АҢГЕМЕ

– Мырза редактор, – деди мага сырттан кирген адам, көзүн өйдө көтөрбөй бутунун башын тиктеп, – мен сиздин тынчыңызды алганым үчүн аябай оңтойсуз болуп, уялып турам. Сиздин кымбат баалуу убактыңызды алып жатканымды ойлосом, кирерге жер таппай баратам… Кудай үчүн мени кечирип коюңуз!

– Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, – дедим жумшак жылмайып, – кечирим сурабай эле коюңуз.

Ал башын ылдый салып, капа болгон немедей унчукту:

– Жок, андай эмес… Сизди убара кылып жатканымды жакшы түшүнөм. Мурда-кийин бирөөлөргө жабыша бергенди билбегендиктен, мен үчүн бул эки эсе кыйын болуп жатат.

– Эч кам санабаңыз! Мен кубанычтуумун. Бирок тилекке каршы, сиздин ырыңыз биздин журналга туура келбей калды.

– Ээ?

Ал таң калгандан оозу ачыла түштү:

– Ушул ыр туура келбей калдыбы??!

– Ооба, ооба. Дал ушул ыр.

Мен анын капкара чачын,
Тарагым келет күн сайын.
Аполлон ачууланбас үчүн,
Токтобой өпмөкмүн ар дайым…

Ушундай сөздөр менен башталган ырбы? Ушул ырды жарабайт деп жатасызбы?

– Тилекке каршы, мен сизге айтып коюшум керек, так ушул ыр бизге жарабайт.

Башка ыр эмес, дал ушул:

Мен анын капкара чачын… деген сөздөр менен башталган ыр жарабайт.

– Эмне үчүн мырза редактор? Бул жакшы эле ыр го.

– Мен жаман ыр деген жокмун. Мага ырыңыз абдан жакты, бирок биздин журналга туура келбей калды.

– Сиз дагы бир жолу окуп көрсөңүз!

– Жок. Мен окудум.

– Дагы бир жолу!

Анын көңүлү үчүн дагы бир сыйра окуп, бир жагынан суктанып жаткандай, экинчи жагынан ал ырды журналга чыгара албай жатканыма өкүнгөндөй түр көрсөттүм.

–Гм… Уруксат кылыңызчы… Өзүм окуп берейин! «Мен анын капкара чачын…»

Анын окуганын чыдап угушка туура келди. Ал окуп бүткөндө кесе жооп бердим:

– Ырыңыз жарабайт.

– Таң калыштуу. Анда мен сизге кол жазмамды калтырып кетейин, шашпай дагы бир жолу окуп көрөрсүз. Балким жарап калар.

– Жок тим эле коюңуз, эмнеге калтырмак элеңиз?!

– Калтырып коёюн. Балким, бирөөлөр менен кеңешип жүрбөңүз я?

– Жок кереги жок дебедимби. Алып кете бериңиз.

– Айла жок, бирок сиздин дагы бир секунд убактыңызды…

– Жакшы барыңыз!

Ал чыгып кетти, мен ага чейин окуп олтурган китебимди кайра ачтым. Китепти ачарым менен арасынан төрт бүктөлгөн ак кагазды көрдүм. Ачып окусам:

Мен анын капкара чачын,
Тарагым келет күн сайын.
Аполлон ачууланбас үчүн…

– Ах, каргыш алгыр! Өзүнүн тантырагын унутуп кеткен тура… Кайра келет эмеспи сандалып! Николай! Эми эле менден чыккан адамды кууп жетип, бул кагазды берип кой.

Николай акындын артынан кууп жетип, берилген тапшырманы так аткарып келди. Саат беште үйгө тамактанып алуу үчүн жөнөдүм. Арабекечке акчасын берейин деп кемселимдин чөнтөгүнө колумду салсам, ал жакка кайдан пайда болгону белгисиз, бүктөлгөн кагаз урунду. Сууруп чыгып ачсам, баягы акындын ыры жүрөт:

Мен анын капкара чачын,
Тарагым келет күн сайын.
Аполлон ачууланбас үчүн,
Токтобой өпмөкмүн ар дайым…

Тиги түгөнгүр аны качан, кантип чөнтөгүмө салып кеткенине таңгалып, ийинимди куушуруп, кагазды ушалап ыргыттым да, тамактанууга кеттим.

Үй кызматкери шорпо берген соң, мага акырын басып келип мындай дебеспи:

– Ашпозчу ашканадан жерде жаткан жеринен бир кагаз таап алыптыр, балким керектүү кагаз болуп жүрбөсүн.

– Көргөзчү.

Кагазды алсам:

– «Мен анын капкара чачын…» Эч нерсе түшүнбөйм! Ашканадан таптыңарбы? Капырай… Бул бир азап болду го!

Ал кагазды тытып ыргыттым да, маанайым пас тамактанууга олтурдум.

– Эмне ойлуусуң? – деп сурады аялым.

Мен анын капкара ча … Туй, иттики!! Эч нерсе эмес сүйүктүүм. Бир аз чарчап калдым окшойт.

