1-2-главалары>>>>

3-глава

Колдо бар алтындын баркы жок деп туптуура айтылган.

Болгону бир нече күн мурда Солоникте баалай турган нерселердин баары бар эле: өз батири, машинеси, акча, жакшы маяналуу иши, башкысы – каалоолору менен мүмкүнчүлүгүн айкалыштырып жашаса болмок.

Эми мунун бири да жок.

Эми ал киши эмес, ал сегиз жылга соттолгон, анүстүнө бүткүл союздук издөөдө жүргөн кылмышкерге айланды. Өткөн жашоосун биротоло чийип салса, алдыдагы келечеги саздан көтөрүлгөн тумандай бүдөмүк, белгисиз эле.

Издөөдө жүргөн киши эркин кишиден абдан эле айырмаланып турат. Ал эркиндикте жүргөнү менен түрмөнүн темир тору анын жүзүндө байкалгыс элес болуп турганы турган. Мындай шордуу менттердин көзүнө чалдыккандан коркот, документтерди текшерчү адамдар котологон жерлерден алыс карманат, мындай пенде жашоонун кенедей кубанычын да көрө албайт.

Мындай пенде арга жоктон коңулга качат, өз атын, фамилиясын да унуткусу келет, көнүмүш адаттарын, кызыгууларын өзгөртүүгө мажбур, күлсө күлкүсү окшошпой, караганы дайыма шектүү.

Мындай шарттарда адам психикасы бат эле бузулат, ал жанындагы кишилердин баарынан шек санай берет, аргасыздан башына баары бир күн менттер кармап барып тыгат, өмүр бою ушинтип качып-бозуп жүрүүгө мүмкүн эмес экенин түшүнгөн ой келет. Жанагы «өкмөттүн укуругу узун» деп айтылган кеп абдан туура, адилет айтылган: шору каткан бул качкын жашоого тойгондордун арасында акыры чыдабай, өзүлөрү ыктыярдуу түрдө менттердин колуна түшүп бергендер толтура.

Издөөдө жүргөн киши жашоонун баасын абдан сонун түшүнүп калат, анын ичинде башкы нерсе – бул эркиндик экенин жон тери менен сезет.

Шаар сотунун имаратынан ошондогу тайманбас капылет качуудан кийин зэк Солоник  да эми таптакыр жаңы жашоо башталып келатканын туйду.

Ал ойлогон ошол жашоо да башталды…

Жергиликтүү ШИИБ бутуна тик тургузулду: мындайды Курган али өз тарыхында көрө элек болчу. Күзөттүн начальниги катуу жазага тартылды, бирок андан абал жакшырып кетпеди, качкындын изин суутпай кармоо ишке ашкан жок.

Издөө мындай учурга ыңгайлаштырылып иштелип чыгылган атайын «Кармоо» операциясынын бардык эрежелери боюнча жүрдү, өз үйү, тууган-уруктун, дос тааныштардын турган жерлеринин баарына буктурма коюлду, прокуратуранын санкциясы менен телефондор тыңшоого алынды, штаттык кийимчен патрулдар темир жол, аэропорт, вокзалдарды шимшилеп жер-сууга батпай өрүп жүрүштү. Качкындын сүрөтү «Алар милициянын издөөсүндө» маалымат тактасына илинди.

Бирок мунун баары куру аракет эле: качкын жер житип кеткендей эч жерден табылбай да, байкалбай да койду. ИИМдин жергиликтүү башкармасынын начальниги офицерлерин четинен кууруп жеп, тигилер болсо жиндерин кол алдындагылардан чыгарып, биринин канын бири ичип, бирок натыйжа болбоду. Чыны, качкынга түспөлдөш бирин-экин кайсы бир шордууларды кармаган болушту, бирок алардын ким экени аныкталган соң коё берүүгө туура келди. Кургандык РИИБилердин начальниктери кармалгандын кимисин болбосун Солоник деген ушул деп генералды өлө-тала ишендиргенге даяр эле…

Май айынын бажырайган жылдыздуу көгүлжүм кара асманы ээн трассанын үстүндө асылып турду. Анда-мында алыстан күүлдөп келип өтө түшкөнү болбосо ары-бери зуулдаган деле машине жок. Тигине, көөдөй караңгы түндү жарыгы кескен оор фуралуу “КамАЗ” келатыры. Мотордун үнүн угаары менен Курган-Тоболь шоссесинде жөө-жалаңдап кетип бараткан жапалдаш бой караан өзүн четке урду, антпесе жарым түндө, шаардан элүү чакырым алыс, трасса бойлоп бараткан неме кимдин болбосун шектенүүсүн жаратмак.

Азырынча иштин баары ал ойлогондой болуп турду. Мунун планы жөнөкөй эле: мүмкүн болушунча ага капкан болуп калган шаардан алыстап кетиш керек, бактыга жараша коюлган капкан чабылганга үлгүргөн жок, ал убагында шаардан чыгып кетти.

Качкындын иши курусун, мергенчиден качкан жырткыч  да буга караганда абалы алда канч жакшы эле, анткени жырткычтын азуусу, тиши, тырмагы бар, мунун жадагалса, калем учтаганга жараар макиси да жок болчу. Мындай болорун ким билиптир дейсиң…

Саатына карады – колундагы жебелери күйчү “Командирский” түнкү үчкө ооп кетиптир. Бир арга табыш керек.

Саша түндү ынтаа коюп шыкаалай тикирейип карады – элүү кадамдай арыраакта бир нече чубалжыган фура тартып алган, боорунда “Совтрансавто” деген жазуусу бар  “КрАЗ”, “КамАЗ” жана “МАЗ” турат. Айдоочулар кимисинде эмне болсо бар тамагын ортого чыгарып, ар кайсыны бажыраша кеп уруп тамактанып атышкан экен. Чеккен тамекилеринин кескин жыты мурунга уруп, каңылжаарды кычыштырып жатты.

Пенденин жаратылышы ушул – оорчулук башка түшкөндө дайыма адамдарга ыктап турат. Ошондон болсо керек, качкын да дальнебойщиктерге жакындап барууну чечти, анүстүнө түн бир оокумда булардын арасында менттер кайдан болмок эле…

Жакын барып дагы бир жолу карады, эми шоопурлардын баарын даана көрүп турду. Жайбаракат ар нерседен кеп уруп отурушат, бирөөсү трассадан илип кеткен арзан жалаптарды божураса, башкасы “сол” жүктү айтып, үчүнчүсү өзүлөрү минип жүргөн мына бул машинелер дүйнөдөгү эң сапаттуу, ишенимдүү унаа экенине жетине албайт, айтор, жанрдын классикасы деп койсо болот: бул шоопурлар эс алып аткандагысы. Машинелердин номерлери да жалаң тюмендик, сверловдук, омскилик экен, анан булардын арасында менттер кайдан болсун…

Сыртынан камырабаган жай киши болуп көрүнүмүш этип Саша машинелерге жакындап барды, бакылдашып отурган ээлерине салам айтты:

— Кайырлуу кеч, жигиттер, — жөнөкөй салам берди. – Силерге кошулууга уруксат бекен?

