АҢГЕМЕ

— Мына сиздер, адам өз алдынча эмне жаман, эмне жакшы экенин дурустап ажыратып биле албай, бардыгы курчап турган чөйрөгө жараша, адамдарды чөйрө өзүнө ылайыкташтырып өзгөртөт деп жатпайсыздарбы. А менимче, бардыгы турмуштагы жагдайларга байланыштуу болот. Эмесе өзүмдүн жашоомдон бир аз айтып берейин.

— Биздин ортобуздагы, жеке адамдын өсүп-өнүгүшү үчүн, эң алгач ал жашап турган чөйрөдөгү шарттарды өзгөртүү керектиги жөнүндөгү талашыбыздан кийин, баарыбыз сыйлаган, кадыр-барктуу адамыбыз Иван Васильевич сөзүн ушинтип баштады.   Чындыгында, эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча эч ким түшүнө албайт деп айтылган деле эмес, минтип талаш-тартыштардан кийинки өз оюнда жаралган суроолорго, башынан өткөн окуяларды айтып берүү менен жооп бермей, Иван Васильевичтин өзгөчө ыкмасы болучу. Көпчүлүк учурларда, ал өзүнүн аңгемелерин ушунчалык кызыктуу кылып берилип айткандыктан, сөз учугун жоготуп, эмне себептен улам бул аңгемесин баштаганын унутуп калмайы бар эле. Бул жолу да ошондой болду.

– Мен өзүм жөнүндө бир аз айтып берейин. Менин жашоомдун башкача эмес, дал бүгүнкү күндөгүдөй болушу, чөйрөдөн эмес, бир окуяга байланыштуу болду.

– Ал эмне  болгон окуя экен? – деп сурадык биз.

– Бул эми узун сөз. Аны түшүндүрүш үчүн, көп нерселерди айтып берүү керек.

– Андай болсо айтыңыз.

Иван Васильевич ойлоно калып, башын ийкеп койду.

– Ооба,– деди ал.– Бардык жашоом бир түндө, тагыраак айтканда, бир таңда өзгөрдү.

– Деги эмне болду эле?

– Эмне болсун, мен катуу сүйүп калдым. Ага чейин деле көп эле сүйгөм, бирок бул жолкусу менин  өмүрүмдөгү эң катуу сүйүүм болду. Атасынын көрү! Өткөн өттү, кеткен кетти, эми айта берейин; азыр анын кыздары күйөөгө тийип кетишти. Ал Б…болчу, ооба, Варенька Б…эле,– Иван Васильевич фамилиясын атады. – Азыр элүүгө чыгып калса да, дагы эле татынакай сулуу аял. Бирок чиркин… жаш кезине, он сегиздеги курагына кайдан жетсин: ал узун бойлуу, кымча бел, элик сап камчыдай келишимдүү да, сүрдүү да болчу. Ооба, сүрдүү эле. Дайыма өзүн бөлөкчө алып жүрө албаган немедей, башын бир аз артка таштап, денесин каккан казыктай түз алып жүрчү, бул ага узун бою менен сулуулугуна кошул-ташыл болуп, анын арыктыгына карабай бир башкача, эгерде жоодураган күлүмсүрөгөн көздөрү, качан болсо күлкү кетпеген сүйкүмдүү эриндери, жанга жагымдуу турпаты болбогондо, жөнөкөй адамдар корунуп жолой албай турган, улуу канышаларга тиешелүү сүр берип турчу.

– Иван Васильевич, укмуштай көркөм сүрөттөдүңүз.

