Жөжөнү күздө санашат. Жаңыдан жумурткадан чыккан кезинде жөжөнүн санына сүйүнүү – акылсыздык. Чыйпылдаган жөжөлөрдүн кийин канчасы тоок болуп жумурткага карк кылса, а канчасы акыбетиңди актайт, белгисиз. 2015-жылы парламентке шайлоо убагындагы «чыйпылдашкан жөжөлөрдү» (Чыйпылдашкан жөжө десем эп келишпес. Куркулдаган кузгундар десек бекен, каркылдаган каргалар десек бекен))). Аша чаппасак, арасында ак куулар да, алгыр куштар да жок эмес. Сөз кезеги ошол парламенттин келгин куштары туурасында болмокчу.

Мамлекеттин эки тизгин бир чылбыры – Башмыйзамдын сакталышынын кепилдиги болгон Президенттин, мыйзам чыгаруу бутагы жана аткаруу бийлигин көзөмөлдөөчү парламенттин жана аткаруу милдетине жооп берген өкмөттүн колунда. Алар оңго жетелесе иш оңолуп, солго жетелесе сомолуп, жетелеш оюна да келбей, ар кими өз арбайын соксо чакчелекей түшүп, чаң-будуңу чыгып атат.

Мамлекетибиздин Башмыйзамынын башында эле жазылып турган төмөнкү беренелерди кунт коюп көрөлүчү:

  1. Кыргызстандын ЭЛИ эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик БИЙЛИКТИН БИРДЕН-БИР БУЛАГЫ болуп саналат (баш тамгалар менен автор баса көрсөттү).
  2. Кыргызстандын ЭЛИ ӨЗ БИЙЛИГИН ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

Ооба, ушул мыйзамдын жолу менен кечээ парламенттеги 6 фракцияны, 120 депутатты, алар бекитип, тескеп-жаскап аткан өкмөттү өзүң алып келдиң, шайлоочу!

Чиркин, эмнелер гана убада кылынбады эле, эсиңдеби? Ошолордун канчасы аткарылды? Же убадасын угуп да, уруп да койбой 1000 сомго ыраазы болдуң беле? Анда жумуш жоктугунун айынан жашоо-турмушуңду оңдош үчүн башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болуп атсаң, балдарыңдын оңолбогон мектеби, оңолбогон оорукана үчүн, мамлекеттин карызы азайбай эле көбөйүп атса – сенин да айыбың бар. Окуу жайларда балдарың дагы эле бааны билимге эмес, акчага алып атса, кылмыштуулук күчөп, өспүрүмдөрдүн катмарына чейин түшсө, өспүрүм кыздар, балдар бири-бирин аёосуз уруп-сабап, соцтармактарга жайып атса, педофилия деген балакет үрөйдү учуруп атса жана буларга каршы мамлекеттин тиешелүү тармагынын каршылыгын сезбей атсаң, анда ага сенин да күнөөң бар.

Анткени мамлекеттик бийликти мына ошол көрүнүштөрдү четтетүү үчүн эмес, мамлекеттин өсүп-өнүгүшү үчүн эмес, өз капчыгынын гана камын ойлоп, баарын оп тартканга жутунуп, ородой оңурая ачылып калган ач көздүгүн кандырууга гана керектей тургандар бийликтин ар кайсы бутактарына сенин 1000 сомго саткан добушуңдун арты менен келди. Аларды сен алып келдиң. Кимдерди алып келгениңе саресеп салып, салмактап көрсөң укмуштай баалуу тренинг болот.

Кеттик эмесе, кимден баштасак? Кайсы партияга эң көп добуш берилсе, ошондон баштайлы. (Википедия. Парламентские выборы в Киргизии (2015)) Эң көп депутаты бар, демек эң көп добушка ээ фракциядан баштайлы. Эң көп депутаты бар, демек мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү чечимдердин оң жагына же терс жагына чыгышында да жоопкерчилиги көп, 120 депутаттык орундун 38ин ээлеп отурган фракция – КСДПдан.

Урааны эсиңиздерде чыгар: КСДП – биздин ишенимдүү тирегибиз! КСДПга добуш бергендер, кандай анан, жөлөнүп атасыңарбы тирегиңерге? Анда эле сулай-сулай кулап аткан экенсиңер. Силерди тиремек тургай, «Атамбаевчилер» жана «Жээнбековчулар» болуп эки жаатка жиктелген фракциянын кай бир депутаттары кечээ эле бир жүздү карап, бүгүн ойт берип башка жүздү караш керек болуп, кайсаңдап турган чак. Албетте, бийлик каякта болсо, ошол жакка ыктамай адамга мүнөздүү касиет эмеспи. Ал жагынан алганда таразанын табагы «Жээнбековчулар» тарапка ооп тургандыр. Кечээ эле Атамбаевдин саясаттагы одоно катачылыктарын көрмөксөнгө салып, анын кабагын карап добуш берип аткан депутаттар, бүгүн жылып гана жылуу колтукка ыктоонун аракетин көрүшүүдө.

