Кириш сөз

Мен мындай адабий чыгарма жазам деп эч ойлобопмун. Бирок тагдырдын амири менен мага россиялык киллерлердин ичинен эң белгилүүсү жана табышмактуусу, кримавторитеттердин жана милиция кызматкерлеринин буюртма өлүмү боюнча айып тагылган Александр Солониктин адвокаты болууга туура келди.

Камакка алынгандан соң «Матросская тишина» тергөө изоляторунун атайын корпусуна түшкөн А. Солоник өзүн толук коопсузмун деп сезе албай койду. Анан кантсин, төбөсүндө аз эмес, көп да эмес, өлүмгө буйруган үч өкүм асылып турат, биринчиси — соттуку, экинчиси – кесиптештеринен айрылган милиция кызматкерлериники, ал эми үчүнчүсү болсо кримавторитеттердин өлүмү үчүн мыйзамдагы уурулар чыгарган өкүм.

Кырдаалды реалдуу баалоо менен Солоник жеке коопсуздук системасын иштеп чыгып, анын бир элементи – күн сайын адвокат менен жолугушуп туруу эле.

Бирөөлөр Солоникти кылмышкер жана жаналгыч аташса (сот болбосо да), башкалар коомдун «криминалдык жараларын» кесип ыргытып турган Робин Гуд эле дешет. Кандай болгон күндө да Солоник башын тобокелге байлай билген Инсан. Чычкан жөрмөлөп чыгалгыс абактардан, «Матросская тишинаны» кошо эсептегенде, үч жолу качып чыгышы анын ысымын кримдүйнөнүн тирүү уламышына айланткан.

Солоникке сандаган гезит-журналдардагы макалалар, документалдуу китептердин баптары, кинотасмалар арналган. Бирок аны адвокатынан башка – эркин дүйнөдөн келип-кетип көрүшүп жүргөн, ал өз тагдырын, ошондой эле непадам жан таслим болуп кетсе, аудиокассеталарга жазылган эскерүүлөрүн ишенген ушул адамдан башка ким жакшы билет? Мага Солониктин эскерүүлөрүн ал табышмактуу жагдайларда каза тапкан Грециядан берип жиберишиптир.

Мындай китепти жазып калтыруу идеясы алгачкы жолу А. Солоник тергөөдө жүргөн учурунда келген.

Бир жолу Солоникке келээрдин алдынан теледен кайсы бир курч сюжеттүү тасманы көрсөтүшкөн болучу, ал ошол кинону жактырбай куйкасы курушуп, эгерде анын таржымалын киного тартышсабы, мына ошол супер курч тасма болот эле деп калды. Мен анда тамашага чалып, эмне тоскоол болуп жатат, өзүң жазбайсыңбы деп койгом. Ал башын чайкап, жок, муну ал өлгөндөн кийин гана ишке ашырса болорун, антпесе нечендердин каны суудай төгүлөрүн, өзүнүн да соо калбасын айтты эле.

Убакыт өтө берди, окуялар болсо абдан бат өнүгө баштады. Сотко чейин тирүү калбасын жакшы түшүнгөн А. Солоник «Матросская тишинадан» качып чыгып, дээрлик бир жарым жылдай чет мамлекеттерди башпаанектеп бекинип жүрдү.

Ушул окуя болгон соң бул иш боюнча менин өнөктөшүм Алексей Завгороднийди үйүнүн жанынан өлөсө кылып сабап кетишти, менин артыман болсо аңдымайлар күч алды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйүмдү үч көтөрө тинтип, расмий түрдө эки жолу катуу суракка алышты. Опер кызматкерлерден болсо «саламаттыгыңды абайласаң боло» деген кеңеш алып турдум. Ошондой болгону менен менин кадыр-баркым кримдүйнөдө абдан жогорулап, «крутой клиенттеримдин» саны күн эмес, саат сайын өстү. Басма сөздө бул туурасында кеп козголгону мага «киллерлердин жактоочусу», «мафиянын жактоочусу» деген ылакап аттар жабышты. Бирок жашоо улана берди, бул ишке тийиштиги бар адамдардын бардыгы өз жашоосу менен жашап жатышты.

Анан күтүлбөгөн, жаңы окуялар болуп кетти: 1997-жылдын январь айынын акырында мага кокустан А. Солоник чалып, непадам каза тапчу болсо, тасмага жазылгандарды ачыкка чыгарып, жарыя кылышымды суранды. Көп өтпөй анын өлүмү туурасында кабар келди. Мен Грецияга учуп барып, анын калтырган эскерүүлөрү менен тааныштым. Грек мейманканасынын бөлмөсүндө ичинен жаап алып, Солониктин айткандарын бир нече күн бою башым эсеңгиреп уктум. Ооба, нечен адамдардын каны суудай агаарын, мафиоздук териштирүүлөр башталаарын ал көрөгөчтүк менен билип айткан экен. Башка жагынан алып караганда, мен Александр Солониктин ишенимдүү кишиси катары анын акыркы керээзин аткарууга милдеттүү элем.

Мына ушул себептерден улам мен ушу китепти жазайын деп чечтим, анда көп адамдардын ысымдарын жана окуяларды (кан төгүүлөр азыраак болсун дедим) өзгөртүүгө туура келди. Менин суранаарым — бул китепти адабий чыгарма деп эсептесеңиздер, анын мазмуну тергөө же соттук териштирүүлөрдө колдонууга болбосун эскерте кетейин.

Бул китеп өз окурмандарын табат деген ишеничтемин.

Пролог

«Матросская тишина» деген таң каларлык аты бар Сокольники чөлкөмүндөгү москвалык көчөгө кирип калган ар бир адам мындагы бозоргон, кунарсыз имараттардын катар тутумуна аргасыздан көңүл бурса керек. Бул – борбор калаадагы номур биринчи убактылуу кармоочу жай, аталышы да көчөнүкүндөй.

Айтылуу «Матросская тишина» СИЗОсу… Калың кыш дубалдуу, темир тор капталган жайнаган терезелер, оор дарбазалуу бийик тосмосу бар бул жерге ичте отурган адамдардын туугандары же алардын жактоочулары гана кире албаса, башка жан кире албайт. Аталган түрмөгө кесилгендерди бул жердин жашоочулары негедир «блондинка» деп аташкан милициянын үстү чүмбөттөлгөн «воронок» машинесинде алып келип турушат.

СИЗОдо бир нече корпустар бар, алардын ичинен эң олуттуусу – ичкерки, Тогузунчу деп аталганы. 90-жылдардын башында бул корпус КГБ карамагында болчу, ошондуктанбы, бул жердеги тартип өзгөчө катуу эле.

1995-жылдын 2-июнунда бул жерге жапалдаш бойлуу, чымыр, суйдаң сакал, отуз жаштар чамасындагы жигит келип түштү. Аны аягы көрүнбөчүдөй сезилген узун коридордон ички кызматтын эки сержанты коштоп келатышты, бири алды жакта, колу сакалчандын колу менен кошо кишенделген экинчиси жанында келатты.

Тордолгон өтмөк, анын артынан дагы бир тепкич, кайрадан коридор менен басып отуруп акыры жетишти. Алдыда келаткан сержант эшикти ачып кабинетке баш бакты, анан өнөктөшүнө бурула карап айта жүргөн көнүмүш буйругун заңк этти:

— Алып кир!

Эшик тар болгондуктан, тергөөдөгүнү алдыга коё берүүгө туура келди, артынан коштоочу илеше кошо кирди. Темир кишендин бир учун өз колунан бошоткон сержант аны кайра полго бекем кагылган үстөлгө бекитти, мунусу непадам качып кетпесин деген этияттык эле. Дагы бир мүнөт, анан «рекстер» (сакчыларды ушинтип коюшат) кабинеттен чыгып кетишти.

Алынып келинген адам кабинеттеги күтүп отурган неме экөө жалгыз калышты. Бою орто, көрүнүшү интеллигентүү, муруту кылдат тегизделген бул киши берки камакта отурган немеге сакайгыс ооруга чалдыккан, эч кандай дары, же операция жардам бералбас сыркоо сымал көңүл кош карап олтурду. Минтип жакын тууганың же адамың, тергөөчү да карай албас. Бир караса ушинтип кырдаалдын абдан оор экенин жакшы түшүнгөн тажрыйбалуу адвокат гана карай алаар…

СИЗОго келген киши чынында эле жактоочу, ал эми колдору отургучка кишенделген сакалчан болсо анын кезектеги кардары, болгондо да бул неме жөнөкөй киши эмес. Анын ысмы гезиттерден түшпөй, күнүгө теледен, РУОП, МУРдун кеңешмелеринде, СИЗОдогулар арасында, «жаңы орустардын» заңгыраган кан сарайларында тынбай  айтылып турчу, бул адам канына забын болгон курмандыктардын саны күн сайын өсүп жатты.

Мунун ысмы – Александр Солоник эле.

Бул ысым прокуратурадагы чачын бубак баскан тергөөчүлөрдөн тартып, зоналардагы мыйзам ууруларынын, аша чаба көпкөн, «отморозкалар» аталган жаңы авторитеттерден тартып кабат-кабат жансакчылары жанынан карыш жылбаган зыңгыраган банкирлердин, акчалуулардын үрөйүн учуруп, үшүн алып турчу. «Номур биринчи киллер», «мафиянын аёону билбеген жаналгычы», «Россиянын азыркы криминалдык тарыхынын эң табышмактуу фигурасы», анан калса «Александр Македонский» — колу бекем кишенделип, адвокаттын маңдайында отурган адамдын ылакап аттары ушулар эле.

Кепти адегенде адвокат баштады.

Кыра жөтөлүп, тамекинин шуудураган жаңы кутусун ачты да, өзүнө бирди тутантты, түтүнүн үйлөп туруп кепти алыстан  чубады:

— Түшүнөсүңбү Саша, Петровски-Разумовски базарындагы атышуу убагында бардык чыгарылган октор дээрлик сенин тапанчаңа таандык экени экспертизада аныкталды. Милициянын өзүнөн эле үч өлүк калтыргансың. Эми муну танып кетүүгө болбойт. Арийне, прокурорго арыз жазып, экспертизаны кайрадан өткөрүүнү сурансаң болот дечи, бирок пайдасы канчалык, баары бир муну убакытты созууга аракет катары баалашат.

Беркинин өңү-башы жыйырыла түштү, ал тамеки тартчу эмес, түтүндү жаман көрчү. Экспертиза туурасындагы сөздөр аны анчалык деле кызыктырбаганы таңгалыштуу. Адвокаттын жүзүнө тигиле карап жооп узатты:

— Бизде он пайыздан ашуун атпайт. Атууга чейин болсо… дагы жашоо керек.

Ондогон киши өлтүрүүлөр мойнуна коюлуп жаткан адамдан «атууга чейин али жашоо керек» деген кепти угуу таң каларлык эле. Адвокат ичинен ичиркене түштү.

-Түшүнсөң,- деди ал тамекинин күлүн силкип,- мен сени коргошум керек… Муну кантип жасоонун тактикасын, стратегиясын иштеп чыгуу зарыл – эмнени моюнга алып, эмнеден баш тартуу керек, мунун баарын мен билгендей болушум керек да?

Солоник үшкүрдү:

— Э койчу… Мунун эми кимге кереги бар?

Алар бир жарым сааттай сүйлөшүп отурушту. Эң жогорку жазага кириптер болгону турган бул кишинин токтоолугу, өзүн ишенимдүү кармашы адвокатты таңдантты. Жылмая күлүп отурат, кептин нугун башка майда-баратка, маселен, анын турмушу туурасында кино тартса же китеп жазса мыкты чыкмагын айтып, тамашага буруп атканын кара…

Адвокат мунун баарын карап отуруп, же өзүнө абдан ишенген киши, же тагдырына биротоло кайыл болуп моюн сунган, же болбосо акыл-эси жайында эмес неме гана өзүн ушундай кармамак деп ойлоп турду. Бирок анын кардары экинчисине да, үчүнчүсүнө да түк окшошпойт, демек… Койчу, жети кабат темир тор артында, ана-мына атууга кеткени турган адам өзүнө кайдан ишенсин, эмнесине ишенет…

Кабинетке «рекстер» келип аны алып жөнөрдө Солоник ордунан козголо берип суз жылмая айтып калды:

— Мейли эмесе…Дагы көрүшөбүзбү, жокпу, ким билет…!?