–Кандай гана көркөмдөп айтпайын, баары бир анын чындыгында кандай болгонун силерге түшүндүрүп бергидей сүрөттөө мүмкүн эмес. Бирок иштин жайы башкада: мен айтайын деген окуя кыркынчы жылдары болгон. Ал кезекте мен борбордон алыс жайгашкан университеттердин биринин студенти элем. Жакшыбы же жаманбы, айта албайм, бизде ал убакта азыркыдай кружокторго окшогон нерселер жок эле, биз жөн гана жаш болчубуз, жаштыгыбызга кубанып, жаштык демибиз менен окуп жана ойноп-күлүп, оюнга тойбой, оюбузга башка эч нерсе илбей жүрө берчүбүз. Мен шайыр, шамдагай, колунда бар, бай азаматтардын бири болчумун. Мыкты жорго атым бар эле, кыздарды өңөрүп алып тоого чыгарчумун (ал кезде коньки тепкен модага кире элек), жолдош балдар менен ар кандай олтуруштарды уюштурчубуз (ал кезде шампандан бөлөк нерсе иччү эмеспиз; акчанын жогунан эмес — жөн эле арак иччү эмеспиз).  Мага кечки олтуруштар менен бий менен өтчү оюн-зоок кечелер аябай жакчу. Жакшы бийлечү элем, кебете-кепширим да анча жаман эмес эле.

– Коюңузчу, сиздин жупунулугуңуз бизге белгилүү да,– деп анын сөзүн бөлдү отурган айымдардын бири.– Сиздин ошол кезде түшкөн чоң сүрөтүңүздү көргөнбүз. “Анча жаман эмес” эмей эле, келишкен сулуу экенсиз.

–Сулуу болсом болгондурмун, бирок кеп анда эмес. Кеп башкада, мен ошол чоң сүйүүмө кыштын өтүшүнө арналган майрамдын акыркы күнү, губерня башчысы, ак көңүл карыя, дасторкону кенен бай, жана падыша сарайынын кызматында турган адам өткөзүп жаткан оюн-зоок кечесинде жолуккамын. Конокторду күйөөсүндөй эле ак көңүл, башына жаркыраган брильянттар тагылган оромо байланып, дал Елизавета Петровнанын портретинин сүрөтүндөгүдөй борсойгон төшүн, жаңыдан бырыш кире баштаган апакай ийиндерин, көөдөнү ачык баркыт көйнөгүнөн көргөзө кийген кожоюндун аялы тосуп алып турду.

Кече сонун өтүп жатты: аймакта белгилүү музыка сүйүүчү помещиктин эрксиз дыйкандарынан түзүлгөн  музыканттар тобу жагымдуу обондорду ойноп, кенен залда хордун үнү жаңырып, буфетте шампан суудай акты. Мен шампанды сүйүүчүлөрдүн бири болсом дагы, ал кечеде оозума бир тамчы да алган жокмун, бирок ичпей-жебей сүйүүгө мас элем, Вареньканы кучагымдан чыгарбай бийлей бердим, бийлей бердим. Алым калбай калганча аны менен кадрилди да, вальсты да, польканы да бийлеп жүрдүм. Анын белине курчап алган күлгүн түстүү куру, кардай аппак көйнөгү, иттин терисинен жасалган чыканагына чейин жетээр-жетпес кылып кийип алган ак мээлейи менен атлас башмагы ага куп жарашып, сулуулугун арттырып турду. Мазурка бийинде гана мен аны тарттырып жибердим; Анисимов деген жагымсыз инженер кишиге, – мен аны алигиче кечире элекмин, келе калып аны илип кетти, мен так ошол кезде чач тарачтан мээлей сурап келе коём деп барып, кечигип калдым да, ата-а. Ошентип мен мазурканы аны менен эмес, бир убактарда көңүлүбүз жакын болуп, чогуу жүргөн немис айым менен бийлеп жүрдүм. Бирок ал кечте мен ал айымды бир аз капа кылып алгандай болдум, аны менен бий бүткүчө бир ооз сүйлөшпөй, эки көзүм күлгүн кур курчанган ак көйнөкчөн сулууда болуп, ууртунда өзүнө жарашкан бир аз чуңкурчасы бар, кызылы кызыл, агы ак, нур чачкан жүзүнөн, мээрим чачыраткан көздөрүнөн карегимди тартып ала албай, кылчактап карай бердим. Мен эле эмес, аны бардыгы, аялы да, эркеги да карап, суктанып жатышты. Анын көз тайгылткан сулуулугуна, суктанбай коюу дегеле мүмкүн эмес болучу.