Ай талаада, караңгы түн жапкан асман астында аткарган эмгегине арзырлык эс алып отурган эркектер дайыма ак көңүл, меймандос келишет. Булар да ошондой болуп чыкты. Түн катып ээн жолдо калган жолоочуну жайма дасторконго чакырбай коюу, жети түндө кандай себептерден улам сапарга чыкканын сурамжылап, ал-акыбалын сурабай коюу ыңгайсыз.

Ошентип аларга арашып кеткен Солоник ачкалыктан өзөгү катып турганын билдирбей жайбаракат тамактанып, ойдон чыгара салган аңгемесин айтып отурду. Ал вахталык ыкма менен геологиялык чалгындоо тобунда иштейт, жумуштан кийин поселоктогу убактылуу үйүндө эс алып жаткан болот, анан эле Тюменде калган кош бойлуу аялы телеграмма урган экен, – жубайы эркек балалуу болгонун сүйүнчүлөптүр! Ошентип түнгө карабай аялын көздөй жолго чыгып, жөө уруп баратканын айтат. Мындайда жөө болсо да жетип барып жанында турбаса кандай… Кечки рейстеги автобуска үлгүрөм го деген, бирок ага жетишпей, эми минтип кетип бараткандагысы…

Ойдон чыгарылган окуя ушунчалык ишенимдүү эле, ал кабылган кырдаал шоопурлардын сезимин козгоп, шектенүүнү таптакыр жоготту, жоготмок тургай, тигилердин баарын суктантып, жетине албай барбалаңдаган шоопурлар муну урматтап, кимиси болбосун, кабинасына сала кеткенге даяр эле. Ананчы, түнгө карабай уулунун туулганын угуп, алыс жолго коркпой этпей аялына жөө жөнөгөн чыныгы эркектин иши эмей эмине…

Сезимдери коргошундай балкылдап эриген шоопурлар мындай жакшылыктын урматына аз-маз суу кошулган таза спирттен да сеп этпесең болбойт ко деп сунуштап калышты, бирок жолоочу ыраазылыгын айтып, андан ошол замат баш тартты: кызуу болуп алып төрөтканага кирип барса, ал жактагылар эмне деп ойлойт?.. Чын эле дешти ага болгон урматы ого бетер арткан карапайым айдоочулар.

Килейген каралжын жашыл “МАЗ” бир сааттан кийин күрүлдөп от алып, сапарды улаганга даяр турду. Жолоочуну абдан сыйлап калган айдоочусу аны Тюмендин как ортосуна, керек болсо, төрөт үйүнүн дарбазасына чейин алып барып таштап коёрун айтканда, көктөн издегени жерден табылган Саша буга жан дили менен макул болду.

Эми башкысы, Тюмень облусунун чек арасына чейин жетип алса болду. Издөө жарыяланганы менен ал азырынча Курган облусунун чегинен тыш чыга электиги анык. Жергиликтүү милициянын чоңдору буга шашылбайт деле болушу керек, анткени ким эле өзүн табалаган ха-ха шылдыңга салып берсин. Камайм деген кишиси түз эле сот залынан качып кетиптир, ооздорун ачкан күзөтчүлөрү кай жакты караган деп башкалар күлбөйбү.

Анчалык чоң Салобаево аталган кыштакчага жетип жетпей тюмендик менттердин бийлиги башталат, алардын болсо коңшулаш Кургандын милициясында эмне болуп атканын уруп да койгон жери жок. ИИМдин мурдагы сержанты муну эң сонун билет.

Солярка, махорканын, кургатылган колбасанын, саланын жана керосиндин жыты аңкыган “МАЗда”эптеп чыдаган Саша Тюменди көздөй кетип баратты.

— Тууган, сен непадам укпадыңбы, эмне болгон бандит качыптыр? — деп күтүлбөгөн жерден оюнда эч нерсе жок шоопур барк эте сурап калды.

— Кайдан качыптыр? — камырабаган түр көрсөткөн жолоочу кайра суроо ыргытты.

— Шайтан билеби, абактан качкан го. Мен таң атпай Кургандан чыкканда мусурлар эки жерден токтотуп текшеришти. Сен эч нерсе уккан жок белең? – шоопур тамеки алып чыгып тутантты.

— Кайдан, качкан бандиттерди ойлогонго чолом да жок, башка иштерим ашып-ташып атат…

— Түшүнөм…

Бир нече убакыт унчукпай барышты. Түн пардасына тикирейип тигилген Солоник облустардын кошулган чегинде милициянын кордону бар же жокпу деген сар-санаага батып баратты, эгерде ал жакта мусурлар чыкчу болсо бирдеме кылыш керек…

Айдоочу болсо өзүн кызыктарган жанагы темага кайрадан бурулду:

— Мен жигиттер менен качкан кылмышкер туурасында сүйлөштүм, алар айтып атышат, качкан неме эки күзөтчүнү жайлап, автоматтарын огу менен алып кетиптир дешти.

— Мүмкүн, болсо болгондур, — көңүлкош ийин куушуруп койду Саша. – Азыр заман ушундай болуп калбадыбы…

— Качып кайда бармак эле, баары бир колго түшөт, — далнебойщик тамекинин күлүн ылдый силкип койду. – Кандай дейсиң?

— Ким билет, кармай албайт ко, — деди Солоник күтүлбөгөн жерден.

— Эмнеге?

— Автомат менен качкан болсо – балээниби, кармаш кыйын. Беш-алты мусурду ала жатат. Тирүү колго түшпөсү да ыктымал, анын ордунда мен болсом так ошентмекмин, — чын пейлинен айтты Солоник.

— Оор “МАЗ” жайбаракат, саатына элүү чакырым ылдамдык менен кетип баратса да Тюмень облусунун чек арасы жакындагандан жакындап келатат. Чын эле ал жактан менттер тосуп турсачы?..

— Бул биринчи балаңбы?

— Эмне? – өз ойлоруна алектенген жолоочу түшүнбөй кайра сурады.

— Биринчи балаңбы деп атам, — шоопур суроосун кайталады.

— Аа, ооба, — деп койду жылмайган Саша айдоочуга бурулуп.

— Эми барып алып кубанганыңдан бир ай бою согот болушуң керек, — деди үнүнөн суктанганы ачык байкалып турган шоопур. – Эсимде, менин Ванькам туулганда автоколоннадагы балдар менен көз ачылбай ичкенбиз. Арак түгөнсө самогонго өтүп, ал да калбаганда эки акуммуляторду спиртке алмаштырып да жибергенбиз!

Мындай окуяга карата мыйзамдуу араккорчулук туурасындагы кеп куткара турган ойго түрттү качкынды.

