АПАКЕМЕ КАЙРЫЛУУ

1-кат

Бул жашоодо оңой экен чынында,
Адамзаты катаны кетирмеги.
Апаке, сизди ойлобой, сизди эстебей,
Сүйгөнүмдү ойлондум, кечир мени!

Көрөгөчсүң, апаке, айтып берчи,
Жашоодо туура жолдо баратамбы?
Же кокус тайгаланып тайгак жолдон
Мээримдүү жүрөгүңдү канатамбы?

Акылмансың, апаке, айтчы чынды,
Жашап жаткан бул жашоом өзү чынбы?
Улайын улуу көчүн энелердин,
Үйрөтчү аялзаттык улуу сырды.

Мына дагы күндөгүдөй кечим келди,
Билбей турам сага эмне дешим эми…
Апаке, бул кечте да сизди ойлобой,
Сүйгөнүмдү ойлондум кечир мени!

2-кат

Балкыдым бакыттын даамын татып,
Байландым тагдырыма сырым ачып.
Бул жарыкка келишин күтүп жүрдүм
Бактылуу кылган жандын ичте жатып.

Күн келди көптөн күткөн апа мына…
Күүгүмдө олтурамын санаа тарта.
Чыдатпай толгоо… мени кыйнап барат,
Чыдаймын.. чыдайм…чыдайм…чыдайм… Апааа!

Ооба апа… эне болдум ушул таңда,
Оо билдим бир баркыңды эми апа!
Кечирүүгө даяр болуп элжиредим,
Кез келгенде мен сыяктуу кылса ката.

Сен дагы сезип муну жалындыңбы,
Селейип уйку көрбөй таң атканча.

3-кат

Шам кылып колго кармап акылыңды
Шашылып жарышамын мезгил менен.
Мен утуп мезгилди карыз кылып,
А кээде карыз болуп мезгилге мен.

Турмушта турам кайра чалынамын,
Табышмактай катылам да табыламын.
Балкыткан балалыкта сен сыяктуу
Балдарыма үзүлүп жалынамын.

Кээ бирөөнө гүлдөй жайнап ачыламын
Кээ бирөөнө жасалмалуу жагынамын.
Алда качан өзүм апа болсом деле.
Айланып балаңмын да… сагынамын!

Билесиң жүрөгүмдө бар экениң,
Билемин… карааныма зар экениң.
Бирок да эңсегенде баралбадым,
Билесиң го убакыттын тар экенин.

Кагылам апа! Апоов, алтын апам,
Кубалап убакытты бүгүн жашайм.
Элден калбай энтеңдеп келем түздө,
Эртеңим билбейм кандай, кайда барам.

Убакытка каранды кылып дайым,
Утурумдук жашоону кечирмеги.
Алтыным, сага убакыт таба албай,
Апаке, жүрөм чыны кечир мени!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.