ЖАЛГЫЗДЫК

Өзү бакыт эле биздин бактыбыз,
Ал бакытты барктабадың жакшы кыз.
Күндөн күнгө бой көтөрүүң бийиктеп,
Жалгыз калды сүйүүдөгү тактыбыз.

Сүйүүбүздүн жеткен сыңар курагы,
Сезим өчүп, сепил болсо урады.
Акылымдан суроолор жаап жүрөккө
Башталгандай кыяматтын сурагы.

Жүрөк кургур калды бүгүн күмжам суз,

Жүрүп, жүрүп дудук болду үн салгыз.
Баары экиден болсо дагы а бирок,
Дүйнө жалгыз, сезим жалгыз, мен жалгыз.

ТЕНТЕК ШАМАЛ

Акырын чачтан сылап,
Акыбал алын сурап.
Сулуунун бачым эле
Багытын башка бурат.
Ай ушул тентек шамал…

Сабалап көрүп коёт,
Санасын бөлүп коёт.
Сулуунун көзүн жумуп,
Эрдинен өбүп коёт.
Ай ушул тентек шамал…

Тоодо да, көчөдө да,
Токтобой көшөрөт да.
Татына, сулуу кыздын,
Көйнөгүн көтөрөт да.
Ай ушул тентек шамал…

ЭХ МАТЕМАТИК…

Жер түбүндө жаркыраган кундузбу?
Көктө жанган жымыңдаган жылдызбы?
Түгөйү жок менде болгон бош жүрөк,
Жакшы көрдү математик бир кызды.

Татаалдайсың алгебра эсептей,
Тургандаймын эсебиңе мээ жетпей.
Кошу алып, бөлүп жана көбөйтүп,
Турсам деймин бөлүнүүчү бөлчөктөй.

Сен да так сан, менда так сан чынында,
Өзгөрөт ко формулалар жакында.
Такка такты кошуп туруп чыгарып,
Жуп болобуз келечекте буйруса.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.