— Уксаң достум, менин аталаш бир тууганым МАИде сержант болуп иштейт. Мыкты жигит, бирок кемчилиги — арак дегенде тимеле шишенин түбүнө түшүп кетмейи бар, — деди жашоосунда туура эмес жолго түшүп алган тууганына кейимиш эткен Саша.- Кыязы, ал ушул жакта дежурстводо болсо керек. Балким бизди токтотуп да калгысы бардыр.

— Токтотсо эмне экен?- ишенимдүү айтты рулду жайбаракат тегеренткен шоопур, анын бекемдиги Сашага да өткөндөй болду.

— Айтайын дегеним, менин балалуу болгонумду туугандардан уккан болушу керек, эми көрсө жабышат да калат, анан аны менен кеминде үч күн ичиш керек. Өзүң билесиң, ансыз да ыткытып араң турган мындайлар оңой менен коё береби.

— Жабышса ичпей кой да!- деди түк каамырабаган шоопур.

— Аялыма ыңгайсыз болуп турам – бечара атайын медсестраны чуркатып телеграмма урдурса, а мен жууйт элем деп жарым жолдо эки-үч күн кармалып калсам, капа болбойбу?

— Ичкиң келбесе ичпей кой да.

— Мындай кылбайлыбы, кокус менттер токтотчу болсо эч ким жок, жалгыз баратам деп айтып коё аласыңбы? – реакциясы кандай болор экен деп анын жүзүнө тигилген Солоник. – Мен болсо тетиги жата турган жериңе чыгып бекинип алайын. Тюменге жеткенде ойготуп койсоң болду, макулбу?

Дальнобойщик сөз кайтарбай ийнин куушуруп койду,

— Макул, жаткың келсе чыгып жата бер, жеткенде ойготуп коём.

Бир мүнөт өтпөй Саша орундуктун артындагы бийигирек уктоочу жерге жатып алып, алды жакты теше карап баратты.

Чын эле жыйырма мүнөттөн кийин алдыда милициянын посту көрүндү: ак портупея асынган МАИчилер патрулдук “уазиктин” жанында турушкан экен.

Сороктогон ала таяк сунула берди да, оор “МАЗ” кыйчылдап жолдун оң четине бурулуп токтоду.

Солоник төшөк менен төшөк болуп жабышып калды, абага сиңип көздөн кайым болуп кетсе кана…

Шоопур айтып салбас бекен?

— Милициянын ага сержанты Кириленко, документтериңизди көрсөтүп койсоңуз, — деген үн кулагына жетти.

Шоопур эшикти ачып жерге секирип түштү.

— Мархамат…

Көз жүгүрттү да:

— Келатып эч кандай шектүү кишини учуратпадыңызбы? – деп сурап койду МАИнин чарчап турган сержанты.

— Жок.

— Эч кимди отургузган жоксузбу?

Качкын так ушул маалда приборлорго көз чаптырды. Машиненин ачкычы ордуна сайылган бойдон турат, алдыда болсо ээн жол. Непадам шоопур айтып салса же кыраакы сержант салондун ичин тинтип калса, анда бир эле жол калат — аны жолго ыргытып салып, “УАЗИКти” талкалай сүзүш керек да, айдап кете бериш керек, кете бериш керек… Куугун жетпегидей алыс барып машинени таштап, андан ары кайра жөө кете бериш керек. Эми ага баары бир, жогото турган эч нерсеси жок.

— Эч кимди салган жокмун, — шоопурдун ишенимдүү үнүн уккан Саша ичинен аны айтканына бектиги үчүн ичинен алкап жиберди.

— Жолуңуз шыдыр болсун, анда.

Оор фура акырын жылып кайра трассага чыкты да Тюменге карай жолун улады.

— Бул жерде дегеле турчу эмес булар. Кыязы жанагы качкан бандитти издеп атышат окшойт, — тамеки түтөткөн шоопур күңкүлдөп сүйлөнүп алды. – Кызык, кармай алышаар бекен?

“МАЗдын” айдоочусунун түшүнүгүндө эки кызыл шапкени жан тындым кыла жыга чаап, автоматтарын көтөрө качкан кылмышкердин бою жанагы жомоктогу балбан Илья Муромецтей эки метрден узун болсо керек, көздөрү да ичине тартып канталап турса керек, андайды дароо эле тааныса болот да.

Мына бул ыркыйып артта жаткан кичинекей неме кылмышкерге дегеле окшобой турду. Үй-бүлөм дегенде эт бетинен кеткен, даяр турган аракты да ичпей бараткан бул неме кайдан жүрүп коркунучтуу кылмышкер болсун? Качмак тургай өзү араң басат ко…

— Жанагы тоскон мент сенин агалаш тууганың эмес бекен? – кызыгып сурады айдоочу.

— Бардык адамдар эле бири бирине тууган эмеспи, — тиги түшүнбөгөн философиялык жооптуу узатты качкын. – Тюменге дейре дагы алыспы?

Бүткүл Сибирде ушул Тюменден өткөн таңгалыштуу шаарды таппайсың. Өнүккөн социализмдин тушунда күрдөөлдүү комсомолдук жаштар курулушу жүргөн бул жер жок эле дегенде үч нерсеси менен айырмаланып турчу – биринчиси, бул чөлкөмдө нефти менен газдын кенине эсеп жок эле, экинчиси, опурап-топурап каттап турган эл арбын эле, анан үчүнчүдөн, криминал араанын ачкан опурталдуу да жер боло турган.

Саша убактылуу баш калкалап турар жай катары ушул Тюменди бекеринен тандаган эмес, анткени топурап эл батпаган калаада кайсыл тешик болсо да култ этип кирип кетсең болот.

Адегенде жергиликтүүлөр менен ымала түзгөн Солоник четирек жактагы жумушчулар жатаканасына орношту. Бул жерди жатакана деп айтканга деле ооз барбайт, акыр-чикир толгон, кудайдан жөө качкандын баары байырлаган ыпылас түнөк. Жашагандар да ар кандай: вахтага келип кетип иштегендер, геологдор, анан абактан бошонуп келген мурдакы зектер. Иши кылса ар кошкон элдин балга үймөлөктөгөн чымындай бул жерге ашыгып келаткандагы максаты эле акча табуу. Жатакананын оозунда вахтер деле жок экен, эшиги күнү-түнү аңкайып ачык, андай болгон соң түбүнө түшкөн араккорчулук, кудайды карабай уурдамайлар бул жерде кадыресе көрүнүш.

Мындай жерде жашаган мүмкүн эмес эле, анүстүнө менттер каалаган учурда түн кирери менен бул жерди тегеректеп курчап, тос-тополоңун чыгара текшерип турушчу. Ары ойлонуп, бери ойлонуп башы маң болгон Саша акыры тынч жана коопсуз жашоонун бирден бир туура жолун тапты – өзүнүн батири бар жалгыз бой аялзатын таап, үстүнө кирип алышы керек эле.

Андай аял да бат эле табылды.

