АҢГЕМЕ

Конвейердик линиянын жумушчусу Лукин иште суй жыгыла чарчагандыктан, үйүндө жерден кыл алып койбой, жамбаштап жатып алып телевизордон өзү абдан жакшы көргөн эстрадалык берүүлөрдү көрүп гана жата берчү. Анан телевизордо Эхов аттуу ырчы бат-баттан чыкчу болду. Анын кийингени тимеле момпосуй оролгон кагаздай кызыл-тазыл, ошого жараша кыймылдаганы да обу жок жарашыксыз, олдоксон, үнү да, ырдаган ырлары да келесоо чалыш болчу. Аны көргөндө эле Лукин өзүнөн өзү оңтойсуздана берчү, телевизордун доошун өчүрө салчу же бөлмөдөн чыга качар эле. Анан келесоо экенине карабай ошол Эхов деген неме мамлекеттик атагы бар ырчы болуп чыга келди, Лукин болсо буга таптакыр башы жетпей, кантип эле бул ырчыга болгон чындыкты айтып, аны шерменде болгондон сактап кала турган бир жан чыкпаганына кейип жүрдү.

Ошентип күндөрдүн биринде Лукин акы төлөнбөгөн өргүү алды да, Москваны көздөй сапар тартты. Эховдун концертине барсам деген эле, барды.

Ошол ырчы ошол эле болчу – тескерисинче, ого бетер келесоо болуп кеткендей сезилди, ырдаган ырлары эчак эле кадыресе акмачылык менен клиникалык көкмээликти бөлүп турган чектен ашып кеткен, бирок ага карабай бактысы тайкы публика болбой эле ага суктанганын айт, сүрөгөнүн айт. Эхов болсо ого бетер койколоктоп, тимеле асманга учуп кетчүдөй манчыркап калыптыр.  Байкуштар деп ырчы менен жөнү жок сүйүнгөн элди аяп коюп Лукин отурду.

Концерт аяктагандан соң ал эптеп ырчыга жакыныраак жетсем деп умтулду, бирок ышкыбоздору менен сакчылары буга жол берген жок. Бирок Лукин мунун жолун бат эле тапты, сахнанын түбүнөн бир тешикти байкап калып, ичине култ кирип кетти да,  ийри-муйру жолдор менен жүрүп отуруп, түз эле Эховдун грим жасачу бөлмөсүнүн так тушунан чыкты. Сакчылар аны дароо шилиден алышты, бирок Лукин өкүрүп-бакырып, Эховго айта турган өлүм менен жашоонун ортосундагы абдан маанилүү кабары бар экенин билдирди эле, сакчылар ошол замат коё беришти.

— Айтсын, — деп уруксат кылды баш багып чыга калган Эхов да.

Анан өлөрчө толкунданган Лукин буларды айтты:

— Мен чындыкты тике көзүңүзгө айтууга тийишмин. Анткени муну сизге эч ким айтпайт. Сиз – келесоосуз. Ырларыңыз да келесоо, ырдаганыңыз да келесоонукундай. Муну качандыр бир кезде түшүнөсүз да уялганыңыздан өлүп кетесиз, бирок анда кеч болуп калат!

— Анан эмне кылышым керек экен? – деп сурады кападар боло түшкөн ырчы.

— Эч качан ырдабашыңыз керек!

— Бирок мен ырдабай тура албайм да! – кыйкырып жиберди ырчы. Анан күтүлбөгөн жерден кызарып кетти, Лукин минтип кыйкырганы аны ого бетер маңыроо кылып көрсөтүп турганын көрдү.

Ошол ошо болду,  Эхов ырдаганын таптакыр токтотту, жөн эле жашап, иштеп жүрдү.  Акылы кемирек болсо да жапжаш кызга үйлөнүп, экөө маңыроо чалыш болсо да жакшы балдарды төрөтүштү, анан убактысы келгенде экөө тең бир күндө о дүйнө узап кете беришти. Лукин буга абдан кубанмак эле, бирок ал эртерээк каза болуп калган болчу. Эховго чындыкты айткан ошол күнү аны уккан сакчылар менен Эховдун күйөрмандары Лукинди четке алып чыгып, жайлап салышкан.

АДЕПКЕ ЧАКЫРГАН АҢГЕМЕ

Макаров менен Костров ичип отурушту, Макарова менен Кострова болсо тигип отурушту. Макаров менен Костров ашканада ичип отурушту, алардын аялдары Макарова менен Кострова болсо ички бөлмөдө тигип отурушту: Макарова тиккенди билбеген, бирок үйрөнсөм деген каалоосу күч Костровага тиккенди үйрөтүп жатты.