Мазурканы башка менен бийлеп атканым менен, кыялымда аны менен бийлеп жүрдүм. Ал дагы бизге жакындаганда, менин эмес, башка бирөөнүн колдору кармаган ийиндерин куушуруп, өкүнүүнүн жана жооткотуунун белгиси катары мени муңайым карап, жылмайып өтүп атты.

Мазурканын музыкасы бүтүп, вальс ойноло баштаганда, ал тартынбастан элди аралап мени көздөй басты, мен анын чакыруусун күтпөстөн ордумдан илгиртпей туруп, астынан тосуп чыктым. Айттырбай оюн тапканыма ыраазы болуп, күлүп койду. Мен аны менен кайра-кайра вальска түшүп, ал мени карай ысык демин чыгарып, мага: «Encore» ,–  дейт. Мен аны менен өз денемди сезбей калгыча бийледим.

– Кантип эле сезбей калдыңыз дейм да, менимче,  анын белине колуңуз тийгенде өзүңүздүкүн эмес, анын денесин да сезбей коё алмак эмессиз,— деп калды угуп олтурган коноктордун бири.

Иван Васильевич капыстан эле ачууланып, эки бети кызарып-татарып, кыйкырып кирди:

– Мына, азыркы жаштар ушундайсыңар. Силер денесинен башка эч нерсе ойлобойсуңар. Биздин убагыбызда башкача болчу. Мен канчалык катуу сүйгөн сайын, ал мен үчүн ошончолук денеси жок жанга айланчу. Силер дароо эле сүйгөнүңөрдүн буттарын, башка жерлерин көрүп, көзүңөр менен жылаңачтай баштайсыңар, а мен үчүн Alphonse Karr айткандай,– ушундай бир жакшы жазуучу бар эле,– менин сүйгөнүмдүн кийими колодон боло турган. Биз чечиндирмек тургай, кокустан ачылып калган жери болсо, Нух пайгамбардын абийирдүү уулу, атасынын уяттуу жерин жапкан сыяктуу, жаап-жашырганга аракет кылчубуз. Ээ… эми силер муну түшүнбөйсүңөр…

– Аны укпай эле коюңуз. Андан ары эмне болду? – деди дагы бирибиз.

– Жана айтпадымбы, көбүнчө аны менен бийлеп жүрүп, убакыттын кандай өткөнүн да байкабай калыптырмын. Музыканттар оюн-зооктун аягында боло жүргөндөй, чарчаңкы тартышып, кайрадан мазурканын обонун ойноп киришти. Конокторду кабыл алчу бөлмөдө карта ойноп олтурушкан аталар менен апалар оюндарын токтотушуп, тамакты күтүп калышты, кызматчылар бир нерселерди ары-бери көтөрө чуркап кымгуут. Саат үчкө жакындап калыптыр. Акыркы мүнөттөрдү пайдаланып калыш керек! Мен аны менен жүзүнчү жолу залды айланып бийлеп чыктым.

– Тамактан кийин кадриль бийлейликпи? – дедим мен анын олтурган жерине чейин узатып барып.

–Алибетте, башка бирөө озунуп кетпесе,– деди ал күлүп.

– Башкага бербейм,– дедим мен.

–Мага желпингичимди берип коюңузчу,– деди ал.

–Бергим келбей жатат,– дедим мен ага арзан ак желпингичти сунуп.

– Бергиңиз келбесе, муну алыңыз,– деди да, ал желпингичтен бир канатты сууруп берди.