Өзүнүн «БМВ»сы менен адвокат кечки Москванын машинелер кыйма чийме толгон көчөлөрүнөн баратты. Түркүн тагдырлуу канчалаган адамдар менен өмүрүндө жолугушту, санаса санап түгөтө албайт. Ал жөн гана өз ишин жасап жүрдү — түрмөдөн түрмөгө чапкылап, иштерди иликтейт, тергөөнүн кыйтырлыктарын же кемчиликтерин чукуп чыгат, сот отурумдарында чыгып сөз айтат, бүт өмүрү ушу менен өтүп келатат. Бирок бүгүнкү жолугушкан кардардай киши  анын практикасында али болгон эмес.

Александр Македонский деген деги ким? Уюшулган кылмыштуулуктун жалданма жаналгычыбы? Же кандайдыр бир жашыруун уюмдун агентиби?

Машиненин моторунун жумшак дүрүлдөгү бейкуттуктан, коопсуздуктан кабар бергенсийт, ойлору болсо биринин артынан бири чубалат.

Алардын алгачкы кездешүүсүнө жарым жылдай болду окшойт, эми ал россиялык кримдүйнөнүн эң табышмактуу фигурасынын жактоочусу, демек, кай бир даражада белгилүү маалыматка эгедер. Андай болгон соң эртеби, кечпи бул да ачыкка чыгарын адвокат жакшы билет, ошондо…

«Матросская тишинадагы» дагы бир күн – 1995-жылдын 5-июну байкалбай аяктап баратты. Туткундагы күндөрдүн баары эле бири бирине коёндой окшош эмеспи: төшөктөн туруу, эртең мененки баланда, сурактар, адвокаттар менен кезигишүү, анан да бирден бир көңүл көтөргөн сейилдөө, телевизор жана гезиттер…

Изолятордо отурган жарым жыл ичинде Александр Солониктин мындай күндөрү жетиштүү эле болду, бирок алдыда турган бир күн анын акыркы күнү болор…Ал күн качан келээрин ал билип да жүрдү…

Мейли, ал туурасында ойдон чыгарылган уламыштарды гезиттер жаза беришсин, мейли, тележурналисттер өзүлөрүнүкүн өзү төгүндөгөн жасалма жоромолдорун айта беришсин, тергөөчүлөр Москвада акыркы жылдарда болуп өткөн буюртма адам өлтүрүүлөрдүн баарын анын мойнуна иле беришсин! Ким экенин жана кандай жумуш аткарып жүргөнүн ал өзү гана билет. Бүгүнкү мындагы өтчү күн анын биердеги акыркы күнү экенин да жакшы билет. Бул ойлорду ырастагандай анын «хатасынын» эшиги ачылып, босогодо коштоочу сакчы – анын кишиси турду…

— Сейилге даярсыңбы?- демейдегиден акырын сурады ал.

Камеранын тургуну жаткан жеринен үнсүз шып турду, үстүндө спорттук костюм, бутунда болсо кроссовка. Солоник билчү, качантан бери күтүп, кыялында багып келгени мына азыр, бир нече мүнөттөрдөн соң ишке ашканы турат…Түнкү саат бир жарымда кайдагы сейил!

Эшикке акырын жакындады – «рекс» ары боло берди да алдыга өткөрдү.

-Коё тур…- сакчы колун чөнтөгүнө салды да карарган буюмду беркинин колуна карматты; туткун мунун сабы оор тапанча экенин колу тиери менен эле сезди.

— «Браунинг»,- деди сакчы,- кереги тийип калар…

Тапанчаны белине кыстыра салган Солоник сыртка баш бакты. Коридор ээн экен. Жадагалса жалпылдап турчу телевизиондук мониторлор да катып калгансыйт. Биринчи пост, экинчи, үчүнчү…Эч ким жок.

Камерадан чыккандан берки мүнөттөр узак сааттардай сезилет. Коридор бүтпөчүдөй, посттор, тепкичтер, басып бараткандардын дүңкүлдөгөн кадамдарынын добушу…

Бир маалда экөө колтойгон брондолгон дарбаза маңдайына жетип токтошту. «Рекс» жанын сыйпалап ачкычтарын сууруп чыкты. Килтейген асма кулпу тез эле ачылып кетти, артынан чаңдуу жана ысык аянтча, өйдө кеткен тепкич бар экен.

— Бол, ылдамдайлы…- алаңдаган сакчы шаштырат.

Күтүлбөгөн жерден ал караңгылыкка сиңип кетти да, ошол эле замат кайра чыкты, колунда спорттук чакан сумке бар экен, оозун ачып жиберди да, брезенттин кесиндисин алып чыгып, аны тикенек зымдын үстүнө жаба берди.

— Кана, болбойсуңбу?!…- чый-пыйы чыккан «Рекс» демитти.

Адегенде Солоник, артынан коштоочусу сумкесин тосмодон алыс ыргытып, өзү ашып түштү. Александр Македонский ылдый жакты караса, жарык чачкан көчө таптакыр ээндей көрүндү. «Рекс» кайра сумкесин чукулап, альпинисттердин оролгон бышык арканын сууруп чыкты. Шаша-буша жандырып жиберди да темир илмегин соройуп турган мамыга илди,  арканды бир-эки силкип көрүп, бекемдигине көзү жетти окшойт, ошондо учун ылдыйга ыргытты.

— Кана эмесе, кудай колдосун!

Качкын аркандын учун кармады да, чатырдын кырына тура калып, акырындык менен ылдый түшө баштады. Буттарын жөн эле салаңдатып бош койсо болмок, ал эсине келбептир, тизеси менен бир эки курдай катуу дубалга урунду, бирок оорууну сезген жок.

Жай түшүп келаткандай сезилди, ичке кыл аркан алаканын сыйрып баратты, буттары тарталаңдап, денеси сааттын жебесиндей калдалаңдайт, жердин болсо көрүнөр түрү жок.

Бешинчи кабат, төртүнчү, үчүнчү…

Экинчи кабатка жетти – ылдыйда дагы бир нече гана метр калды, дагы бир аздан кийин арканды коё берип секирип түшсө болот.

Секирип жиберди эле, жепирейген, темир тунуке чатырлуу тамчанын үстүнө дүңк   тийди. Тең салмагын кармоого үлгүрбөгөн Солоник ылдый шыпырылды, жерге буту тийгенде гана эсине келди.

Чын эле качып чыктыбы?!

Башын көтөрсө «Рекс» да ылдый түшкөнгө камданып калган экен, шеригинин түшкөнүнө жеңилдик жасагысы келди, аркандын учун тартып турду. Солоник камерадан чыккандан бери канча убакыт өткөнүн эсептеген жок, бирок убакыт чексиз созулуп, бир ордунда туруп калгандай сезилди.

Ылдыйда аларды эчак эле күтүп турушкан: анчалык алыс эмес жерде карарып турган иномарка машинеге жан киргендей болду, чырагын бир жолу жалпылдатып койду эле, качкындар ошол замат түшүнүштү – бул аларга келген машине экен.

Көп өтпөй качкындар – СИЗОнун атайын корпусунун тургуну жана анын жардамчысы машиненин жылуу, күңүрт салонунда отурушту, акырын дүрүлдөп от алган машине жарык күйүп турган ээн көчөгө жай бурулуп чыга берди.

Жыйырма мүнөттөй жол жүрүп, кандайдыр бир кичинекей короого кирип токтошту.

— Чык да тезинен тетиги «Тез жардам» машинесине отур,- айдоочунун кыска, өктөм буйругу угулду, кыябында буйрук ага гана тиешелүү экенин Солоник ошол замат түшүндү.

Окчунураак жерде чын эле «тез жардам» туруптур, бозомук кара тарткан дубалдын фонунда анын боору агарат, пардаланган айнектеринде баягы көнүмүш мала кызыл кресттер.

Ал арткы эшик тушка жакындаары менен эшик шарт ачылды да, караңгылыктан сунулган колдор качкынды ичкери тартып алышты.

-Тезинен чечин да замбилге жат…

Качкын чечине кетти, бирок көзгө көрүнбөгөн куткаруучулары аны шаштырып жатышты, алакташканына караганда тигилер Солониктен кем эмес чыдамы кетип атышканы көрүнөт.

Акыры качкындын кийимдерин өзүлөрү сыйрып жиберишти да, замбилге жаткан Солоник адегенде муздак шейшептин жылаңач этине тийгенин, аба жуткурчу масканын башты айландырган жыты бетине жаба бергенин сезди…

Сиренасын чыңырткан машине асфальтка жана тамдардын боорлоруна жалпылдаган көк кара шооласын чачырата, түндүн көөдөй караңгылыгына сиңип кетти…

Боору кызыл кресттүү машине анда-санда сиренасын чаңырта Москванын көчөлөрүнөн сызып баратат, качкындын башында болсо бүтпөгөн көнүмүш ойлор биринин артынан бири чубалат.

Өзүнүн буга чейин ким экенин жана кандай ишти бажарып жүргөнүн сырдуу суперкиллер бир гана өзү билет; артында ким турганын, эмнеге ага чычкан өткүс темир тор артынан качууну уюштуруп беришкенин да бир гана өзү билет…Өзүнүн бул жарык дүйнөгө Александр Македонский деген ысым менен эмнеликтен, кай максат менен кайра жаралып келгенин да саналуу адамдардан тышкары бир билсе өзү гана билет…

1-глава

1988-жылдын 15-майы күнү кечки саат беш жарымдарда Москванын чок ортосундагы таасирлүү таанымал коммерциялык банктардын биринин офисинин жанына жылтыраган көгүш-кара, айнектери күңүрт «Мерседес» келип токтоду. Шек жок, машиненин кожоюну таасири бакыбат, дөөлөттүү адам экени көрүнүп турат, демек азыркы кымгуут түшкөн опуртал заманда өзүнүн кара жанынын коопсуздугун ойлогон жан окшойт. Андыктан оор салмактуу «Мерседес» сыртынан карап баккан көзгө брондолгону байкалып турат. Көз жоосун алган бул машинени жепирейген көзгө комсоо, боз түстөгү «тогуздук» Жүгүлү артынан калбай ээрчип алган, ошондой болгону менен бул жөн машине эмес, ичинде араң батышып, тишине чейин куралданган сакчылар отурушат.

Алдыда келип токтогон машиненин эшиги ачыла берди, жарашыктуу кийинген зыңгыраган мырза түшүп келатат: үстүндө алтындан топчулуу, келишкен пиджак, колунда кымбат баалуу «Ролекс» сааты бар, мойнуна салынган жүз долларлык галстугунун алтын кыпчууру күңүрт жылтылдайт, өңү текебер-ишенимдүү, кыймылынан дөөлөтүнө маашырланганы байкалат, иши кылса, банктын бул кардары накта байбача мырза экени анык.

Кычыраган мырза бирдемени эстей калды шекилди, басыгын жайлатты, артка кайрылып сакчыларына кол булгады: ушул жерде күткүлө, бат эле кайра чыга калам деди шекилди. Анан бензин, күйгөн чакыч жыттанган абадан жийиркенгендей өңү түсү жыйрыла түшүп, айнек каалганы түрттү да ичкери кирип кетти.

