Ага-ини эки бир тууган болуптур. Ынтымактуу,  тынчтыкта жашашат. Улуусунун үй-бүлөсү, балдары бар, а кичүүсү үйлөнө элек экен.

Бир жайда чогуу иштеп, түшүм жыйнап калышты, ар ким өзүнө бөлүнгөн жерден  алынган түшүмдү кырманга алып келип эгинин бастыра баштады. Түштө агасы тамактанууга кетти, а иниси жабылган таранчылардан буудайды коргоп, кырманды кайтарып калды.

Агасы кетери менен иниси өзүнүн эгининен бир нече өлчөмдү агасынын үймөгүнө билгизбей кошуп койду. Ал мындай ойлоду: “Агамдын аялы, балдары бар. Ага көбүрөк керек. Мен го бойдокмун. Кайда барсам да жалгыз жанымды бага алам. Мейли, анын буудайы көбүрөк болсун!”

Агасы кырманга келди. Эми кичүүсү тамак ичкени кетти. Улуусу бастырылган буудайдын үймөктөрүн карады да ойлонду:

— Мен го мен, — үй-жайым бар, аялым, балдарым бар. Мага камкордук кыла тургандар көп эмеспи.  Ал эми инимдин эч кимиси жок. Ал бойдок, ага эч ким жардам бербейт. Ага бираз буудайдан кошуп коёюн.

Ошентип кошуп койду.

Эки бир туугандын үймөктөрү азайган да, өзгөргөн да жок, бирок адамгерчилик, жылуулук менен чын көӊүлдүк мамилелери бир топ  көбөйүп, кошула түштү.

Которгон Бек Жайчыбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.