Канатты колума алып, жүрөгүмдө кайнап чыккан, ага болгон арзуум менен алкышымды көз карашым менен гана бергенге мажбур элем. Ал учурда мен көңүлдүү жана өзүмө ыраазы эле болбостон, бакытка балкып, дүйнөдөгү ак көңүл, кимге болсо да жакшылык кылууга даяр, жамандык эмне экенин билбеген, кандайдыр бир жер жашоосунан алыс ак көңүл адам элем. Ал берген канатты мээлейимдин ичине катып, анын жанынан кетип кала албай байланып, айланчыктап турдум.

– Карасаңыз, атамды бийлеткени жатышат,– деди ал, эшиктин жанында кожойке жана бир нече айымдардын курчоосунда турган узун бойлуу, келишимдүү, күмүш эполетчен полковникти көргөзүп.

– Варенька, бери кел,– деген башына брильянт тагынган, Елизаветтин ийиндерине окшош ийини бар кожойкенин шаңкылдаган үнү угулду.

Варенька тигилерди көздөй жөнөдү, мен да аны ээрчип алдым.

– Айтыңызчы, ma chère, атаңыз биз менен бир аз бийлесин. Байболгур, Петр Владиславич, жүрүңүзчү,– деп кайрылды кожойке полковникке.

Вареньканын атасы сулуу, узун бойлуу, өзүн тыкан алып жүргөн, кызыл жүздүү, ак аралаган мурутунун учтарын өйдө бурап кайрыган, ошондой эле ак аралаган жарашыктуу бакенбарды бар, чачын ылдый тараган, көздөрү менен эриндеринде кызыныкындай эле сүйкүмдүү күлкү ойногон  карыя адам болчу. Анын тулку-бою келишимдүү, аскер адамдарыныкындай көнүмүшкө айланып, алдыга чыгып турган көкүрөгүндө сыйлыкка алган анчалык көп эмес орден-медалдары жаркырап, булчуңдуу ийиндери, узун, түптүз  буттары аны өзгөчө сулуу кылып турду. Ал Николаевдин убагында тарбияланган, эски тарбиядагы аскер башчылардын тибине кирчү. Биз аларга жакындаганда, полковник унутуп калганын шылтоолоп бийлегенге макул болбой турган экен, бирок акыры тигилердин суранычына туруштук бере албай, күлүмсүрөп, сол жактагы куруна илинген шпагасын кынынан сууруп чыгып, жанында жүргөн жаш аскер кызматчысына сунду да, замша мээлейин оң колуна кийип —“бардыгы мыйзамдуу болсун”, –деп жылмайып, кызынын колунан алып, бийге даярданып, музыканы күтүп калды. Мазурканын авазы башталар замат, бир буту менен жерди тарс тээп алды да, экинчи бутун алдыга созуп, анан узун, салмактуу денесин музыканын ыргагына баш ийдирип, бирде тынч, жайбаракат, бирде такаларын бири-бирине тийгизе тарсылда үн чыгарып, ыкчам кыймылдап, залдын ичин айлана, керемет кыймылын баштады. Вареньканын сүйкүмдүү фигурасын керек учурда жакындатып, керек учурда алыстаткан кичинекей атлас башмак кийген татынакай буттары алып-учуп, атасынын кыймылын коштоп жүрдү. Залдагылар экөөнүн кыймылын бир көз ирмем да өткөзбөй баамдап турушту. Мен аларды жөн гана жакшы көрүп карабастан, ичим ысып, эзилип бараттым. Айрыкча мени катуу толкунданткан анын асемделип капталган — модалуу эмес, эскиче, тумшугу учтуу, согончогу төрт бурчтуу, такасы жок, музоонун терисинен тигилген бышык өтүгү болду. Аны батальондун өтүкчүсү ултарса керек.