Чынында эле куралдуу сакчылар көпкө күтүшкөн жок: он беш мүнөт өтүп өтпөй кожоюн банктан бат эле кайра чыкты. Бирок офистен бирөөнү ээрчите чыгыптыр, анысы ызаат көрсөтө жанында коштоп алган, куркуйган узун болсо да кожоюндун кадамына карап, майдалап басып келатты, кебетесине караганда жөнөкөй эле клерк окшоду. Ал бирдемелерди быдылдап айтып келатты, бирок берки аны уккандай деле түрү жок, баш ийкемиш болгону менен ойлору таптакыр башка жакта жүргөндөй.

Экөө «Мерседеске» бир нече кадам жетпей токтошту. Ээрчий келген неменин кебетеси аянычтуу эле, дагы бир нече мүнөт берсеңиз, али баарын айта элекмин деп жалдырап сурангандай түрү бар.

«Мерседестин» кожоюну ага бурула берди, бирок күтүлбөгөн жерден башын кескин буруп, башка жакты карап калды…

Баса тебилген тормуздун чыйылдаган үнү жапжакын эле жерден угулуп, көчөнүн арткы четине эскилиги жеткен, номуру чамбылала ылайланган, жашыл түстүү «копейка» зуулдап келип токтоду. Арткы эшигинин терезеси шак ылдый түштү да ичинен «калаш» автоматынын үңүрөйгөн оозу көрүндү. Тынч, ээн жаткан көчөнү автоматтын татырата буулуккан үнү үч көтөрүп, жанагы кычыраган мырза колун абага бир серпти да замата октон илме тешик болгон денеси бетон плитага шалак этти. Дагы бир нече ок атылды, башынан ок жеген берки коштоочу жаш жигит «Мерстин» алдыңкы дөңгөлөгүнүн астына төбөсү менен сайылды.

Окуя көз ачып жумганча ирмемде болду. Кырдаалды баалай албай абдырап калган сакчылардын колунан эч нерсе келген жок. Дагы бир нече секундадан соң жанагы «тыйын» Жүгүлдүн ичинен дагы бирдеме дүңк этти, мындай добуш демейде аскердик гранатомет атылганда чыгат. Сакчылардын ак түстүү «тогуздугуна» жалбырттаган от келип урду, бир ныптасы капталына кыйшайган машине ошол замат дүрт этип тутанды да, көп өтпөй ичиндеги адамдары менен дүң эте жарылып, күлү асманга сапырылды.

Жаналгычтар ишин жыйырма секунтка жетпей бажарышты да, машинесин асфальт бетинен чыйылдата буруп, көздөн кайым болгонго шашышты…

Таң каларлыгы – кечээ күнкү Москванын айтылуу банкынын жанында атактуу банкирдин кандай атылганын жана сакчыларынын машинесинин кантип күлү көккө сапырылганын кокусунан видеотасмага тартып алууга мүмкүн болгон экен: анткени сыртка орнотулган бир нече жашыруун видеокамералар каргашаны башынан аягына чейин бүт тартып калышыптыр, тергөөнүн негизги буюмдук далилдери да ушул кадрлар болду.

Улгайган киши кассетаны кайра-кайра башынан түрүп, террордук акцияны кунт коюу менен нечен жолу кайталап тасмадан көрдү, кандуу окуянын кымындай болгон майда-барат жерлеринен өйдө атайын токтотуп, көзү талыганча изилдеп карап жатты. Эң негизгиси –аткаруучулардын өң-түспөлүн көрүүгө ынтызар эле, бирок канчалык тикирейип үңүлө карабасын, анысынан майнап чыкпады. Көз талытып караган менен тартылып калган тасмада эч бир колго илинеерлик илинчек жок: болгону көзгө комсоо жашыл «копейка», терезеден сунулган автоматтын оозу, канга чыланган бетон плиталар, «девятканын» жалбырттап күйгөнү…

— Нагыз профессионалдар иштеген экен,- улгайган киши өзүнчө кобурап үшкүрүп койду жанатан бери кармалап отурган телевизордун пультун ордуна коюп жатып. Туруп кабинетинин ичинде ары-бери басып жүрдү, ойлору биринин артынан бири чубалат. Кокусунан китеп шкафтын маңдайындагы күзгүдөн өз түспөлүн көрө койду, карып бараткандай, бирок аскерчесинен зыңкыйган сыны баягыдай эле.

Кочкул жашыл мата жабылган, төрт телефондуу жана кымбат баалуу калемсаптар салынган кутулар тизилген үстөлүнүн үстүндө Дзержинскийдин килейген портрети илинүү. Терезелерде калың пардалар. Бурчта сейфи, изилденип бүткөн кагаздарды жок кылчу атайын машинкеси, эки мамык кресло, бир нече отургучтар…

Бул адамдын маанайы бүгүн чынында эле пас эле. Бир жума мурда ага СССР КГБсынын Борбордук аппаратынын начальниги, генерал-майорго уюшкан кылмыштуулуктун жалпы абалы жана криминогендүү кырдаал туурасында маалымдама даярдап, корутунду чыгаруу тапшырылган болучу. Негизи «орган» деген жүрөктүн үшүн алган аты бар курам мындай иш менен алектенчү эмес, бул милициянын озуйпасы эле. Бирок эң жогорку жетекчилик ушундай бүтүмгө келиптир, акыркы кездерде мода болуп кеткен чет элдик тил менен айтканда, «мафия» аталган ата мекендик криминалитет олуттуу күчкө айланып, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтире баштады. Ошондуктан стратегиялык маселелер мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкер структуранын карамагына өткөрүлүп берилди. Мындан башка да себептер бар эле: басма сөздө, Жогорку Советте советтик чекисттерди илгерки кесиптеши Олег Калугинден тартып, мектептин пол жуугучтарына чейин аянбай шыбап атышты. Эмне кыласың, ушундай заман келген экен, буга табигый кырсыктай мамиле кылбастан башка айла жок. Ырасы, мындай күргүштөгөн, жөндүү да, жөнү жок да сынга Лубянканын жетекчилиги куйкасы курушуп жүрдү; коомдогу дүрбөлөңдөн улам тийиштүү жыйынтык чыгарылышы керек эле. Андыктан кандай гана болбосун, «конторанын» азыркы абалында ал дагы эле коомго, мамлекетке керек экенин далилдөө зарылдыгы турду. Комитеттин жетекчилиги «уюшкан кылмыштуулукка» темир чеңгели менен жабышты: бул штаттарды, каржылоо көлөмүн жана ошондой эле «органдардын» эл арасында бошоңдой түшкөн баягы кудуреттүү кадырын сактап калуунун бирден бир жолу эле.

Ири тажрибалуу чекисттик аналитиктер окуялардын мындан ары кандай нукта өнүгө тургандыгын алдын ала эсептеп-чоттоп коюшкан: дагы саналуу гана жылдардан соң ата мекендик мафиянын лидерлери бандиттик башаламандыктын айлампасы оп тартып бараткан өлкөдөгү эч кимдин алы келбес коркунучтуу күчкө айланышы турган кеп.

Лубянкада Координатор деген оперативдүү лакап аты менен таанымал КГБнын бул генерал-майору өтө жашыруун документтерди жана видеотасмаларды дыкаттык менен иликтеп чыгып, алар туурасында Комитеттин төрагасынын наамына кеңири маалымат -меморандум даярдоого тийиш эле, ошонун үстүндө колунан келишинче жанталаша иштеп атканы.

Документтер, видеотасмалар, аналитикалык прогноздор Координатор тарабынан узак жана дыкат иликтенип жатты. Жалпы картина канчалык ачык көрүнгөн сайын кырдаалдын ошончолук кунарсыз экени байкалып турду, «өтө жашыруун» деген мөөр астында бекем сакталып турган бул документтер непадам жалактаган жазмакер журналисттердин колуна тийип калчу болсобу, анда ааламды сапырган чоң жаңжалдын чыгышын күтө бер.

Бандиттердин колунда баардыгы жетиштүү экен: эң акыркы үлгүдөгү атайын техника, транспорт, курал-жарактын түрү, акча, ИИМдин жана прокуратура кызматкерлеринин арасында жайнаган байланыштары, жалданма жаналгычтарына чейин бар, баса, алардын көпчүлүгү бир кезде өзүлөрү иштеген «компетенттүү органдардан» криминал тарапка өтүп кетишкен…

Бандиттерди колго түшүргөн сейрек учурларда деле аларды отургузуу бир топ көйгөйлүү иш. Мындайда күбөлөр бар болсо да аларды жакшылап коркутуп коюшат, далил буюмдар дайынсыз жоголуп кетет, акча дегенде атасын да соодалап жибергенден кайра тартпаган милициянын тергөөчүлөрү ишти чеберлик менен талкалайт, итке минген соттор менен прокурорлор оңдоп-түзөөчү мекемелердин башкы Башкармалыгынын жетекчилиги менен кошо сатып алынат. Төрт режимде иштеген бардык зоналар (жалпы, күчөтүлгөн, атайын жана абак) кесипкөй кылмыштуулуктун мектебине айланганы качан: өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келип абактарга түшкөн кримдүйнөнүн авторитеттери отурган учурун бош кетирбей иш «тажрыйбасы» менен бөлүшөт, алтургай, тикенек зымтордун артында отурган булар тышкы эркин дүйнөдөгү иштерди тескеп турганга да үлгүрүп турушат. Келишимдин жумушчу варианты да түзүлүп бүттү, ал үрөй учураарлык эле. Бирок анда негизги нерсе – кантип күрөшүүнүн олуттуу жолу жетишпей турду. Координатор мына ушуну таап бере алган жок.

Пенитенциардык системаны күчөтүү керекпи?

Рыспек Акматбаев

Мындай кесипкөй кылмыштуулуктун арааны анын тамырын биротоло соолтом деп оолуккан Хрущев тээ алтымышынчы жылдардын башында кулачын жайбады беле. Ошо кезде Соликамскиден анчалык алыс эмес жерде абак режиминдеги эксперименталдуу зонаны – азырга чейин аты денени дүркүрөткөн «Белый лебедь» түрмөсүн (баса, ал жерде биздин Рыспек Акматбаев да отуруп чыкканы маалым – котормочу Б.Ш.) ачышкан. Колу менен жасаганын мойнуна албагандарды биротоло сындыруунун аёосуз иштеген кынтыксыз ыкмасы так мына ушул жерде иштелип чыккан.

Жака белдеги лагерлерде отурган тыңчыкма авторитеттерди ташып келишип, обочо жайгашкан бир нече барактарга бөлүп салышкан. Албетте, мындайда пахандар өзүлөрүнүн арасынан эң сабаттуу жана таасирлүү адамды ана башы кылып шайлашкан. Зонада пахандын бийлиги орноору менен аны БУРга, же чечмелеп айтканда, күчөтүлгөн режимдеги баракка которушкан да анын ордуна башка «жүлүктөр» жана «торпедалар» (ууру чөйрө ушундайча аталат) менен кошо башка паханды отургузушкан. Жаңы келген пахандын бийлиги орногондон соң аны достору менен кошо эски пахан өкүмүн жүргүзүп жаткан жогорудагы БУРга алып келип кошушкан. Бийлик үчүн айыгышкан күрөштүн жүрөр жери мына ушул жер эмеспи эми. Эски жана жаңы пахандын ортосунда жүргөн адамдын каны суудай аккан аёосуз кармашта, Дарвиндин мыйзамы боюнча, эң күчтүүсү жеңген, өлүктөр болсо зонанын көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал ортодо жеңишке жетишкен паханга «торпедалары» менен кошо кезектеги паханды эчак даярдап турушкан…

Координатордун бир нерсеге акылы жетип турду – социализм доорунда маселени жүз пайыз чечкен ыкмалар эми, токсонунчу жылдардын башында жарабай калды, анткени Горбачев баштаган коомду «гумандаштыруу» багыты жана аны менен байланышкан кылмышты жазалоо системасынын алсызданышы арааны жаңыдан ачылып келаткан «жапайы капитализмдин» шарттарында жана «капитал топтоонун баштапкы этаптарында» ГУЛАГдын ырайымсыз коммунисттик нормаларына кайтууга жол бербей калды, ошондуктан жаңы чечимдерди табыш керек болуп турду.