Кара чачтуу, сымбаты да келишкен, жашы жыйырма бештеги (өзү ушинтип айтты) эрден ажыршакан, баласы жок, жалгыз бой Анжелика шаардын так ортосунда бир көмүттүү батирде турат экен. Анүстүнө кесиби да бул чөлкөмдө башкаларга караганда интеллигенттүү болуп чыкты, жигитке өзүн «косметолог-мастермин» деп тааныштырды. Шашпай карап дурусураак башкасын деле тапса болмок, бирок буга убактысы жок эле, көчөдөн көргөн жеринен эле биин-экин комплимент ыргытып, шак таанышып, ансыз да эрсиреп араң турган ургаачынын жүрөгүнө чок салып койду.

Ургаачынын башын айлантыш үчүн ойдон токулган романтикалык уламыш да даярдап койду, ал мындай эле: Саша аялын ойношу менен, болгондо да мент менен жаткан жеринен кармап алган болот. Эрежеге ылайык, мент экенине карабай жакшылап төпөштөп салган. Анан эми минтип соттолуп кеткенден качып жүрөт. Аялы да жеткен албарсты, андан кечирим сурагандын ордуна үйүнөн да кубалап чыккан, жок дегенде кийим кечесин документтерин да бербей койгон.

Ойдон чыгарылган бул жомок Анжеликаны бат эле эритип, ага карата аёо сезимин козгоду, айтор, аял бул окуяга чындап ишенип, бойго бүтүрбөчү дарыны сугунгандай эле «жутуп» алды, жок жерден турмушунан кагуу жеп жолу болбой калган байкуш жигитке боор толгоп, дароо эле курсагын тойгузду, ага кошо көңүлүн жубатып таза арагын да куйду.

Шек жок, албетте, жыйырма бештеги, ажырашып кеткен бул аялдын Сашага карата тымызын ою да бар эле. Эмнесин айтасың, бу Тюменде кармай турган түзүгүрөөк эркек де жок болчу, алардын баары эле мамайдын көрүндөй кылка окшош – ичкичтер, же тула бою кештеленген  көгүш татуировка чегилген немелер. Алар де орусча сүйлөйт дечи, бирок тилине анча-мынча киши түшүнбөйт дагы. Мындайга жолуксаң барбы, айлыгыңды кан соргондой соруп, батириңен айрылып да калышың турган кеп. Мобул жигит болсо андайларга түк окшобойт, сүйлөгөнү да сылык, өңү да жагымдуу, эми шуркуя катынынын айынан минтип көчөдө башпанеги жок калыптыр, жашоодо кимдин башынан нелер өтпөйт…

Кыскасын айтканда, экинчи турмуш курганга боло турган жакшы вариант өзү келип турбайбы. Бирок Саша анын жакшылыгына жакшылык менен жооп кайтара алган жок, бат эле көөнү сууп, өзү качып бозуп араң жүргөнүнө карабай катындан көзү каткан неме дароо эле башкаларга ооп кетти.

Оогондо да анын жанында жаңыдан иштеп баштаган кечээ эле онунчуну аяктаган жаш кызды Анжелика иштеген жерден эле ээрчитип кетти, андан кийин анын курбусун көрдү, андан соң дагы канчалаган кыздар төшөгүндө түнөп чыкты. Бирок кандай сыр болбосун, эртедир кечтир ачыкка чыгат эмеспи, буга Саша үйүрү менен качырган Анжеликанын курбулары себеп болушту. Анжелика болсо мунун баарын эчак билсе да тымпыйып билмексен. Ошенткени менен жакшылыгын баалабай, чектен чыгып кеткен бул дөбөттү аялчасынан жазалап, өчүн алмакка бекем шерт кылды…

Саша эч нерсени байкаган жок, баягыдай эле жадырап жайнап, ар ким менен сылык, бирок ошончолук аяр да, сак да эле, ар кандай шектүү суроолордон качып турчу. Анжела бир жолу ваннага кире калса анда Саша күзгүгө абдан тигилип турган экен. Эмнеге мынчалык өзүңдү күзгүдөн карабатасың деген табийгый суроого Саша да өзүнө жакпаган жерин өзгөрткөнүн каалаганын айтып табийгый жооп берди.

Мындай жоопту уккан аял ичинен муну таптакыр башкага жоруду – кыязы бул сулуу көрүнгүсү келип, ого бетер көбүрөк аялдарга жаккысы келип жаткан экен деген ойго жетеленди.

— Кел, анда мен сага жардам берейин, — деди аял жылаандыкындай жылмаюусун жашыра.- Мен косметологмун да… Эмнени жоготкуң келет, мына бул сөөлдүбү? Эртең келе кал мага, эки сеанстан кийин изи да калбайт…

Косметикалык кабинет шаардын так ортосунда эле. Апакай тегиз тиштерин көрсөтө жылмайган Анжелика аны тосуп алып, майда кабиналардын бирине ээрчитип кирип, жумшак креслого отургузду.

Отурганда эле Саша ойношунун колдору калтырагансып, эмнегедир толкунданып турганын дароо сезген, бирок маани берген жок.

— Эмесе баштай берелиби? – кургак сурап койду Солоник.

— Коё турчу, бир аз тура тур, бүгүн киши да аз,- деди үнү калтырагансыган Анжелика, анан аялчасынан сурап калды:

— Сен ыраймсыз адам экенсиң э Саша?

— Эмнеге? – таңгала сурады Солоник.

— Сен мени сүйөм деп айткың келбейби?- үшкүрдү аял.

— Аялдарга сүйүү эле болсо болду экен да… Баарыңар окшошсуңар, деги эмне болду?

— Аял деген кулагы менен сүйөт да…

— Эркектерчи? – ага кызыга тигилди Саша.

— Билбейм… Колу, анан…

— Дагы эмнеси менен?

— Муну сүйлөшпөй эле коёлучу, Саша.

— Мен сени бирдеме менен таарынттымбы?- деди окуянын күтпөгөн жерден башка нукка бурулуп баратканына таңданган жигит.

— Жо, Саша, сен мени таарынткан жоксуң. Билесиңби… мен… мени азыр ушул турган жерден эле сүйчү… Түшүнүп атасыңбы? Балким, бул биздин акыркы сүйүшкөнүбүз болор,- деди да барып эшикти ичинен илди.

Акыркы жолу дегени эмнеси, буга эмне болуп калган деп ичинен ойлоно түшкөнү менен Саша көп деле маани берген жок, анткени аялдын акылы бир жеринде деген кепти көп уккан, ошондуктан анын каалоосун орундатса орундатайын деди да жаткыра салып ишке киришти.

Бул иште андан өткөн чебер жок эле, аялды кайсы мүнөттө жыргалдын чокусуна жеткирүүнү ал жакшы билчү, анан аны туу чокуга чыгарып туруп, моокумун кандырган жагынан Саша алдына киши салбачу. Бул жолу да ошондой болду. Моокуму канып онтологон аял өйдө боло берип, жигиттин тизесин кучактап жабыша түштү. Тизесине тамган ысык жашты сезген жигит таң калып, сурады:

— Сага эмне болду, эмне ыйлап атасың?

