Валентина Осееванын балдар үчүн жазган аңгемелери

Валентина Овсеевнанын мектепке чейинки жана башталгыч мектептин окуучуларына арналган таалим берүүчү кыска аңгемелерин сунуштайбыз… Көк жалбырактар Катянын эки жашыл карандашы бар эле. Ал эми Ленада бирөө да жок болчу. Анан Лена Катядан бир карандашын сурабайбы: — Жашыл карандашыңды берип турчу. Катя ага минтип жооп берди: — Мамамдан уруксат сурап келейин, анан берейин, макулбу. Эртеси күнү алар мектептен жолугушту. — Мамаң уруксат бердиби?— деп сурады Лена. — Мамам го уруксат берди, агамдан сурабай калыптырмын,— дейт Катя үшкүрүнүп. — Мейли анда, агаңдан […]

Василий Шукшин: Жайлады (конкурска №12)

АҢГЕМЕ Агафия Журавлева кемпирдин уулу Константин Иванович келиптир. Жанында аялы менен кызы бар. Учурашып, эс алайын деп келди да. Новая кыштагы – кенедей кыштак, Константин Иванович болсо такси да минип алган, үй-бүлөсү жабыла  чамандарды жүк салгычтан узакка дейре түшүрүп атышты… Бул кабар кыштакка ошол замат дүң этти: Агафиянын ортончу уулу, Костя, катын-баласы менен учурашканы келиптир. Өзү бай, окумуштуу имиш деп атышты. Калган майда-чүйдөсүн кечке жуук билишти: өзү –кандидат экен, аялы да кандидат, кызы болсо мектеп окуучусу экен. Агафияга ток самоор, […]

Советтер Союзунун коркунучтуу канкору

Сталиндин эң мыкты баш кесер желдети катары таанылган Берия 1899-жылдын 29-мартында жарык дүйнөгө келиптир. Тарыхка кара так салган бул ойон дыйкандын эле үй-бүлөсүнөн чыгыптыр, механик-курулуш окуу жайынан билим алыптыр. Партияга өтө коюп чекист болуп кетиптир. Берияга Сталин өзүнүн кызмат ордун, наам-сыйлыгынан башкасын бүт бериптир. Өзүндөй көрүп, өзүнөн артык ишенген үч адамынын бири ушу Берия болгон экен. Лаврентий Павлович Берия окуу жайында окуп жүргөн мезгилде эле “Сыщик” деген атка конуп, досторун отко салып, тааныштарын талаага таштап жүргөн деп жазат жолдоштору. Жоголгон […]

Лев Толстой: Оюн-зоок кечесинен кийин (конкурска №11)

АҢГЕМЕ — Мына сиздер, адам өз алдынча эмне жаман, эмне жакшы экенин дурустап ажыратып биле албай, бардыгы курчап турган чөйрөгө жараша, адамдарды чөйрө өзүнө ылайыкташтырып өзгөртөт деп жатпайсыздарбы. А менимче, бардыгы турмуштагы жагдайларга байланыштуу болот. Эмесе өзүмдүн жашоомдон бир аз айтып берейин. — Биздин ортобуздагы, жеке адамдын өсүп-өнүгүшү үчүн, эң алгач ал жашап турган чөйрөдөгү шарттарды өзгөртүү керектиги жөнүндөгү талашыбыздан кийин, баарыбыз сыйлаган, кадыр-барктуу адамыбыз Иван Васильевич сөзүн ушинтип баштады.   Чындыгында, эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча эч ким […]

Жамалбек Ырсалиев: Менин агам!

3-класста окуп жүргөн кезим. Айылда койду кезектешип кайтарышат. Аны “кезүү” деп кыскартып коюшат. Биздин кезүү келип, 7-класс окуган агам кой кайтарып кетти. Мен түштөн кийин сабактан келгенимде “тамак жеткирип кел” деп байкеме жиберишти. Эшикке чыгып чүкө ойноп кетип, убакыттын кандай өткөнүн билбей кечинде кой тарагандан кийин үйгө келдим. Келсем, байкем ачка боюнча кечке кой кайтарганын айтып ыйлаптыр. Мен болсо шамыраңдап футболкамды шымдап алып, курсагыма уткан чүкөмдү салып, жоо сайгансып кирип келип атпаймынбы. Уткан чүкөмдүн кубанычына апам менен атам жазаламай болушту. […]

Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

Кириш сөз Мен мындай адабий чыгарма жазам деп эч ойлобопмун. Бирок тагдырдын амири менен мага россиялык киллерлердин ичинен эң белгилүүсү жана табышмактуусу, кримавторитеттердин жана милиция кызматкерлеринин буюртма өлүмү боюнча айып тагылган Александр Солониктин адвокаты болууга туура келди. Камакка алынгандан соң «Матросская тишина» тергөө изоляторунун атайын корпусуна түшкөн А. Солоник өзүн толук коопсузмун деп сезе албай койду. Анан кантсин, төбөсүндө аз эмес, көп да эмес, өлүмгө буйруган үч өкүм асылып турат, биринчиси — соттуку, экинчиси – кесиптештеринен айрылган милиция кызматкерлериники, ал […]