Жогоку Кеңеште буга чейин сунушталгандай, «өздүк коргонуу максатында» жалпыга эркин курал алып жүрүү жөнүндө мыйзамды кайрадан киргизсе кандай болор эле?

Россиялык коргошундай кунарсыз, ойрону чыккан жашоо-турмуштун шарттарында бул деле огожо боло алмак эмес, тескерисинче, баары жердин баарында мыкаачылык менен коштолгон жапайычылык башталмак: үйдөбү, коммуналдык ашканадабы, же түгөнгүс кезектерде болобу, адамдар бирин бири аткылап кирмек. Непадам жаңы мыйзам кирип калса, анда мындан биринчи кезекте мыйзам дегенди уруп ойногусу келбегендер дароо пайдаланмак.

Балким, Кылмыш-жаза кодексин америкалык система боюнча кайрадан реформалап чыгуу керектир? Бул да болбойт, анткени мамлекетте анчалык каражат жок, болору да күмөн…

Кабинеттин кожоюну жазайын деп алдына жайган ак кагазды нары сүрдү да ордунан ыкчам туруп, терезеге басып келди. Сыртта терезени черткилеген жаан себелеп турган экен. Москванын борборун калың туман каптаптыр, Лубянка аянтынан арылдаган шамалдан баштарын каткан жүргүнчүлөрдүн сороктогон сейрек караандары ары-бери өтө калып жатты. Ушулардыкы эле жыргал деп койду ал ичинен. Анан терезеге тартылган ак пардага далысын сала бурулду да жанынан тамеки алып чыгып түтөттү, сигареттин жумшак фильтрин жылдыра чайнагылап атып, көзү кокусунан үстөл үстүндөгү дубалда илинип турган Дзержинскийдин портретине түштү.

Оо, кызылдар менен актар кырчылдашкан ошол кандуу террор-тирештин жылдарында баары айдан ачык жана так эле: соту, тергөөсү жок эле дубалга коюп туруп аткан «Губдезертир»; революциялык өктөмдүк менен кандай маселе болбосун, согуш мезгилинин мыйзамы менен шарт ордунда чечкен ЧК кандай эле; «силерден жүз кишиге бизден бир киши» деген барымтага алуу системасычы…

Баса, ал ыкмалар толугу менен өзүн актаган, РСФСРды каптап кеткен бандитизм кыска жылдар ичинде орду менен соолтулган эле. Эми болсо бандит экени маңдайына жазылып турса да аны отургузуш үчүн тоодой кагаз жазып, жайнаган күбөлөрдү сурап, наркы кымбат ондогон экспертизаларды өткөрүп, адвокаттар койгон кыйтыр тоскоолдуктардын баарын талкалап жүрүп отуруш керек. Ал отургузган бандитиң да саналуу жылда мөөнөтүнөн шарттуу бошотулуп же амнистияга туш келип эркиндикке чыга келет, чыкканда да алда канча ызырынып, тажрыйба топтоп, акылдуу болуп чыгат.

Тамекинин түтүнүн силкип түшүрүп атып Координатор илинип турган казыналык портретке дагы бир жолу тигилди да, башынан кыязы өлкө ичинде унут калган ошол ыкмалардын айрымдарын кайрадан кайтарсак жакшы болмок беле деген ойду сыдырып өттү.

Тышкы чалгын менен алектенген Биринчи башкармалык ошол эле ыкмалар менен иштеп атпайбы дагы эле? Булардын чет өлкөлөрдө да колу узун: машине менен кан-жинин балжырата сүзөт, ууланган зонтик менен сайып кетет, шахтанын лифтине түртүп жиберет,     керек болсо авиакырсыкты да уюштуруп жибере алат.

Бул мыйзамсызбы?

Конституцияга каршы ишпи?

Мыйзам менен мыйзамсыздыктын анык чегин ким эми аныктай алат? Ар кандай эрежеде кыйшаюу деген болот эмеспи, анын мисалдары толтура.

Гуманизмдин жана демократиянын бийик идеалдарын сүйбөйт деп айтканга ооз барбаган ошол эле француздук Төртүнчү республиканын лидери Пуанкаре бир жолу Париждеги бардык кылмышкерлерди чогултуп, шаар сыртына алып чыгып туруп жөн эле ит аткандай атып салганга буйрук берген.

Латынамериканын айрым өлкөлөрүндөгү «өлүм эскадрондору» деп аталган аёосуз чараларычы?

Же жаңы мисал – Түштүк Кореяны алалы. Бийликтердин борбор шаарды кылмышкерлерден кандайча тазалагандары укмуш. Баары жөпжөнөкөй болду: укук коргоо органдарынын шалаакылыгына жана кылмыштуулуктун күч алып кеткенине кыжыры кайнаган президент Чон Ду Хван Сеулду үч күн ичинде бандиттерден тазалоого буйрук берген. Айтылган буйрук кынтыксыз аткарылган – түштүк кореялык майда ири пахандардын баарын терип кармап туруп, токтоосуз атып салышкан. Натыйжасы да, чуулгандуулугу да шумдук иш болгон бул кадам. Канткенде да Сеул азыркыга чейин дүйнөдөгү криминогендүүлүк эң төмөн шаарлардын катарына кирет. Сот-сопкуту жок эле атып салуу күнөөсүздүк презумпциясын, процессуалдык формалдуулуктарды жана конституциялык башка укуктарды одоно бузса да мунун натыйжасы кандай мыкты болгонун айтпайсыңбы!

Каражаттар максатка жарашкан вариант дал ушул болсо керек.

Координатор тамекинин калдыгын шак басып өчүрдү да ордуна кайтты. Терезени дыбырата черткилеген жаан эми анын итиркейин келтире баштаган эле. Кыязы, ал бирден бир туура жолду ачык түшүндү шекилди. Ойлору так жана анык иштеп кирди, керектүү сөздөр, формулировкалар өзүнөн өзү табылып жатты. Аны оор аскер учагы бетондон үзүлө абага көтөрүлүп, учкучу болсо муну болгон турпаты менен сезип – учуп баратам, учуп баратам, баары жайында, азыр эми максатка бурулам, анан көрүп алгыла дегендей чалкар сезим тулку боюн бийлеп алды…

Галстугунун түйүнүн бошотуп, термостогу кофеден куйду, чыныга ыргытылган эки чакмак кантты күмүш кашыкча менен шашпай аралаштырып жатып, креслонун жумшак мамыгына чалкалай кетти. Коомду арааны ачылып келаткан кылмыштуулуктан арылтуунун бир гана хирургиялык жолу бар экендигине дагы бир жолу ынанды, андан башка жол жок, болушу да мүмкүн эмес эле.

Ооба, мына бул уурулардын, пахандардын жана авторитеттердин баарын бир гана туура жол – атып салуу менен гана өлкөдө тартип орнойт. Соттор, тергөө, абак маселени чече албайт. «Душман багынбаса, анда аны жок кылуу керек» деп Максим Горький туура эле айткан. Бул жерде болсо душмандардын баш ийип бергенге даяр эмес экени айдан ачык.

Үстөлүн жайнаган кагаздан тазалап, телефондорунун баарын өчүргөн Координатор эми отуруп алып дыкаттык менен эң жогору жакка меморандум даярдай баштады. Жумушчу вариантын жазып бүттү да ар бир сөздү эжелеп кайрадан окуп, салмактап чыкты – документ тиги жогору жакта отургандарга түшүнүктүү жана ынанымдуу болууга тийиш эле.

«…уюшкан кылмыштуулук экономикалык реформалардын ишке ашышына тоскоолдук гана жаратпастан, күч түзүмдөрүн, тагыраак айтканда, мамлекетти коомчулук алдында жаманатты көрсөтүүдө…»

«…белгилүү болгон себептерден улам КГБнын мыкты, тажрыйбалуу кадрлары ишке салынбай жатат, же толук кубаты менен иштей албай жатат…».

«…ИИМдин жогорку жана орто чынжыры, ошондой эле прокурордук кызматкерлердин басымдуу бөлүгү кыйла коррупциялашып кеткендиктен уюшулган кылмыштуулук менен болгон күрөш натыйжа алып келет деп айтууга негиз бербейт…».

«…өлкө экономикасы рынок жаатына кескин өтүп жаткан шарттарда эски ыкмаларды колдонуу өзүн актабай калды…».

«… коомдук тездик менен криминалдашып баратканын эске алып, тезинен чукул чараларды көрүү сунушталат…».

Эң башкысы:

«Маселени күч менен чечүү гана кырдаалды өзгөртө алат. Атамекендик уюшкан кылмыштуулуктун эң таасирлүү лидерлерин күч менен четтете турган эксперименталдык курамды түзүү зарыл».

Жазып бүттү да үнүн пас чыгарып кайра бир жолу кунт коюп окуп чыкты, кыязы, ишендире тургандай эле жазылды окшойт.  Эми муну каттатып туруп, анан кайра бир жолу окуп чыгып, оңдоп, КГБ төрагасына киргизиш керек, болду…

Жумуш күнү аяктаганга чейин документ толук даяр болду. Чынында, мунун аткаруучуларына келгенде бир аз көйгөй маселе чыкты – буга «күч түзүмү» эсептелген Жетинчи жана Тогузунчу Башкармалыктардын (атайын бөлүк жана БКнын, өкмөт мүчөлөрүн кайтаруучулар) офицерлерин тартуу кыйла кылапаттуу көйгөй иш эле, бирок тубаса дипломаттык шыгы бар Координатор бул ишке Ооганстанда өткөн, текшерилген балдарды сунуштоо менен мунун да эсебин тапты. Анткени булар чынында эле кримдүйнө менен жытыгышууга барбаган, мыйзам алдында таза адамдар эле. Дагы бир ишенимдүү вариант – бул ишке кезинде криминал менен тыгыз жүргөн, кийин кандайдыр бир себептер менен андан алыстаган, бирок кайсы бир даражада мыйзам алдында «булганып» алгандарды тартса максатка ылайык болмок. Мына ушул экинчи варианттын ыңгайлуулугу – «булгангандарды» башкарууга да жеңил эле, болбой баратса шантаждоого да ыңгайлуу эле.

Терезенин артындагы түн коюуланып, «Лубянка» метросунун кире беришиндеги азыр эле кесилген эттин канындай кыпкызыл болуп «М» тамгасы күйгөндө күн бою бажарган ишине канааттанган кабинеттин кожоюну гараждан кызматтык машинесин чакырды, плащын каруусуна илди да кетип баратып, жанагы кассетаны дагы бир жолу коюп карады.

