Буга чейин сынчыл ой жүгүртүү туурасында жалпы маалымат берген элек, эми анын сабактарын ирети менен тааныштырып чыгалы. Эгерде ал жалпы маалыматтар менен тааныша элек болсоңуз, береги эки шилтемени басыңыз:

1) Сынчыл ой жүгүртүү: Базалык принциптер жана ыкмалар

2) Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмалары

1-сабак. Сынчыл ой жүгүртүү: иш көндүмдөрү, шык жана билим

Сынчыл ой жүгүртүү боюнча курстун биринчи сабагында биз аны ийгиликтүү өнүктүрүү жана күнүмдүк, профессионалдык жашоодо колдонуу үчүн кандай иш көндүмдөрүнө жана билимге ээ болуу керектиги туурасында кеп кылабыз. Тагыраак айтканда, сиздер менен сынчыл ой жүгүртүү туурасында аңгемелешип, анын негизин түзгөн иш көндүмдөрү жана өзгөчөлүктөрүн карап чыгабыз. Ошондой эле сиздер аны колдонуунун пайдасы жөнүндө тесттен өтүп, анын учурда сиздин күнүмдүк жашооңуздагы ээлеген орду канчалык экенин билесиздер. Бул маалымат сиздер үчүн абдан пайдалуу жана сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөнүүнү так ушундан баштоо зарыл.

Сынчыл ой жүгүртүү деген эмне

Логикалык жана ырааттуу ой жүгүртүүдө көптөгөн адамдар кыйынчылыкка дуушар болушат. Бирок ой жүгүртүү жөндөмүн башкалар сыяктуу эле ар ким өзү өнүктүрө алаарын түшүнүү маанилүү. Бул үчүн адегенде дегеле  сынчыл ой жүгүртүү деген эмне экенин билип алып, анан анын ыкмаларын практикада колдону керек. Ой жүгүртүүнүн психологиясы жаатындагы америкалык психолог  жана адис Дайана Халпердин китебине кайрыла турган болсок, сынчыл ой жүгүртүүнүн негизги иш көндүмдөрүнүн баалоо жөндөмү, бүтүм чыгаруу, түшүндүрүү жана талдоо, байкоо ж.б. сыяктуу бүтүндөй бир комплексин көрүүгө болот. Андан тышкары, сынчыл ой жүгүртүү логиканы пайдаланат жана бир нече интеллектуалдык негиздерге: айкындуулукка, тактыкка, тереңдикке, маанилүүлүккө, кругозорго жана адилеттүүлүккө таянат. Мейли, азыраак даражада болсо да мында ажырагыс бөлүктөр катары да баалуулук аныктамалары жана чыгармачылык кыялдар эсептелет.  Бир аз башкачарак жана жөн тил менен айтканда,  сынчыл ой жүгүртүүнү акыл-эсти жана интеллектуалдык жөндөмдү пайдалануу менен байланышкан таанып-билүүнүн активдүүлүгү катары мүнөздөсө да болот.

Адам сынчыл ой жүгүрткөндө, алынган маалыматтарды баалайт жана талдайт, көңүл буруу, категориялаштыруу, тандоо, сындоо ж. б. ушул сыяктуу ой жүгүртүүчү операцияларды колдонот. Сынчыл ой жүгүртүүнү пайдалануу адамга бир нече талаптарды коёт.

