Норвег эл жомогу: Былтыркы жылдын боткосу

Бар экен, жок экен – Нурланда бир жигит жашаган экен. Бир күнү ал үйлөнмөй болуп, апасына окшош кыз издейт. Анткени апасы абдан тыкан жана таза аял болуптур. — Бардыгы таза жана жыйнактуу болушун каалайм, — деп эле кырынып, сүрүнүп турчу экен ал. Андыктан баласы да ошондой колуктулуу болгусу келип, издөө салат. Көп эле кыздар чыгат, бирок апасындай тазасы кайда. Акыры буюрганы ушул деп бир кызга көздү жумуп үйлөнмөй болот. Кыз болсо зымпыйып, үйү деле жыйнактуудай. “Үйлөнгөн күндүн эртеси бир илээндиге […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын энчиси – Эмгек, эргүүсү – Өнөр

Адам болуп жарыкка келген соң, «кара жанды багуу», «эл катары күн көрүү» – моюндагы парз. Бирок бул абал адамды алымсындырбай, аны андан да бийик, анданда асыл мүдөө куштарланткан кезең болот. Ал дымак адам жашоосун аруулантып, ажарлантып, адам көөнүн тазартып, көңүлүн көкөлөтүшү да, же анын турмушун азапка айландырып, түгөнбөс түйшүккө салышы да мүмкүн. Мына ушундай адамдык абыгер өмүр кечирүүнүн ар түрдүү деңгээлин кыргыз дүйнө таанымы «эмгек» жана «өнөр» деген эки түшүнүк менен аныктаган. Анын биринчисинин мааниси «жумуш», «түйшүк», «аракет» деген түшүнүктөргө […]

Сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөнүү

Буга чейин сынчыл ой жүгүртүү туурасында жалпы маалымат берген элек, эми анын сабактарын ирети менен тааныштырып чыгалы. Эгерде ал жалпы маалыматтар менен тааныша элек болсоңуз, береги эки шилтемени басыңыз: 1) Сынчыл ой жүгүртүү: Базалык принциптер жана ыкмалар 2) Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмалары 1-сабак. Сынчыл ой жүгүртүү: иш көндүмдөрү, шык жана билим Сынчыл ой жүгүртүү боюнча курстун биринчи сабагында биз аны ийгиликтүү өнүктүрүү жана күнүмдүк, профессионалдык жашоодо колдонуу үчүн кандай иш көндүмдөрүнө жана билимге ээ болуу керектиги туурасында кеп кылабыз. […]

Алексей Слаповский: Көзгө сая айтылган чындык (конкурска №14)

АҢГЕМЕ Конвейердик линиянын жумушчусу Лукин иште суй жыгыла чарчагандыктан, үйүндө жерден кыл алып койбой, жамбаштап жатып алып телевизордон өзү абдан жакшы көргөн эстрадалык берүүлөрдү көрүп гана жата берчү. Анан телевизордо Эхов аттуу ырчы бат-баттан чыкчу болду. Анын кийингени тимеле момпосуй оролгон кагаздай кызыл-тазыл, ошого жараша кыймылдаганы да обу жок жарашыксыз, олдоксон, үнү да, ырдаган ырлары да келесоо чалыш болчу. Аны көргөндө эле Лукин өзүнөн өзү оңтойсуздана берчү, телевизордун доошун өчүрө салчу же бөлмөдөн чыга качар эле. Анан келесоо экенине карабай […]

Аркадий Аверченко: Акын (конкурска №13)

АҢГЕМЕ – Мырза редактор, – деди мага сырттан кирген адам, көзүн өйдө көтөрбөй бутунун башын тиктеп, – мен сиздин тынчыңызды алганым үчүн аябай оңтойсуз болуп, уялып турам. Сиздин кымбат баалуу убактыңызды алып жатканымды ойлосом, кирерге жер таппай баратам… Кудай үчүн мени кечирип коюңуз! – Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, – дедим жумшак жылмайып, – кечирим сурабай эле коюңуз. Ал башын ылдый салып, капа болгон немедей унчукту: – Жок, андай эмес… Сизди убара кылып жатканымды жакшы түшүнөм. Мурда-кийин бирөөлөргө жабыша […]

Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

1-2-главалары>>>> 3-глава Колдо бар алтындын баркы жок деп туптуура айтылган. Болгону бир нече күн мурда Солоникте баалай турган нерселердин баары бар эле: өз батири, машинеси, акча, жакшы маяналуу иши, башкысы – каалоолору менен мүмкүнчүлүгүн айкалыштырып жашаса болмок. Эми мунун бири да жок. Эми ал киши эмес, ал сегиз жылга соттолгон, анүстүнө бүткүл союздук издөөдө жүргөн кылмышкерге айланды. Өткөн жашоосун биротоло чийип салса, алдыдагы келечеги саздан көтөрүлгөн тумандай бүдөмүк, белгисиз эле. Издөөдө жүргөн киши эркин кишиден абдан эле айырмаланып турат. Ал […]