Кокустук болдубу же алдын ала атайын сүйлөшүп алышканбы, аны ким билсин, айтор, тигип аткандар да, ашканада отургандар да бир эле убакытта бир тема боюнча кеп козгоп калышты.

— Эгер аялың ала жипти аттаса эмне кылар элең? – сурады Макаров Костровдон. Костров болсо азыр эле ыстыкандагы винонун ичинен чымын кармап алып, маанайы шат эле.

— Шермендени жайлап салмакмын, — деди тиги куунак барк этип.

— Жо, мен олуттуу сурап атам, — өз суроосун урматтоону өтүндү Макаров. Ошондо Костров кандайдыр бир болгон окуяны айтып берүү менен кутулбасын, мында анын акылын, мүнөзүн жана философиясын далилдеген терең талкуу талап кылынарын түшүндү.  Андыктан ойго бата түштү. Ыстыканды бүт көңтөрүп ийбей, теңин жутту. Дагы ойлонуп калды.

— Өлтүрөм. Анткени мындай жорук менин эркектик намысыма тиет, менин көз алдымда адам катары анын аялдык беделин да түшүрөт. Андай жашоонун ага эмне кереги бар?

Макаров жер тиктеп калды.

Ошол эле мүнөттө тигүү колунан келбеген, бирок Макарованын кооздоп тиккендери абдан жаккандыктан тиккенди үйрөнүп аткан Кострова Макаровадан сурап калды:

— Эгер күйөөң сенин көзүңө чөп салса эмне кылмаксың?

Кыязы, бул суроо Макарованын жан-дүйнөсүндө эчак эле биротоло чечилип калган окшойт, ошондуктан кенедей да ойлонбой туруп:

— Эч нерсе кылбайм. Жиндилиги тараганда кайра келет!

Кострова жер тиктеп калды.

Арадан бир аз убакыт өттү.

Макаров мас болбогондо соосунда айтууга даабаган бул кепти эч качан айтмак эмес, бирок ал өлө мас болгондуктан, түк корккон жок, алтургай, коркунучтун өзүн сынап көрсөмбү деп каалап да кетти. Анан минтип балп этти:

— Ошо. Биз сенин аялың экөөбүз тиги… жанагыдай… Бири бирибизди сүйөбүз.

Айтты да Костровго абдан эле тике кадала карап калды.

Ошол эле маалда тиккенди үйрөнүп жаткан Кострова да Макаровго болгон сүйүүсүн айтып жатты, анткени азыр тиккенди билгенине сыймыктанган Макарова ага жакшы мамиле кыларын көрүп турду.

— Өлтүрөм! – күйөөсүн өлтүрөйүн деген түк ою жок, анын жиндилиги тарашын гана күткүсү келген Макарова кыйкырып жиберди. Баса, ал Кострованы назарда тутуп жаткан болбосун? Өлтүрөм депчи.

Эгерде аялы көзүнө чөп сала турган болсо өлтүрөм деген Костров ыстыкандагы калган винону жутту да минтти:

— Ошондой дечи…

— Ошондой…

Көп өтпөй мындай болду: кебетеси таштай бозоргон Костров менен көзүнүн жашы көлдөгөн Макарова өз жубайларын кечиришти да, экөө бири бирисиз жашай албаса аргабыз канча дешип, баштарын бириктиргенге уруксат беришти. Өзүлөрү болсо эки жакка: Костров мекени Днепропетровскиге, Макарова мекени Саратов облусундагы Калеевка кыштагына жөнөп кетишти.

Мен адепке чакырган аңгемелерди жактыра бербейм, бирок бул аңгеме ошондой болуп калды.

Адеп мында: адамдар бири бирин гана эмес, бири бирин жакшы көргөн башкаларды да сүйүшү керек. Антпесе бири бирин сүйөт да, башкаларды жек көрүшөт. Бул туура эмес.

ЖАЗУУЧУ

 Бир жазуучу болуптур. Жанагы «Сыя челек» деген аңгемедеги эмес, башка. Бул да жазуучу.

Адегенде ал эч нерсени ойлобой жаза берчү, анан эле: иштеп жатып өлүп калсамчы? деген түпөйүл ой мээсине орноду да калды. Элестетсе: жазып келатат, жазып келатат, анан эле бир кезде, — тарс! – каза болуп калса, сап аягына дейре жазылбай калат экен.