Сынчыл ой жүгүртүү: иш көндүмдөрү, шык жана билим

Сынчыл ой жүгүртүүнү ойлоо процесси катары кароо менен биз ал адамдан бир канча иш жөндөмдөрүн талап кыларын көрөбүз. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • Башка адамдын позициясын аныктоо жөндөмдүүлүгү, анын жүйөөлөрү жана жыйынтыктары
  • Альтернативалык позициянын күбөлүгүн баалоо жөндөмү
  • Карама-каршы жүйөөлөрдү жана күбөлөрдү адилет жана калыс баалоо жөндөмдүүлүгү
  • Туура эмес жана жаңылыш карама-каршылыктарды аныктоо, көмүскө ишараларды көрө билүү,  айтылбай кеткен ойлорду окуй билүү жөндөмү
  • Башкаларга салыштырмалуу конкреттүү позицияны кызыгаарлык кылуу үчүн колдонулган  ынандыруунун мүмкүн болгон бардык ыкмаларын  же жаңылыш логиканы тааный билүү жөндөмдүүлүгү
  • Жыйнактуу ой жүгүрткөндү билүү жана ойлонуу процессин логика жана көрөгөчтүк менен кошумчалоо
  • Акыл-эстин чегинде жол берүүнү жана бекем күбөлөрдү жетекчиликке алуу менен корутундулардын аныктаган жана негиздүүлүгүн аныктоо жөндөмү
  • Өздүк пикирди калыптандыруу үчүн маалыматты жалпылай билүү жана далилдер жөнүндөгү талкууларды бириктире билүү жөндөмдүүлүгү
  • Өздүк көз карашты негиздүү,  жыйнактуу жана ишенимдүү формада бергенди билүү жөндөмдүүлүгү.

Америкалык мыкты педагогдордун бири Роберт Эннис  да 1987-жылы сынчыл ой жүгүртүү менен байланышкан жөндөмдүүлүктү жана аныктамаларды ажырата алган. Алар төмөндөгүлөр:

  • Нерселерге ишенбөөчүлүк менен кароо жөндөмдүүлүгү
  • Талкуулоо жөндөмдүүлүгү

Скептицизм туурасында учкай айта кетпесек, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү туурасындагы кеп толук болбой калат.  Сынчыл ой жүгүртүү жаатынан алганда, скептицизм адам кездешкен бардык нерселерге  ишенбөөчүлүк менен карайт дегенди билдирет. Бул адам уккан, көргөн нерсенин баарына эле ишенбейт дегенди түшүндүрбөйт – ал эгерде кандайдыр бир кошумча маалымат ала турган болсо, анын көз карашы өзгөрүшү мүмкүн деген фактыны гана моюнга алат.

Башкаларга караганда баары нерсенин баарына ишене берген же, тескерисинче, эч нерсеге ишенбеген адамдар бар. Мында себеп адамдын жеке сапаттарында да, турмуштук тажрыйбасында да катылып жатат.  Бирок сынчыл ой жүгүртүү деген тубаса өзгөчөлүк да, мүнөз да болуп эсептелбейт – бул окуяларды аныктуу бир таризде түшүндүрө турган конкреттүү усул болуп эсептелет. Скептиктер жөнөкөйлөштүрүлгөн мамиле жасаса, ишенчээк кишилер – баарынан конструктивдүү түрдө шектене бериши ыктымал.

Талкууга келе турган болсок, анда бул жерде рационалдуу ой жүгүртүү туурасында көбүрөк кеп жүрөт. Талкуу эреже катары дайыма адамдын өзүнөн башталат. Бул мындайча байкалат:

  • Адегенде адам эмне үчүн бирдемеге ишенерине же бирдемени жасагандыгына себептерди табат жана бул кандай себептер экенин аңдап билет
  • Андан кийин ал өз иш-аракеттерин жана ишенимин сынчыл көз караш менен баалайт
  • Натыйжада ал өз иш-аракеттеринин жана ишениминин себептерин айланасындагыларга түшүндүрүп бере алат.

Бир караганда мунун баары жөнөкөй, анткени биз эмнеге ишенип жатканыбызды жана эмне үчүн ишенерибизди билгендей сезилет. Бирок айрым учурларда бизде шектенүү пайда боло баштайт жана мындан улам өзүбүздүн ишенимибиз баштагыдай чындык болбой калгандай сезилет. Өзүбүз билген маалыматтын толуктугу туурасында чынында түшүнүгүбүз да жок экени көзгө көрүнө баштайт жана биздин уккан-көргөндөрүбүз болгону вариациялардын бири го деген ойго келебиз.