Бул ага көрө берип жат болуп бүткөн кассета болчу. Тротуарга бурулуп келип токтогон кара-көгүш «Мерседес», эскилиги жеткен жашыл «копейка», автоматтын үңүрөйгөн оозу, офистин маңдайындагы канга боёлгон бетон плиталар, агыш «девятканын» үстүнөн жалбырттап чыккан от…

— Ошондо биздин булардан айырмабыз кандай болуп калат?- деп үн чыгара өзүнө өзү суроо узатты ал. Анан кайра эле өзүнө жооп берди.- Эч кандай айырмабыз деле болбойт…

Координатордун сунушу жетекчилик тарабынан бир аз күмөн саноо менен кабыл алынды – канткен менен бул сага «кызыл террорлуу» 1919-жыл эмес, мындай алабармандык менен аракеттенүүгө болбос эле. Анан калса кандай сыр болбосун, акыр аягы бир күнү келип ачыкка чыгат эмеспи. Ошондо отко май тамызган бетпак басма сөздүн кызытуусу менен коомчулуктун ызы-чуу түшкөнүн көрүп ал…

Ошенткен менен жетекчилик макулдугун берди – кыязы, меморандумда жакшылап баяндалган абал чынында аларды ойго салды окшойт да. Көп өтпөй Координаторго тикелей баш ийген «С» деп шарттуу аталган күч бөлүгү пайда болду. Азырынча бул кагаз жүзүндө гана болду – алдыда финансы, материалдык база, кадрлар менен байланышкан толгон-токой маселелерди чечүү турду. Кандай болгон күндө да жай ортолоп калганда аталган бөлүк кадимки күжүрмөн бирдик катары жашоосун баштады. Кырдаалды жакшы билген Бешинчи башкармалыктын (идеология жаатына жооп берген) кадыр-барктуу аналитиктери, Жетинчидеги тажрыйбалуу интсрукторлор, экономистер, айтор, кадрлык тандоо «өлүм эскадронунун» алдына коюлган милдеттер ыкчам жана сабаттуулук менен чечилет деп айтканга негиз берип турду. Эми Координаторго милдетти түздөн-түз аткара турган адамдарды тандоо гана калды, муну жыл аяктаганга чейин бүтүрүш керек эле.

Бирок маселени теориялык жактан чечкен менен аны реалдуу ишке ашырган эки башка иш эмеспи. Какаганга муштаган болуп иш жаңыдан кызуу башталып келатканда жаш курагы келгендигине байланыштуу Координатордун өзү Лубянканын борбордук аппаратынан резервге чыгып калбаспы.

Таң калыштуусу – атайын кызматтын генерал-майору өзүнүн жаңы статусунун өзгөргөнүн эч бир ооруксунбай кабыл алды. Башка кесиптештеринен айырмаланып, ичип да кеткен жок, атылып өлгөнгө да аракет кылбады, «ысык точкаларга» тартылганга да далбас урбады.

Жанын жай алдырган себептер көп эле – биринчиден, кызмат кылып жүргөн жылдары түзгөн байланыштары олуттуу бизнес менен шугулданганга мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, жетишерлик турмуштук тажрыйбасы да бар: ким-ким, бирок Координатор эртедир-кечтир өзүнүн жыты сиңген мекемеге керек болорун мыкты билчү. Үчүнчүдөн, бул эң башкысы! — «С» бөлүгүнүн ооздук чылбыры толугу менен анын колунда эле. Анткени жашыруун атайын бөлүк анын өзүнүкү, боор этинен жаралган өз баласындай эле.  Анүстүнө, ордуна келип анын кабинетин ээлеген башка кишиге туура саясат жүргүзүүгө аныкындай сабырдуулук, акыл жетишеби да жокпу, муну генерал-майор жакшы түшүнүп турду, анан калса, жетекчилик жаңы келген кишиге мындай кычыктуу ишти бере да салбайт болчу.

Бирок канчалык тажрыйбалуу, интрига дегенди мыкты билген Координатор деле айдан ачык бир нерсени толук түшүнгөн жок: токсонунчу жылдардын башында органдарга таандык болуу баягы жылдардагыдай чексиз бийликти бере албай калган. Эми Москвада гана дейсиңби, кең Россиянын бүт аймагында идеология менен мамлекеттин кызыкчылыктары арткы планга сүрүлүп, баары жоктун баарын калчаган, чечкен акча гана болуп калган эле. Демек, Лубянкада жарыкка келген «С» курамынын мамлекетке дээрлик тиешеси болбогондуктан, ага көз каранды болбогондон кийин эртедир кечтир өз жанын өзү баккан өздүк каржылоого өтөрү турулуу иш эле.

Мунун жолу да оңой эле табылды: Координатор аны күзөт фирмасы кылып жалданма адамга дароо каттатты да кыска мөөнөт ичинде мурдакы кесиптештерин чогултуп алды. Начало формы

Конец формы

Баарын башынан дагы бир жолу саресептеп чыккандан кийин ага дагы бир нерсе ачылып чыга келди: жөн эле акыйкаттык үчүн пахандарды, ууруларды жана кримавторитеттерди жок кылуу менен шугулданган ишкана болуу келесоонун иши эле. Эми мына бул «жапайы капитализмдин» доорунда буларды тыптыйпыл кылуу криминалитеттин акчасын мыйзамдуу бийликке кайтаруу менен гана өзүн акташы мүмкүн эле.

Учурда Россияда кайсыл бийлик мыйзамдуу экенин Координаторго айтып түшүндүрүүнүн да кереги жок, анткени ал бийликти сактоого жана кызмат кылууга ал өзүнүн жыйырма беш жылдык өмүрүн сарптабадыбы. Телевизордон күн сайын түшпөгөн азыркы бийликти бийлик деп атоого оозу барбады. Акылдуу кишилер эч качан төш койгулап ачыкка чыкпайт, бул чындыктын аныктыгы ушунчалык – аны далилдеп отуруштун кажети жок.

Мына ушундай ойлор менен ал өзү иштеп кеткен Лубянкага келип, жогорку начальникке жазылып, анын кабыл алуусунда болду. Резервдеги генерал менен кийинки генералдын ортосундагы сүйлөшүү төрт сааттан ашуун убакытка созулду.

Координатор кабинеттен чарчап талыкшып чыкканына карабай маанай көтөрүңкү жана кабагы жарык эле, жылмайган кожоюн өзү эшикке чейин узатып келбедиби – анын жүзүнөн экөө баарысын макулдашканы ачык байкалып турду.

Баса, кабинетте отурганда лубянкалык начальник катчысын бир жакка жумшап жиберди да куулук менен суроо ыргытты:

— Бул идеянын бир кезде барып тескерисинен аңтарылып, ачыкка чыгышынан чочулабайсызбы?

— Кантип?- сурады келген конок бул суроону эчак күтүп атса да.

— Сиз ойлоп тапкан бул курам негизи… мыйзамсыз жана антиконституциялык эмеспи. Муну өзүңүз деле жакшы түшүнүп турасыз да.

Сукбатташ ырастагандай баш ийкеп койду:

— Арийне.

— Бирок иш-аракеттердин мыйзамсыздыгы жетекчиликтин жана аткаруучулардын ишинде табигый өзүм билемдикти туудурат. Маалыматты жашыруу мамлекеттик чектен чыгуучулукка алып келет – бул болсо бандиттердин чектен чыкканына караганда алда канча коркунучтуу, — кожоюн эми так аныктама берди. – Андай болгондо силер кайсы бир люберцилик топтон же айталык, солневолук топтон эмнеңер менен айырмаланып каласыңар?

— Эч нерсебиз менен айырмаланбайбыз. Максатты аныктаган каражат эмеспи. Кулак баштан садага дегендей эмеспи. Анан калса акча деген жыттанбайт да, — деди мыкты келтирилген афоризмдер дайыма ишенимдүү таасир этерин жакшы билген резервдик генерал.

Чын эле акыркы афоризм катуу таасир этти окшойт – Координатор 90-жылдардын башталашында бул коммерциялык гана эмес, эми лубянкалык курамдар үчүн да актуалдуу болуп калганын жакшы билчү.

2-глава

Россиянын сары-жашыл евразиялык картасында нокоттой белгисиз, автомобиль жана темир жолдордун чырмалышып чиеленишип кеткен кара-көк артериясында жайгашкан анчалык чоң эмес Курган шаары дээрлик эч нерсеси менен көзгө урунбайт. Тобол дарыясынын киргил көк суусу, абаны ууландырган заводдордун соройгон куурлары, шаардын четирек жагына кара таман пролетарларга арналып салынган бир кылка бозмолтой куту өңдөнгөн үйлөр, таң заардан деминен арак жыттанган, өзү иштеген заводдорго ашыккан жумушчу табы чымындай үймөлөктөшкөн, анда-санда бир кезикчү автобустук аялдамалар…

Шаар эмес – болгону областтык борбор, административдик бирдик. Мындайлар Россияда ондоп саналат жана алардын баары бири бирине коёндой окшош.

Кудай бетин салбасын, эгерде ушул жерде туулуп жашап калчу болсоң, анда аркы жолуңдун кандай болорун бир кудай билет. Мындай шаарларда негизи жашоо деген жок, эптеп күн көрмөй.

Бетон кысмактаган мейкиндикте жашоонун сценарийи көп жылдарга алдыга аныкталып калган: мектеп, ПТУ, улуп-уңшуган дискотекалардагы жарым жылаңач кийимчен, оозу-башын киши жийиркенгенче боёгон арзанбаа жалаптарга жабышмай, андан кийин армия, үйлөнүү, эч кимге кереги жок болсо да өлкө үчүн маанилүү бирдеме чыгарган завод, майрамдар, мончо, жекшемби сайын кошуналар, достор менен өлөрчө ичип гүүлдөө, анан чырдашып, кан төгүлчү ырайымсыз мушташмайлар… Ичер, көрөр күнүң бул шаарларда ушундай.

Чет бучкакта күн көргөн бул шаарларда эл сезим же ой менен эмес, караңгы жана алдын ала билип болбогон инстинкттер менен жашайт. Ошондон улам мындай шаарларда милиция өзгөчө ырайымсыздыр. Балким, мунун да адилет жагы бар чыгар: милициядан коркпосо жашабай жатып шишенин ичине түшүп кеткен кечеки птушниктер, кара күчүн кайда жумшарды билбеген дени-карды соо жаш жигиттер тооктун уясындай батирлеринен туш-тушка чачырап жайылып, алдынан чыккандын баарын өрттөп, кыйратып, каныбайранын чыгарып талкалап кирсе эмне жашоо болмок…

Кыскасы, караңгы жана билип болгон ышкыга баткан, башкарып болбос адамдардын үйүрүн катуу камчы астында кармабаса болобу… Ошондуктан менттерден жана прокуратурадан турган укук коргоо органдары – тарбиялоочулар да, койчумандар да, жазалоочулар да ушулар – аныктоочтордун байлыгы эле маселенин канчалык курч экенинен кабар берип турбайбы.

Кыязы, так ошол чайыттай ачык күнү бастек бойлуу жаш жигитти суракка алып жатып Курган шаардык прокуратурасында иштеген тергөөчү аял укук коргоо органдарынын жазалоо функциялары туурасында ойлонуп жатса керек.

Аял сүрдүү жана орой эле – бул аялдарга туура келбеген ушул кесипке куп жарашкан керектүү сапаттар. Кесиптик бетпактык жана кылмыштуулукту ачуунун планы адамдардын тагдырына түкүргөндү бат эле үйрөтөт. «Прокуратура» деген казыналык сөзгө куп жарашкан, жынысы жок бул макулук өзүнүн кунарсыз сырткы келбетин да кыязы, папкеси, телефону жана ушул тар иш кабинети менен кошо алгандай.

Суралып жаткан неме болсо тескерисинче токтоо эле, суроолорго да сылык, ойлонуп жооп берип жатты: өзүнө бекем ишенген адам гана мына ушундай көрүнөт. Бир аз калдыңкы кулактуу, кыска кыркылган кара чачы, күрмөнүн астынан даана байкалып турган булчуңдары мунун кадыресе кургандык экенин айгинелеп турду. Бир жерге токтобой ары-бери ойноктогон көздөрү гана болбосо, бул неменин шойкому деле жоктой.

— Ошентип айталык, жабыр тартуучунун арызы менен сиз таанышып чыккансыз да? — деди ага кудум бөлмөдөгү эмеректин майда бир деталындай караган тергөөчү аял. – Зордуктоо фактысын сиз мойнуңузга аласызбы?

Тергелип жаткан неме ийин куушурду.

— Жок.

— А бирок интимдүү жакындашуу фактысы болгонун сиз моюнга аласызбы?