Тамак ичилип бүтө жаздаганда эшикти бирөө кагып, мени чакырып жатканын айтышты… Сыртта эшик кайтаруучу кызматкер турган экен, акырын жаңсап ары чакырды.

– Эмне болду?

– Тс… Сизге кат келди! Бир айымдан деп айтышты… Сиз анын каалоосун канаттандырат деп үмүттөнүп жатыптыр!..

Кызматкер бардыгын түшүнөм дегенсип мага көз кысып койду да, түйүлгөн муштуму менен оозун жаап күлүп калды.

Мен бүшүркөп, ал катты айлантып карай баштадым. Каттан аялдардын атырынын жыты бур дей түштү, оозу соргучталып бекем чапталыптыр, ийнимди куушуруп, аны ачканымда:

Мен анын капкара чачын…— деп башталган ыр башынан аягына чейин жазылып жүрүптүр.

Жиним кайнап чыкты, катты майдалап тытып жерге чачып жибердим. Артыман кошо чыккан аялым унчукпай келип майдаланган барактын бир нече айрыгын терип окуй баштады:

– Кимден келди?

– Көңүл бурба! Жөн эле… бир келесоо. Бир тажатма киши.

– Ошондойбу? Эмне деп жазыптыр көрөлүчү?.. Гм… «Өпмөкмүн..»… «…күн сайын»… «кара… »  Акмак!

Бетиме кагаздын айрыктары жаай түштү. Ооруган деле жок дечи, бирок ызаланганымды айтпа.

Ичкен ашым ириң болуп, көңүлүм чөгүңкү, кийинип алып көчөгө чыктым. Көчөнүн кесилишине жеткенде бир бала чөнтөгүмө бүктөлгөн кагазды салууга аракет кылып жатканын байкап калып, аны колдон алдым да, башынан нукуй алып кууп жибердим. Тиштеримди кычыратып жүгүрүп жөнөдүм.

Эч нерсеге көңүлүм жок, шалпайып үйүмө кайтып келип, эшиктин алдынан төрт жашар уулум Володияны киного алып барып келаткан бала багуучу аял менен кездешип калдык.

–Атаке! – деди Володия кубанычтуу кыйкырып. – Мени бир байке көтөрдү! Мен аны тааныбайм… ал шоколад берди… анан бир кагаз берди… Атаңа берип кой деди. Атаке, мен шоколадды жеп алдым, а кагазды сага алып келдим.

– Мен азыр сага көргөзөм, – деп ачууланып кыйкырдым, анын колундагы тааныш ырды жулуп алып: «Мен анын капкара чачын »…– Чоочун кишилер менен сүйлөшкөн кандай болот, азыр билесиң!..

Аялым мени көргүсү келбей, жек көрүп турса дагы ага тапшырылган аманатты аткарууну эп көрдү көрүнөт:

– Сен жокто бир мырза келип кетти. Кол жазмасын үйгө алып келип, тынчыңды алган үчүн катуу өкүнүп, кайра-кайра кечирим сурады. Окуп койсун деп жазган ырын таштап кетти. Мага толтура комплименттерди айтты, – сенден айырмаланып, ал башкалар баалай албаган нерселерди баалай билген мыкты адам экен, – анын ырларына жакшы пикиримди, сага айтып коюшумду суранды. Менимче, жаман деле ыр эмес окшойт. Башкалардыкындай эле ыр… Ах! Капкара чачтар жөнүндө окуганда мени бир башкача карады дейсиң…

Мен ийинимди куушурдум да, унчукпай иш бөлмөмө кирип кеттим. Үстөл үстүндө акындын бирөөнүн чачынан жаны калбай өпкүлөгүсү келген каалоосу жатыптыр. Ал каалоону китеп текчесиндеги сигара салынган кутучадан да таптым. Андан соң ал каалоо түшкү тамакка деп бышырылып, кечки тамакка калтырылган муздак тооктун ичинен чыкты. Анын тооктун ичине кантип кирип кеткенин ашпозчу түшүндүрүп бере алган жок.

Бирөөнүн чачын тарагысы келген каалоону мен уктоого камданып, төшөгүмө жатканда да ошол жерден жолуктурдум. Оңдоюн деп жаздыгымды көтөрө койсом, жерге төрт бүктөлгөн мага тааныш ыр жазылган барак кулап түштү.

Уйкусуз түндөн кийин, үйдөгү кызматчы катын тазалап койгон батинкемди киймекчи болгонумда, батпай жатканынан эңкейип карасам, ар биринде тиги акмактын бирөөнүн кара чачын жанталашып өпкүлөгүсү келген жинди каалоосу тыгылыптыр. Мен иш бөлмөмө кирип, үстөлө олтурдум да басмакананын ээсине, редактордун милдетинен бошотууну суранып арыз жаздым. Арызды кайра көчүрүүгө туура келди, анткени мен жазган арыздын арткы бетинде тааныш кол менен жазылган ыр бар экен:

Мен анын капкара чачын

Орусчадан которгон Абийрбек Абыкаев

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы котормолор конкурсу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.