Бул жагдайга айкын көрсөтмө боло турган бир учурду эсиңиздерге салайын.

2018-жылдын 11-апрелинде КСДП фракциясы өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө премьер-министр Сапар Исаковдун берген отчетун канааттандырарлык деп, бир добуштан колдошкон. Ал кезде бийлик толук кандуу Жээнбековдун колуна өткөнү анча байкала бербей, артында Атамбаев дале чеңгелдеп турган болсо да, не бар, не жок дешти көрүнөт, анын сүйгүнчүгүнүн ишин жараткан болушту.

Бул 2018-жылдын 11-апрели эле. Апрелдин 17синде «Ата Мекен», «Өнүгүү прогресс», «Республика-Ата Журт» фракциялары биригип угуп, КСДП көз жумуп койгон четке каккыс фактыларды келтирүү менен өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп табышкан.  Ошондон 2 күн өткөндөн кийин, Жогорку Кеңеш Сапар Исаковду кызмат ордунан оодарып түштү. 8 күн мурда Сапар Исаковду бир добуштан колдогон КСДП фракциясы, мына эмесе деп туруп эле кескин оюн өзгөртүп, дээрлик бир добуштан кетирүүгө добушун беришти. Саясаттын сайгагы ушул окшобойбу!

Койчусуна жараша короосу болгондой, лидерине жараша фракциясы десек жараша турган. Кечээ эле Атамбаевди «журт атасы» дегенге чейин жеткен Иса Өмүркулов кийин анын «өзү өстүргөн баласын» (Turmush.kg 28.08.2017) Сапар Исаковду алып түшүүгө добуш бергенин эрөөн-төрөөн көрбөгөндөй. Атургай «КСДП Атамбаевсиз» деген ураан алдында жыйындарды өткөрүп жүргөн партиялаштары менен ымалалаш сыяктанат. Балким, жалпыбыз үчүн ушунусу жакшыдыр…

КСДП депутаты Жылдыз Мусабекованын жосунсуз жоругун сынга албай койгон айып болор. Кайсы бир гезиттин журналисти менен чатакташып, аны телефондон коркуткан сөздөрү соцтармактарга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Телефондо айтылган сөздөрдү уккан киши анын депутат экенинен кабары жок болсо, темир тор артынан чыккан сөздөр го деп боолголоого болор эле. Анткени, ал сөздөрдүн тике маанисин алганда журналисттин «бетин түздөмөкчү» болчу. Бул берээк эле жагы. Кеп, гезитке чыккан макаладагы ал тууралуу айтылгандардын чын-төгүнүндө да эмес эле, мамлекеттин жүзү болгон Жогорку Кеңештин депутатынын бул кырдаалга мамилесинин алдында чатактын түпкү себеби түккө да турбай калды. Ушундай чектен чыккан адепсиздик жумурай журтка маалым болсо да, депутаттык мандатына мандем болбой эле, кадимкисиндей кала берди. Себеби – бийликтеги партиянын депутаты эле да. Бул дагы парламенттин ушундай төмөн деңгээлге түшкөнүнө бийлик анчалык кабатыр эмес экенинин көрсөткүчү болуп калды.

Ушул «үлгүдө» Жылдыз Мусабековадан да жогорку көрсөткүчтөргө ээ КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Карамушкинаны айтпай кетсек болбос. Бул депутаттын ойку-кайкы жүрүм-туруму «сүйүүнүн көзү сокур» деген учкул сөздү эске салып турат. Болбосо пикири лидеринин кабак-кашынын 100%дуу көчүрмөсү болушун башка эч нерсе менен түшүндүрүүгө болбойт. Катуу берилген сезимдерден баш айланып, реалдуулукту көрө албай калган абалда гана адам ушул Карамушкинадай иш-аракет кылып калышы мүмкүн. Кыргыз-казак мамилеси, ЖЭБ, Тарых музейи, ГЭСтер, Лигласс жана башка чуулуу жагдайлардан кийин аң-сезимдүү киши бир жыйынтык чыгарышы керек эле да. Кыргызстан мамлекетинин бекемдигине коркунучтан калчылдап калар убакта, Атамбаевдин аброюн коргоп калчылдап, айрым учурда элирип кетип, токтоно албай ажылдап калып жүрөт.