— Албетте, — жай жооп узатты жаш жигит. Ошол замат шашкалактап кошумчалады: — Бирок бул эчак болгон иш эмеспи… Бир жыл мурдараак өз ара макулдашуу менен болгон иш. Мен унутуп да калгам эчак…

— Бирок жабырлануучунун арызында ага күч колдонулган деп жазылган, — албетте прокуратуранын тергөөчүсү — жабырлануучу да аял болгондуктан ага тилектеш болгусу келдиби же кесиптик түшүнүктөн уламбы — жигитке ишенген жок. – Бир жыл мурдабы же кечээби, бул берене боюнча мөөнөт деген болбойт.

— Жолдош тергөөчү, мен өзүм милицияда кызмат өтөгөнмүн. Бул атайын жасалган иш. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү кана? Медициналык күбөлөндүрүүнүн маалыматтары кайда? Эмнеге мен бул туурасында эми гана билип жатам?

— Демек, зордуктоо фактысын сиз мойнуңузга албайт экенсиз да? — тигинин жүйөөлөрүн кабыл алгысы келбеген тергөөчү саатына карап койду, бир жакка шашылып атканы билинип турду. – Жакшы. А мындан тышкары сиздин үстүңүздөн ушул эле берене боюнча дагы үч арыз түшкөнүн сиз кандайча түшүндүрөсүз?

— Карап көрүүгө уруксат этиңиз, — ишенбегендей эриндерин кымтыды жигит.

Кожейкенин өңү уйкусурай баштады.

— Мына, караңыз. Начало формы

Конец формы

  • Бирок —- —-

Бозоргон ак кагаз, жантайыңкы тамгалар – бирөөнүн айтканы боюнча жазылганы көрүнүп эле турат.

«…Аны менен парктан тааныштык, жарым саат өткөн соң ал мага интимдик жакындушууну сунуштады. Мен баш тартканда мага орой күч колдонулду… Бузуку формадагы жыныстык катнаш жасалды…

Тергөөдөгү неме кагазды ары жыйнаштырды:

— Карандай калп. Булардын ким экенин да билбейм.

— Сиз билбеген менен алар сизди билишет экен го, — кагаздарды шак папкеге каткан аял кекээр унчукту. – Демек, моюнга албайт экенсиз да?

— Ооба.

-А күбөлөрдүн көрсөткөндөрүн кантесиз? Мына баса, алар.

Кыскасы, «жабырлануучулардын» арыздарындай эле ыкма менен жазылган буларды деле окуп отуруунун кажети жок эле. Бир гана нерсе – эгерде аны шойкомдуу 117-берене менен тыккылары келип атышкан болсо чын эле отургузат окшоп калды. Ушундай да болобу – төрт жолу зордуктагансың деп атышса… Баарын бир эле убакытта деп айтышса да болмок экен мынчалык кетишиптир…

Кабинеттин кожейкеси кайрадан саатына көз чаптырып, отурган жеринде ойдолой түштү. Папкени ачты да:

— Тергөө сиздин анкеталык маалыматтарыңызды дагы бир жолу тактап алышы керек, — деди.

— Жакшы,- аны жек көрүү менен караган жигит жооп узатты.

— Фамилияңыз?

— Солоник.

— Атыңыз, атаңыздын аты?

— Александр Сергеевич.

Тергөөчү колундагы окуучунун арзан уручкеси менен пакеге бирдемелерди белгиледи.

— Демек, мектепти аяктагандан кийин техникумдан окугансыз, андан кийин Советтик аскерлердин Германиядагы тобунда кызмат өтөгөнсүз, андан соң техникумдун сырттан окуу бөлүмүнө которулгансыз, милицияда иштегенсиз, ал жактан аморалдык жүрүм-турумуңуз үчүн айдалып кеткенсиз… Андан кийин – автоколоннада иштегенсиз, анан күзөт кызматына орношконсуз, ал жактан бошонуп кеткенден кийин атайын комбинатка киргенсиз. Туурабы баары?- тергөөчү аны баштан аяк карап койду.

— Ооба, — анткеталык маалыматтар ушуну менен нечен жолу кайра текшерилип жатты.

— Анда жакшы экен, жаран Солоник, — ордунан шак тура калды тергөөчү. – Башка суроолор жок, сизге ыракмат, сиз бошсуз.

— Кечиресиз, бетме-бет кезиктирүү деген кайда, медициналык күбөлөндүрмөлөрчү? Мына бул үч арыз кайдан чыкты?- тынчсыздана түштү азыр эле жаран Солоник деп аташкан неме. – Мен өзүм милицияда иштегенмин, мыйзам эмне экенин жакшы билем.

— Тергөөнү кандай алып барууну прокуратурага үйрөтпөңүз, — шарт кести аял. — Сиздин милицияда иштегениңизди биз эсепке алдык. Мындай айып менен сизди эч жакка кетпөө тууралуу тил кат эмес, убактылуу кармоочу жайга киргизип койсо болмок. Болду, бошсуз. Сотко чакыруу боюнча келесиз, антпесеңиз күчкө салып алып келинесиз.

Маек бүттү дегендей кайдыгер бурулду тергөөчү катын.

Суракка алынган жигит абасы ным жыттанган жер төлөдөн сыртка чыгары менен:

— Аа, Солониксиңби? – деген үн күтүлбөгөн жерден так кулагынын астынан жыңырды.

Жигит бурулуп карады, аны көздөй арыкчырай жапалдаш неме келаткан экен.

Жаагы шылыңганча кырынып алыптыр, кыска чачы, терең отурган кичинекей көздөрү бул неменин опер-мент экенин айтып турду.

Опер жигитке мылжыйып ачык эле өөдөсүнүп карап турду.

— Ии,кандай иштериң, — деп ал тамекинин чылымын асманга үйлөй.

Арзан «Приманын» жыты мурунга урду, прокуратурага келген киши жийиркене бырыша түштү.

— Менде сенин кандай жумушуң бар?

— Жардамым тийип калар… Балким келишип жүрбөйлү?

— Жогол ары, бачабыз, сени менен келише турган эч нерсем жок, — чын дилден кеңеш  берип калды жигит.

Иштеген көп жылдар ичинде бул мент өз дарегине мындан да ашкан ысык каалоолорду, керек болсо күн сайын укса керек, ошондуктан бети чым деп койгон жок, таарынган да жок, жедеп көнүп да калса керек.

Андыктан жигиттин бетине чылымынын түтүнүн үйлөп, мылжыйып гана койду.

— Бекер кыласың…Эч нерсе эмес, зонадагы блатнойлор бир жериңди айырганда мени ошол жакка айдап сөккөнүңдү ошондо эстейсиң…

Бул жашоодо каалооң менен мүмкүнчүлүгүңдүн дал келбей калганынан өткөн жаман кусаматтуу нерсе жок, айрыкча каалооң ээ жаа бербей турса. Болгону жашың жыйырмага араң келсе, армиядан жаңы эле келип, ал-күчүңдү кайда жумшаарыңды билбей ары-бери урунуп турсаң, алдыда не деген пландарың жылоолонуп азгырып турса, бул табигый көрүнүш эмеспи.

Алдыдагы мейкиндик чексиздей сезилет, төбөңдө таза, чайыттай ачык асман. Жатып алып кыялыңда эмнелерди гана элестетпейсиң; өзүңдү кайдадыр бир алыс жактардан көрөсүң, чөнтөгүң толо шуудуруган жашыл акча, жылтылдаган кымбат машине астыңда, не деген келишкен айжаркын сулууларды жаныңа отургузуп алып шаардын көчөлөрүн ызгыта кыдырып жүрсөң, сенден башка бактылуу, сенден башка кудуреттүү, күчтүү ким бар…

Куураган шаар Курганда жатып алып дагы эмнени кыялданмак элең?

Ошентсе да чет чөлкөмдөгү жашоо саңырсып жыттанып кеткенсиген шаарда мойну узун «Портвейн -72» шараптан баса ичкен, алдыңан чыкканды дайыма торойто чаап сансыз мушташта эч кимге алдырбасаң бул жердеги жашоонун падышасысың, бул жердеги жашоо турмушта мындан өткөн жетишкендик болбостур.

Арийне, мындай ой жорумдан төбөсүнөн таманына чейин кургандык Саша Солоник да четте эмес эле.

Темир жолчу менен медайымдын көргөн жалгыз перзенти Саша куракташтарынан эч нерсеси менен деле айырмаланчу эмес. Кадимки эле карапайым мектептен таалим алды, боордош ГДРда аскер кызматын өтөп келди, техникумга кирди, анда деле Саша кыйратып окуп ийген жери жок эле. Андан кийин тагдыр жолу аны милиция кызматына алып келди…

Милицияга деле арзан романтикага азгырылып кокусунан келип калды, буга жанагы телевизордон тынбай берилген, советтик духтагы «Тергөөнү билармандар жүргүзөт» деп аталган мыйзамдуулукка кызмат кылууга үндөгөн, бардыгы бирөө үчүн, бирөө баардыгы үчүн жан кыюуга даяр экенин ашкере даңазалаган романтика чалыш киносериал түрткү болду. Кирерин кирди да милициядагы чыныгы турмуш жанагы кинодогудай эмес экенине жалындап турган жаш кызматкер бат эле ынанды. Бара-бара анын кадыресе турмушуна аралашып да кетти, бош калса эле убактысын шарапка жумшап же кечке карта чабышмай менен өткөрүп, ыңгайы келе калганда жергиликтүү арзан тотуларга барып коюп жүргөндү көнүмүшкө айлантты. Ментовкада качан караба үч кабат ашата сөгүнүү, оройлук өкүм сүрүп турар эле, анан да кошматчылыктын чеги жок, начальниктер тарабынан тымызын колдоого алынган бирин бири акырын сатмайдын да арааны катуу болуп чыкты, баарынан өкүнүчтүүсү, бул жерде жанагы кинодогу майор Томиндей же капитан Знаменскидей кадыр-барктуу, ишин мыкты билген чыныгы кызматкерлер таптакыр жок экендиги болду.

Мусурлар элди көрсө жини кайнайт, эл болсо анысына тең баа менен жооп кылып, аларды киши ордуна көрбөйт: погончон киши кандай кылса да баары бир ыйманына камчы чабууга аргасыз болот, бул элдин баарына айдан ачык. Кетип баратып артыңан: «карачы, мусор, пидар кетип баратат» деген жылаандын ышкырганындай ызырынган шыпшынууну угасың, аргаң жок, бул сенин капа болсоң да, болбосоң да өмүр бою көтөрүп жүрүүгө аргасыз адилет кресиң.

Бирок пенде дегениң, керек болсо менттин формасын кийип жүрсө да баарына көнөт, ыңгайлашат. Эгерде адамдын ичиндеги кайнап-ташып турган энергия жакшы жакка (карьера жасоого, окууга ж.б.) жумшалбаса, анда ал дайыма тешикти тапкан суудай, башка жактан чыкканга жол табат. Мына ушундай жолду милициянын сержанты Александр Солоник да тапты — бул аялдар эле. Баса, анын курагында бул табигый эле көрүнүш да эмеспи.

Анын чимирген аялдары толтура боло турган – он десек аздык кылар, эсептин учу жүздөн ашса ашаар, бирок андан кем эмес эле. Кургандын айжаркын, жаш «кунаажындары» анчалык деле бааланганды билишчү эмес, москвалыктарга караганда алда канча арзан да турушчу. Эми бир айныгыс чындык бар да: эгерде аял өз баасын билбесе анда аны сатып алуу текейден арзан иш, башкысы – наркын билсең болду. Россиялык провинциялардагы баа болсо өнүккөн социализмдин шарттарында стандартка ээ эле: дасторкон жайып, күчтүрөк ичимдиктен коёсуң, улам ичкен сайын ичи ысып бараткан ургаачыга сүйүү, аялдын сулуугу, сезимдүүлүк жана башка ушуга окшогон былжырактан сого түшөсүң, ал ортодо мындай үлпөт акыркы эмес экенин да сездире ишара кылып коёсуң, болду, андан кийин аны эмне кылсаң ошонуңа макул. Маа демектен чарчап, суй жыгылып калганга моокум кандыра бер.