«Сүйүктүү кызын кийиндирип, элге алып чыгыш үчүн өзүнө модалуу өтүк сатып албай, жөнөкөй  өтүк кийет тура»,– деп ойлодум мен, ошондон уламбы, төрт бурчтуу согончоктуу өтүк сезимимди өзгөчө катуу козгоду. Анын бир кездерде мыкты бийлегени көрүнүп турду, бирок денеси оор тартып, буттары мурдагыдай ийкемге келбей, бийдин катары менен келген үч, “па” ылдам кыймылын кыйынчылык менен аткарды. Ошентсе да, эки айлананы ийгиликтүү аяктоого жетишти.

Качан ал, бийлеп келип, ага бир топ оор болсо дагы, сыңар тизелей олтура калганда, кызы жылмайып, атасы баса олтурган көйнөгүнүн этегин оңдоп, аны тегеренип барып токтоду, бардыгы шатыратып кол чаап жиберишти. Ал ордунан оор козголуп турду да, кызын мээримин сала бекем кучактап, чекесинен өптү, анан мени менен бийди улантат деп ойлоду көрүнөт, аны мени көздөй жетелеп келди. Мен ага анын кавалери эмес экендигими айттым.

– Мейли, баары бир аны менен бийлеп коюңуз,– деди ал, шпагасын кынына салып жатып мээримдүү жылмая.

Бөтөлкөдөн бир тамчынын артынан ичиндеги суюктук шаркырап куюлган сыяктуу, менин жан дүйнөмдө бөгүп жаткан чоң сүйүүмдүн каалгасы, Варенькага болгон сүйүүдөн кийин ачылып, ашып-ташып чыга келди. Бүт дүйнө менин сүйүүмдүн кучагында эле. Мен ал учурда башына брильянт тагынган, Елизаветтин ийиндерине окшош ийини бар кожойкени да, анын келишимдүү күйөөсүн да, алардын конокторун малайлары менен, ал тургай мага таарынып бултуңдап жүргөн инженер Анисимовду кошуп сүйүп турдум. Күлкүсү кызыныкына окшош, жөнөкөй өтүк кийген атасына бөтөнчө назик сүйүүмдү арнагым келди. Мазурка да аяктап, конокторду тамакка чакырышты, полковник Б. эртең менен эрте туруу керектигин айтып, коноктор менен коштошо баштады. Мен ал кызын кошо ала кетеби деп чочудум эле, бирок ал кудай жалгап апасы менен калды.

Тамактан кийин ал мага убада кылган кадрилди бийледик, кызыгы – бактым ашып-ташып турганына карабай, ал андан ары өскөнүн токтоткон жок. Биз сүйүү тууралуу сөз да кылган жокпуз. Сүйөсүңбү деп мен андан да, өзүмдөн да сураган жокмун. Мен аны жөн гана сүйүп жашоом жетиштүү болчу. Мен ошол кезде, кандайдыр бир нерсе бактымды бузуп жибербесе деп чочулап турдум. Үйгө келип чечинип жатып, не бир уйкум келсечи. Колумда, анын желпингичинен сууруп берген канат, апасы экөөнү каретага олтургузуп жатканда белек кылган, анын сулуу колдоруна кийген мээлейи турганда кайдагы уйку. Ал буюмдарды карап туруп, көз алдыма анын эки кавалерден мени тандап алган элеси даана тартыла түшүп, кулагыма анын “ Намыс үчүнбү? Ошондойбу?” –деген назданган мукамдуу үнү угулат же тамак ичип олтуруп, шампандан ичер ичмексен болуп, алдыртадан жылмая карап, көздөрү менен эркелетип жатканы элестейт. Баарынан да анын атасы экөө чогуу бийлешкени, аста-секин жылып, атасын айлана бийлегени, атасы менен сыймыктанып, башын бийик көтөрүп көрүүчүлөрдү кубанычтуу көз караш менен караганы көз алдымдан кетпеди. Менин эркимден тышкары, ал экөөнүн элестерин, кыялымда бир назик сезим менен бириктирип, бүтүн нерсе катары эсептей баштадым.