Оппозицияга кысым күчөп, кыл чайнашкан кырдаалда спикерлик кызматты Чыныбай Турсунбеков аткарып турду. Сын айтканда, чын айткан жакшы, саясатта аты чыккандан көкүрөгүндө адилеттиктин көрөңгөсү бар инсан катары таанылганы менен, күнкарамалык агымга каршы жүрө алган жок. Кап ай-йе, кыйындардын баарын сыначу ошол бычак мизиндегидей кырдаалда эрдик эрк көрсөтүп, чындык тарапка камчы салып койсо эмне, антпеди. Бараандуу саясатчы Текебаев камалып, сот процесстеринде чындык көз көрүнөө тепселенип турганда да спикерлик «мамык» таттуу болдубу, же ажолукту мелжеген кыял таттуу болдубу, айтор үн катпады.

Деген менен абийир сотуна моюн сунду көрүнөт, айрым фракция лидерлери менен кошо абакта жаткан Текебаевдин ал-жайын суроого барганга батынды. Ал учурда арааны алкынып турган Атамбаев Текебаевди биринчи кас душманы катары кысымга алып турган. Анын алдында Турсунбековдун айыбы ушул болдубу ким билсин, ошондон кийин экс-ажо ага кырын салып калгансыды. Турсунбеков президенттик шайлоодон көп өтпөй эле, «кетүүнүн маалы келди» деп (Azattyk.org 25.10.2017), өз ыктыяры менен спикерликтен кетти. Же курчуганы, же мокогону билинбей, кечээ эле майдандын аркы өйүзүндө жүрсө да, бүгүн Текебаевдин санаалаштары менен ымалалашып жүрүшү, түзөлгөн жолдой көз сүйүнтүп тургангабы, КСДПнын абройлуу депутаттарынын бири бойдон калды.

Абдувахап Нурбаев

Адашып КСДПда болуп калгансып, бирок адашпай Жогорку Кеңештеги эл өкүлү болуп калган депутаттар бар. Алардын катарына Абдувахап Нурбаевди, Аида Касымалиеваны, Эльвира Сурабалдиеваны кошсок болот.

Аида Касымалиева

Оболу тоок басып чыгарган шумкардын жумурткасынан чыккандай болгон Жанар Акаевди алалы. Тирикарак жигит парламенттик шайлоодо КСДПнын камчысын чаап, дегеле мындан ары анын камчысын чыпылдата чаап берип турабы деген ниети болгонбу экс-ажонун, ким билсин, 2015-жылдын августунда пресс-секретарь кылып алды. Ооба, журналисттиктен ажонун секретары болуш – чоң арыш. Ажонун бул “насыясынын” кадыр-колкосу күч болмок, бирок чындыктан мансапты артык көргөн адамга гана.

Эльвира Сурабалдиева

Жанар башкаларчылап ажо уйт дегенде кыйт этип, бийликке көшөкөрлөнө саймедиреп мактай турган, жан дүйнөсү жарды-жармач жан эмес болуп чыкты. Анткен менен, күр-шар аккан суунун күүсү менен айланып кеткен тегирмендин барасын кайра артка айлантуу кыйынга тургандай эле, Жанардын жолун артка кайтарууга болбоду көрүнөт.

Эбептен-себеп болуп илинип калган ийгилик барасы алдыны көздөй арышты дагы кенен таштады. Кыргыздын багына экен, КСДПдан парламентке депутат болуп шайланды. Ажонун жогорку кызмат орду менен сатып алам деген тилеги таш капты окшойт. Бир кишинин сөзүнөн чыкпаган партиясынын  көз карашына каршы келсе да, калыс пикиринен тайбай, чындыкты беттеп туруп берди. Бийликтин күчтүү оппоненттерине болгон туура эмес мамилесин парламентте кескин сынга алды. Сөз эркиндигине жасалган кысымга карата өз пикирин жигердүү билдирип, митингге катышканы жаштарга колдоо дагы, жаркын үлгү да болду. Көрсө экс-ажого калыстыктан тайбаган, чындык үчүн кара жанын карч уруп, кармашуудан кайтпаган кайраттуу адам эмес, кандай болбосун, анын сөзүн сүйлөп турган, ага ыңгайлуу курал боло турган адам керек экен.

Жанарды партиянын катарынан чыгарышканы так ушуну ачык тастыктап койду. Өзүнүн партиядан чыгарылышына жаш депутат: «Мындай сөз бар, жалаң карандай калп, кошоматчылык өкүм сүргөн жерде чындык айтылса, экстремизмдей көрүнөт» деген пикирин билдирген. КСДПга кайнаса каны кошулбай, өз алдынча болуп калган депутат өкмөттүн, парламенттин чалды-куйду иш-аракеттерин депутат катары туура тескеп, болушунча көз жаздымда калтырбай өз баасын берип келет.