Булардын арасында сатылбаганы дээрлик жок болгондуктан Саша бара-бара аларга арзан эле сатып ала турган макулуктай мамиле кыла баштады, аларды жек көргөнү ушунчалык эле, бирок аларсыз жашоосу да кызыксыздай сезилчү, ургаачылар ага баары бир керек болчу.

Жашоо өз агымы менен жай ага берди: ментовкага барып нөөмөтүңдү өтөп келесиң, анан кайра эле катындарга чуркамай.

Ал ортодо үйлөнүп балалуу да болду, анан ажырашты, кайра үйлөндү, кайрадан перзенттүү болду… Жыргал сезилген мындай жашоонун бир күн аякташына ишенбеген жаш кызматкер алдыда анын төбөсүнө кандай чокмороктошкон кара булуттар айланып турганын кайдан билсин.

Балакеттин башы Горькийдеги милициянын жогорку мектебине киргенден тарта башталды. Сашада офицер болсом деген тилек күч эле – анүстүнө быкшыган шаардагы көкөйүнө көк таштай тийген турмуш да жанына айда батып кетти. Горький чоң болбосо да маданий жактан өнүккөн, анан да анын ышкысын дайыма ээ жаа бербей ээлеп турган – аялдарын да четинен көрүүнү эңсеп турду, үй-бүлө, жетекчилик дегендер алыста, кой дегенге кожо жок чоочун шаар аны ириде мына ушунусу менен азгырып өзүнө тартып турду.

Нижегороддук айымдар жадатып бүткөн кургандыктарга караганда алда канча жаңыдай да, көп урулбагандай да көрүндү, баскан-тургандары да ээн эркин экен. Жаш курсант ошентип жаңы жерге келери менен ургаачылардын айлампасына оп тартылды да кетти. Төшөктөн бир жалап туруп кете электе эле кире бериштеги бөлмөдө башкасы чечинип турду. Ургаачылар заводдон чыгып жаткан жапжаңы «Волгалардай» ылдамдык менен алмашып жатты. Акыры бул жоругу жаңы начальниктерге да жеткен экен, бир жолу кабинетке чакырылып, катуу тил угуп чыкты.

«Мында угуп атабыз, сен аялдарды четинен тырпыратып атыптырсың», — деди жаш жигиттин көзүнө сайган улгайган начальник. Жаш курсан да мукактанып отуруп берген жок, шак эле кайра суроо узатты:

«Анан эмне, мен онанизм менен алектенмек белем, же эркектерге секирейинби?»,- курсанттын айтканы бир четинен эп эле. – Мен дени сак-саламат жаш жигитмин, жыныстык багытым да жайында…»

Албетте, кеп жок, Сашанын айтканы өзүнө туура эле, бирок начальниктин айтканы менен да эсептешиш керек да, канткен менен советтик милициянын офицери деген моралдык бийик сапаттарга ээ болууга милдеттүү эмеспи.

«Анда мыкты экенсиң, бирок өзүңдүн Курганыңа бар да катындар менен каалаганча чер жаза бер», — деп койду, ошону менен иш бүттү. Мекенге кайтууга туура келди. Арийне, моралдык жактан бузулду болуп кайткан Саша милициядан кетүүгө тийиш эле. Анүстүнө кургандык чоңдору булар жиберген суроо катка баланча аттуу силер сураган адам милиция органында мындан ары иштебейт деп Горькийге олчойгон рапорт да уруп жибериптир.  Бирок милициядагы кызматы менен коштошууга бекер эле шашылган экен, автоколоннада бир аз иштегенден кийин эле аны кайра милицияга – бул жолу күзөт кызматына чакырышты. Ошентип ал менттер өзүлөрү МАИге кошуп жек көргөн бул курамда ал бир аз эле иштеп калды, бул жерден да аялдардын артынан кайра кызматынан кол жууду.

Бул иш мындайча болду. Ал эки кесиптеш кызматкери менен жумуштан кийин универмагдан эптеп ийитип кармаган жапжаш келинди «хатага» алып келишип, чогуу отурушат. Алардын эсебинде ичилген ичимдиктин көлөмү жаш ургаачынын ышкысын козгоп, дароо эле жигиттердин каалоосун аткарганга көндүрмөк. Үчөө үч жактан киришмек. Бирок абдан ыймандуубу же арак азыраак болуп калдыбы, айтор селки баарыңар менен жатайын, бирок бир бирден кезек менен киргиле деп суранып калыптыр. Анткени абдан уялчаак имиш.

Көздөрү тунарган мент достору да, Солоник өзү да буга көнөбү, карашса кыздын көнөөр түрү жок, эптеп тынчтандыралы дешсе айкырык салып, долуланып ыйлап, ачык турган терезеден оор вазаны көчөгө ыргытат. Түзүк иш болобу, ызы-чуу чыгып, кошуналар, ары-бери өткөндөр баары аңкайып чогула калышат. Сатуучу кызды тынч гана коё берүүгө туура келет. Бирок ичимдигин ичерин ичип алып, ыраазы болбогон ал шуркуя булардын начальнигине катыра сабаттуу арыз жазып, анда башкы уюштуруучу деп батирдин ээсин — Солониктин атын атап салат. Сашаны эми биротоло кайрылгыс кылып милициядан кууп чыгышат.

Ошентип күлү бир жерге додолонбогон Солоник ар кайсы жакта каңгып жүрүп акыры шаардык көрүстөндөгү көркоонун жумушуна илинет. Мындай өзгөрүүдө кыязы жашыруун маани, азырынча акырына чейин түшүнүксүз тагдырдын тамашасы катылып турду: кызмат парзы боюнча кечээ эле адамдарды өлүмдөн сактоого милдеттүү болгон адам эми минтип адамдардын өлүмү менен жанын мыйзамдуу багууга киришкенин кара…

Кыйшайган крестер, муңду ичине каткан бейит башындагы таштар, учтуу тосмолор, зыйнаты ашык ритуалдык гүлчамбарлар, «Унутпайбыз, сүйөбүз, эстейбиз» деген сөздөр адамдын жүрөгүн муздатып, кайгы муңдуу саптарды ойготкон, элегия чакырган убактар эчак артта калган. Адамдын мээ сөөгүн колуна кармаган ханзаада Гамлет менен кошо аза зыйнаты жашоонун опаасыздыгы, түйшүк экенин туюндурган философиялык ойлорго түртчү. Күнү бүткөн өнүккөн социализмдин жана арааны ачылып келаткан жапайы капитализмдин доорундагы заманбап көрүстөн эми мыйзамдуу акча табуунун бир жолу болуп калды.

Андыктан көр казган россиялык көркоо классикалык шекспирлик көркоодон алда канча алыс эле, мунун туруш турпаты эле ага сөзсүз жүз грамм куюу керек экенин айтып турат. Көр казгычтар социализм доорунда эле алда канча тың жашаган катмар боло турган. Шаардын көчөлөрүндө «Жигулинин» улам бир жаңы маркасын тепкендер да, жайкысын Болгариянын же Чехословакиянын курортторунда эс алгандар да мына ушулар эле. Көр казган киши аны кышта казса, төлөчү акысы ошончолук асмандап кетерин, маркумду тезирек жайына бериш үчүн туугандарынан канча акча сыйрып алганды, маркумду барктуу жерге жашыруунун наркы канча турарын мыкты билчү. Аны менен эч ким соодалашканга да даачу эмес. Эзели андай болуп да көрбөгөн.

Жаңы кызмат Солониктин купулуна толуп турду: акча көбөйдү, колдон болсо да машине сатып алды, андай болсо эмне экен, өзүнүкү болуп атпайбы. Аялдар болсо машинелүүлөргө качырып турушат. Эми баягыдай чуру-чуусу жок, акырын гана баш менен ойлонуп иш кылыш керек алар менен. Артыкча жаңжалдын кереги не… Бирок пенденин жаратылышы ошол экен, ал күчү бар, тиши таш чайнаса жарар жаш жигиттин мээсин оңой акча айлантпай коёбу…

«Атайын комбинаттын» жаңы жумушчусунда философиялык абстракттуулукка азгырылуу деген дегеле жок болчу, бирок кургандык көрүстөндө иштеп жүрүп ал чукулдуктай жөнөкөй, арзан табыттай эки нерсеге анык көзү жетти – өлүм деген кандай гана болбосун, акча турат экен. Кай бир учурда жашоонун өзүнөн да кымбат пулга турат экен өлүм дегениң. Андан да башкысы! – Солоник аны курчаган чөйрө – анын өзү жана калгандар болуп экиге бөлүнөрүн жакшы түшүндү. Андай экен, демек, бир келген жашооңдо дуулдап ал, майнапсыз бош өткөн жашооңо анан түкүрүп же жер муштап өкүнбөйүн десең, сага пайда апкеле турган нерсенин баарын башкалар билбегидей, туйбагыдай кылып колдон чыгарбай кармап кал. Солоник үчүн болсо колдон чыгара койбой кармап кала турган жеке пайда бир гана аялдар эле.

Ошондуктан ал мурдагыдай эле аялдан аял тандап дуулдай берди. Ал кезде Саша адамга үстөмдүк кылуу, аны коркутуп болсо да толугу менен эркине баш ийдирүү эч нерсе менен салыштырып болбос ырахат тартуулай турганын билчү эмес. Солоник сокур сезими менен каалоо жана мүмкүнчүлүк ортосундагы тең салмактуулукка умтулчу. Бирок чынында бул тең салмактуулук абыдан эле кубулма жана морт боло турган…

Ал катындарды көрүстөндөгү замбилдерге караганда алда канча бат алмаштырып турду, бирок замбилдер да жетишерлик эле. Эч кандай коркунуч, опурталы жок жашоо тынч мемиреп жай агып атты, бирок бул убактылуу экен көрсө. Алгачкы кооптуу коңгуроо бир нече айдан кийин кокусунан шыңгырады, бирок ага Солоник маани берип да койгон жок.

Милициянын офицери болбой калган ал аптасына эки жолу сөзсүз машыгуу залына барып турчу: аракты азайтты, тамеки дегенди башынан эле жолоткон жок, айтор, саламаттыгына тыкан карап жүрдү. Бир жолу машыгуу аяктагандан кийин ага балпайган тегерек көчүгү аялдыкындай, таш болуп каткан мерез көздүү, кара чач, жапалдаш бой киши келди да тыштагы ээн калган кайсы бир бурчка ээрчитип чыкты. Өзүн Владимир Иванович Пантелеев деп тааныштырган бул неме милициянын ага лейтенанты, улук опер болуп чыкты. Анан дароо эле кепке өтүп, милициянын штаттын тышкы кызматкери, башкача айтканда, башкаларды тымызын сатып турчу — стукач болуп иштеп берүүнү сунуштады.

— Бул сендей болгон ИИМдин мурдагы кызматкерине көрсөтүлүп жаткан чоң ишеним, билсең, — деди мусур мурдакы кесиптешинен аңкып турган жыттан мурдун чүйрүп. Андан кийин кебин улады.- Бизге силердин ишканадан финансылык тартип бузуулар болуп жаткандыгы туурасында сигнал түштү. Сенин милдетиң мында…

— Көчүгүңдү түйрү да жогол ары, покпасар, — шарт эле үч тамгага айдаган кеңеш берди Солоник. – Ментовкадан мен колумду эчак үзгөм, ошондуктан, сен пидар, жакса бокту өзүң чукуй бер…

Мындай жаман ат менен аталган милийса Пантелеев жини келип барып, бирок тигинин таштай чың булчуңдарын карап туруп бул оюнан ошол замат кайтты, азырынча коё тургусу келди.