— Эчтеке эмес, көңүл бурба, — деди аял, кийинип кирди. Саша кийинди да анан эч нерсе болбогонсуп, камырабай сурап калды:

— Сөөлдү кетирелиби эмесе?

— Ооба, барып колуңду жакшылап жууп кел, анан баштайлык.

Саша дааратканага кирди да күзгүдөн өзүн карап маашырлана жылмайып койду. Бу катындарды шайтан да түшүнбөйт деди ичинен. Муздак сууну ачты да колун жаңы эле салып жууп кирди… Анан…

Эшик күтүлбөгөн жерден тарс ачылып, кичинекей бөлмөгө эңгезердей болгон штаттык кийимчен экөө жулунуп кирип келди. Булардын ким экенин Саша айттырбай түшүндү. Бирөө артынан куушура кармады, экинчиси бирдемеге буйдала түштү да көз ирмемде анын колуна темир кишен илинди.

— Кана, качып бүттүңбү?- деди оозунан арзан тамеки жыттанган биринчиси.

— Бол, сыртка чык, кара бирок, кылт этсең ок кубалап жетет, — деди демиткен экинчиси.

Каршылык көрсөткөнгө шайы да келген жок. Чынында качып бүткөн экен…

Эми Александр Солоник өкмөттүн укуругу узун деген кеп чын айтылганын, катын жапа, ит оопа деген кеп андан бетер чын экенин бир ойлоп, бир коюп, эч ойлобогон жерден, болгондо да аялдын ырайымсыз айлакерлигинен улам кайрадан колуна кишен салынып темир тор артына кетип баратканына ишенип ишене албай дендароо баратты…

4-глава

Каалоо менен муктаждык дал келбей калгандан өткөн кордук жок, эми муну Саша жон тери менен сезип турду.

Эркиндик деген кол сунса жетчүдөй жанында эмес беле, эми андан айрылганы ойдо жок акмачылык иштей сезилди. Кыялында дагы эле делөөрүп азат жүргөндөй болгону менен эми ал өткөн жашоого жакын арада кайтып бара албасына мээси жетип ого бетер куурады.

Колго түшкөн качкын күчөтүлгөн күзөттүн кайтаруусунда тергөө изоляторунун тар, сасып кеткен “хатасына” жеткирилди. Аерде болсо коридор кайтарган “рекс”, макулуктай болгон дагы бир кызыл шапке, шылдыраган супсак сорпо, анан да аягы көрүнбөгөн түнкү сурактар… Көпкө создуктурбай сот да болду, бети-башын бырыш баскан, өңү жердей купкуу төшүнө ордендердин планкасын кыдырата кадап алган абышка улам муштумуна жөтөлүп, майда-баратына чейин ар кайсыны сурамжылап, эми иттин да иши болбогон тергөөнүн версияларын тизмектеп жатты. Мунун баары таңгалыштуу эле, бир буту көрдө турган картаң неме жашоого тоё элек жапжаш жигитти жарга такап, аргасын кетире кысмактап турду…

Жактоочулардын колунан эч нерсе келген жок – тергелип жаткан неменин айыбы эч ким тана алгыс эле, анүстүнө прокурор менен сот да чечкиндүү турушту. Ошондуктан өкүм да ошого жараша катаал чыкты: он эки жылга эркинен ажыратылсын деген баягы эски 117-берене, анан да мунун үстүнө качкандыгы кошулду.

Эми соттолгон Солониктин иши тигилген папке узак мөөнөт бою кызыл чийин менен сыртынан атайын белгиленет, бул «качууга шыктуу» дегенди билдирет. Мындай жеке иштин ээлерин эреже катары сактыктын эң жогорку чараларын сактоо менен этапка айдашат. Лагерде болсо түнкүсүн кадам чыгарышпайт, буга тыюу салынган, зонанын чоңдору да көйгөйгө түртө салчу буларды жининдей көрүшөт, «вертухай» прапорщиктер буларды абдан тыкырлык менен текшерип турушат.

Жаңы зекти Пермь областына жаза өтөөгө жиберишти, бул жерде деле Тюмендеги нефти менен газдай же Крымдагы санаторийлердей түрмө дегенге сан жетпейт. Мындай шерменде, бетпак берене менен соттолгон мурдакы ментке тартиби темирдей катаал абакта жашоо оңой болбос…

Ошондой эле болуп чыкты.

Россиянын бардык зоналары кан тамырлар сыяктуу этаптар, айдама сүргүндөр менен өз ара байланышкан – бирөөлөр кетсе, башкалары келип турат: абак тилинде «малява» деп аталган каттарды мына ошол жаңылар алып келип турушат, ал каттар зектерге гана тийиштүү, аларды абактагылар гана колдонушат. Ал каттарда жаңы келгендер туурасында бардыгы ийне-жибине айдан ачык жазылган: айдалып келген неме ким, абийири таза фраерби же канчыкпы, азаттыкта ким болгон, тергөөдө өзүн кандайча кармаган, масты кайсы, блатнойбу же…

Өзүң туурасында бүдүрдөй нерсени да ката албайсың, зек жөнүндөгү маалыматтар тергөөчүлөр тарабынан дыкаттык менен жазылат, менттер болсо «общактын» акырынан жем жеп турушат эмеспи. Кудай бетин салбасын, алдаганың билинип калдыбы, анда бүттү, сенин ишиң чатак. Зонанын телеграфы өкмөттүк телефондордон алда канча мыкты иштейт, маалыматтын тактыгы жөнүндө баш оорутуунун да кажети жок.

Карантинде жүргөндө эле Сашага жергиликтүү кум – ички кызматтын тергөөгө жооптуу офицерин ушинтип атап коюшат — келип кеткен. Бастек бой, көздөрү тынымсыз ары-бери чуркап турган бул кызматкер ага бир көргөндө эле жаккан эмес. Келди да ар кандай суроолорду берди, кантип жашайсың эми деген. Анан анын жообун күтпөй эле штаттын тышкаркы кабарчы, башкача айтканда, канчык болууну сунуштаган.

Албетте, Саша аны дароо эле үч тамгага айдап сөгүп салган, менттер менен мындан ары кайнаса каны кошулбасын билдирген. Зонанын оперативниги буга чым деп да койгон жок, мындай сөккөндүн далайын уга берип бышы кулак болуп бүтсө керек да. Болгону башын чайкап тим болду, анысы анан өкүнүп жүрбө дегени болду шекилди. Сен мурда мент болгонсуң, анүстүнө кесилген статьяң да анчалык жакшы эмес, отурар мөөнөтүң да узак. Карайлап калганда жардам сурап кайрылаар адамды таппай каласың, анткени сага окшогондорду бул жерде жактыра беришпейт. Кара, соттолгон Солоник, башыңа карантүн түшкөндө менин ушул айткандарымды эстээрсиң…

Жагымсыз иштер карантинден чыккандан бир нече күндөн соң эле башталды: «промкадан» башкача айтканда, иштеген жерден келери менен эле Саша блатнойлордун ыйгарым укуктуу өкүлү — «смотрящийдин» кашына чакырылды. Бул дене-боюн татуировка баскан ушул жердеги калктын тартибин «тууралыгын» көзөмөлдөгөн неме эле, бул тартип менттердин тартиби эмес болучу.