Ал кезде мен маркум агам экөөбүз бирге турчубуз. Агам дегеле көпчүлүктү, оюн-зоок кечелерди жактырчу эмес, ал эми азыркы учурда кандидаттык экзамендерине даярданып, сыртка такыр чыкпай, такыба турмуш өткөзүп жаткан эле. Ал уктап калыптыр. Мен анын көмкөрөсүнөн түшүп, башын жарым жартылай жылуу төшөк менен жаап алып уктап жатканын көрүп, аны аядым, анын мен жолуккандагыдай бакытка туш келбей, мен сезгендей бакытты сезбей, кур жалак калганына, эч капарсыз уктап жатканына боорум ооруду.

Биздин малайыбыз Петруша мени шам көтөрүп тосуп алып, чечиндирмек болду, бирок мен аны жата бер деп коё бердим. Капырай, жада калса анын уйкусу ачылбаган көздөрү менен саксайып уйпаланган саргайган чачы ичимди жылытып, укмуштуудай жагымдуу сезилди. Калдыратпай, бутумдун учу менен басып, өзүмдүн бөлмөмө кирип, төшөктүн үстүнө олтура кеттим. Жок, мен аябай бактылуу элем, баары бир уктай албайт болчумун. Анын үстүнө от жагылган бөлмө ысып чыгыптыр, андыктан мундиримди чечпей, акырын сырткы бөлмөдөгү илинген шинелимди кийдим да сырткы эшикти ачып, көчөгө чыктым.

Кечеден саат бештерде чыккам, үйгө жетип, бир аз олтуруп, ары-бери болгуча дагы эки сааттай убакыт өтүп кетиптир, мен көчөгө чыкканда жерге жарык кире баштады.  Көчөлөрдү баскан калың туман, жолдогу шалтактап эриген суу аралаш оор кар, чатырлардан тыпылдап тамган тамчылар — кыш өз мөөнөтүн аяктап, бийлигин жазга өткөзө баштаганынан кабар берип турду. Анда Б.нын үй-бүлөсү шаар четиндеги бир жагында эс алуучулар сейил куруучу, экинчи тарабында кыздардын институту жайгашкан кенен аянттын жанында жашашчу. Мен өзүбүздүн кичинекей көчөдөн өтүп, чоң жолго чыктым. Көчөдөн анда-санда жөө адамдар, отун жүктөгөн чаналар жолуга баштады. Жалтыраган доголордон суу баштарын койкоңдоткон аттар, одоно кездемеден тигилген кийим кийишип, шапалак менен аттарын шалпылдата чапкылашкан арабакечтер, туманда баштагыдан да бийик көрүнгөн үйлөр, узун көчөлөр – бардыгы менин көзүмө алденемедей көрүнөт. Алардын үйүнө жакын аянтка жеткенимде, эс алуучулар сейил курчу тараптан бир карайган нерсени көзүм чалды, ал жактан флейта менен барабандын үнү да чыгып жаткансыйт. Менин жан-дүйнөм алигиче тынч ала албай асманда чабыттап жүргөн, мазурканын авазы кайра-кайра кулагымда жаңырат. Бирок бул андай эмес бир башкача, орой, жаман музыка болучу.

«Бул эмне болду экен?»— деп ойлоп, үн чыккан тарапты карай аянттын ортосу менен өткөн тапталган жолго салдым. Жүз метрдей баскандан кийин тумандын арасынан кара кийинген көп адамдардын караанын ажыратып көрө баштадым.

«Машыгып жатышса керек»,– деп ойлодум, кыска тонунун сыртынан майланышкан ал жапкыч тагынып алган темир уста менен аларга жакындап баратып.