Кээде биз бирдемени туура түшүндүрүп жатабызбы, туура аракет кылып жатабызбы деген шектенүү жаралат. Андыктан биз байкоо жөндөмдүүлүгүбүздү өнүктүрүүбүз жана өзүбүздүн ой жүгүртүүбүздүн, ишенимибиздин, иш-аракеттерибиздин негиздерин үйрөнүүбүз зарыл, анткени бизге кандай болбосун, сынчыл талдоо жүргүзгөнгө так мына ушулардын жардамы тиет.

Биз башка адамдардын пикирин талдап сындаганда төмөнкү ой жүгүртүүчү операцияларды жүргүзүүбүз керек:

  • Талкууну жана анын негизинде жасалган бүтүмдү аныктоо
  • Маектешибиздин оюн кантип тандап, сыйыштырып жана жайгаштырганын талдоо
  • Ой жүгүртүү кай даражада бүтүмдөрдү тастыктап турганын баалоо
  • Ой жүгүртүүнүн негиздүүлүгүн жана далилдүүлүгүн баалоо
  • Ой жүгүртүү процессиндеги так эместиктерди аныктоо.

Ой жүгүртүүнү биз күн сайын кадыресе жашоодо колдонобуз. Бирок окууда же жумушта бизге формалдуу структурасы бар (мисалы, отчеттор, докладдар ж.б.) бир аз башкача ой жүгүртүү керек болот. Мындай ой жүгүртүүнү калыптандыруу үчүн кошумча көндүмдөр талап кылынат, тактап айтканда:

  • Тандоо жана ой жүгүртүүнү курамдоо (бүтүмдү тастыктоо үчүн керек)
  • Ырааттуу жүйөөлөштүрүү көндүмү
  • Логикалык тартипти колдонуу көндүмү
  • Сүйлөө каражаттарын натыйжалуу пайдалануу көндүмү (ой жүгүртүү процессин элестетүү үчүн керек).

Сынчыл ой жүгүртүүгө кызыккан ар бир адам базалык үч билимге өзгөчө көңүл бурушу керек. Алардын арасында:

  • Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү. Сынчыл ой жүгүртүү – тартипке салуу, категориялаштыруу, тандоо, дифференциялоо, салыштыруу жана карама-каршы коюу жөндөмдүүлүгү.
  • Эмоцияларды көзөмөлдөө. Сынчыл ой жүгүртүүдө эмоция болбойт, бирок ар кандай учурда эмоция басымдуулук кылып кетиши мүмкүн. Бул кадыресе көрүнүш, анткени ар кандай позиция менен көз караштардын ортосунда тандоо жүргүзүүгө туура келет. Кай бир учурларда бизди күтүүсүздөн чыга калган жүйөөлөр же бизге кереги жок тастыктоолор түз багыттан чыгарып жибериши ыктымал. Көп учурда эмоционалдык туруксуздук кырдаалды начарлатат, андыктан эмоционалдык абалды көзөмөлдөй билүү пайдалуу, натыйжалуу иш көндүмү болуп саналат, анткени ал логикалык далилдерди келтирүүгө жана аңгемелешти ынандырууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Изилдөөлөр жана билим. Сынчыл ой жүгүртө билген киши деле кай бир учурда жакшы, ынанымдуу далилдерди таппай калат. Сынчыл ой жүгүртүү – бул жекече изилдөөлөрдү жүргүзүү да көндүмү. Кайсы бир маселе боюнча маалыматтарды издеп табуу жөндөмдүүлүгү жашооңузду алда канча жеңилдете турганы эсиңизде болсун.

