлө дебедим беле! – деди да, — Тур эй, үйүңөргө баргыла, болду! – деп тигилерди кетирип ийди.

Короого тоокторду бирден бошотуп атат. Мен тирмейип,  тиги канжыгадан буттары талып, жүдөй түшкөн  немелерди тордун сыртынан көз албай тиктеп турам. Тиги корооз канатын кере калып “курк-курк” деп коёт.

— Ата, буларды каяктан алып келдиңиз?

—  Инкубатордон, — деп койду жай гана.  Ичимден “инкубатор, инкубатор” деп кайталап коём.

Бир убакта жүнүн түктөйткөн биздин кызыл корооз кашаанын алдынан буйдалбай өтүп, тиги ак короозду качырып кирип барды эле, тиги да дароо беркини карай үрпөйө жөнөп калды.

—  Оппаа! – дедим мен, алаканым  “шап” чаба ушалап. Көзүмдү чекчейтип, эңкейе калып, тиземди таяна тигилерден көз албайм: “Каап, атаң-гөрү, жанымда кошунанын балдары болгондо”, – деп ойлодум. Мындай кызыкты жалгыз көрүп атканыма өкүнө кеттим.

Эки корооз саамга бири-бирин карыш жылдырбай, оңго-солго бастырбай тооруша кетти да, бир ирмемде канаттарын “пырпырата” абага көтөрүлүп, тебише кетти. Бул көрүнүш эки-үч ирет кайталанды. Бирок бир жолкусунда кызыл амалкөйлүк кылды: берки секире бергенде тиги  бөгүп калды да, кайра артынан секирип барып таажысынан чокуду. Чокуган бойдон коё бербей  “бырпыратып” үстүнөн түшпөй атты.

— Нич-чего себе! – дедим мен. Бул сөздү кинодон жаттап алгам. Кудум рингге чыккан боксёрдой болуп, муштумдарымды чымырата түйүп алып, ары-бери басып , — Мал-ладец! – дедим,  тиги кызылга ыраазы боло.  Ак корооз качып четке чыга берди. Таажысынан кан кетип, аппак жүндөрүнө сарыгып атты.

Эртеси кошунанын эки баласы зымдан жасап алган машинелерин чыгырык кылып айдап алып, экөө кужураша бирдемелерди сүйлөшүп, биздикин карай келатышты. Мен аларды утурлай жыгач кылычымды ойкутуп-кайкытып, жол жээгиндеги аткулактын жалбырактарын кыя чаап эрмектеп аттым.

— Атаң кечээки тоокторду каяктан апкелди? — деп сурады тиги улуусу мага жакындай берип.

— Инкубатордон, — дедим компоё.

— Аа, Казарманданбы?

— Жок эй, инкубатордон дейм! – дедим үнүмдү өктөм чыгарып.

— Омой… Ошо, инкубаторуң Казарманда да! Ал жакта тоокторду чыгарган завод бар дейт.

— Койчу эй, — дедим кенебей, укмаксан боло.

“Ка-ап, бул бир нерсе билет окшойт”, – деп ойлоп ичимден шаабайым сууй түштү. Биртике болгондо “Инкубатор” деген килейген бир шаар экенин, ал жакта атайын ушундай асыл тукум тооктор багыларын саймедиреп айтып бермекмин. Анан алар менин сөзүмө таңыркаша ооздорун ачып турушмак деп ойлодум. Бирок сөздү ошол замат кечээки “айкашка” бурдум. Тигилерди таңгалдыра, тимеле корооздун өзү болуп отура калып, бирде түйүлө калып, эки колумду канат кылып жайып, чукчуңдап ары-бери басып, жан-алым калбай айтып берип аттым.

*      *     *

Бир колума сындырым нанды уучтап, аны улам бурдап коюп, бир колум менен чыбык атымдын тизгинин силкилдете огородду карай “чаап” бардым. Биздин огород сарайдын артында болгону менен жапсарлап барып ылдыйраак түшкөндө эле.  Киши бою болуп, анан да жыш өскөн жүгөрү тимеле түнт токойдон бетер сырдуу сезилди мага. Тиги  “инкубаторлук” тоокторду карадым. Кыязы жүгөрүнүн арасына кирип кетишкен окшойт. Көрүнүшпөдү.