Мейличи, бирок ошо кандай сап болду экен, маселе ушунда!

Ушул суроо жазуучунун жанын кыйнай берди.

Анда бир ой пайда болот. Кагаздан бир таңгакты алат да, ойлонуп калат. Ошол замат: эмне отурасың, кебетең кургур! – чымын жаның чыркырап чыгып кеткени турат, таза кагаздын үстүндө мүрт түштү деген сөз кетет, ныпым эч нерсе жаза албай,  куурап соолуганынан кетти дешет! Итке иттин өлүмү дешет! деген ой келет.

Ошол замат шашкалактап кайра жазып кирет.

Бирок каарман башкыбы же экинчи даражадагыбы, анын көркөм маанисин ошол замат кармай албайсың, ага жетиш үчүн түмөн азапка малынышың керек, аргаң жок тээ майда-бараттан – маселен айталы, каармандын уйкудан ойгонгонунан, жуунганынан, чимкиргенинен баштайсың.

Жазуучу шашылып атканы, жазганын кайрадан окуйт, окуса «жуунду», «чимкирди» дегенден башка таш балекет көркөмдүк маани жок. Жазуучунун кежигеси тартышат, ийнинен тер куюлабы, кандай.  Азыр ушул жерден мүрт кетсечи? Башы шылк үстөлгө тоголонот. Адамдар келет да, жаратман жазуучунун акыркы оюн алдын ала урматтап, адабияттын тарыхына кире турган акыркы баракты сууруп алмакка башын өйдө көтөрүшөт. Тиги баракта болсо орошон ойдун ордуна: жуунду, чимкирди дегенден башка эч нерсе жок! Ал анан санын чаап, каткыргандарды көрүп жата бер, мындай осол ишти адабият тарыхында ким көрүптүр! – өлөрчө коркуп кеткен жазуучу калемин жорголотуп андан ары жазып кирет, жазып атат, жазып атат, каарман чимкирип туруп, анан дароо өзүнөн өзү: деги жашоонун мааниси эмнеде, мунун баарынын кимге кереги бар? деп сураганын жазат.

Анан бир жерге жеткенде жазуучу жазганын токтотуп, бир сыйра карап чыгат – бирок денесинен дагы муздак тер куюлат. Кокуй дейт, бул сабын окугандар жазуучу адамзатка үмүт калтырбай пессимистик маанайда өлгөн экен дешпейби.  Адабияттын тарыхында мындайлар толуп атат, бирок жарк эткен коштошоор сөзүн айтып, туннелдин тиги учундагы нурду көрсөтүп кетсе кана!

Жазуучу кайра шашкалактап жазганын улантат: «Каарман жуунуп, чимкирип алган соң муңайым ойго батты, бирок бул абалда көпкө тура алган жок, башын көтөрдү да, маңдайындагы күтүлбөгөн жерден жапжашыл боло баштаган куураган эмен дарагын көрдү…».

Деп жазат да, атайын өзүн токтотот.

Этегине көп чекит коюлган, алды кенен, жакшы сап чыкты окшойт. Өлчү болсо ушу жерден кете берсе болот эле. Бирок азырынча көөдөндө жаны турабы, дагы жазышы керек.

Андан ары дагы эч кандай мааниси жок «сейилдегени чыкты», анан кайра эле «жуунду», «какырынды» дегендер уланып кете берет.

Бир жолу ал: «Артка кылчайып өткөн өмүрүмө көз чаптырдым да, оюмда алды жакты карап тургандай болдум, — күтүлбөгөн жерден, тимеле…» — деп жазды да карап туруп, ошол замат үстөлүнөн тура качты.

Мына! – деди ал өзүнө өзү. Көз жумсаң, мына ушундай саптын үстүндө көз жум. Бүттү. Эми башка эч нерсе жазбайм. Мындан артык жаза албайсың.

Ошондон кийин ал дагы он сегиз жыл жашап, айткан сөзүнө турду: башка эч нерсе жазган жок, үстөлүндө болсо аягына чыкпай калган баягы мыкты сап жазылган барак ошол бойдон жатат.

Жазбай койгондон кийин элдин баары анын жанын койбой тытмалап, сурап да жүрүштү. Ал болсо даанышмандык менен ууртунан гана жылмайып коёт. Ал эми даяр эле. Ал эми зуулдап учкан машинелерден да, түнкүсүн жойлогон безерилерден да, жугуштуу оорулардан да коркпой калган, — ал даяр эле.

Орусчадан которулду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.