Сынчыл ой жүгүртүү мындан тышкары, адамдан тактыкты, этияттыкты, ошондой эле туура жооп табууга тынымсыз умтулууну талап кылат. Бул төмөнкүлөрдү билдирет:

  • Теманы жакшы билүү жана кыйла так натыйжага жетиш үчүн калыс болуу, б. а. жеке каалоолорду, ишенимди, кызыкчылыктарды четке коё билүү
  • Предметти ар тараптуу кароо, б.а. маалыматты ар кандай көз караштан изилдеп чыгуу
  • Деталдардын максималдуу санын билиш үчүн бир эле маселени бир канча жолу талкуулоо
  • Маселени жалпысынан аныктоо үчүн деталдарга кунт коюу, б.а. баамчылдыкты өнүктүрүү жана эң эле майда деталдарды аныктай билүү
  • Тенденцияларды жана мыйзам ченемдүүлүктү аныктоо, б.а. маалыматты талдоо, иретке келтирүү, кайталанган жана окшош жерлерин аныктоо
  • Алыскы келечекти жана мүмкүн болгон натыйжаны карап чыгуу, б.а. азыр чындыктай көрүнгөн нерсе бир нече убакыттан кийин шек жаратууга мүмкүн экенин эске тутуу.

Натыйжалуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө кол кабыш кылар дагы бир маанилүү компетенция болуп өзүнө талдоо жүргүзүү. Сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, биз айткандай, талкууну так кылуу жөндөмдүүлүгүн билдирет. Бул процесске көптөгөн факторлор таасир этет жана аларды сөзсүз билүү керек, анткени муну билбей туруп, болуп жаткан нерселер туурасында калыс маалыматтарды алуу кыйла көйгөйлүү.

Бул факторлор ар кандай болушу ыктымал. Маселен, ишенимди, кызыгуучулукту, адаттарды, стереотиптерди, божомолдорду алсак болот. Мунун баары биз үчүн ылайыктуу жана нормалдуу, биз булардан эч качан шектенбейбиз.

Сынчыл ой жүгүртүү: Базалык принциптер жана ыкмалар

Сынчыл ой жүгүртө билген адам алсыз жана күчтүү  жактарды абдан бат кабыл алат.  Ал өз кызыкчылыктарына, билимине, жүйөөлөрүнө, билим деңгээлине баа берип, ой жүгүртө алат.

Өз кемчиликтириңди моюнга алыш үчүн дайыма эрдик керек. Өзүң жөнүндө кандайдыр бир жаңы нерсени билүү жагымсыз болушу мүмкүн, анткени адамдардын көпчүлүгү өзү туурасында жакшы гана ойлойт. Адам өзү ишенген гана нерсени кабыл алып, ага бекем ишенет жана андан дээрлик шектенбейт.

Сынчыл ой жүгүртүүнүн натыйжасында адам тосмонун ары жагында болуп калышы ыктымал экенин эскерте кетели, андай болгондо жакын адамдар, туугандар, кесиптештер, достор менен пикир келишпестик келип чыгуу тобокели бар. Өз көз карашын коргоо – күчтүү, тайманбас адамдардын иши, бул айрыкча өз көз карашынын туура эместигин моюнга алган учурда даана байкалат.

Жогоруда айтылгандардан улам сапаттуу жана калыс өздүк талдоо жүргүзүү жөндөмдүүлүгү сынчыл ой жүгүртүүнүн ракурсундагы эң маанилүү компетенциялардын бири болуп саналат. Ошондуктан биринчи кезекте өздүк баа берүүнү туура калыптандыруу керек, өзүңдүн кемчиликтериңе жана терс мүнөзүңө акыл-эс, калыс мамиле жасоо зарыл, мүмкүн болушунча аларды таптакыр четтете албасаң да, окуяларды, көрүнүштөрдү, фактыларды талдоого жолтоо болбос үчүн олуттуу кайрадан иштеп чыгуу керек.