Кара мундирчен солдаттар бет маңдай тизилишип, мылтыктарын буттарына такаган боюнча кыймылдабай турушуптур. Алардын арт жагында барабанчы менен флейта ойногон солдат токтолбостон, алиги мен уккан жагымсыз музыкасын кайра-кайра кайталоодо.

– Булар эмне кылып жатышат? – деп сурадым жаныма келген темир устадан.

– Аскерден качам деп, колго түшүп калган татарды жазалап жатышат,– деп жооп берди темир уста жактырбагандай.

Мен дагы ал карап турган жакка мойнумду буруп, катар турган аскерлердин ортосунан бизди көздөй жакындап келаткан коркунучтуу нерсени көрдүм. Белине чейин жылаңач адамды колдорун мылтыкка таңып, эки солдат жетелеп келатышыптыр. Аларга катарлаш узун бойлуу, шинел жана фуражка кийген аскер адамы келе жатты. Анын кебетеси эмнегедир мага тааныштай сезилди. Жазалануучу эки тарабынан тынымсыз тийген соккулардан титиреген денесин араң көтөрүп, эрип жаткан суу карда буттарын эптеп сүйрөй басып келатыптыр, арт жагындагы унтер-офицер түртүп жиберсе жыгылчудай астыга жүткүнүп, астыдагы унтер-офицер жыгылтпай кармай калып кайра түрткөндө артка жыгылчудай чалкалай түшүп, мага жакындай башташты. Алардан калышпай, кадамын ишенимдүү таштап узун бойлуу аскер адамы келатты. Ал, кызыл жүзүн ак муруту менен бакенбарды жапкан Вареньканын атасы эле. Сокку тийген сайын тиги байкуш, кыйноодон тырышкан жүзүн сокку урулган тарапка буруп, тиштенип алып, кандайдыр бир сөздү кайталап булдуруктайт. Мага жакын келгенде гана мен анын сөзүн уктум. Ал сүйлөбөй эле, үнү көөдөнүнөн чыккансыды: “Туугандар, аясаңар. Туугундар, аясаңар”. Бирок туугандарынын эч бир айай турган түрү жок, менин жаныма жетишкенде, жанымдагы солдат алдыга чыга калып, татар жигитти жон талаштыра союл менен согуп калды. Жигит катуу соккудан мүдүрүлүп, бет маңдайынан жыгыларда унтер-офицер кармай калып, кайра артка итерди. Жанагыдай эле соккулар оңдон-солдон тынбай жаап жатты. Полковник бирде бутунун башын, бирде жазаланып жаткан жигитти, бирде катардагы солдаттарды карап, уурттары толгуча абаны кере жутуп, кайра аны кысып алган эриндеринен жай чыгара, жанаша басып келатты.

Алар биздин туштан өтө бергенде, катарлардын ортосунан көзүмө анын далысы урунду. Бул ала-була, нымдуу, кызыл, жасалма, табигатта жок бир нерсе эле, мен анын адамдын денеси экенине ишенген жокмун.

– О жараткан кудай,– деп онтолоп жиберди жанымдагы уста.

Жүрүштүн катышуучулары бизден узап, алыстап баратты, мүдүрүлүп, эти ооруганына чыдабай бети-башы тырышкан адамга соккулар эки тарабынан тынбай жаай берди. Барабан тарсылдап, флейтанын үнү сызылып чыкканын токтотпой, баягыдай эле ишенимдүү кадамын таштап, полковниктин келишимдүү фигурасы жазаланып жаткан жигитти жандап баратты. Капыстан эле полковник токтой калды да, маңдайында турган солдатка жакын барды да:

– Мен сага көргөзөм аяганды,– деген анын жинденип жаткан үнүн уктум. – Аяйсыңбы? Айт, дагы аяйсыңбы?

Мен ал замша кийген күчүү колу менен коркконунан алаңдап калган кыска бойлуу, алсыз солдатты, татар жигиттин кызыл жаян болгон далысын аяп акырын чаптың деп күнөөлөп, жаакка чапканын көрүп турдум.

