ЧЫНДЫК

Кум сымал калптардын арасынан,
Кумдан да миӊ эсе кичинекей —
Чындыкты жапжалгыз караштырам.
Чыдап бүт кумдарды карап чыгам…

Калптардан миӊ түркүн жорук чыгат,
Калп эле чын сымал болуп турат.
Чындыкты таптым деп кармаарыӊда
Чыныгы калп ошол болуп чыгат.

Үмүттөн баардыгы түздөлөрүн,
Үн, сөз жок жашоону издебедим.
Карандай калп эмес бул жашоодо
Караандай чындык менин издегеним.

*     *     *

Катуу сүйлөп үмүттү тепсебеймин,
Калбай баары максатка жетсе деймин.
Эл адамы наамына кызыккандар,
Элдин үмүт-мүдөөсүн сезсе деймин.

Кесир сүйлөп кемсинтүү көксөбөймүн,
Калбай баары маарадан өтсө деймин.
Калк адамы наамына кызыккандар,
Калктын жүгүн жүрөктөн сезсе деймин.

ОЙНОБО
(Айрым кыздарга арналат)

Барктабас нерсе көп бизде,
Баркта деп айтаар кеп бизде.
Бармагын тиштеп каната,
Борбуйуп калган көп бизде.

Ар иштин башын ойлобо,
Акың жок аны ойлоого.
Акылды эп көр карындаш,
Абийириң менен ойнобо.

Ар акыл жатат катылып,
Асыл бир затсың аты улук.
Ардагы болгун балдардын,
Апалап турсун чакырып.

ЖАЙ ТҮНҮНДӨ

Жайдын түнү кандай сергек, керемет,
Жарык нурун айдын сорот тегерек.
Жымжыр баары таттуу уйкуда көшөлүп,
Жаны тынбай бака гана безенет.
Жүрөгүмө жалын чачкан махабат,
Кетти терең кыялдарга жетелеп.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.