Сталиндин эң мыкты баш кесер желдети катары таанылган Берия 1899-жылдын 29-мартында жарык дүйнөгө келиптир. Тарыхка кара так салган бул ойон дыйкандын эле үй-бүлөсүнөн чыгыптыр, механик-курулуш окуу жайынан билим алыптыр. Партияга өтө коюп чекист болуп кетиптир. Берияга Сталин өзүнүн кызмат ордун, наам-сыйлыгынан башкасын бүт бериптир. Өзүндөй көрүп, өзүнөн артык ишенген үч адамынын бири ушу Берия болгон экен.

Лаврентий Павлович Берия окуу жайында окуп жүргөн мезгилде эле “Сыщик” деген атка конуп, досторун отко салып, тааныштарын талаага таштап жүргөн деп жазат жолдоштору. Жоголгон буюмду, “сатып кеткен” адамды ушул эргул тапчу экен. Анткени анын баарын өзү жасап, оңтойу келгенде чоңдордун көзүнө көрүнүш үчүн ажат ачып, ачканда да кимдир бирөөнү күнөөлүү таап, чыңыртып туруп курмандыкка чалып жиберчү дешет.

Анын карасанатайлык ишмердиги 20-жылдары эле башталат. 1921-жылы тергөөчү, анан бат эле Грузиянын ЧКсынын орун басары болуп кетет. 1924-жылдагы куралдуу күчтөрдүн кагылышында анын “ишмердүүлүгүнөн” улам 5 миң адам жок кылынат. Көтөрүлүштүн белин Берия гана сындырат. Ушул эмгегинин аркасы менен ал Грузиянын ГПУсунун начальниги кызматына көтөрүлөт, Советтер Союзун коркунучтан сактап калган адам катары кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

1938-жылы ал кадимки Ежовдун ордун алат, НКВДнын жетекчиси катары Сталиндин жашыруун тапшырмаларын аткарат. Жолбашчынын акыреттик кыйбас адамы катары кадыр күткөн Берия жаңы ишин НКВДнын өзүн тазалоодон баштайт, кырып-жоюп “кыңыр иш кылган” деген айып менен далайын атууга, калгандарын камакка кетирет. НКВД өз кишилеринин катары менен толукталат.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Бериянын аты ааламды титирете баштайт. СМЕРШ (“Смерт шпионам”) жана атышуудан баш тартып, аламан согуш маалында артка качкан советтик жоокерлерди, туткунга түшкөндөрдү, коркокторду ордунан жок кылуучу аңдыгыч отрядды түзөт. Майдан талаасында, оорукта согуштан качкандарды, жанын сактагандарды эл көзүнчө даргага асууга, атууга буйрук чыгарат. Ал “эл душмандарын” жана “чыккынчыларды” жок кылуу боюнча алдына адам чыгарбайт. Сталин анын ашкере канкорлугун, бөрк ал десе баш кескен адатын байкаган экен. Бирок өз ишинин кынтыгын билдирбеген Берия ар дайыма таза, калыс бойдон кутулуп кетип туруптур. Сталин үчүн керектүү нерселерди бүт жасап, анын оюндагысын алдын ала билип койчу жайы бар экен.

Сталин каза болгондон кийин жаңы жетекчилердин ишенимине кириш үчүн бир канча айла-амалдарды жасайт, ал тургай Сталиндин  кемчиликтерин да айтып жиберет. Бериядан кутулуунун жолун Н.С.Хрущев ойлоп табат, атайын топту уюштуруп, аны өзү жетектеп, бүт айыбын ачат. Атайын бригаданын иши аны бир канча статья менен күнөөлүү деп табат. Алардын арасында мекенге чыккынчылык кылган, шпиондук иштерди жүргүзгөн деген да айыптоолор  болгон.

Ошо кездеги саясатчылар Берияга сот болбойт, соттун кереги жок, өлүм жазасына өкүм чыккан, өкүм сот болгонго чейин эле аткарылат деп ойлошкон. Анткени аны сотко алып барышса айла-амалы  адамда жок бу шумпай аман калат деп айтышкан. Бирок ал жазасын алган.

Бериянын укум-тукуму эң жогорку жерлерге чейин кайрылышып, аны актоо жөнүндөгү сунуштарын киргизип келишти. 1999-жылы эң кадырлуу комиссия түзүлүп: “Берия чыккынчы болгон, аны актоого болбойт”,- деген чечим чыккан.

Самсак Станалиев, жазуучу

Кыргызстан маданияты №8(1506) сентябрь, 2002

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.