«Смотрящий» көзөмөлдүн күзүрү ээлеген кызматына жараша чаң жугузбаган кампачы-каптерщиктин кызматын аткарчу, разводко, тизип алып текшерүүлөргө түк барчу эмес, жалпы казандан тамак жебейт, керели кечке кылган иши – кечке отуруп алып татуировкачан достору менен карта чабышмай.

Сырткы кебете кепширинен бул да биерде абактын башчысындай эле кожоюн экени сезилип турат, креске керилген пайгамбардын элеси чегилген, анын астында Кудай деген жазуу мунун каракчылык үчүн соттолгондугунан кабар берип турду.

Майкесинен шамгалаттанып көрүнүп турган жайнаган көгүш чиркөө куполдору, «блатной лейтенанттын» коюу гусарлык эполеттери, желкесиндеги сегиз бурчтуу жылдыздар, манжаларындагы шакектер, моюн кекиртегинин астындагы жолборстун ырылдап турган түспөлү, андан ылдыйраакта мышыктын тумшугу – мунун баары анын болгон абак университеттеринен эчак өткөнүн күбөлөндүрүп турду.

«Смотрящий» деген жогорку даражасын акырегине чегилген «G» тамгасы ырастап турду. Жанындагы бош жашиктердин үстүндө эңгезердей экөө отуруптур.

Ал киргенде картасын ары жыйнап койгон зонанын авторитети ага бурулуп унчукпай тигилип карап калды. Караганы адамдын денесин тешип кеткидей эле.

— Кана, эмне айтасың? – деди ал Сашанын тигиле караганын уланта берди.

— Мен эмне айтышым керек? – бекемирек болоюн деген Солоник анын суроосуна суроо менен жооп кайтарды.

— Атың ким, мастың кандай? Эркиндикте эмне менен шугулдангансың?- шашпай тизмектеп сурай берди «көгүш». Мындан ары кантип жашайын деген оюң бар? Досторуңдун акчасына келемиштик кылган эмессиңби? Менттерге доскелериңди саткан эмессиңби? Көчүгүң менен ойноп жүрбө балким? Кайыш чоолордо ойногон эмессиңби? Кыскасы, кандай «касяктарың» бар?

— Атым Александр, — жайбаракат жооп узатты суракка алынган неме, — эркиндикте ким болгонмун… Баары эле болдум, мектепте окудум, анан армияга барып кызмат өтөп келдим, катып келип милицияга кызматка орноштум, анан көрүстөнгө кеттим… Көп эле жерде иштедим айтор.

Милиция дегенди укканда тулку бою атлеттикиндей күржүйгөн, бетинде тырыгы бар, кебетеси жырткыч өңдөнгөн «шестерканын» көздөрүнө кан толо түштү.

— Ооба, баары туура, — «смотрящий» эриндерин кымтыды. – Айтып жаткандарың жел сөз эмес. Милицияда кызмат кылгам дейсиңби? Биздин жумушчу-дыйкан милициясындабы?

— Ооба, — деген Саша азыр эмне болуп кетерин билип турду – андай болуп кеткенде көчүк айланбаган тар бөлмөдө булардан кантип коргонуунун жолдорун ойлоп кирди.

— Демек, мусурканада иштегенмин дечи… Чычкан өңдүү кемселди эми лагердин кийимине алмаштырган экенсиң да, — кекээр мылжыйды авторитет. – Жашоо дегениң тууганым, жинди катындай, кай жерден өйдө чыгып, кай жерден түпкүргө кулаарыңды билбейсиң. Кайсы статья менен келип жүрөсүң бул жерге?

— Жүз он жетинчи, — камырабай жооп берди Саша, анан кошуп койду: — Ак жерден соттоп жиберишти, атайын жасашты муну.

— Аны ким жасады экен анан? Менттер ошенттиби? — авторитет дагы зекигендей мылжыйды.

— Менттер, — чынын айтты Саша.

— Демек менттер дечи. Жадагалса иткана сенден жүзүн үйрүп атканына караганда сен ансыз да киши эмес булардын арасындагы эң эле барып турган кара санатай окшойсуң да?

Саша дым деп унчуккан жок.

— Туй ата, ушундай болот экен э? Мунун бири бирине жабышып калганын кара: мусур – анан «жүндүү сандыктардын» адиси,- деп кытмыр күлдү смотрящий деген неме көзүн ойноктотуп.

— Татууну жакшы көрөм дечи, анан да сага баары бекер болсо э? Эми бул жерде кантип жашайын деген оюң бар?

Ийнин куушурган жаңы арестант жайбаракат жооп узатты:

— Мурда кантип жашаган болсом ошентип жашай берем…

— Сен эмне Корзубый, бул гондон менен башты оорутуп атасың?- чыдабай кетти “шестерка”. – Муну корозканага айдап кирип, таажы чапташ керек!

Лөкүйгөн берки Корзубый деп атаган авторитет ага сага эч ким сөз берген жок дегенчелик мааниде акырая карап койду эле “шестерка” ошол замат жаагы жап болду.

— Демек мурда кантип жашаган болсоң ошентип жашай берем дечи…

— Ооба.

— Ментовкадагыдайбы?- башын кыйшайта кекээр сурады Корзубый. – Бул жерде да “жүндүбайларды” талкалай берем дейсиңби? Бул жерде азаматым, катындардын жүндүү саны жок, бул жерде башка жыргал… Мусурум, сен бокту катуу баскан экенсиң. Мент болгом дейсиң, бирок жашоодогу башкы нерсени али биле элек экенсиң. Тышта менттердин мыйзамы иштесе, бул жерде темир тор артында уурулардын мыйзамы иштейт. Сен өз мыйзамыңды тепсеп бул жерге түшүп отурасың, демек эми биздин мыйзамдар боюнча жашоого туура келет.

— Силердин мыйзамыңар болсо өзүңөр жашай бергиле. Мага алар туура келбейт, — Саша артка бир нече кадам таштады, мунусу непадам бирөө кол салып калса коргоноорго кененирек жай калтыруу керек эле.

