ИКАЯ

Кыштын тумандуу күндөрүндө эки өспүрүм бала көл үстүндөгү тоңгон музда коньки тээп ойноп жүрүштү. Муздун калыңдыгы баардык жерде бирдей эмес эле. Ага балдар маани беришпеди. Капысынан муз жарылып, балдардын бири тешикке түшүп кетти, кеткенде да култ этип муздун астына тайып киргеничи. Экинчи бала өзүн жоготпостон, дароо таш алып келе койду да болгон күчү менен музду ургулап сындырып, досун куткарып калды.

Куткаруучулар келип, иштин чоо-жайын көргөндөн кийин сурашты:

— Сен муну кантип кылдың?

— Ой-бой-бой… Өзүң кенедей болуп алып мындай калың музду сындырганың!.. Щыл-щык-щык. Мүмкүн эмес эле да эй…

Бул учурда арыдан аксакал киши басып келип, күлүмсүрөй айтты:

— Мен билем, бул иш кантип колунан келгенин.

— Кантип? — тигилер таңгала сурашты.

— Баланын жанында «мүмкүн эмес, колуңдан келбейт” деп айткан киши болгон жок да.

Тыянак: Ишенимиң артып турса, ишке ашпаган нерсе жок.

Которгон Айтбүбү Орунбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.