Назаркул Ишекеевге ачык кат же улуттук комиссия кутудан качан чыгат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеевге Ачык кат Быйыл мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Чейрек кылымдан ашык мезгилдин ичинде бул тармакта чоң өзгөрүүлөр болду. Коммунисттик идеология өкүм сүрүп, улуттук аң-сезим, ар-намыс басмырланып турган мезгилде унутулуп бараткан улуттук тилибиз Советтер Союзундагы демократиялык өзгөртүүлөрдүн, кайра куруу саясатынын шарданы менен эркиндикке чыгып, мамлекеттик тилдин статусун алганда кыргыз өлкөбүз эгемендикке жеткендей эле кубанганбыз. Бул фактыны улуттук кайра жаралуу фактысы катары баалап, сыймыктанганбыз, элибиздин чоң […]

Касымалы Баялинов: Түлкү менен суур

Чыгыш жак алтын нурга чөмүлдү. Акырын козголуп күн чыкты. Күн шооласы Кызыл-Бел жайлоосуна чачырады. Түнү бою жайкы шүүдүрүмгө бастырылган жайлоонун майышкан жаш чөптөрү баштарын күнгө ийди, сергиди, гүлүн чыгарды. Коктуга, жыбытка, таштын кычыктарына түнөгөн жайлоодогу жапан аңдар күнгө жылынды. Ордунан туруп, жыргап, оттой баштады. Бирок жалгыз гана бир аксак суур оттогон жок. Ал булактын жанында эмгектенип ийин казып жатат. Суурдун былтыр эки баласы бар болучу. Ошол эки баласына тамак издеп, чыкпаган тоосу, кечпеген суусу, барбаган жери калган эмес. Байкуш, ошентип […]

Мухаммадамин Хожакбаров: Махабатка бөлөнгөн кезим (конкурска)

*     *     * Билбептирмин бул өмүрдүн Өз ченеми бардыгын. Сезбептирмин бул дүйнөнүн Ушунчалык тардыгын. Он жети жыл өтүп кетти, Ак-Буурадай тез агып, Балалык да өттү, кетти, Эскерүүгө айланып. Поэзия деген сулуу, Бир бийкечке жолуктум. Ак сүйүүмө башын ийер, Ал кыз болор колуктум. БАЛАЛЫГЫМ ЖАРЫК АСМАНЫМ Балалыгым жарык асманым, Жүрөктөгү эң аруу сезим. Кубанычка толо мезгилим, Балалыгым бактылуу кезим. Балалыгым аруу жылдарым, Толуп аккан мөлтүр булагым. Апакемдин сөздөрүнө, эх, Кулак салбай жүргөн убагым. Балалыгым жарык асманым, Кубанычка бөлөнгөн кезим. Балалыгым дартка […]

Валерий Карышев: Александр Солоник – мафиянын киллери

1-2-главалары>>>> 3-4-главалары>>>> 5-глава Москванын чок ортосундагы анчалык чоң эмес особняк анын кожоюнуна карата урматтоо сезимин ойготот. Анын ички жасалгасы, байлыгы, салабаттуулугу жана ыңгайлуулугу жагынан тышынан кем калбайт: жумшак италиян эмереги, көргөн көздүн жоосун алган, басканда үн чыкпайс жумшак килемдер, жайнаган компьютер, принтер жана башка техника мындагы эң аялуу сырлардын баарын катканга, сактаганга, иштеп чыгып көбөйткөнгө  мүмкүнчүлүк берет. Кабинеттердин биринде кымбат баалуу телефондун туткасын кармаган улгайып калган киши отурду, кебете-кешпирине караганда бул имараттын эки тизгин, бир чылбырын кармаган киши кыязы. Ал […]

Дайырбек Казакбаев: Күзгү

АҢГЕМЕ СОКУР: — «Күзгү?! Ал эмне? Кушпу, сайрайбы?.. Сен, досум, анын үнүн кулагыма угузчу, суранам. Бир эле жолу угузчу, кийин мен аны дапдаана, так өзүңдү тааныгандай таанып калайын. Мен сени деле өмүрүмдө эч качан көргөн жок элем го. Бирок эми кайдан болбосун, качан болбосун дароо тааныйм. Кирпиктериң тике, көздөрүң бакыракай. А меники… меники, тигилип коюлгансып жабышып турушат, чынбы?! — Кү-күк, кү-күк! Бул — күкүк. Ал, кыялдуу кыздай чымчык болсо керек? Таранчы — «чик-чик» деп сайрайт. Мен аларды угар замат эле […]

Василий Бартольд: 16-17-кылымдардагы Тянь-Шань кыргыздары

Тянь-Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети-Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети-Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Тарйх-и Рашйдй» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда 1541—1544-ж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат, алардын ичинен эң башкысы— Исма’ил хандын (1670—1682) тушунда перс тилинде жазылган Махмуд Чурастын эмгеги. «Жети-Суу тарыхынын очерктерин» жазып жаткан убакта бул эмгек мага али белгисиз болучу. Адегенде Иле дарыясынын түндүк тарабындагы аймактар гана Жети-Суу аталган; […]

Расул Гамзатов: Узак жолум, тоодон ылдый башталган

Советтик жана россиялык белгилүү акын, прозачы, котормочу, публицист жана саясый ишмер. *     *     * Жылдардын аялдарга алы жетпес — мында сыр жок, дегим келет. Бала үчүн өз энеси дайым аруу — ааламда аял аттуу сулуу демек!!! *     *     * Энең өтсө толоор ичте арманың, Энең өлсө, сыздайт, ооруйт көңүлүң… Чакырамын: дүйнө элинин балдарын! Энелерди сыйла, өткүчө өмүрүң! *     *     * Дүйнөдөгү эң кымбаттуум, ардагым Ыр жазгандан чочуйм өзүң жөнүндө… Чын ниеттен сени сүйүп калбасын, Окуп аны, менден дагы жашыраак, Менден […]