Өлкөнүн өйдө боло албай өбөктөп турганына билим, маданият жаатына тийиштүү көңүл бурулбагандыгы да чоң себеп болгонун билген зирек депутат – Абдувахап Нурбаев. Ал бул жаатта көп сөз сүйлөп шардана, жарнама кылбай эле тымызын көп алгылыктуу иштерди кылып келатат. Атын чыгарууну эмес, элге кызмат кылууну жогору баалаган нарктуу депутаттын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду «Мамлекеттик бюджетте дефицит 10 миллиарддан ашып атканда, айылдагы 6000 сом айлык алган мугалимдер тааныштарынан 30%дык үстөк менен карыз акча алып оокат кылып атышса, айлыгы абдан жогору кызматта отуруп алып, 5 миллионго жакын акча насыя алып, чийдирип салгандан уялган жоксузбу?» деп сөз жүзүндө “кокодон алды”. Ушул жана башка билим, мектеп, маданият, карапайым тургундардын турмушу жаатындагы орчундуу маселелерди козгоп келген депутаттын атминерлерге суроону кабыргасынан кабыштыра берген учурлары акыркы убакта соцтармактарга кеңири тарап жатат. Ан сайын эл өкүлү катары элинин алкоосуна алынууда.

Жанар Акаев

Беделдүү маалымат булагы болгон “Азаттыктан” аты таанылган журналист Аида Касымалиева депутат болуп келгенде, мурда “Азаттыкта” иштегенинен уламбы, парламенттеги сербейген чындык жактоочуларына дагы бирөө кошулду го деген үмүт болгон. Күтүлгөндөй болбогону менен, мамлекеттик кызматта шапар тээп жүргөндөрдүн маселесин көтөрүп, айтканын сөз жүзүндө калтырбай, бир катарын алып түшкөнгө жетишти. Натыйжада, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине саясат тууралуу калыс, курч, ачык пикирлери менен элдин сүймөнчүгүнө айланган Улукбек Кочкоров келди, туулганына эмес, турарына сүйүнөлү деп турабыз. Депутаттын мындай жыйынтыгына кантип бали дебей коёсуң! Саясаттагы адилеттикке ачыккан жандар Аиданы алкап эле калышты. Эл менен байланышын тыгыздап, эл өкүлү деген атты татыктуу алып жөнөгөн депутаттын жакында Асель Кодуранованын ордуна вице-спикер болуп шайланышы көптөрдүн купулуна толду.

Асель Кодуранова

Асель Кодуранованын вице-спикерликтен бошотулушу фракциянын «Атамбаевчилер», «Жээнбековчулар» болуп жиктелип жатышынан деп боолголоого болот. Парламентте бул маселе чечилип жатканда кыжылдашып аткан партиялаштарынын сөзүн Эльвира Сурабалдиева таасын жана ачык сүрөттөдү. «Биз көптөн бери эле өзүбүздү шылдың кылып келатабыз. 6 млн журтка дагы бир жолу күлкү болуп отурабыз… КСДП буга көнгүдөй эле болуп калдык… Ушул циркти токтотолучу». Жаш депутаттын далилдерди келтирип, курч суроо менен бир топ атминерлерди кайпактатканы көптөрдү парламентти маанисине келтирип, таасирин күчөтө турган дагы бир эл өкүлү такшалып атканына үмүттөндүрүүдө.

Тамтыгы кетип аткан КСДП партиясынын жүзүн сактаса, мына ушул 4-5 депутат сактап калар. Мына ушул депутаттарга жөлөнүп, кулабай аман калчу жерде азыр, элге «тирек» болмок кайда… Аттиң, күнкарама агым менен келаткан калган 30 чамалуусунун добушу мамлекеттеги олуттуу маселелерди чечүүдө зор роль ойноп кетип атпайбы…

Ии, шайлоочу, берген добушуң эмнеге жарап атканын аңдап атасыңбы? Ошент, азыр аңдабасаң эртең ордуна келтиргис кеч болуп калат.

Саресеп кезеги депутаттарынын саны боюнча КСДПдан кийинки орунду ээлеген, 28 депутаты бар фракция — «Республика-Ата Журтта». Абай сала туруңуз, окурман.

(Уландысы бар)

6 Replies to “Жетиген Асанбек: Өзүңөн көр, шайлоочу (1-макала)”

  1. Мыкты макала. Азаматсың, Жетиген. Алга. Детутаттар өздөрү айтуудан чочулап () кийинки мөөнөттө абал кандай болуп кетет деп) турган маселелерди көзгө сая көрсөтүптүрсүң. Дагы бир кашкөй кыргыз кызы өсуп келаткан экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.