– Жаңы союлдарды бергиле! – деп кыйкырып, бурула бергенде ал мени көрүп калды. Мени тааныбаган кишидей, кабагын түйгөн боюнча тез бурулуп кетти.

Бир жаман иш жасап жатканда кармалып калгансып, уялганымды айтпа, көңүлүм чөгүп үйүмө бет алдым. Жолду карай, барабандын дүңкүлдөгү менен флейтанын үнү, бирде татар жигиттин “Туугандар, аясаңар” деген жалооруган үнү, бирде “Аяйсыңбы? Айт, дагы аяйсыңбы!?”—деп кыйкырган полковниктин кыйкырыгы кулагымдан кетпей жаңырыктап ээрчип алды.

Ал ортодо жүрөгүмдү түпөйүл кылган оор санаа, ыза аралашкан убайым көкүрөгүмдү катуу кысып, кускум келди, бир нече ирет жолдун  четине чыгып окшуп да алдым. Кусуп жиберсем эле жанагы көргөн үрөй учурган окуядан алган терс таасирдин баарын кошо кусуп, андан арылчудай сезим болду. Үйгө кантип жеттим, кандай жаттым, эсимде жок. Жаңыдан көзүм илинип баратканда, көргөндөрүм көз алдыма кайра тартылып, ордуман ыргып турдум.

«Ал мен билбеген бир нерсени билсе керек,– деп ойлодум полковник жөнүндө.– Эгер ал билгенди мен билсем, балким жанагы көргөндөрүм түшүнүктүү болмок, мынчалык азап тартып кыйналмак да эмесмин». Бирок канчалык ойлонсом да, полковниктин эмнени билгенин түшүнө алган жокмун, ошол боюнча кечинде араң уктадым, анда да досумдукуна барып мас болгуча ичип келгенден кийин.

Ооба, сиздер ошондогу мен көргөн ишти, менин ошол кездеги кабыл алган чечимимди — жаман иш болуптур деп ойлоп жатасыңар да, туурабы? Жок, таптакыр андай эмес. «Эгерде, бул иштер бекем ишеним менен жасалып, баары аны керектүү иш деп эсептешсе, демек алар мен билбеген, мен түшүнбөгөн нерсени билип, түшүнүшөт болуш керек »,– деп ойлоп, ал нерсени билип алууга аракет жасадым. Бирок канчалык аракет кылбайын, ушул убакытка чейин эч нерсе биле элекмин.

Билбегенден кийин, баштагыдай аскер кызматына баргым келбей калды, аскер кызматы эмес башка кызматтарга да кирген жокмун, өзүңөр көрүп тургандай, эч кимге керегим жок болуп кала бердим.

– Эми, биз билебиз го, сиздин эч жерге кантип кереги жок болуп калганыңызды,– деди арабыздан бирөө.– Андан көрө айтыңызчы: канча киши сиз болбосоңуз эч жерге кереги жок болуп калмак эле.

– Коюңузчу, эми бул болбогон сөз,– деди чын ниетинен Иван Васильевич.

– А, сүйүүңүз эмне болду?– деп сурадык биз.

– Сүйүүбү? Сүйүү күн өткөн сайын өчө баштады. Варька жылмайган боюнча ойлонуп олтуруп калганда, ал эми мындай учурлар көп эле болчу, полковниктин аянттагы кылыгы эсиме түшүп, мага ыңгайсыз жана жагымсыз боло баштачу, ошондуктан жолугушуулар барган сайын азайя баштады. Ошентип, сүйүүбүздүн аягына да чыктык.  Мынакей, турмушта кандай гана окуялар болбойт жана адамдын жашоосу эмнелерден гана өзгөрүп, эмнелерден гана башка багытка бурулбайт. А силер чөйрө дейсиңер…—деп бүтүрдү ал өз сөзүн.

Орусчадан которулду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.