Ага баарысы айдан ачык болуп турду: сүйлөшүүнүн тактикасын туура тандаган экен, бул жыркычтарга кичинекей эле алсыздыгыңды көрсөтсөң, азыр эле баса калганы турушат. Башкысы — буларга коркконуңду көрсөтпөшүң керек, башка арга жок. Эмне болсо да башка салганын көрө жатат, ар бир башка бир өлүм…

— Сен бл… дь, алиге чейин биздин ким экенибизди түшүнгөн жоксуңбу!?, — “смотрящий” кокусунан жарылды. – Сен деген менттердин саясый сабагында отурган жериң жок! Тиякта өзүңдү туура алып жүрүшүң керек болчу!- туталанган “смотрящий” тамеки алып чыкты да темир тиши менен фильтрин чайнап кирди.- Мусур экениң аз келгенсип, момундай шерменде статья менен отурганың аз келгенсип, сен бизге дагы кыр көрсөткүң барбы, ыя?! Атың Саша беле? Кооз ысым экен, мындай ысымды эркек да, аял да алып жүрө берет, мына эми сен бул жерде баарыбызга…

Жанында турган “шестерка” көзү чачырап, кожоюнунун кирпигин карап турду, азыр эми мобул немени…

— Сен азаматым, тиякта катындардыкын каалагандай айрып жүргөн болсоң, бул жерде бизге өзүңкүнү тосуп берип турасың, — блатной бир аз тынчтана түштү, кызуу кандуулук анын даражасына туура келбеген иш эмес экенин кыязы эстей койду окшойт. – Бул жашоодо адам баары үчүн жооп бериш керек. Мен айтканымды уктуңарбы баарыңар? Бар да даярдан…

Саша унчукпай эшикти жаап тышка чыкты. Эреже катары азыр эле болуп өткөн кеп ага чыгарылган өкүм, ага арыз менен даттанууга, адвокат жалдап коргонууга таптакыр мүмкүн эмес эле.

Бир жума күтүү менен өттү: Саша күн сайын баарына даяр болуп сак эле. Жадагалса түнкүсүн эс алып жатканда да баарына даяр болуп жатып жүрдү, кокустуктар каалаган учурда башталып кетери турган иш эле. Бул күндөрү ага эмнегедир эч ким тийген жок. Балким аны кантип сындыруунун жолдорун ойлонуп жатышкандыр. Балким кыраакылыгын алдайлы деп атайын убакытты создуктуруп жатышкандыр.

Оперативдик тергөө бөлүмүнүн начальниги, албетте, ага чыгарылган өкүм туурасында билбей коймок эмес, анткени анын мында өз кишилери бар. Негизи Сашаны коргоп калууга анын кудурети жетмек, бирок аны каалабай турду. Канчык болгусу келбейби, анда көтүнө шиш. Темир тор артындагы гомосексуалдык актылардан азырынча бир да зектин боюна бүткөн эмес.

Сегиз күндөн кийин өкүм бүгүн аткарыларын Саша түшүндү. Муну блатнойлордун ага атайын кайдыгер карамыш эткен көз караштары, калгандардын табалагансыган муздак мамилеси айтып турду. Өкүм бүгүн отбойго чейин аткарыларын баары билишти. Муну он эки жыл күчөтүлгөн абакка кесилген Александр Солоник да билип турду. Бирок өзүнөн башка бул жерде бир да ишенер кишиси жок эле…

Аны хозблоктон күтүп турушкан экен, тегеректе прапорщиктер да, сакчылар да жок ээн. Блатнойлордон он бештей киши чогулуптур, жаш курагы, кебетеси, уурулук даражасы, кеңкелестүүлүгү ар кандай деңгээлде болгону менен булардын башын бириктирген бир гана нерсе – баары жеткен бетпак, өзүн кыйын сезген, ар бири өз чындыгына ишенген немелер.

Иштин баарын башкарган жанагы “смотрящийдин” көлөкөсүндөй ээрчиген күржүйгөн неме окшоду.

— Кана, мусурча, дамбалыңды өзүң чечесиңби же жардам этеликпи? – мыскыл күлө ырсайды да жанына жакындап келди.

— Адегенде сенин сасыган көтүңдү ачып туруп анан калганын жасай беребиз. Былк этчү болсоң, “скрипка” тартылат…

Саша тишин кычырата басып унчуккан жок.

— Кел, алтыным, келегой байкелериңе, сени эркелетип, моокум кандыралы бир, — арт жагында турган неме каткырып калды. — Сенин кууруңду тазалап… сага бир караганда эле ашык элем! Коркпо, бул оорутпайт, жаңың тимеле бир жыргайт дейсиң…

Тээ Кургандагы мектепте окуп жүргөн кезде эле классма класс, районмо район болуп мушташып жүрчүдө Саша өзү онго татыр эле. Башкысы — атаандаштарга сыр алдырбай, алардан корккондой түр көрсөтүш керек, ошондо кыраакылыгы солгундайт, анан эң кыйынмын дегенин тандап туруп, эсин оодара согуш керек. Булар деле жырткычтан айырмасы жок, үйүрдүн алдыңкысы артка чегинсе, булар кайда бармак. Үйүр деген ошончүн үйүр эмеспи…

— Сен корозчо, бу кандай, сага айтышпады беле даярданып тур деп, көчүгүңдү жакшылап жууп тазалап, атыр самыныңды, анан да артыңды сүрчү жумшак сүлгүң кана?- бою бастек, кара чач, маңдайы бир эли неме киркиреди.

Саша бир кадам алдыга чыкты да…

Кулачын кербей туруп, маңдайында турган лөкүйгөн немени бет талаштыра уруп калды. Тиги болсо топтон бетер бир канча метрге учуп түштү. “Акробатка” талапкерден мындай кордукту күтпөгөн блатнойлор бир саамга далдырап калышты, анан үч кабат ашата сөгүп чуу көтөрүштү да, жапырт качкынга жүткүнүштү. Саша жалгыз, тигилер болсо көп, “көгүштөр” алдыңкы сапта, баары бири бирине жолтоо кылып топурап калышты, бул аз да болсо артыкчылык берип турду.

Бир соккуну ал коё берди, бул бетпактык менен капталдан урулду, кашынан ысык, илешкен жылуу бирдеме агып коё берди, жалт бурулду да жооп кайтарды – бул баягы аны короз деп атаган, маңдайы жапыс, үнү киркиреген неме экен. Сокку катуу тийди окшойт, тигинин тиштеринин карс этип сынганы жана онтоп жибергенин укту.

Ал ортодо сулап түшкөн биринчи зөөкүр полдон чыканактап өйдө боло берди, колунда бирдеме жылт эте түшкөнүн байкаган Солоник ошол замат учуп жетти да колунан толгоп туруп, артка күчүнүн жетишинче кайрып таштады, карс эткен үн чыгып, тигинин колундагы учтуу шиш шыңгыр эте жерге түштү. Артынан бирөө ийнине секирип жабышып минип алды, анын тарбайган колдору мойнун кысмактап муунтуп баратты, дагы бир нече ирмем муунтуп турса ошол бойдон муунтуп салмак. Солониктин боюнун жапыстыгынын жардамы тийди – отура калды да, үстүндөгүнү катуу силкип жерге оодарып түштү, тура калмакка жанталашканда Саша болгон күчү менен ооздон ары тээп калды, тиги жерге шалк этти да турбай калды.

— Энеңди!… – бирөө алынын келишинче өкүрдү. – Братва, “акробаттар” биздикилерди сабап атат!…

Дагы бир сокку жетти, кыйкырган неменин үнү ошол замат өчтү.