Эгерде сынчыл ой жүгүртүү туура жана жетишерлик даражада өнүктүрүлгөн болсо адамга башкаларга караганда олуттуу жеке артыкчылыктарды сунуш кылат. Сынчыл ой жүгүртө билген адамга туура ойлонулган тандоо жасоо оңой жана ал бардык жерде өз пикирине ээ, аны коргоп, негиздей алат, айланасындагы адамдарды уга билүүгө жөндөмдүү. Мындай адам өзүнүн жана башкалардын тажрыйбасын талдоого таянып бүтүм чыгара алат жана эч качан текшерилбеген маалыматка таянып корутунду жасабайт, аны четтен башкаруу да оной эмес.

Дагы бир маанилүү жагы – сынчыл ой жүгүртө билген адам өз катачылыктарын жана пикиринин жаңылыштыгын моюнга ала алат жана башка адамдардын пикирине ал өзүнүкүнө каршы келген күндө да урматтоо менен мамиле кылат.

Сынчыл ой жүгүртүүнүн пайдасы жеке жашоодон гана эмес, кесиптик чөйрөдө да, окууда да көрүнөт жана адамдын башкалар менен мамиле кылуусуна, нерселерди түшүнүүсүнө, жекече натыйжалуулугуна таасир этет.  Бул маселенин маанисин эске алуу менен биз сиздерге сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана аны жумушта, окууда колдонуу боюнча бир нече сунуштарды бермекчибиз.

1

Түшүнгөндү үйрөнүңүз

Сынчыл ой жүгүртүү – биз кезигишкен нерселерди кыйла терең түшүнүүнүн мыкты каражаты. Мисалы, окууда бул кайсы бир сабак, анын негизги теориялары жана жүйөөлөрү болушу мүмкүн; жумушта – изилдөө чөйрөсү, ишмердүүлүк жааты болушу ыктымал.

Түшүнүүгө жетишүүнүн мыкты усулдарынын бири – изилдөөлөрдү өз алдынча аткаруу же кайталоо. Бирок окуу жайларында жана жумушта биз кездешкендин баарын изилдегенге дайыма эле убактыбыз боло бербейт.  Ошондуктан терең түшүнүүнүн убакыт менен, эксперименттер жана турмуштук тажрыйба аркылуу жетишиле турган альтернативасы катары сынчыл талдоону жана башка адамдардын эмгектерин пайдалануу боло алат.

Бул ыкманы ишке ашырууга керектүү нерсе – бул башка адамдар жасаганды сын көз менен талдай билүү. Бирок бул бирөөгө оңой болсо, башкага оор болушу мүмкүн, андыктан ал эч кандай шектенбей, талдоо жасабай туруп эле ар кандай натыйжага ишенүүгө даяр. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн болгону “Мен муну кайдан билдим?” жана “Мен буга эмне үчүн ишенем?” деген эки гана суроо коюу керек.

Мындай мамиле изилдөөлөргө чексиз ишенген студент үчүн да, менеджер, ишкер, дегеле ар кандай адам үчүн натыйжалуу.

2

Оң жана терс жактарды изилдеңиз

Сын, биз аны кайсы жагынан алып карабайлы, бир нерсенин оң жана терс жактарына талдоо жүргүзүү дегенди билдирет. Кемчиликтерди да, артыкчылыктарды да жана ошондой эле аларга ынанымдуу жүйөөлөрдү таба билүүгө үйрөнүү керек. Эмне натыйжалуу, туура жана таасирлүү экенин ушул гана баалай алат.

Сынды сабаттуу баалоо адамга тигил же бул нерсе эмнеликтен жакшы же жаман, эмнеликтен бул иштейт да тигиниси иштебейт же ийгиликтүү экени боюнча жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Автор: Крил НОГАЛЕС

Булак: https://4brain.ru/critical/#1

Уландысы>>>>>>

Бахтияр ШАМАТОВ

Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмалары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.