Молдова эл жомогу: Ага-ини

Ага-ини эки бир тууган болуптур. Ынтымактуу,  тынчтыкта жашашат. Улуусунун үй-бүлөсү, балдары бар, а кичүүсү үйлөнө элек экен. Бир жайда чогуу иштеп, түшүм жыйнап калышты, ар ким өзүнө бөлүнгөн жерден  алынган түшүмдү кырманга алып келип эгинин бастыра баштады. Түштө агасы тамактанууга кетти, а иниси жабылган таранчылардан буудайды коргоп, кырманды кайтарып калды. Агасы кетери менен иниси өзүнүн эгининен бир нече өлчөмдү агасынын үймөгүнө билгизбей кошуп койду. Ал мындай ойлоду: “Агамдын аялы, балдары бар. Ага көбүрөк керек. Мен го бойдокмун. Кайда барсам да […]

Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу (1-макала)

Жөжөнү күздө санашат. Жаңыдан жумурткадан чыккан кезинде жөжөнүн санына сүйүнүү – акылсыздык. Чыйпылдаган жөжөлөрдүн кийин канчасы тоок болуп жумурткага карк кылса, а канчасы акыбетиңди актайт, белгисиз. 2015-жылы парламентке шайлоо убагындагы «чыйпылдашкан жөжөлөрдү» (Чыйпылдашкан жөжө десем эп келишпес. Куркулдаган кузгундар десек бекен, каркылдаган каргалар десек бекен))). Аша чаппасак, арасында ак куулар да, алгыр куштар да жок эмес. Сөз кезеги ошол парламенттин келгин куштары туурасында болмокчу. Мамлекеттин эки тизгин бир чылбыры – Башмыйзамдын сакталышынын кепилдиги болгон Президенттин, мыйзам чыгаруу бутагы жана аткаруу […]

Адашгүл Токтоназарова: Апаке, кечир мени (конкурска)

АПАКЕМЕ КАЙРЫЛУУ 1-кат Бул жашоодо оңой экен чынында, Адамзаты катаны кетирмеги. Апаке, сизди ойлобой, сизди эстебей, Сүйгөнүмдү ойлондум, кечир мени! Көрөгөчсүң, апаке, айтып берчи, Жашоодо туура жолдо баратамбы? Же кокус тайгаланып тайгак жолдон Мээримдүү жүрөгүңдү канатамбы? Акылмансың, апаке, айтчы чынды, Жашап жаткан бул жашоом өзү чынбы? Улайын улуу көчүн энелердин, Үйрөтчү аялзаттык улуу сырды. Мына дагы күндөгүдөй кечим келди, Билбей турам сага эмне дешим эми… Апаке, бул кечте да сизди ойлобой, Сүйгөнүмдү ойлондум кечир мени! 2-кат Балкыдым бакыттын даамын татып, […]

Уолт Дисней: Чечим

ИКАЯ Кыштын тумандуу күндөрүндө эки өспүрүм бала көл үстүндөгү тоңгон музда коньки тээп ойноп жүрүштү. Муздун калыңдыгы баардык жерде бирдей эмес эле. Ага балдар маани беришпеди. Капысынан муз жарылып, балдардын бири тешикке түшүп кетти, кеткенде да култ этип муздун астына тайып киргеничи. Экинчи бала өзүн жоготпостон, дароо таш алып келе койду да болгон күчү менен музду ургулап сындырып, досун куткарып калды. Куткаруучулар келип, иштин чоо-жайын көргөндөн кийин сурашты: — Сен муну кантип кылдың? — Ой-бой-бой… Өзүң кенедей болуп алып мындай […]

Караш Жанышов: Барктабас нерсе көп бизде (конкурска)

ЧЫНДЫК Кум сымал калптардын арасынан, Кумдан да миӊ эсе кичинекей — Чындыкты жапжалгыз караштырам. Чыдап бүт кумдарды карап чыгам… Калптардан миӊ түркүн жорук чыгат, Калп эле чын сымал болуп турат. Чындыкты таптым деп кармаарыӊда Чыныгы калп ошол болуп чыгат. Үмүттөн баардыгы түздөлөрүн, Үн, сөз жок жашоону издебедим. Карандай калп эмес бул жашоодо Караандай чындык менин издегеним. *     *     * Катуу сүйлөп үмүттү тепсебеймин, Калбай баары максатка жетсе деймин. Эл адамы наамына кызыккандар, Элдин үмүт-мүдөөсүн сезсе деймин. Кесир сүйлөп кемсинтүү көксөбөймүн, […]

Болот Мамбетисаев: Өзгөрөт ко формулалар жакында (конкурска)

ЖАЛГЫЗДЫК Өзү бакыт эле биздин бактыбыз, Ал бакытты барктабадың жакшы кыз. Күндөн күнгө бой көтөрүүң бийиктеп, Жалгыз калды сүйүүдөгү тактыбыз. Сүйүүбүздүн жеткен сыңар курагы, Сезим өчүп, сепил болсо урады. Акылымдан суроолор жаап жүрөккө Башталгандай кыяматтын сурагы. Жүрөк кургур калды бүгүн күмжам суз, Жүрүп, жүрүп дудук болду үн салгыз. Баары экиден болсо дагы а бирок, Дүйнө жалгыз, сезим жалгыз, мен жалгыз. ТЕНТЕК ШАМАЛ Акырын чачтан сылап, Акыбал алын сурап. Сулуунун бачым эле Багытын башка бурат. Ай ушул тентек шамал… Сабалап көрүп […]