Мен  “аргымагымды”  алкынта  “бастырып” бардым жүгөрүлөр жакка.  Кыдырата  тегиз өскөн жүгөрүлөр ого бетер бийик көрүндү мага. Жалбырактары  тимеле жалаңдаган ийри кылычтай жаркылдайт. Койкоңдой “бастырып”, бирде жүгөрүнүн тияк башына барып, кайра келип, нандан бурдап, бирде салабаттуу боло калам. Анан кабагымды каадалуу кишиче түйө калып, оозумдагы нанды күрмөп жутуп:

— Урматтуу менин жоокерлери-им! – дедим кыйкыра. Дагы деле “ат ойнотуп” атам.  — Силер менин чыныгы баатырларымсыңар!  Жүгөрүлөр шамалга шуудурап атты.  “Кап атаңгөрү, кылычты алып албай” – деп ойлодум. Кылычты алып келмекке бурулуп баратып көз кыйыгымдан тигини көрдүм. Жанагы ак короозду! Селт эте түштүм. Жүгөрүнүн арасынан мен жакты карай капталдап турган экен. Кыймылсыз туруп калдым. Оозумда анча-мынча калган нандым күкүмүн “култ” жуттум. Шилекейим кургап кетти. Аны бүшүркөй карадым. Бир бутун көтөрүп, кайра жазып, шектүү немени акмалап тиктегенсип карап турат. “Курр-рк, курр-руук” этип коёт. Таңдайым катып, эрдимди жаланып алдым. Акырын кетенчиктей баштадым эле, ошол замат тиги  мени карай жылып жөнөдү. “Кудай у-ур, эми балээ баспадыбы!” – дедим ичимден бурула берип. Бул чоң энемдин айта жүргөн сөзү эле.

Кылчайып артымды бир карадым эле, жанагы неме үстүндөгү болгон жүнүн түктөйтүп алып безген бойдон келатыптыр. Обдула качып калдым. Шаша-буша качып баратып, чыбык атка чалынып, оңкомон түштүм. Жанталаша чалкалай калып, тигини карадым. Көзүм жамандыкты көрбөсү-үн! Короозуң түшкүр, түлкүгө кол салган бүркүттөн бетер, канаттары калдаңдап күн бетин жаап, текөөрлөрү жаркылдай мени карай атылып келатыптыр. Бетимди жерге бура калып, өмгөктөп, жапсардын бети менен жанталаша жөрмөлөдүм. Кукулуктаган жалаңкыч учуп келип эле жалаңдаган текөөрүн эки бөйрөгүмө матырып ийгендей болду!  “Баа-аа!” – деп бакырып ийдим.  Ак корооз тырпыратып, чокулап атты. Кадимки “родэодогу” букадай гана мөңкүдүм. Экөөбүз кыкка оонап жаттык. Эрегишип, көшөрүп атып анын чеңгелинен бошонуп чыга үйдү карай бездим.

Ал оңбогурдан андай кордукту эки-үч жолу көрдүм. Деги эшикке кененирээк чыга албас болдум. Чыксам эле мени күтүп тургансып, каадасынча чукуранып, “курр-рук” эте мени карай акырын жыла басып жөнөйт.

Бир күнү өзүмө өзүм катуу убада берип, бир чети өзүмдү сынамакка, колума жалаң союл алып короону карай жөнөп калдым. Ал жакта атам анан үч-төрт киши атка така кагып атышкан. Бир чети атамды да эш туттум. Короонун бир бурчунда кык тытып аткан корооз мени көрө сала качырып калбаспы. Жанатан бекип келаткан баатырдыгымдан дайын жок. Токтой калып, көзүм тостоё шарт бурулуп кача бердим. Жөн качпай дарылдап, бакырып качтым. Атам уксун дегенсип ач айкырыкты салдым дейсиң! Тиги корооз артымдан кууп келип, кайра жайлап токтоп калды. Бирок мен дагы деле долулана догурунуп аттым. Озондогон мени көрүп, башын чайкаган атам айрысын алып тигини кууп кетти.

Ошондон кийин ал короозду көргөн жокмун. Андай корооз да көрбөдүм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.