Иши кылса ага туш-туштан сокку жаап кирди, ким колуна эмне тийсе ошону менен урду. Айтор оор нерселер менен уруп атышты, алардын эмне экенин Саша көрө албаса да сезип жатты. Денеси барган сайын салмакташа алсызданып, баштагыдай соккуларга жооп бергенге шайы келбей баратты. Адам кейпинен кеткен немелердин бет алдында котолошкон элести гана көрүп турду, ошого карабай ал артка кайткан жок, кимиси жакындабасын муштай берди, муштай берди, коргонуп блок коёт, анан муштум менен согот, бирде ылдый, бирде оңго, бирде солго буйтайт, анан дагы урат, урганын учурат.

Канга боёлгон полдо бир топ адамдын денеси жатты, дубалга жабышкан кай бирөөлөрү колдору менен канын аарчып, адегенде жанынан учкур шиш алып чыгып аны сайганга умтулган жанагы килейген неменин денесинен тирүүлүктүн жышааны дегеле билинбейт.

Саша алдан тайып баратты, соккулар барган сайын катуулап, эсин оодарды, реакциясы да баштагыдай ылдам эмес, мурдагыдай урулган соккуга жооп кайтаруу кыйын болуп калды. Солоник ошондо согушуу тактикасын өзгөрттү: топ ичинен эң бакыбат, алдуусун тандап алды да ошону төпөштөй берди, калгандарына көңүл бурган жок. Бекер кылган экен, артынан оор бирдеме менен урушту окшойт, көзүнөн от чыга түштү да кызгылт көк тегеректер калкый берди, ошол замат кандайдыр бир туңгуюктун түпкүрүнө кулап баратканын элес-булас сезди…

Андан аркысы Солониктин эсинде жок, арадан канча убакыт өткөнүн, оңбогондой катуу сокку жеген соң бир күнбү же бир саатпы, канчага дейре эс учунан танып жатканын да сезген жок. Эптеп кан уюп калган көздөрүн ачты, агарган шып, парда тартылып, темир тор менен тосулган терезе, казкатар тизилген керебеттер турат, анан да аны үңүлө тиктеп тургансыган кимдир бирөөнүн жүзү көрүнгөнсүйт.

— Эсиңе келдиңби, баатыр… — Бейтааныштын үнү тээ бир туңгуюктан чыгып аткансып угулду. Үнү кандайдыр бирдемеге суктангандай. — Эч нерсе эмес, эми айыгып кетесиң…

— Сен кимсиң.. ки.. — эптеп эриндерин кыбыраткан болду жаткан бейтап.

— Мен сенин догдуруңмун, сени чаптап атам. Сендей эле шордуумун, бирок жалпы мөөнөттөгү иштерди аткарып отурам бул жерде.

Солоник дагы бирдемени сурамак болду, бирок сүйлөгөнгө алы келген жок, ошентсе да анын эмне деп айтайын дегенин тиги эриндеринин кыбырагынан эле билди окшойт.

— Башыңды он жети жеринен тиктик. Мээң да катуу чайкалган, соо жериң калбай бүт шишик. Башка бирөө болсо эчак тиги жакка аттанып кетмек, сен болсо… ичер сууң бар экен…

Абак доктурунун суктанганы, таң калганы айтканынан эле билинип турду.

Саша эч нерсе деп жооп кайтара алган жок, кандайдыр бир жылуу, оор, жумшак нерсе төбөсүнөн ныгыра басып келатканын туйду да, баарын унутуп, көшүлүп уктап кетти…

Бейтап бир жумадан кийин өзүнө келди. Башы дагы эле зыңылдап ооруп турат, соккудан, айрык тамтыктардан ооруган денеси зылдай оор, тиштери да ордунан жылып кеткенби, тамак ичейин десе зыркырап ооруйт, суюк кашадан башка катуурак тамакты дегеле жей алчудай эмес.

Ошентсе да блатнойлор аны бул жерде да тынч коюшпасын сезди. Баары жоктун баарына ээлик кылган аларга бул жерде эч кимдин – режимдин да, керек болсо ИИМ министринин өзү да тоскоол боло албас эле.

Иш андан да татаалдашты окшойт, эми баштагы ойлогондорун ишке ашыра алышпаганы менен жөн эле уктап жаткан жеринен союп салуулары ыктымал.   Абайлаш керек деген Саша байкаса жымжырт, аны менен эч кимдин иши да жок, кыязы бирдеме ойдогудай болбой калган шекилди. Арадан көп өтпөй мунун сыры да билинди.

Муну ага жанында жаткан кечээки эле каршылаш душманы, блатной эмес, бирок андай болууга ниети бар, катуу кармаштан кийин ага карата аргасыздан урматтоо сезими ойгонгон неме баарын ачыктап айтып берди. Көрсө, Саша канга боёлуп эсинен тана жатып калганда блатнойлор жакындап келе алышпаптыр, аны калп эле эстен танымыш болуп жатат, шарт тура калып дагы эки-үчөөбүздү ала жатпасын деп чочулашкан экен. Анан демейдегидей сакчылар кечигип, отряддын начальниги чуркап келиптир. Иштин чоо-жайы албетте, Корзубыйды “смотрящий” кылып дайындаган абактын чыныгы “кожоюнуна” жеткен экен.

— Корзубый ит эле болду, — деди кечеки душман, бүгүнкү кошуна жанында жаткан Сашага. – Бир үйүр боло туруп бир кишиге алы келген жок. Тигилер абакты кармашат, сен эмнеси болсо да мурдакы милийсасың, кесилген статьяң да жакшы эмес. Бирок алар сени эмес, сен аларды “басып” салып атпайсыңбы. Эми пахандар жаңы “смотрящийди” дайындаганча сен акырын жатып алып айыга бер, сага эч ким тийбейт.

Эми баары айдан ачык болду – баягы окуядан ал жеңүүчү болуп чыгыптыр. Бирок кубанычтан айкырык салганга эрте эле: абакты былк эттирбей кармаган блатнойлор эртедир-кечтир аны жайлап салышы турган кеп, бул эми убакыттын гана маселеси болучу. Жеңүүчү ныпым эч нерсеге жетпей калган учур так ушул болсо керек.

Эки ай өтүп, куландан соо айыккан Солоник отрядга кайтып барды. Жаңылган эмес экен, жетекчилик аны башка абакка Ульяновскидеги 8-чи абакка которуу туурасында чечим кабыл алыптыр. Бул баарына жаккан, баарынын кызыкчылыгына төп келген бирден бир туура чечим болду. Мындай учур сейрек болот – абактагы блатнойлордун да, абактын жетекчилигинин да ойлогондору дайыма эле бир жерден чыга бербейт.

Бирок андан Саша жыргап кетпесин, бул которуу алдыда дагы кыйынчылыктар күтүп турганын туюндурган кадам экени айтпаса да түшүнүктүү эле…

(Уландысы бар)

Которгон Бахтияр Шаматов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.