— Мейли анда, каалабасаң арга канча, — демиш болду ал көңүлкош мылжыйган арам күлкүсүн бетине чыгара. – Бирок кара, этиет бол өзүңө, достум, непадам кырсыктап калып жүрбө…

Чын эле айткандары туура, болчу кырсык арийне жүз берет, анүстүнө мына мындай милициянын оперинин оозунан чыгып атса буга бөркүңдөй ишене бер. Так ошондой болуп чыкты…

Ошондон канча өттү белгисиз, бир жолу ал досу экөө эс алуу паркына кыз уулап барышты, каалаганыңды ошол жерден тапсаң болот. Көп деле күтүшкөн жок – адегенде эле колго илинген, бой келбети келишкен эки тотуну заматта эле торго түшүрүштү. Кыткылыктаган секеттер каалаганыңарды аткарууга даярбыз дешти. Мурдагы мент менен анын шериги буларды “жигулиге” салышты да бай турган көр казгыч Сашанын бир көмүттүү батирине алып кетишти.

Демейдегидей эле меймандостукка тасмал жайылып, ортого ичимдик коюлду, кыздар сабаттуулук менен ичирилип, бат эле мас болуп калышты да адилеттүүлүк менен экиге бөлүндү. Доско Таня дегени тийди, Саша болсо Катяны имерди.

Катя ага эмнеси менен жакканы белгисиз, балким, ал кадыресе төшөккө жатмайдан башка кандайдыр бир көөлгүгөн романтикалык сезимге баткысы келдиби, айтор, жаш жигитти жипсиз байлап алды. Ошол күндөн тартып Солоник мурдагы эрежесин өзгөрттү, ар ким менен жатканын токтотуп, Катяга гана берилип калды. Байкуш Катя болсо эми каалаган убакытта зымырап жетип келчү “тез жардамдын” кейпин кийип, урук сыгып алып туруучу накта машинеге айланды.

Анан эле бир күнү кыз тараптан айтыла турган ыйык касиеттүү сөздөр айтылды: «Мен сени сүйөм, кел чогуу жашайлы», — деди эчак бышып бойго жетип, эрге чыгар маалын чыдамсыздык менен күтүп жүргөн бечара кыз.

Эмне дээрин билбеген Саша күңк-мыңк этип, макул жашаса жашайлы деген болду, бирок үчүнчү никеден да жолу болбосуна көзү жеткен соң ач кенедей жабышкан бул шуркуяны тартынбай этпей эле орой ашата сөгүп, келген жагына айдады. Кыз капа болду, бирок жооп кайтарып айтышкан жок, унчукпай чыгып кете берди. Баса, Катя жалгыз калган жок, бат эле узун бойлуу, басты-кааматы келишкен, бул жердеги ургаачылар «укмуш жигит» деп суктанышкан участкалык милиционерди шап эле чимирип алды да, көп өтпөй баш кошуп, татыктуу жубай катары жашоосун улантты. Ошенткен менен ысык махабатын тепсеп кеткен Сашаны унута албай тымызын сүйүп да, жек көрүп да азапка батып жүрдү.

Жаш жубайларга чын пейлинен бакыт-таалай, көөнөрбөс бир өмүрлүк сүйүү каалаган Саша бир үшкүрдү да шак эле Катянын жан курбусу Таняга  ооп кетти. Бул жанагы батирге чогуу келип досунун моокумун ойда кандырып кеткен кыз эле.

Таня таптакыр келесоо, тоок мээ ургаачы болуп чыкты – күн сайын белгилүү максат менен паркка чыгып турган аялзаты үчүн бул эми таңгалыштуу деле эмес эле. Бир түн Саша менен жатып кеткендин эртеси эле ал Катяга чуркап, болгон иштин баарын ийне-жибине чейин төкпөй чачпай жеткирип барды, дил түпкүрүндө анын алган ырахаты менен өзүнүкүн салыштыргысы да келди. Эмне айтаарын билбеген Катянын унчукпаганын айткандары жагып аткан деп эсептеген көкмээ Таня бастек бойлуу бул баланын астында он жолудан «бүтүрөрүн», Катянын төшөктө аракети начар эр сөрөйүнүн алдында алда канча мыкты экенин бир айтып бир койбой, сагызгандай шакылыктайт. Өз калпына өзү чындап ишенип маашырланган Таня келесоо андан ары токтоно албай Саша экөө никеге турууга арыз беришкенин кошо урдуруп, алтургай Катяны тойго да чакырып жиберет.

Катянын абалын көрүп ал эми. Ичинен жини шакардай кайнап чыккан ургаачы эми аны менен жүрөрүн жүрүп, үйлөнбөй, каратып туруп таштап кеткен эркектанадан эмнеси болсо да өч алууну көздөйт. Ага үйлөнүүнүн ордуна анын эң мыкты курбусун артык көргөн немени катыра жазаласам деген ою бар советтик жалаптын өткөн коркунучтуу нерсе жок…

Бир нече күн өтпөй Катя зордуктоо туурасында прокуратурага арыз жолдоп салат, эч нерседен кабары жок Солоникке күтүүсүздөн айыпталуучу катары прокуратуранын чакыруу кагазы келгенине айран таң калганы ошондон эле.

Ошентип жаркыраган жаз күндөрүнүн биринде стукач болуп иштеп бер деп аны көңдүрө албай, анысы аз келгенсип сөккөнүн да угуп кеткен жанагы мылжыйган кытмыр арам опер кокусунан алдынан чыга калган киши болуп аны менен карпа-күрп жолугушуп калып атпайбы. Кыпыңдаган кытмыр салтанат менен караганынан улам чакыруу кагазына кам көргөн да ушул экени байкалып турду. «Зонада блатнойлор жумшак куйругуңду айырганда менин айтканымды эстейсиң» деп кекээрленген опер Пантелеев билгендей айткан экен.

Шек жок, жанагы «зордукталгандардан» келген үч арыз жана ага кошо «күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү» мусурлар тарабынан кынтыксыз, профессионалдуу уюштурулган жайма тор экен. Махабаттан бактысын таппаган шордуу Катя болсо буга себеп гана болуп бериптир.

Советтик соттун дат баскан механизми кыйчылдап ордунан жылдыбы, анын дөңгөлөктөрү айлана баштадыбы, демек, бул механизмди токтото турган дүйнөдө эми эч кандай күч жок…

Александр Солониктин соту адилеттүүлүктү орнотуунун салтанаты катары эмес, ит куугандай тездик менен заводдогу конвейердин шакылдап иштегениндей эле бат өттү: Саша чакыруу кагазы менен келди, залдагы муздак отургучка отурду да айыптоону баштан аяк укту. Жарым бош залдан бир нече жакын достору, мурдагы жана алам деп аткан экинчи аялы, картаң ата-энеси гана болбосо башка киши деле жок эле. Отургандар ооздору ачылып, бир сотту угуп, бир айыптоочуну угуп, эч нерсеге түшүнбөй алактап калышты.

Былкылдаган семиз, олбурлуу, кебетесинен кишиге жакшылык кылар дегеле түрү жок, арыс чычкандыкындай майда тиштери бар, уйкусураган сот катын биринен бири өткөн келесоо чалыш суроолорду бере берди. Кааласаң жооп бер, кааласаң жооп бербе, айбың баары бир эчак далилденген. Сашада алиби деген жок эле, бир жылдан кийин кайдагы алиби, кечээ күнү эмне иш кылдың деп сурачы, ошону эстей алаар бекен деги…

Иштин бүткөнү ушул турбайбы…

Прокуратуранын тергөөчүсү анын айыптуу экенине көзү жетип турду, башкы көзүр – күбө Катянын ойго келгенди жазган тантырактаган каты да тиркелүү, тийсем деген эрине жетпей калып, ичине катуу кек сактап калган жалап ушуну кылмак.

Ошентип демейде аткарылуучу кадыресе көндүм сот отуруму аягына чыгып баратты. Көз айнегин оңдогон сот аял көнүмүш дүжүр суроосун узатты:

— Соттолуучу Александр Сергеевич Солоник, өзүңүздү күнөөлүүмүн деп мойнуңузга аласызбы?

— Жок, — деди берки өктөм.

Башка суроо болбоду, бере турган суроо да жок эле, ансыз деле баары айдан ачык болуп турбайбы… Он беш мүнөттөй кеңешимиш эткен соттор залга кайтышты да орундарын ээлешти, анан көп өтпөй өкүм окулду: «Россия Советтик Федеративдүү Социалисттик Республикасынын атынан» деп окуп баштап, Александр Сергеевич Солоник сегиз жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөөгө өкүм кылынды.

— Баш чарасы өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу… Сот залында кайтарууга алынсын,- деп аяктады сот айым, даттанууга укугу бар экенин кошумчалап.

Адегенде уккан кулагына ишенген жок: мунун баары өзү жөнүндө айтылып жатабы? Сегиз жыл?! Кайтарууга алынсын дейби?

— Кайсы күнөөм үчүн? — деген эсине келгендей суроо жаңырды. Бирок сот ага кайдыгер эле, эми анын маңдайында эркин жаран эмес, кылмышы үчүн абакка кесилген кылмышкер гана турду.

— Канчык… – деген гана басмырт ызырынган сөз чыкты анын оозунан. – Мен жашыраак, өңдүү-түстүү болгонуңда сенин да болгон тешигиңди айрыр элем…

— Мунун баары опузалоо катары протоколго кошуп коюуну суранам, — деди ошол замат сот аял, анан азыр эле өзү сегиз жылга темир тор артына айдаган немени унутуп да калды.

Эми баары пайдасыз эле – беш мүнөтү кем зек Александр Солоник конвойду бир карап эле абалдын канчалык ишенимсиз экенин түшүндү: азыр анын колуна кишен салышат да астына салып айдап кете беришет. Андан ары алып барып шаардык изоляторго тыгышат, ал жакта болсо мындай бетпак статья менен кесилген ментти кучак жайып тоскон эч ким жок.

Өз күчүнө өзү ишенген жаш жигитти эркиндиктен болгону бир нече гана кадам бөлүп турду. Ойлору сааттай так иштеп кирди да бирден бир туура чечим өзүнөн өзү келе калды: качуу керек! Түз эле ушул жерден качып кетиш керек…

Жийиркенгендей чарчооңку сакчылар жакындап келатышты. Мына эми…

— Кечиресиздер, аялым менен коштошуп алсам болобу? – дей салды кесилген неме андан аркы аракеттерин ойлоп…

— Эмне кыласың анан, мейли коштошсоң коштошуп ал, — деди боор тарткансыган мурдагы кесиптеш опери ийнин куушуруп.

Алиге дейре эч нерсе мээсине жетпей турган аялын өпкөн болду да көз кырын арыраак турган күзөтчү сержантка таштады – ал эч нерседен бейкапар эле.

— Кана болду, коридорго чык! — Солониктин ийнине колун койгон мент заңк этери менен түшүндү – маал келди!

Коридорго алып чыгышты, ал жер ээн экен, качам деген соттолгон немени кармап бергенге каалоосу бар демилгечилер деле чыга койбос керек…Бир кадам, эки кадам, дагы…

Отура калып батинкесинин боосун байламыш болду. «Рекстер» шекшинип да койгон жок. Жанында турганды ичке өзөртө сокту, ал арзан макидей бүгүлүп калганда, маңдайлаш келе калган экинчисин так кокого муштап калды эле, ал кыйылган теректей турган жеринде шалк этти.

Андан ары – өзүн эшикке урду короонун ар жагына атып чыкты, ал жактагы дубалдан жеңил каргыды да үйлөрдүн короолорун аралап заматта житип кетти. Он мүнөт ичинде сегиз жылга эркинен ажыратылган неме шаардык соттун имаратынан алда канча алыстап кеткен эле…

Уландысы>>>>>

Кыргызчалаган Бахтияр ШАМАТОВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.